Мына сага!

"Мегаком-гейт": Жүзүндү аччы, Гүлчөтай?
"Альфа-Телеком" ЖАКсынын (Мегаком) "мега-чатагы" кыргыз саясатчыларынын чыныгы жүзүн ачып койгонсуду. Айрыкча, буга чейин өзүн коомчулукка "суудан таза, сүттөн ак" көрсөтүп келген Кубатбек Байболовдун мыш болушу Мегакомдо коррупциялык схема өтө тамырлашып кеткендигин, уюлдук компания кээ бир күчтөрдүн "соода кылуучу жайына" айлангандыгын айгинелейт.
Учурда эки компания ("Penwell Business Limited", "SERPEUS INC") "Альфа-Телекомго" "ашыктыгын" билдирип, экөөсү тең "Мегаком менин "эрим" дегенге чейин барышты. Эркин басылмалардын бири келтирген аргументке ылайык, украиналык "SERPEUS INC" мындан үч жыл мурда экс-ханзаада Максим Бакиевден уюлдук компанияны 195 млн. долларга сатып алып, казынага 20 млн. доллар салык төлөгөн имиш.
Андан да кызыгы, үч жылдан бери тилин тишине катып жүрүп, эми араң "ойгонуп", Мегакомду талаша баштаганы. Буга карата "Серпестун" жообу даяр. Компания өкүлчүлүгүнүн ММКга билдиришинче, алар республикада легитимдүү бийлик пайда болгонго эреркеп, өздөрүнүн инвестициялык укугун коргоого мүмкүнчүлүк жаралганынан улам батыл аракетке өтүшүптүр.
Эми "Penwell Business Limitedдин" ишмердүүлүгүн карайлы. "Альфа-Телекомдун" экс-гендеректири Азамат Мурзалиевдин айтымында, бул компаниядан миллиондор белгисиз тарапты карай "айдалган". Ошондон улам, башпрокуратура Мегакомдун мурдагы төбөлү А.Силич менен А.Бороздинге кылмыш ишин ачкандыктан, алар тарыхый мекени болгон Россияны көздөй куйрук түйүшкөн. Арадан аз убакыт өтпөй ал кездеги Башпрокурор Кубатбек Байболов козголгон кылмыш иштерин жаптыргандан кийин А.Силич Кыргызстанга кайтып келип, гендеректирлигин улантарын шардана кылды...
1-вице-премьер Ө.Бабанов башында турган команда ККБнын жубайы Нуржамал Байболова заматта үч обьектисин Мегакомго жалпысынан 1,7 млрд. долларга пулдаганын тастыктады. Муну атайын кызматтын төрагасы Кенешбек Дүйшөбаев дагы парламент жыйынында ырастаганы белгилүү.
"Мегаком-гейт" чатагы кыргыз саясатчыларынын бет кабын сыйрыды дегенибиздин жөнү ушул.
Бул өңүттөн алып караганда, өкмөт башчысынын 1-орунбасары Өмүрбек Бабановдун мамлекеттин жана элдин таламын талашуу үчүн баарына даяр экендиги, керек болсо сырткы күчтөрдүн кысымынан да коркпостон алган багытынан тайбастыгы ачыкка чыкты. Эгер ал болбогондо К.Байболов башпрокурорлуктан ыргыбай А.Силичти жата калып коргомойду улантып, анын жардамы менен бизнесин гүлдөтө берет беле... Анда Мегакомду кайрадан эски бийликтегилер ээлеп, илгерки схеманы "тирилтишип", Кыргызстандын бюджетине сокур тыйын дагы төлөбөй жүрө беришет беле...
Кыскасын айтканда, Бабановдун түз өжөрлөнгөн позициясынан кыргыз бийлиги алгачкы ирет Мегакомдон дивидент иретинде 850 млн. сом алып, уюлдук компаниянын ички-тышкы саясатын, финансысын мамлекет көзөмөлдөгөнгө жетишишти. Түшүнгөн адамга бул ири жетишкендик, ири ийгилик.
Анын үстүнө, жогоруда белгилеп өткөндөй, "Мегаком менин ашыгым" демейге өткөн эки компаниянын ("Penwell Business Limited", "SERPEUS INC") артында калдыраган калбыры бар экендиги, алардын максаты кандай экендигин баары түшүнө башташты.
Ал эми мамлекет көзөмөлдөгөн жерде тартип болору, жыйынтыгында өлкө казынасына оңбогондой каражаттар түшөрүн жанараакта айттык. А мамлекеттик көзөмөлдүн кыймылдаткыч күчү, мотору - 1-вице-премьер экендиги айтпасак да түшүнүктүү. Ошондон улам, өлкөнүн жети дубанынан Бабановду колдогон уюмдар түзүлүп, анын кызматка тез арада кайтып келишин зарыга күтүп туру. Себеби, бул уюмдар, дегеле жалпы коомчулук Бабанов болбосо кыргыз өкмөтү жеңилүү ызасын тартып, ички-тышкы күчтөрдүн тепселеңдисинде каларын бөркүндөй көрүшөт...

Аканбек Бердиев




Кыргыз-кытай темир жолу курулабы?
Кыргызстанды кризистен экономиканы жакшы түшүнгөн чыгаан уулдары алып чыкпаса келечегибиз күңүрт тартып турат. Кыргызстандын эли эч бир өндүрүш иштебей турса да кытайдын товарларына ортомчулук кылып жан багып келген. Бирок, бул киреше мамлекетке эмес жеке ишкерлердин чөнтөгү менен бажы кызматкерлери аркылуу үй-бүлөлүк башкарууну каржылап турган.
Алмазбек Атамбаев жетектеген Коалициялык Өкмөттүн долбоору боюнча кыргыз-кытай темир жолу курулмакчы болгон. Өткөн айдын башында бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Өмүрбек Бабанов кытай жергесинде болуп кайткан эле. Бул долбоор ишке кире турган болсо миңдеген Кыргызстандыктар жумуш менен камсыз болуп, кыргыз-кытай темир жолу аркылуу өткөн транзиттик төлөмдүн 100% мамлекеттик бюджетке түшөт экен.
"Мегакомдун" сол чөнтөккө кетип жаткан 1,5 млрд. сом кирешесин бюджетке түшүрөм деген Коалициялык Өкмөт "акула менен киттердин" куйругун басып алды эле, эми бул темир жол долбоору дагы кимдин куйругун басып өтөөр экен?
Көрсө, "бармак басты көз кыстыны" түшүнбөгөн жаштардын бийликке келиши бөлүшүп көнгөндөргө бөгөт кылат окшойт. Кыскасы өз чөнтөгүнө иштеген коррупция Өкмөттөн да күчтүүлүк кыларына ишенбей койо албайсың.
Бирок Атамбаевдин кебелбестиги менен Бабановдун өжөрдүгү менен кылым курулушу ордунан козголуп калат ишене туралы.




Губернатор Н.Абдылдаев Ысык-Көлдө Ө.Бабановдун тарапкерлерин кабыл алды
Ысык-Көл облусунда Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери облус губернатору Нурдин Абдылдаевдин кабыл алуусунда болушту, деп маалымдайт "Баракелденин" аймактык кабарчысы Эдил Мелисбеков.
Алардын негизги максаты - облус жетекчиси аркылуу жогорку бийлик өкүлдөрүнө пикирин жеткирип, үнүн угузуу болгон. Губернатордун кеңсесине жалпы облус боюнча отуздан ашык адам чогулуп, басымдуу бөлүгүн Жети-Өгүз районунун тургундары түздү.
Жолугушууга келген мугалим Альбина Манапбаеванын пикиринде, Ө.Бабановго окшогон жаш кадрлардын бийлик башында иштөөсүнө шарт түзүлүшү керек. Мындан сырткары, ага карата таратылып жаткан "кара пиар" токтотулушу зарыл. Чогулгандар көбүнчө өлкөдө жүрүп жаткан саясий абал боюнча өз пикирин билдиришип, саясатчылар коалициялык өкмөткө толук кандуу иштеп кетишине мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгын айтышты.
Ал эми Түп районунан келген дыйкан чарбаларынын өкүлдөрү Ө.Бабанов жазгы айдап себүү иштерине колдон келишинче жеңил шарттарды түзүп бергенин белгилешти. Чогулгандарды угуп, кайрылуу каттарын бир сыйра карап чыккан губернатор облус аймагынан келген жарандардын талаптарын жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткирерин убада кылды.




"Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер" долбоорунун алкагында 1 млрд. сомдун 455 млн. сому берилди.
Дыйкандарга 1 млрд. сомдун 455 млн. сому берилди. Бул туралуу 2011-жылдын 28 - апрелинде, КР айыл-чарба министри Т.Беков Жогорку Кенештин пленардык жыйынында билдирди.
Министр "АйылБанкка" Кыргызстандын фермерлеринен 2 миң 817 кайрылуу түшүп, анын 2 миң 593 кайрылуусу канааттандырылганын маалымдады.
"РСК Банкка" 1 миң 619 кайрылуу түшүп, анын 1 миң 409 кайрылуусу канаатандырылган.
Ошентип жарым миллиард акча дыйкандар үчүн жакшы эле колдоо болду. Жыл аягына чейин калган бөлүгүн алышат.