Садыр Жапаровдун жалган жана негизсиз пикирлерине жооп
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Сиз, Майлуу-Суу электр лампа заводунун вагондору Өзбекстан чек арасында алты ай туруп калганын билсеңиз керек. Кычыраган кышта мазут качан келет деп эл күтүп тура алат деп ойлойсузбу? Жылуулук сезонунун үзгүлтүккө учурашына ким жоопкер болот анда?
"ГазпромНефтьАзия" ААК нефти продуктуларын түштүккө жеткирүү үчүн, Ош жана Жалал-Абад областтарына күйүүчү май жеткирүү үчүн атайын чоң жүк машиналарын алышкан. Өзбекстан аркылуу жүктүн жеткирилиши жана сакталышы боюнча кепилдик болмоюнча, биз тобокелчиликке бара албайбыз. Биздин да миңдеген абоненттерибиз бар.
9. С.Жапаров Жалал-Абаддан Майлуу-Сууга 4 миң 400 тонна мазутту жеткирүү боюнча тендер биз тарабынан уюштурулганын айткан. "Транссервис" ЖЧКсы жеткирүү үчүн 4 млн. 384 миң 700 сом өлчөмүндө ыңгайлуу бааны сунуштаган. Бирок бул фирма тендерди уткан эмес. Анын ордуна "Темп плюс" ЖЧКсы мазутту эки эсе кымбат, 8 млн. 712 миң сомго жеткирген. Жыйынтыгында мамлекетке 4 млн. 300 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген".

Буга биздин түшүндүрмөбүз мындай:
"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" МИ ишмердигин текшерүү жыйынтыктары справкалардын негизинде КР Кылмыш кодексинин 304-берене 2-бөлүк, 306-берене 1-бөлүктө (кызмат абалынан пайдалануу жана пайда алып келбеген келишимди түзүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
2010-жылдын 20-августундагы КР мамлекеттик каржы полициясы кызматынын тергөө башкармалыгынын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш куралы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотуу процессуалдык чечими кабыл алынып, ал Башкы прокуратура тарабынан текшерилип, 2011-жылдын 7-февралындагы Башкы прокуратуранын бүтүмү боюнча ал чечимди жокко чыгарууга негиз табылган эмес.
Сиз белгилегендей, мазутту сатып алуу боюнча тендерде 11 фирма катышкан бир да тендер болгон эмес. 2010-жылдын 5-августундагы № 20-10 сатык боюнча 11 Лот боюнча мазутту жеткирүү тендери өткөрүлгөн.
2009-жылдын 19-августундан № 16-09 алдында жүргүзүлгөн сатык процедураларынын жыйынтыгы боюнча НПЗ ОАО КНГдан "КТКС" МИ мекемелик ишканаларынын мазут сактоо жайларына чейин мазутту жеткирүү үчүн 7 Лот коюлуп, 8 фирма катышкан.
№ 1 Лот боюнча - Жалал-Абад шаарынын нефти иштетүүчү заводдон Майлы-Суу жылуулук менен камсыздоочу жайына 4400 тонна мазутту жеткирүү; Орловка ТКЭге 365 тонна, Беловодское МПО ТВС и В - 490 тонна, Кара-Балта ПО ЭТВ - 145 тоннасын жеткирүүдө "Темп плюс" ЖЧКсы 4400 тоннаны тоннасын 1980 сомдон, жалпы суммасы 8712 000 сомго жеткирүүнү сунуштаган. Ал эми "Ойл Транс Сервис" ЖЧК Орловка ТКЭ чейин - 365 тоннасын 4980 сомдон; Беловодское МПО ТВС и В 490 тоннага 4100 сом жана Кара-Балта ПО ЭТВ 3600 сомго 145 сомго - жалпы суммасы 4348 700 сомду сунуштаган. Мамлекетке эч кандай чыгым алып келген жок.
10. "Мага бир жолдош келип, 10 миң доллар өлчөмүндө акчалай сумма сунуштап, менин адамымды ушул ишканага кызматка орноштурууну сунуштады. Бул ал жерде бир бүтүн мафия бар экенин далилдеп жатат". (Деньги и власть". № 12 (44) 25.03.11). Садыр Жапаров алар кайсы адамдар экенин айткандан кийин, ал колу таза эмес адамдарды калкалап, коррупциянын гүлдөшүнө өбөлгө болууда деп айтууга туура келет. "Кыргызтуракжайкоммунсоюзда" кайсы мафияны айтып жатат? Балким, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" МИ директору кызматы сатыла турган болгондо гана мафия пайда болорун айткан туурараак болот го дейбиз.

Жогоруда айтылгандарга баам салсак, Садыр Жапаров прессада айткандарынын тастыктаган негиздүү бир да далилди келтирген эмес. Анын айткандары куру сөз жана жүйөсүз кеп. КР ЖК депутаты, эл шайлаган өкүл катары С. Жапаров республика жараны өзүн кандай туура алып жүрүшү керектигин көрсөтүшү керек эле. Анын ордуна Жапаров тастыкталбаган маалыматтарды жайылтып, өлкөдө кайчы пикирлерди жана башаламандыктарды жаратууда. Эгер "Кыргызтуракжайкоммунсоюздун" коррупцияга батканын тастыктаган документтери болсо, тиешелүү органдарга өткөрүп берсин.

Баса…
Үстүбүздөгү жылдын 11-январында Садыр Жапаровдун бир тууганы Жапарова Райкүл Нуркожоевнага (13.11.1966-ж Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Кең-Суу селосунда туулган) Генпрокуратура иш козгогон (Постановление толугу менен тиркелди). Постановлениенин кыскача маанисин берсек, М. Надель М.Бакиевдин, УБтын төрагасы М.Алапаевдин жана анын орун басары К.Балактаевдин колдоосуна таянып, А.Ким, С.Ким менен алдын ала сүйлөшүү менен, мыйзамсыз пайда табуу жана "Ысык-Көл" ААК ИБнын менчик ээлерин алмаштыруу максатында аталган банктын негизсиз аны колдонгондорунун бири Н.Тентимишованы кысым көрсөтүү жана коркутуп-үркүтүү жолу менен банктын акцияларын (40%) сатууга мажбурлашкан. Андан кийин мыйзамдуу каттоодон качуу менен М.Надель банктын акциялары каттала турган (мурда Тентимишовага таандык болгон) адамдарды тартууну чечкен. Өзүнүн кылмыштуу ниети менен акцияларды кайра каттоо боюнча мыйзамсыз операцияларга тарткан.
Андан ары өзүнүн кылмыштуу максатын ишке ашыруу үчүн М.Надель коммерциялык уюмдарды, башкача айтканда, юридикалык тараптарды да тарткан.
Алар бул туурасында билишкен эмес.
"ИнтерКонсалдингГрупп" ЖЧКнын ээлик кылуучусу болуп М.Надель эсептелет.
Келишимге ылайык, "ИнтерКонсалдингГрупп", "Метал Инвест", "ДжиСиЭс Групп", "Гидротех", "Талант Коммуникейшнз", "Спасидо Интерпрайзес" ЖЧКга алардын жүргүзгөн бардык финансылык операцияларына бухгалтерлик тейлөө көрсөткөн. Бул ишканалардын баарысы иш жүзүндө М.Наделдин менчиги болуп эсептелген. Аталган фирмалардын формалдуу жетекчилери документтерге анын көрсөтмөлөрү боюнча гана кол коюп турушкан, алардын иши М.Наделдин жана анын жардамчысы А.Катриндин көзөмөлүндө болгон. Бул фирмалар (баарысы "Бишкек СЭЗ да катталган) займ түрүндө Асанкуловго акча каражаттарын бөлүп турушкан. Алынган акча каражаттарына Б.Асанкулов мурда Тентимишовага тийиштүү болгон банктын жөнөкөй жеке акцияларын каттатышкан жана жыйынтыгында добуш берүү укугуна ээ жана көрсөтүлгөн адамдарга тийиштүү болгон акциялардын жалпы саны 587 568 даананы түзгөн. Алар жөнөкөй жеке акциялардын 40 пайызын түзөт.

Садыр мырза, башкаларды жөнсүз сындагандан мурун бир тууганыңды мыйзамсыз ишке аралаштырбай, мыйзамдын алкагында иш жүргүзөлү деп койсоңуз болмок экен. Анткенге кудуретиңиз жетпесе, таптатынакай иштеп аткан тармакка асылуунун жөнү барбы? Айтайын дегеним, ошончолук эле кыйын болсоңуз мандатыңды таштап "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" келип, башкаларга үлгү болгон жетекчи болуңуз. Эгер анткенге күчүңүз жетпесе анда, баш ооруткан негизсиз дооматтарыңды токтотуңуз. Болбосо жалган маалыматтарың үчүн "Кыргызтуракжайкоммунсоюздун" коллективи сизди сотко берет.

Эсенгул
Жунушалиев




Башталышы 8-бетте
"Курсандын биринчи жубайы болгонум менен саясатта өз ордум бар"
Ош шаарынын коменданты болсо да, үч күн бою балдар үйдөн чыга албай кароосуз калдык. Чындап эле эсепсиз чоң акчаларды алган болсо, бизди квартиралатпай эле эчак эле үй алып берип коймок да. Менин байкашымда "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" дегендей көрө албастар түрдүү ушактарды чыгарып жатса керек. Курсан артынан жакшы из калтырыш үчүн өзүндөй мыкты, эр жүрөк, жигиттерди даярдоо үчүн эки жерге "Ош Азия" деген спорт комплекс ачкан. Анда өспүрүм балдар спорт менен машыгышат. Кээ бирөөлөр Курсандын ошол эмгегин жокко чыгарууну максат кылып, талибандарды даярдап жатат деген да ушак чыгарганга үлгүрүштү.
- Кызыңыз 11-классты бүтүп жатыптыр. Кайсы кесиптин ээси болсом дейт?
- Атасы экөөбүз тең юрист болгонубузга байланыштуу юрист болгусу келип жатат. Уулум болсо азыртадан эле атасындай спецназ болом деп кыялданат. Спортко жакын. Брюс Лини туурайт. Эки жашар кезинде эки бут кийимди колуна кийип алып, экөөнү кагыштыра берчү. Акыры боксерлордун колкабын алып бердик. Тубаса спортсмен. Атасынын жолун жолдойт деп үмүт артып жатабыз.
- Эже, саясатка аралашып калганыңыз тууралуу айтып кетсеңиз?
- Курсандын биринчи жубайы болгонум менен саясатта өз ордум бар. 1990-жылкы коогалаңда дагы медсанчастта иштегем. Аксы окуясы жана эки революцияга тең салымымды коштум. 7-апрелде эркектерден талашып жатып губернатор, мэрди шайладым. Түштүктөгү коогалаңда жаныбызды тиштеп, лидер айымдар менен бирге волонтер группасын жетектеп, эки элди элдештирүүгө салым коштук. Ошондой эле согуш токтобосо, аялдар курал көтөрүп чыгууга даяр болуп, "Чагылган" деген топ түздүк. Айтор, Кыргызстанда кандай оор кырдаал болсо, анын баарына энелик жүрөгүм менен түйшөлүп, кайдыгер караган жокмун. Күнү түнү уктабай ден соолугумду, өмүрүмдү элге арнадым.
2010-жылы 1-май күнү өзбектер даярданып жатыптыр деп тиешелүү жерлерге билдирдик. Бийликти карап олтура бербей аялдар аракетибизди баштап, элдик кошун түзүлүп, ага аялдар дагы кирсин деп сунуш кылып, Курсанга бардык. Ал айтканыбызды аткарды. Кооптуу жагдай басаңдап калганда Курсанды Свердловский районго ИИБге башчы даярдаган буйрук чыкты. Жүрөгүмө жамандыкты сезгендей кетпе деп ыйлап, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго Курсанды алып калуу үчүн бардым. Мэр да "Кой десем болбой кетем, себеби, мен солдатмын. Буйрукту аткарышым керек деп жатат" деди. Курсан Бишкекке келгенден кийин эки жумага жетпей Ош коогалаңы башталды. Курсандын чоң жардамы менен токтоду. Эми мамлекет ошол эмгегин баалап, эл баатыры, элдик генерал деген наамдарды берип койсо болмок. Ийгиликтин ээси көп дегендей түштөн кийин салымын кошпогондор, кан кечпегендер баатыр болуп чыга келди. Ошондуктан татыктуу наам талап кылып жатабыз.
Элиме тынчтык, аманчылык , жакшылык, токчулук каалайм. Экинчи мындай согуш кайталанбасын. Элибизге ыйман, ынсап берсин.
Маектешкен
Чынайым Кутманалиева