Кызыктар көп кыргыз саясатында
Кореялык көзү ачыкты парламентке ким чакырган?
Өткөн аптада парламент мыйзамдардын башын мууздабай эле 7 койдун башын мууздап, кан чыгарып, тазалануу аземин өткөрүштү. Муну жактагандардан да сындагандар көп болду окшойт. Капилеттен жасалган мындай ырым-жырымдын автору Кореядан келген көзү ачык болуп чыкты. Баарынан кызыгы кореялык көзү ачыкка көрүнгөнү атажурчулардын жоон тобу кезек күтүптүр дейт. Алгач шымалана кирген Нариман Түлеевге "Сен президент болбойсуң , депутаттыгыңды таштап, бай бойдон калганың оң" деп шак эле төлгө ачып бериптир. Муну уккандан кийин Наримандын шаабайы сууй түшүп чыккан экен. Андан соң кабылдамага кирген Камчыбек Ташиевди теше тиктеп, бир топко унчукпай "хандык буюрбайт" дептир. Дал ушундай төлгөнү атамекенчи Өмүрбек Текебаевге да айтыптыр. Демек, президенттик шайлоодо үч кандидат "аут" экен да деп көпчүлүк шыпшыныптыр. Дагы бир кызыгын айт 7 кой мууздалгандан кийин парламентте жымжырттык орун ала баштаптыр.Эврей көзү ачыктар төңкөрүш жасашса , кореялык көзү ачыктар бычакка саптууларды эмитеден эле жаратпай салса , жанагы биздин көзү ачыктар эмне кылып жүрүшөт дегиң келет...


Ташиевдин жубайы Ташиевдин саясый тагдырын чечип коюшу мүмкүн
"Камчыбек Ташиевдин жубайы казак экени чынбы?" - деп түштүктөгү окурманыбыз байланышка чыкты. А эмне болду десек " Кечинде аксакалдар чайканада ушул теманы масилет курушту. Мындай болсо Камчыбек Ташиевдин рейтинги түшөт"-деди.


Якутиядан Мадумаровго белек дейби?
Якутияда иштеп жаткан кыргыз жарандары жакында Кыргызстанга келишип, ал жактан алып келген чоң белегин Адахан Мадумаровго бере албай жүрүшүптүр. Ал эмне белек экени азырынча айтылбайт деп билдиришти. Якутиядан келгендер А.Мадумаровдун түштүк аймагын кыдырып жүргөнүн угуп, ошол жакка бет алышты.


Майкл Жексонду көргөндөр бар
Батыш ММКда Майкл тирүү экен деген маалыматтар көп чыга баштады. Карыздарынан жана бүтпөгөн сот процесстеринен ал өзүн өлдү деген аферага макул болгон дешет.

Түштүктөн Түркияга
Түштүктөн чогулган бир топ өкүлдөр жакында Түркияга өтө маанилүү жолугушууга учуп кетишиптир дейт. Мунун артында президенттик шайлоо, Ош окуясынын бир жылдыгы өңдүү маселелер бар экен. Бул жолугушууну эски бийлик өкүлдөрү уюштурушуптур дейт.

Аскар Акаевдин "мураскери"
Президенттик шайлоого Аскар Акаевдин адамдары Кыргызстанга кирип , жан киргендей иштей баштады-дейт. Эки партияга бир топ олчойгон суммаларды Айдар Акаев бөлүптүр дешүүдө. Ал эми көп жылдан бери үй-бүлөгө жакын адамдар негедир четтетилгени эмнеден кабар берет экен.

Алмаз Атамбаев кимден ашып түштү?
Бу Алмаз мырза кандай бийликте болбосун Нарындан жакшы сый көрүп келе жатат. Эски бийлик тушунда кийбеген чепкенди, минбеген тулпарды минген. Мына кечээ ал регионду кыдырып, чайын-пайын көрүп келди. Өтө аша чапкан жери Канттан Кеминге чейин формачандарды бирден тизип койгону болду. Чүйлүк МАИ кызматкерлери Атамбаевге ушундай кызмат кылышты тим эле машиналарды чолок жолго зордоп айдатып, киргизип, ышкырык бир жерлеринен чыгып кете жаздады. Кошомат кылуунун чеги бар да. Мындай учурларда машиналар жолдун четине чыга калчу эле го. Бийликке келгенде жолду да ыраа көрүшпөй калат экен да.


Чүй облусунун тургундары Ө.Бабановду колдоо кыймылына кошула турганын билдиришти
Баракелде - Чүй областынын жашоочулары, ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана жалпы көп улуттуу тургундары бүгүнкү күндө биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдоо боюнча Ошто, Нарында, Таласта жана башка аймактарда түзүлгөн республикалык кыймылын жактап, бул кыймылга кошуларын билдиришти.
Алардын айтымында, Ө.Бабановго карата "кара пиар" акциялары кээ бир саясатчылардын президенттик шайлоонун астындагы коалиция биримдигин бузууга арналган кадамдары.
"Биз Ө.Бабановдун өкмөттүн алкагында жасап жаткан реформаларын колдойбуз жана ал ишти өз пикирлештери менен улантууга кайра ордуна келет, деп ишенебиз", - деп жазылган билдирүүдө.


"013ks"
Бул номерди унаасына тагып жүргөн каарман Ишенбай Кадырбеков. Кечээ жакында парламенттик шайлоонун алдында үйүндөгү сейфине ууру кирип, акчасын уурдаткан. Анда суммасы деле ачык айтылган эмес. Кечээ ал уурулар кармалганда 200 миң ефро деген суммалар чыкты го чиркин...


Бийликти эңсегендердин Курултайы
Акыркы күндөрү кыргыз саясатында эмне көп бийликти эңсеген топтордун жыйыны көп болуп турганы эч кимге деле жаңылык эмес. Өкүнүчтүүсү жыйындар максатына жетпей Курултайдын да кадырын кетирип жатканы ойго салат. Кечээ жакында улуттук филармонияда өткөн "Кыргыз эл биримдиги" Курултайынын делегаттарды шайлоо принциби жана жобосу бузулуп, делегаттарды ынандыра албаган чийки, максатсыз курултайдын бири болгонун эшитик. Укканыбызга караганда аталган Курултайга оң канат, сол канат анан ичкиликтин өкүлдөрү чогулушмак экен. Курултайдын туура эмес уюшулуп жатканына байланыштуу жетиген уруусу баш тартты. Мына ушундай жагдайлардан улам катышкандардын купулуна толбогон, максатына жетпеген, чала-чапкыт курултай эмнени көздөйт деген суроо туулат. Сыягы Алманбет Матубраимов менен Шамшыбек Медетбековдун эле бийликке жетүү аракети болгондой сүртүм калтырат.
Баарынан кызыгы Курултайга келгендер томсоруп калбасын деп таластык кушчулар өздөрүнүн делегаттарына чай уюштурмакчы болушуп, 50 делегатты кафеге сыйлашат. Акча беребиз деген байлар келбей коюп, жыйынтыгында уюштуруучулар спецназдардын курчоосунда калат. Көрсө, "уюштура бер чогултуп беребиз" дегендерден Иманбек Жумалиев 200 доллар, Кубанычбек Молдобеков 3000 сом бериптир. Башка тыңчыкмалары акча бермек түгүл, келбей да коюшкан окшойт. Бул акчалар жетишсиз болгондуктан тамак уюштурган балдар спецназдардын курчоосунда калат. Акыйкатчы институтунда иштеген Зарылбек Отунчиев деген жигит Сазыкбай Турдумалиевден 34 миң сом акча алып келип, бошотуп кетиптир. Мына тамаша. Чайы жок же жыйынтыктуу сөзү жок ушундай Курултайдын кимге зарылчылыгы болду экен? Ушул маалыматтар боюнча Сазыкбай мырзага кайрылсак, ал киши комментарий берүүдөн баш тартты.

Өкмөттүн реалдуу кадамы
Эгемендикке ээ болгону айыл чарбасына жеткиликтүү көңүл бурулбай келет. Натыйжада бул тармак талкаланарына аз калды. Ал эми коалициялык өкмөттүн түзүлүшү менен өлкөнүн айыл чарбасын өргө сүрөө жаатында конкреттүү иштер башталганы адамды кубандырбай койбойт. Кеп дыйкандарга үстөгү 9% турган кредиттин таркатылгандыгы туурасында жүрүүдө.
Айыл чарба министринин басма-сөз катчысы Мухамеджан Суранчиевдин "24.kg" агенттигине кабарлаганына караганда, жеңилдетилген кредит алуу ниетин 4246 фермер билдирсе, алардын 3408инин мүдөөсү аткарылыптыр. Эске салсак, кредит берүү процесси "Айыл банкы" менен "РСК банкы" аркылуу жүргүзүлгөн.
Ушу кезге чейин жалпысынан 643 млн. сом өлчөмүндө кредит таркатылганын М.Суранчиев маалымдайт. Мунун басымдуу бөлүгү "Фермерлерге жеңилдетилген кредит" долбооруна таандык. Таркатылган кредит өлчөмү 419 млн. 412 миң сом. Мындан сырткары, чакан кредиттик мекеме 65 млн. 245 миң, айыл чарбалык инвестиция жана кызмат көрсөтүүнүн алкагында 43,6 млн. сом берилгенин Мухамед мырза кошумчалайт.
Баса белгилей кетүүчү жагдай, фермерлерге жеңилдетилген мүнөздө кредит таркатуу демилгесин 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов көтөргөн. А Өмүрбек Токтогулович "Республика" партиясынын негиздөөчүсү экени маалым. Калганын окурман журтчулугу өзү баамдап алаттыр...