Экс-падышанын апасы ким болгон?
Адамзат баласынын жарык дүйнөдөгү жашоосу энелерден башталат эмеспи. Ошондуктан эне ыйык, энелик сезим, энелик жүрөк, энелик сүйүү ушунчалык сөз жеткис кудурет күчкө ээ. Бүгүнкү сөз экс-президенти Курманбек Бакиевдин апасы Нуру кызы Тотукан жөнүндө болмокчу. Анда сөз башынан болсун.

Тотукуштай
Тоту кыз
Тотукан бала чагынан зирек, сезимтал, акылдуу болуп чоңоет. Жалал-Абад шаарына жакын Орто Азия айылындагы кадыр-барктуу, бай, сөөлөттүү Нурунун жалгыз кызы болсо дагы эрке-талтаң болбостон, атасы менен апасынын таянар тиреги болуп бой тартат. Тотукан чоңойгон сайын ажарына чыгып, жүзүнөн жылдызы төгүлүп, көргөн жандын көңүлүн бурган сулуу бийкечке айланат. Нурунун үйүнө күн сайын жуучулар келе баштайт. Бирок, кыраакы кыздын көңүлүнө жуучу жиберген жигиттердин эч кимиси төп келбейт. Балким, Тоту кыз анын нике кайыбы болочок президенттин атасына буюрганын жүрөк түпкүрүндө туйса керек. Ай, ким билсин…
Айтор, тагдыры өзгөчөрөөк болоорун бой жеткен кыз боолголоду бекен?! Ошондуктан ал өз тагдырын күткөндүр… Ошол мезгилде анын болочок жубайы Тейит хандын урпактары болгон Салы Ташкенттеги жогорку аскердик окуу жайын мына-мына аяктайын деп турган болот. Өрөөндө андай билим алгандар ал жылдары сейрек болчу. Дегеле жокко эсе болгон десек дагы жаңылышпайбыз. Кычырап аскердик форма кийип түшкөн сүрөтүн апасы Орунбүбү үйүнө келген тууган-уругуна жетине албай көрсөтүп, уулу менен чексиз сыймыктанып, анын алыста билим алып жатканын эстегенде тимеле төбөсү көккө жете түшчү тура. Анан энелик жүрөгү менен ошол келечеги кең уулуна татыктуу түгөй издеп далай ирет убараланат. Бир ирет бир тойдо "Орто Азия деген айылда бир сулуу кыз бар. Жүзүнөн жылмаюу кетпей, көргөн жандын жүрөгүн жылытат экен" деп аялдардын сүйлөшүп атканын кулагы чалат. Эмнегедир эле ошол кеп оюнан чыкпай коет. Эртеси жакшы атты токутуп, өзү да татынакай кийинип, ал учурда сейрек кездешчү жибектен тигилген дасторконго тандыр нан, таттуу момпосуйларды, анан Сали баласы Ташкенттен алып келген жакшы чайларды түйүп алып, Тейиттен Орто Азияны көздөй сапар алат. Кыйла жол жүрөт. Анан ошол айылга кире бергенде астынан атын жорго салдыра бастырган, көзүнөн жылдызы жанган салабаттуу, минген атына сөөлөт жарашкан Нуру чыгат. Орунбүбү дагы, Нуру дагы өз ичтеринен бири-бирине суктаныша карашып: "бул кимдин өмүрлүк жары болду экен?" деген ойго жетеленишип, экөө кайчылаш өтүп кетишет. Тагдырды карасаң, Орунбүбү ошондо болочок кудасы менен кездешкенин билбесе дагы, жүрөгүн бир жылуулук аралап өтөт. Чоочун айылда, чоочун кишилерден сураштырып атып, Нурунун үйүн табат. Үйдүн кожойкеси Орунбүбүнү жылуу кабыл алат. Жуучулап келген Орунбүбү ак тилек менен алып келгендерин дасторконго жайнатып, келген чоо-жайын түшүндүрөт. Ошондо Тотукан апасынын буйругу менен меймандын үстүнө кирип, дасторкон четине кыңая олтуруп, чай сунат.
Анын назик, нары үлбүрөк, жылдыздуу, бирок көзүндө оту күйүп турган Тотуну бир көргөндө Орунбүбүнүн кадимкидей ичи ысып кетет. Ошондо өз ичинен "Болду-болбоду, ушул кыз Салыга татыктуу жар болот" деген көкүрөгүнүн кебин тыңшап, Тотукандын жүзүнөн сүйөт. Ал аңгыча үйдүн ээси Нуру үйгө кирип келет. Бая жолдон суктанган асылзаттын өз төрүндө олтурганына бир эсе таң калса, бир эсе сүйүнөт. Кызынын колун сурап келгенин укканда ого бетер көңүлү көкөлөй түшөт. Өмүрлүк жарын сыртка чакырып: "Ээ, кемпир, Тотуну берели. Бу киши ургаачынын сырттаны экен. Кызыбыз кор болбойт" - дейт. Жубайы макул болот.
Сөздөн сөз чыгып олтуруп, Орунбүбү Салынын баягы сүрөтүн Тотуканга көрсөтөт. Сезимтал кыз ата-энесинин алдында бети анардай кызарып, уялып кеткени менен болочок күйөөсүнүн жылмайган сүрөтү кыз кылыгын кыялатып, жүрөгүн бир булкуп койгону жалгыз гана өзүнө маалым эле.
Ошентип эки тараптын сөзү бекип, арадан аз убакыт өткөндөн кийин эки жаш кызыл той (үлпөт той) беришип, баш кошушат. Бул тойго чейин ал өрөөндө мындай той өтпөгөнүн далайлар саймедиреп айтып жүршчү экен. Тойдун шааниси бир тең да, баш кошкон эки жаштын бири-бирине төп келгенине суктанган эл бир тең болгон тура.

Татыктуу түгөй
Тотукан өзү жогорку билим албаса дагы билимдүү Салыдан өтүп, жашоого тетик карап, өмүрлүк жарынын бирин эки кылып, жумушун түшүнүү менен кабыл алып, күйөөсүнө карамдуу, кайын-журтуна күйүмдүү келин болду. Катар-катар уулдарды төрөдү. Кыздуу болсом деп тиленип жүрүп Давлет аттуу кыздуу болот, бирок, ал кызы Салы менен Тотуга буюрбай калып, наристе кезинде ооруп, чарчап калат. "Калганы аман болсун" деп 7 уулуна Кудайдан өмүр тилеп, жолдошунун жүгүн жеңилдетип үй түйшүгүн, балдарды тарбиялоону өз мойнуна алат. Атайын орусча китептерди окуп, балдарына которуп айтып берип, ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле кылып, ар бирин өзгөчө тарбиялайт. "Өз мамлекетиңе пайда келтиргиң келсе, өз балдарыңды мыкты тарбияла" деген сөздү туу тутуп, уулдарын Ата Мекенди сүйүүгө, атаны сыйлоого, энени барктоого үйрөтөт. Уулдары катары менен жерден боорун көтөрүп калышканда от менен суунун, өмүр менен өлүмдүн ортосунда чебеленип жүргөн Тотуга өпкө милдети жабышат. Ушул дарттын айынан далай жолу жаны кыйналып, далай жолу армандап, уулдарынын тагдырын ойлогондо түн уйку көрбөй кыйналат. Мындай азаптуу учурларда Салы Тотунун кареги менен тең айланып, айтканын айткандай аткарып турат. Анан эле Тотукандын жашоосуна үмүт берген аян түш көрөт.

Аян түш
Адатынча Тотукандын жанын кыйнаган оорусу кыйнап, жайдын узун түнүндө уктай албай жатып, таңга маал көзү илинип кетет. Түшүндө бир аппак куш Тейит айылынын үстүнөн көпкө айланып учуп, анан көчөдө топурак менен чаңга аралашып ойноп аткан Курманбектин оң ийинине конот. Курманбек чочуп кетсе да куш учуп кетпей, ийинине олтуруп алат. Уулу оң ийинине конгон кушуна мактанып, сүйүнгөнүнөн көчөгө батпай келатканда Тотукан ойгонуп кетет. Терезеден караса таң агарып калган экен. "Түшүм түш болбой, туш болсун. Кудай буюрса, уулум падыша болот" деп жоруйт. Ошондо Курманбек болгону балакатка жеткен 12 жашта болот. "Бекеринен атын Курманбек баатырдын атынан койбоптурбуз. Өзбек кошунасы койгон Закиржан деген ысымды өзгөртүп койгонубуз жакшы болуптур" деп сүйүнүп, дароо камыр жууруп, Кудайга жалынып, тогуз токоч жасап, көчөдөгү балдарга таратып жиберет. Ошол түштөн кийин ар дайым Курманбекке катуу айтпай, жаман тилин тийгизбей, анын ою менен болуп "Уулум сен кийин падыша болосуң" деп чоңойтот. Балким, бала Курманбек анда апасынын айткандарына көңүл бурбаса керек. А балким апасынын сөздөрү жүрөгүнө орноп калгандыр. Апасы бардык уулдарына көз тийбесин деп костюмдарынын, шымдарынын чөнтөктөрүнө сейдене, майда ак, кара таштардан салып койчу экен…
Тотукан "менин Курманбегим падыша болот" деп көп айтканын байкаган бир улуу киши: "Эй, балам, андай сөздү көпчүлккө айтпаш керек" деп тыйып коет. Ошол боюнча бул сөз Тотукандын жүрөк түпкүрүндө сакталып калат…

(Уландысы кийинки санда)

Барчын Асаналиева