Эне көз жашы

Ак үйдү айланып, ыйлап жүргөн жалалабаддык туугандар
Ак үйдүн алдында күндө пикет, митинг. Ар кандай көйгөй менен эл агылып келишүүдө. Ак үйдүн күн батыш жагында жалалабаддык ата-энелер турат. Акыйкат издеп, Ак үйдүн алдына тургандарына он күн болуптур. Алар төрт талап менен келишиптир. Биринчиси - Ош коогалаңындагы дайынсыз жоголгон балдарды табуу. Экинчиси - Ош окуясында тергөө иштерин жүргүзгөн тергөөчүлөрдү текшерүү. Үчүнчүсү - окко учкан балдарга "Баатыр" наамын берүү. Төртүнчүсү - Ош окуясын баштаган башчыларын таап, аларды жоопко тартуу.


"Баламдын өлгөнүнө ишенбейм"
Мамаева Марсияна Жалал-Абад облусунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы Арал айылынан келген. Марсияна айымдын айтымына таянсак, 86-жылкы уулу былтыркы Ош коогалаңында болгон кандуу окуядан кийин (13-июндан бери) дайынсыз жоголгон. "Балам Жалал-Абаддагы "Рахат" базарында мени менен чогуу иштечү. Беш маал намазга жыгылчу. Бешим намазга кеткен боюнча кайтып келген жок. Уулумду издеп барбаган, арызданып эшик какпаган сот, прокуратурам калбады. Эч жыйынтык болбогондуктан арга жок ушул жерге келип олтурам. Менин баламдын өлүмү боюнча бүтүм чыгарган тергөөчүлөрдүн жыйынтыгы менен макул эмесмин. Анткени, алар ушак боюнча жыйынтык чыгарып, ишти жаап коюшту. "Денеси табылды" дегендери аз келгенсип, 99 пайыздыгы менен аныктап койгондоруна күйүп кетем да. Эгер табылса, анда кана менин баламдын сөөгү?.. Алардын үстүнөн арызданып, ИИМге кирдим. Биз кеткенче бир жооп болуп калаар. Биздин арыз-муңду укканга Ак үйдөн депутаттар - Өмүрбек Текебаев менен Жылдыз Жолдошева чыкты. Бирок, "биз муну сессияда карайбыз, чечебиз" дешкен жок.
Президентке, премьер-министрге, спикерге кат жөнөттүк. Бийликтегилер бизге оң көзүн салып койсо деп үмүттөнүп олтурабыз. Алардын деле бала-чакасы бар, туурабы? Биздин ордубузга өздөрүн коюп көрүшсө, биз кандай акыбалда экенибизди терең түшүнүшмөк деп ойлойм. Жаңы бийликти эл шайлаган да, туурабы? Роза Отунбаева Жалал-Абадга барган. Конференцзалга өткөрбөй койгондуктан, "Роза эже, дайынсыз кеткен балдарга кандай чара көрүп жатасыздар?" деп кат жазгам. Ал жеттиби, жеткен жокпу, билбейм, жооп болгон жок" деп зар какшайт байкуш эне.
"Тергөөчүлөр бир нерсеге таянып, ишти жапса керек?" десек, ал: "Чөнтөк телефонунун аппаратын бирөөлөрдөн табышыптыр. "Бирөөңөр ким?" десек, "17 жаштагы кыз" дешти. Ал жаш кыз менен эмне үчүн бизди көздөштүрбөйт? Эмнеге аны биздин көзүбүзчө суракка албайт? Ал кызга биздин да суроолор бар эле да. Балким, ал менин баламды өлтүргөн адамдыр... Бирок, мен баламдын өлгөнүнө ишенбейм. Себеби, энелик сезимим туюп турат. Анын үстүнө Ош, Жалал-Абад, Талас, Токтогулдагы кыйын деген көз ачыктарга барсам, баарыныкы окшош чыкты. "Балаң тирүү. Ыймандуу бала болгондуктан аны Алла куткарып калган. Болгону буту аксап турат. Бир аялдын колунда" деп айтышты. "Ал аялдын дарегин айтышкан жокпу?" десек, "айтышпайт экен" деп оор үшкүрдү курган эне.

"Баламды тезинен таап беришин талап кылам"
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жанар кыштагынан келген Ж.Сапиев аттуу агабыз мындай дейт: "Менин 80-жылкы уулум Ош коогалаңында дайынсыз жоголгон. Ушул убакка чейин өлүк, тирүүсүн билбей келем. Баламдын дайнын сурап, кайрылбаган жерим калган жок. Издөө процесси ушунчалык узакка созулуп кеткенине мен такыр түшүнбөйм. Жалал-Абаддан жыргаткан жооп укпагандыктан, аргам түгөнүп, акыйкаттык издеп, Ак үйдүн алдына келдим. Балам тирүү экенине ишенем. Баламды тезинен таап беришин талап кылам. Ушунча убакыт чыдап күттүк да, мындан ары күтө албайбыз. Эл шайлаган депутаттар Ош окуясын эсинен чыгарып коюп, башка маселеге өтүп кетишти. Менин ошого ичим күйүп жатат...".

"Кадыржанды алдыбызга алып келишсин..."
Ал эми 2-топтогу майып Сапаркан эжебиз Ош окуясында бир тууган инисинен ажыраган. Анын айтымында снайпердин огунан көз жумган. Инисинин артында калган 4 баласын өзүнүн бир баласына кошуп багууда. "Элден айлансам болот, эл жардам берүүдө" дейт. "Бийлик тараптан жардам болгон жокпу?" десек, "Бербеди десем калп болуп калат. Майда-чүйдө нерселерди алып жатабыз. Ун жана 20 миңден берген акчасын алдык. Бирок, ал төрт баланын эмнесине жетет? Өз жерибизде туруп, кор болгондуктан улутчул болуш керек окшойт деп калдым. Бийлик эки улуттун араздашуусун тезинен чечип, тарыхый баасын берсин. Бизге Ош коогалаңынын башында ким турганын таап беришсин. Бийлик "чужое горе" кылбасын, далысын бизге салбасын. Кадыржан Батыровду алдыбызга алып келип, жоопко тартканда гана көксөбүз сууйт".

"Бийлик 7-апрелдеги окуяга кандай караса, Ош окуясына да ошондой карасын!"
"Бийлик тезинен бизге чындыктын бетин ачып берсин. Урушту ким баштады, кыргызбы же өзбекпи? Жалал-Абадда өзбек калкына көбүрөөк жардам берилип, биз четте калып жатканыбыз чын. Өз киши күйбөсө, өзгө күймөк беле? Бизди бийлик өгөйлөп жатат. 7-апрелдеги окуяга (албетте, анда да кыргыз балдарынан ажырап, кабыргабыз кайышкан. Ата-энелерине, балдарына, жубайларына боор ооруганбыз. Так ошол кейпини биз кийип олтурабыз. Биз эрегишкен жокпуз, туура түшүнгүлө. Калыстыкты кармабаган бийликке күйүп айтып жатабыз) кандай мамиле кылышса, Ош окуясына да так ошондой мамиле кылышсын. 20 миңи эмнеге жетет? Бизге да бир миллиондон бөлсүн. Балдарыбызга "Баатыр" деген наам беришсин" дейт Калыс Каримбекова. Анын 21 жаштагы уулу Нияз Мамытов Ош коогалаңында бутуна ок тийип, оор жаракат алып, 2-топтогу майып болуп калган. "Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе заматта кор болуп, ишке жарабай калды. Мага ушунун кереги бар беле? Биздин талаптарды чечип беришин суранат элем".

"Жолдошумдун өлүмүнө керт башы менен жооп беришсин"
Жалал-Абад облусунун Сузак айылынан келген Уулкан Мусаеванын жолдошу подполковник Мырзаканов Амангелди Ош окуясында каза болгон. "Менин жолдошум отставкадагы подполковник болчу. Жети балабыз менен бактылуу жашап жатканда эле капысынан кол салган душмандардын колунан каза болуп калды. Үч күн дайынсыз жок болуп, 14-июнда сөөгүнүн күл болуп калган денесин таптык. Укканыбызга караганда өзбектер кармап алып, мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. Алар чала жан кылып, үстүнө бензин куюп өрттөп жиберишкен экен. "Күл болуп калса, сөөгүн кантип тааныдыңар?" десек, "Батинкасынан, соткасынан тааныдык. Бети билинип турду. Бул эмне деген шумдук? Баш сөөгүн, буттарын, жамбаш сөөктөрүн алып келип көмдүк. Жолдошум отставкада болсо да буйруктун негизинде чакыртышкан. "Мен отставкадагы ардагермин" дебей, эл, жер үчүн деп кеткен боюнча көрбөй калдык да. Бул эрдиги бийлик жагынан эске алынган жок. Жергиликтүү бийликтерге кайрылсам, "жолдошуңуз отставкада болгондуктан эч нерсеге илинген жок" деп жатышпайбы. Мен муну жөн гана шылтоо деп эсептейм. Дагы бир жолу кайталайм, отставкада болгону менен буйрук менен чакырылган. Мени жесир, жети балабызды жетим калтыргандыгы үчүн жолдошумдун өлүмүнө керт башы менен жооп беришсин".

Нази БАЯН кызы

P.S. Жалалабаддык туугандардын айтканында калет жок. Бүгүнкү бийлик да, парламент да башка маселелер менен баш оорутууда. Алар Гимндин сөзү менен туубуздун түсүн өзгөртөбүз деп чуркап жүрүшөт. Көк түстү түштүк туугандар кара жамынып калганда кийишет эмеспи. Мындай учурда туунун көгөрүп калышы аларга кандай тийет, биринчиден. Экинчиден, канча деген чыгымды чапчыйт. Ошол чыгымды түштүк туугандарга жумшаса болбойбу. Бу да болсо баягы эле саясатчылардын оюну. "Гимндин сөзүн да, музыкасын да эмне үчүн түндүктөр жазат? Андыктан, азыр сөзүн бир аз өзгөртүп, түштүк бир адамдын аты-жөнүн кошобуз" деген маселени көтөрүшүүдө түштүк саясатчылар. "Кеп түштүк-түндүктө эмес, аны кыргыз жазган. Көзү жок болгону аз келгенсип, Жалил Садыков агабыздын 20 жылдан бери жашап келаткан эмгегин, аты-жөнүн таптакыр чиебизби?" деген бир да түндүк саясатчы жок. Мына бизди ушинтип тымызын саясатчылар эле бөлөт. Андан көрө алар "эмне үчүн алигүнчө дайынсыз жоголгон балдарыбыздын жыйынтыгы жок? Эмне үчүн энелер ыйлап жүрөт? Эмне үчүн үйлөрү бүтпөй жатат?" деген маселелерди көтөрбөйт?! Саясатчылар Гимн менен асабабызды өзгөртүүнү коюп, өздөрүнүн жан дүйнөсүн өзгөртүшсүнчү, мына ошондо гана заман оңолот. Андыктан, карапайым кыргызым, саясатчылардын бул саясатын колдобойлу, бөлүнбөйлү. Ытымактуу бололу. Бириксек баарын жеңебиз.