![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Ачыгын айтканда... Кеңешбек МОЛДОБАЕВ, "Кыргызжилкомсоюздун" директору: "Ордума көз арткандар тынымсыз текшерүү жиберип жатышат" "Аки-пресс" маалымат агенттигине "Кыргызжилкомсоюз" ишканасынын кызматкерлери келип, "Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун фактысы жок сүйлөгөнүн далилдеп берсин, болбосо кечирим сурасын" деген пикирлерин айтышты. Анда сөз башынан болсун. - Кеңешбек мырза, депутат Садыр Жапаров тарабынан силердин ишканага эмнегедир коррупция аралашкан ишкана дегендей дооматтар коюлуп жатат... - Мен дагы ошол негизсиз дооматтарды угуп алып таңгалып жатам. Баарынан кызыгы, "унчукпай калсаң 200 миң доллар берем" деди дегени болду. Мынча болду ким сунуштаганын ачык айтса болмок. Атын айта албаса, анда жөн эле дүрбөлөңгө салып, айтпай деле койсо болмок. Садыр Жапаров ал менен эле чектелбей ойго келбеген ири суммаларды коррупциялык системасы аркылуу алып чыгып кетип жатат деди. Жылына бюджеттен болгону 926 миллион сом каралат. Анан кайдагы 2 миллиард сомду алып чыгып кетебиз. Чындап эле коррупциялык система иштеп аткан болсо, анда эмнеге Бакиевдин доорунда Садыр Жапаров коррупцияга каршы агенттикти жетектеп, комиссар болуп иштеп аткан кезинде текшерүүгө, иликтөөгө алган эмес. 2008-жылга чейинки болуп келген туура эмес иштерди ошол кезде эмнеге айтпаганы кызык болуп жатат. Садыр Жапаровдун "250-300 миллион сомду максатсыз сарпташты" деген билдирүүсүнөн кийин Башкы прокуратура, Каржы полициясы, Энергетика министри, Каржы министри, Эсеп палатасына окшогон текшерүүгө укугу бар тармактар 13 жолу текшеришти. Жыйынтыгында козголгон кылмыш иши негизсиз деген тыянакка келип, иш жабылды. Чындап эле Жапаров айткандай мыйзамсыз иш аракеттер болгон болсо таап чыгышат эле го. Ушул кезге чейин айткан дооматтары жөнсүз экенин билип эки ай унчукпай калабы деп күттүм. "Сиз менин агам болосуз. Менин сизге кыянаттык кылайын деген ниетим жок" деген маанидеги сөз айтат да кайра эле жапжакшынакай иштеп жаткан ишканабызды күнөөлөгөн сөздөрдү айтат. Макул мен күнөөлүү эмес экенмин. Мен иштетип жаткан система, ошол тармакта чын дили менен иштеп жаткан 3000 кызматкериме сөз тийип жатса, андай эмес, мындай деп ачуу чындыкты айтып, аларды эмне үчүн коргоп калбашым керек. Мандатына таянып эле негизсиз дооматтарды айта берсе болобу. Менин билишимче депутат деген иштеп жаткан ишкананы жаптырууну көздөбөй, тескерисинче, эл менен бийликтин ортосунда данакер болот. Бул жерге биз коомчулук алдында актануу үчүн эмес, биздин ишканага карата айтылган орунсуз, фактысы жок айтылган нерселерди жокко чыгаралы. Документ менен көрсөтүп, далилдеп берели деп келдик. Биздин мекеменин юристи мындай каралоо максатында айтылган сөзү үчүн керек болсо, депутатты сотко берүү демилгесин көтөрүп жатат. Эгер мен калп айтсам, ал сотко берсин. Анын айткандары негизсиз болсо, мен сотко берейин деген тыянакка да келип жатам. Айтайын дегеним, таза киши айтса унчукпайт элем. Мен да Садыр Жапаровдун кандай былык иштери бар экенинен кабардармын. - Нарын шаары боюнча айткан сунушуна макулсузбу? - Жылына Кыргызстан боюнча жылуулукка болгону 926 миллион сомдун тегерегинде каражат жумшалат. Анан Садыр Жапаров кайдагы 500 миллион сомду айтып жатканын да түшүнө албай турам. Ошол билдирүүсүндө биздин ишкананын ишин жергиликтүү бийликке өткөрүп берип, бөлүнгөн 500 миллион сомдун 100 миллионун Нарын шаарынын жылуулугуна, 400 миллионун шаардын өнүгүшүнө жумшасак деген сунушун айтты. Сөздүн ачыгы Садыр Нуркожоевич кайдагы 500 миллионду сөз кылып жатканын да биле алган жокпуз. Ушул убакка чейин Нарын шаары боюнча болгону 27 миллион гана сом жумшайбыз. Нарынга иш сапар менен барганымда "2008-жылдан бери жылуулук эмне экенин билип калдык. Мурун мекемеде курткачан олтурчу элек. Азыр майкачан олтурабыз" деп жылуулуктун сапаты жакшырганын эл айтып жатат. - Отунду тендер аркылуу жеке компаниялар утканы аныкпы жана эки эсе кымбат ташылып келгени чынбы? - Мыйзамдын негизинде тендер жарыяладык. Бир топ жеке фирмалар катышышты. Жыйынтыгында эң төмөнкү баа көрсөткөн фирма менен иштешип, отундун сапаттуусун алып жатабыз. Анан кайсы мыйзамды бузуптурбуз деген ой пайда болуп жатат. - Сиздин ишкананын дарегине доо кеткен маалымат талкууланып жатканда эмне үчүн ушул далилдериңизди айта алган жоксуз? - Мен азыркы айтып жаткан далилдеримди сүйлөйүн десем Чыныбай Акунович башка депутаттарга сөз бере берип, мага убакыт жетпей калды. - Колдон келишинче эң төмөн көрсөткөн фирмалар менен иштештик дедиңиз. Бир тонна көмүрдүн баасын канча сомго алдыңар? - Биздин ишкана көмүрдү былтыркы жылы орточо баасы 2189 сомдон алдык. Андай арзан баа менен бизден башка эч ким алалган жок. Жергиликтүү бийликтерге беребиз дешет. А региондор болсо, бир тонна көмүрдү 2500-3000 сомдон алып жатат. Кыскасы, биздин ишкана менен региондордун ортосунда 20-30 пайыз айырма болуп жатат. Аны түшүнбөгөндөр жергиликтүү бийликке берсек, эле баары ойдогудай болот деп ойлоп жатышат. - Бүгүнкү күндө сиздердин ишкана жеке менчикке өткөрүп берүү зарылчылыгы айтылып жатат. Ага кандай карайсыз? - Алып мыкты иштетем дегендер болсо берүүгө даярбыз. Акырындык менен ошол жолго барышыбыз керектир. Менимче, көбү жарактан чыгып, оңдоп, түзөөнү талап кылган от жаккан жайларды эч ким албайт го. - 2008-жылга чейин сиз сарптагандай ири сумма эмес, азыраак сумма менен эле кыштан чыкчу экен дегендер да жок эмес... - Глобалдык кризистин баары 2008-жылдан башталып, көмүрдүн, газдын, мазуттун баасы 2-3 эсе өскөнү эле көп акча сарптоого аргасыз кылып, тарифтин айырмачылыгына таасир берип жатканын да туура кабылдашыбыз керек. - Коомчулукта "Жыргалаң" шахтасы тууралуу оң-тескери пикирлер айтылып жүрөт. "Жыргалаң" шахтасынан да көмүр аласыздарбы? - "Жыргалаң" шахтасында Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров жетекчилик кылат. "Жыргалаң" көмүрүнүн сапаты жакшы, талапка жооп берет. Биздин ишканага жергиликтүү калк алып жаткан баадан 20-30 пайыз арзан берди. - Себеби жок дооматтар болсо, сиздин ордуңуз кимдир бирөөгө керек болуп жаткандыр? - Чынын айтсам, анысын деле билбейт экенмин. Өтө эле себепсиз дооматтар коюлуп жаткандан улам ошондойбу деп да ойлоп кетем. Анткени, революция болгондон бери менин ордума бир топ киши көз артты. Андан берки тынымсыз текшерүүнүн артында да бирөөлөр турабы деп ойлойм. Асел МАМБЕТОВА, башкы бухгалтер: "Садыр Жапаров үрөй учурган фактыларды кайдан алган?" - Бул ишканада 2008-жылдан бери бухгалтер болуп иштейм. Жарым жылдан бери текшерүү күч алды. Бирок, баары ачык, айкын, таза, мыйзам бузууга жол берилбегени үчүн кынтык таба алышкан жок. Биздин ишкананын дарегине айтылган дооматтары үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров менен бетме-бет сүйлөшөлү деп кат жолдодук. Жооп болгон жок. Кабылдамасына барсак, кабыл алган жок. Биз менен баарлашуудан тартынса, анда үрөй учурган фактыларды кайдан алып, айтып жатканын биле албай жатабыз. Кайрылууну президентке, премьер-минстрге,бардык депутаттарга жөнөттүк. Депутаттар кесиптешин колдоп жатабы билбейм, эмнегедир бизди кабыл алуудан баш тартышты. Айзада КИЙИЗОВА, юридикалык бөлүмдүн жетекчиси: "Жапаров бизден кечирим сурасын" - Менимче, Садыр Жапаров депутаттык мандатына таянып, өзүм билемдикке салганы менен депутаттык этиканы бузуп жатат. Баш мыйзамда сот күнөөлүү деп жыйынтык чыгармайын күнөөлүү деп айтканга акысы да, укугу да жок. А Садыр Жапаров болсо "Кыргызжилкомсоюз" ишканасын "коррупционер", "ууру" деген суу кечпеген дооматтар менен айыптап жатат. Эгер айткан фактыларын далилдей албаса, анда, биздин кызматкерлерден кечирим сурашы керек. Болбосо биздин ишкананы жаптырууга кызыкдарбы деген ойдо калабыз. Ольга СМОЛЯКОВА, абоненттик бөлүмдүн башчысы: "Кеңешбек Молдобаев жетекчи болгондон бери ыраазычылык каттарды алып калдык" - Садыр Жапаров бир-эки эле ишкананы жылыткандай кабылдап, "Кыргызжилкомсоюзду" жергиликтүү бийликтерге берем деп жатат. Эгер аталган тармакка көңүл бурулбай, көз жаздымда кала турган болсо, өкмөттүн башына муш болот. Кеңешбек Молдобаев жетекчилик кылган эки жылдан бери өмүрү албаган ыраазычылык каттарды алып жатабыз. Элибиз "кыштан үшүбөй чыктык" деген сөздөрү бизге дем болуп, иштеп жатабыз. Колубуздан келишинче, уурдалып же талкаланып калган от жаккан жайларды эпке келтирип, ишке киргизип жатабыз. Улан АЙТИЕВ, Нарын облусунун жылуулук берүү тармагынын директору: "Зайыповдун учурундагы катачылык үчүн Молдобаев күнөөлүү эмес" - Жакшы иштеп жаткан кишиге доомат эмес, ыраазычылык билдиришибиз керек. 2008-жылга чейин "Кыргызжилкомсоюз" ишканасы Соцфондго, Салыкка карыз болуп, техникадан баштап, имаратка чейин алдыртып койгон учурлар болгон. Азыр андай карыздын бири жок, баары ойдогудай. Эл да ыраазы. 2008-жылга чейин талкаланып калган от жакчу жайларды эл менен бирдикте оңдоп-түзөдүк. Бир топ жаңы обьектилерди коштук. Зайыповдун учурунда болгон мыйзамсыз иштер үчүн ишти илгерилетип жаткан Кеңешбек Молдобаевди күнөөлөгөн болбойт. Айтайын дегеним, Зайыпов Нарын облусу боюнча 9000 тонна көмүр жагылат десе, бүгүнкү күндө 2300 тонна гана жагылат. Мындай жетишкендиктерди баалабай коюуга болбойт. Маектешкен Перизат РЫСМАНБЕТОВА
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||