Кудай сакта!

Япониядагы жер титирөөдөн Жер огунан жылды
Бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда Япония жана араб өлкөлөрү болууда. 11-мартта Японияда 9 баллдык жер титирөө болуп, анын артынан 10 метрге жеткен цунами келип, кош табигый кырсыктан, акыркы маалыматтар боюнча, 9079 адам өмүрү кыйылып, 2 миңдейи жеңил-оор жаракат алып, 13 миңдейи дайын-дарексиз калып жатса, бир катар араб өлкөлөрүндө толкундоолор басылбай, Ливияда адамды адам кырган көрүнүш орун алууда. Андан тышкары адамзаттык кыйраткыч факторлорго табият да жакынкы жылдарда өз сыноолору менен жооп кайтарат деген чыны-жалганы аралаш маалыматтар күч алды...


Ушул жылдын 19-мартында Жер планетасына Ай максималдуу аралыкта - 356 миң километрге жакындап келди. Бул - анык факты. Өткөн кылымда мындай көрүнүш төрт жолу (1955, 1974, 1992 жана 2005-жыл) катталган жана ар бири жагымсыз окуялары менен эсте калган. Маселен, 1992-жыл. "Эндрю" бороону Багама аралдарын жана Флорида штатынын жээктерин кыйсыпыр түшүрүп өткөн; Франция катуу суу ташкынында калган. Соңку жакындоо туура келген 2005-жылы Пакистан катуу жер титирөөдөн 70 миң, Гватемала "Стэн", АКШ "Катрина" бороонунан миңден ашуун адамдарынан айрылган. Илим адамдары, кептин баары Айдын жакындашы менен Жер-Ай ортосундагы гравитациянын күч алышында деп жатат. Ал эми асмандан жашыл планетага мээленип турган беш миңдей астероиддин эң эле коркунучтуусу, жылына эки жолу Жер орбитасын кесип өткөн Апофис астероиди нагыз алааматты алып келиши мүмкүн экен. Окумуштуулардын тактоосу боюнча, анын массасы 100 млн тонна келет, 2029-жылы 13-апрелде Жер жана Айдын ортосунан, биздин планетадан 30-40 миң км аралыкта өтөт. Жердин гравитация талаасынын таасиринен ошол жылы кадимки траекториясынан четтеп, ар жылы кыйла өзгөрүп отуруп, 2036-жылы Жерге урунушу мүмкүн делет. Эгерде дүйнөлүк океанга түшсө, 17 метрге жеткен цунамини пайда кылат; кокус кургакчылыкка туш келсе, жарылуу күчү Хиросимага ташталган атом бомбасынан жүз эсе күчтүү келип, диаметри 4 чакырым келген кратерди жаратат экен. Кагылышуу мүмкүндүгү жыл сайын анык болгон сайын аны болтурбоо жолу изделип башталыптыр. Американын илимий чөйрөсү Апофистин эсебин тапкан системаны ойлоп тапканга 50 миң доллар сыйлыгын камдап жатыптыр. Кудай сакта, жер жарылып чөп эле чыгып турсунчу...

Эми Япония боюнча...

Дүйнө жүзүндөбуга чейин катталган кыйраткыч төрт жер титирөөнүн бирин башынан кечирип жаткан Япония кыйын кезеңде да сабырдуулук, биримдүүлүк, тилектештик мүнөз-сапатын жоготкон жок. Күйүп күлдөн жаралган феникс кушундай экинчи дүйнөлүк согуштан кийин да бул өлкөнүн кыска убакытта кандай дүркүрөп өскөнүн окуп-угуп таң берсем, уюткулуу улут катары бүгүн да дүйнө жүзүн багындырып жатат. Андан да, бул өлкөнүн жери дагы деле чайпалып жатат. Хонсю аралынын чыгыш жээктериндеги ошол 11-марттагы силкинүүдөн бери 500 афтершок (кайталанган жер кыймылдары) катталган. Анын 40тан ашуунун күчү 5,0 -6,0 баллга жетип, кечээ жакында эле эпицентри Аомори префектурасына туура келгени 6,6 балл деп аныкталды.
Япония табигый кырсыктарга дайым даяр турганга мажбур өлкө. Дүйнө адистери аталган өлкөдөдеңиз жээгинен 100-300 км алыстыкта болгон жер титирөө туурасында калкты кабардар кылуу жана кандайдыр бир иш-чараларды көрүү аракеттери мүнөттөр менен эсептелерин, цунамиге байкоо салган системасы ааламдагы мыктылардын бирине кирерин айтып келишкен. Маселен, бул жолку цунамиден коопсуздук иш-чарасына өтүүгө болгону 5 мүнөттөн 7 мүнөткө чейинки гана убакыт чегерилген. Тиешелүү мамлекеттик структуралар өзгөчө кырдаалда да өз ишин болушунча эффективдүү алып барарын, эли да зарыл көндүм, иш-аракеттерге даяр экенин көрсөттү. А бирок, ыкчамдык, тездик, биримдик табият сыноосунан, зор жоготуулардан арачалап калалбады. Адам жоготуулары, өлкө энергиясынын 30%ы чыгарылган АЭСтердеги авариялар, радиация, таза суусуз, жарыксыз калган аймактар, үй-жайсыз калган адамдар - бүгүнкү жагдай ушундай. Негизги кыйраткыч сокку туура келген Мияги префектурасы баарынан катуу жабыркаган. Бир эле Минами-Санрику шаарын алсак, анын 17 000 жашоочусунун сегиз миңинин бүгүнкү күндө дайын-дареги билинбей жатат деп айтылууда...
Кырсык кесепеттерин жоюу үчүн Япония 100 млрд. АКШ долларын сарптайт, аталган сумма бул өлкөнүн ИДПсынын (ВВП) 1,9%ына туура келет деген эл аралык экономикалык божомол-баалоолор басылма беттеринде айтылып баштады. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк банк экономикалык жактан дүйнөнүн үчүнчү дараметтүү өлкөсүнүн ИДПсы 2011-жылдын ортосунда 0,5%га кыскарып, кадимки калыбына келиши үчүн беш жылдык мөөнөт, 235 млрд доллар керек деп эсептеп чыкты.
Баса, эл аралык айрым адистер Япониядагы жер титирөөдөн Жер огунан 10 сантиметрге жылып, сутка ченеми 1,8 микросекундга кыскарды, катаклизмдер уланышы мүмкүн деп чыгышкан. Орусия илимпоздору буга макул эмес. "Жерди өз огунан жылдырыш үчүн сырткы күчтүү таасир керек. Жер титирөө - Жердин ички кубулушу, андан жер кыртышы гана өзгөрүшү мүмкүн. Узак убакыттык байкоолор, 20 жылда жеркыртышы 15 метрге, демек, 400 күндө бир метрге жылышы мүмкүндүгүн көрсөттү. Жер огу эмес, жер кыртышы он сантиметрге жылды деген туура" дешет алар. Айрымдар, Жер шары Суматра , анан Чилидеги (8 сантиметрге жылган) жер титирөөдө жоготкон балансын ордуна келтирди деген пикирде.

Ливия: батыш коалициясы аскерий операциясын баштады

19-мартта (Ай Жерге жакындаган күнү) Франция президенти Николя Саркози шашылыш чакырган саммитте Каддафи режимине каршы казатка аттануу чечими кабыл алынды. Аны Франция, Британия, АКШ, Италия, Испания, Катар болуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин (КК) он беш мүчө-өлкөсүнүн ону колдоп чыкты. Россия, Кытай, Германия кирген тобу "мынчалыкка жетпей эле койсок болмок" тариздеги азчылык өкүнүч-пикирде кала беришти... Кыскасы, чабуулга старт берилип, операциянын биринчи күнүндө Ливиянын Абадан коргонуу обьектилерин (ПВО) карай 110 "Томагавк"ракеталары учурулуп, бүгүнкү күндө жалпы саны 200дөн ашты делет. Ливиянын ММКсы, ал соккулардан Триполи, Бенгази, Зуваре аймактарында карапайым жарандар, Мисраты аймагындагы нефти сактоочу жайлар жабыр тартканын жазып чыкты. Баш-аягы 50-60 адам набыт болуп, 150сү жаракат алып, анын ичинде аялзаты жана балдар да болуп жатат деп айыпташса, коалиция тарап жарандык коомчулукта эч кандай курмандык жок деп актанууда.
Көпчүлүк эксперттер бул операция БУУнун ККсы 1973-жылы кабыл алган резолюцияга каршы келет жана оңолгус жыйынтыктарга алып келет деп коңгуроо кагышууда. Алар согуш ачуу мүмкүнчүлүгүн аталган резолюциядагы так эмес формулировка гана жол берип жатат деген ойдо. Россия премьер-министри Владимир Путин "орто кылымдагы кресттүүлөрдүн чоң казатындай" деген сөз айтса, президент Дмитрий Медведев "орунсуз айтылган пикир" дегендей четке каккан...

Ал эми бизде...

Улуттук илимдер Академиясынын сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматовдун "АКИ-пресске" билдиргени боюнча, Япониядагы жер титирөө Кыргызстан жайгашкан Тынч океан жана Евразия тектоникалык плиталардын чегинде болгон. Биздин адис ал табигый кырсыктын кесепети бизге тийбейт деп ишендирет. Анын айтымында, таасир мүмкүндүгү планета плиталарынын бириндеги өзгөрүү бардык плиталардын ар кандай активдүүлүктө кыймылга келишине түрткү болот деген теориялык жактан гана ырасталат. Жалпысынан, Кыргызстанда жылына билинер-билинбес жер кыймылдары 3 миңге, үч баллдагысы 40ка чамалап барат экен. Биринчиден, өлкөбүз тектоникалык жарык өткөн сейсмикалык кооптуу зонада жайгашат. Экинчиден, жердин титирешинин олуттуу серпиндиси Япония эмес, Ооганстан тараптан келет экен. Неси болсо да, ушул жыл эсебинде 4-5 жер титирөө болуп өттү. Февраль айында Оштун Нура айылы тарабында - 5,5 балл; 13-мартта - Ысык-Көлдүн Кажы-Сайы жана Жалал-Абаддын Көк-Жаңгагына жакын жерде - 3,5 балл, анын артынан эле Кетмен-Төбөдө - 3 балл, соңкусу 18-мартта - Канттын түндүк чегинде - 5-6 балл, Бишкекте - 4 баллга жакын күчтө жер силкинди... Кудай сактасын эми...

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы