Баалар боюнча баарлашуу

Ата-
бала
саясаты
Деги ким күнөөлүү?
Азык-түлүк баасы күн санап өзгөрүүдө. "Тиешелүү чараларды көрбөгөн манополияга каршы жана атаандашууну жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин күнөөсү чоң. Базар баасын оздуктай албаса, жабылсын!" дешүүдө кээ бир экономисттер. Ал эми агенттиктин жетекчиси мындай пикирлер менен макул эмес. "Эгер агенттик жабылса, анархия башталат" дейт. Акыркы маалымат боюнча, алар Өкмөткө үч сунушту жолдошкон, жакын арада Жогорку Кеңеш сессиясында карала турган болуп жатат. Базар бааларынын өсүшүнө айыптууларга биз да "издөө" жарыялаган элек, а дегенде "суракты" жогорку агенттиктин жетекчиси Бабырбек Субановичтен баштадык.

- Бабырбек мырза, азык-түлүк баасынын жоопкерчилигинен качкандар көп, алардын катарында сиз жетектеген агенттик да бар. Деги күнөөлүү ким?
- Жоопкерчиликти моюнга алыш кыйын экен. Ага саясый эрк керек. Баарыңар билесиңер, бийлик алмашкандан кийин Убактылуу, анан Техникалык Өкмөт иштеп турду. Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш ишин токтотту. "Ушул маселе боюнча Указ чыгарып бергиле" деп Убактылуу Өкмөткө үч жолу, Техникалык Өкмөткө бир канча жолу кат жолдодук. Азыр дагы Ак үй, Көк үйгө оозеки да, кагаз жүзүндө да кайрылып жатам. Тилекке каршы, эч ким уккан жок. Эч кандай укугубуз жок болсо да, биз азыр деле кандайдыр бир чара көрүүнүн жолундабыз, маселе көтөрүп жатабыз. Биздин эң негизги функция - монополия менен күрөшүү. Жарандар экономикалык жактан кыйналып жаткандыктан, биз кайдыгер караган жокпуз. Убактылуу жардам берели деп чечтик. Өкмөткө үч нерсени сунуштадык. Биринчиси, токтом долбоору. Бул долбоорго - Убактылуу механизм катары, бирби же үч айгабы, айтор, Өкмөттүн чечими боюнча азык-түлүк коопсуздугун жөнгө салуу кирет. Экинчиси, Өкмөт менен макулдашып, Жогорку Кеңешке сунуштоо. Жакын арада сессияда каралат деп ойлойм. Үчүнчүсү, мыйзам долбоору. Эгерде, азык-түлүктүн баасы 30 күндүн ичинде 30 пайызга көтөрүлсө, анда 90 күндүк азык-түлүк бааларынын механизмдери кирет.
Бүгүнкү күндө азык-түлүктүн, дегеле товарларга болгон баанын өсүп жатканын биз тана албайбыз, бул турмуш чындыгы. "Базар баасын оздуктай албагандан кийин бул агенттиктин кереги жок" деген да сөздөр байма-бай айтылып, агенттикти жабуу маселеси көтөрүлүп жатат. Өзгөчө мага доомат коюп жатышат. Бул жөн гана мени жамандап, каралоо деп эсептейм. Мени күнөөлөштөн мурда, агенттиктин ички мыйзамын жакшы билип, "Базар баасы менен иштейби, иштебейби? Алардын колунда жөнгө салуу механизми барбы, жокпу?" деген суроону коюу керек. Биз Өкмөткө караштуубуз, ал тараптан атайын бекитилген Жобо бар. Бул Жобо 2009-жылдын 4-декабрында бектитилген. Ошол Жобонун негизинде иштеп жатабыз. Тилекке каршы, ошол Жобонун ичинде "базар баасын жөнгө салуу" деген тырмактай да жери жок. Тагыраагы, биздин колдо ыйгарым укук жок. Укугубуз бар болсо, биз базар баасын илгери эле текшерип, жыйынтыгын эл алдына алып чыкмакпыз. Баалар боюнча маселени Жогорку Кеңештин сессиясында да айттым. Ага чейин да какшап айтып келгем жана айтып жатам. Тилекке каршы, каралбай жатат. Эмне кылам? Менин да кабыргам кайышып, күйүп жатам. Биз деле карапайым адамдын катарына киребиз. Менин деле үй-бүлөм бар, алардын курсагы тоюшун каалайм. Анан эч нерсе билбей туруп, мени жамандагандары, мекемени жабылсын дегендери акылга сыйбаган нерсе. Чет жакта отуруп алып сындаш оңой.
- Сындоо кечээ эле сиздин башыңыздан деле өтпөдү беле?
- Туура, андай нерсе менин башымдан өткөн, аны танбайм. Бирок, мен фактыга таянып сындачумун. Андыктан, далили жок мени жамандоого бир да адамдын акысы жок. Артымдан жамандабай, алдыма келсин, мен мыйзамдын баарын айтып, көрсөтүп берем. Бир күн же бир жума менин ордума отуруп, иштеп, туура эмес иш жүргүзүп жатыптыр деген мыйзамдуу кагаз таап берсинчи… Белгилүү эле адамдар сөз чыгарып, калыстыгын айтпагандыктан ушундай пикир түзүлүүдө.
- Мисалы кимдер?
- Мисалы, Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев. ММК бу кишини мыкты адис катары комментарий берүүгө көп чакырышат экен. Бу кишинин пикири менен эл да пикир түзөт экен. Адис катары калыстыгын айтса болмок. 5-каналдын "Майдан" деген телеберүүсүндө экөөбүз чыкканда, мен агенттиктин иш алып баруусу боюнча мыйзамды түшүндүрүп бергем. Ошондо "жөнү бар экен" деп калган. Арадан көп убакыт өтпөй, "Бааларды ылдыйлатуу Антимонополиянын иши. Колунан келбегенден кийин бул агенттиктин кереги барбы, жокпу" деген таризде маек бериптир. Окумуштуунун ушинтип эки сүйлөгөнү туурабы?!
- Базар баасына ким жооптуу?
- Тилекке каршы, ага жооптуу эч ким жок. Демократиянын шарданы ушул акыбалга алып келди. Базар менен рыноктун айырмасын билип алсак жакшы болот эле. Рынок базар баасын жөнгө салышы керек. "Эл көп алса, баа көтөрүлөт, аз алса түшүш керек" деген принцип менен иштеши абзел.
- Кантип эле жок. Кимдир бирөө караш керек да?
- Негизи, бул маселени Айыл чарба министрлиги карап, Өкмөткө, Өкмөт бизге бизге бериш керек болчу.
- Өкмөт башчысы менен жолугуп, бул маселени сүйлөшсөңүз керек?
- Алмаз Шаршеновичке жолугуп айткам. Ал кишинин деле чыдамы кетип, "ушул маселени жолго салгыла" деп жатат. "Анда саясий чечим кабыл алып бергиле" дедим. Чечим качан кабыл алынат, аны билбейм. Өкмөт уруксат берсе эле, биз анын айтканын аткарууга милдеттүүбүз.
Бирок, бир нерсени эске алуубуз зарыл. Базар баасы коңшу мамлекеттерге караганда арзаныраак. 9-февралга карата данныйлардан мисал келтирип берейин. Казакстанда буудайдын баасы - 14 с 10 т, бизде - 14 с 60 т. (бүгүнкү күндө 18 сом). Айырмасы 50 гана тыйын. Казакстан буудайды өзү өндүрөт. Биз транспорт менен тартып келебиз. Транспорт чыгымын да эске алуу керек. Өзбекистанда - 23 сом, Таджикистанда - 16 с 20 т. Казакстанда ун - 23 с 20 т, бизде - 27 с 10 т. Кант Казакстанда - 65 с, бизде - 62 с 20 т. Импорт товарларды тизмектеп айта берсек болот. Бирок, аларга салыштырмалуу бизде баалар төмөн.
- Алардын айлыгы бизге караганда алда канча жогору да?!
- Ал чындык. Айырмасы - айлык акы өлчөмү. Бирок, Өзбекстанга караганда аз эмес, Казакстанга караганда аз. Мен азык-түлүк боюнча айыл чарба адиси же кызматкери эмесмин. Ошентсе да, кант, кумшекер ташыган ЖЧКлардын жетекчилерин чакырып сүйлөштүк. Алар Белорусиядан алып келишет экен. Мисалы, алар 55 сомдон берсе, чакан ишкер-базарчылар ар кандай баа коюп сатып жатышыптыр. "Мурда мамлекеттик план деген бар эле, ошону кийрийли" деп жатам. Дыйкандар мамлекетке мурдагыдай план төгүшсө, аларга да, өлкөгө да жакшы. Биз дыйкандарга шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Мунун баары негизи Айыл чарба министрлигинин иши. Алар эмне олтурат, билбейм? Ар ким өзүнүн милдетин билсе эле иш алдыга жүрөт деп ойлойм.
- А силердин милдетиңер кандай?
- Биздин 20 жылдык тарыхыбыз бар. Мына быйыл туптуура 20га чыктык. Ушунча жыл аралыгында жаманбы, жакшыбы монополисттер - Темир жол, Аэропорт, Мамкаттоо, Билим берүү системасын жана Архитектураларды жөнгө салып, иштеп келди жана иштеп жатат. Мисалы, биз көрүнбөгөн нерсени кылып жатабиз. Алсак, былтыр бензин баасы 10 сомго чейин көтөрүлдү. Бензиндин кымбаттаганына карабай, жол кирени бир тыйынга да көтөргөн жокпуз. "Бензин кымбаттады, жол кирени көтөр" деп канча деген адамдар келишкен. Мен элди ойлоп, макул болбой койгом. Окуу жайлардын контракттык негизде төлөө акысынын баасын коюп берүү биздин милдетке кирет. Аны да көтөргөн жокпуз.
- Аныңыздарга ырахмат. Бирок, сиз бизге 2008-2009-жылдагы чыккан мыйзамдарды айтып өттүңүз. Ал жылдар Бакиевдин заманы эмес беле. Бакиев бийлигине каршы чыкканыңар менен бүгүн ошол эле эски программаны ишке ашырып жаткандайсыңар?! Же андай эмеспи?
- Туура, Бакиев убагындагы мыйзамдар иштеп жатат. Мыйзамдык база болмоюнча мындай абалдан чыгыш кыйын. Бакиев бийлиги башкача схема менен иштеген. Алар өз мезгилинде агенттик кызматын чачыратып бөлүп жиберген. Эсиңиздерде болсо, алар майлуу-сүттүү жерлерди басып алабыз деген саясатты жүргүзгөн. Мисалы, "Түндүкэлектр" бөлүштүрүүчү жана Мобилдик байланыш компаниялары алардын кол алында болчу. Электр энергиясын иштеп чыгаруу, таркатуу, текшерүү боюнча алектенген акционердик коомдун баары буларга баш ийген. Анан алар өздөрү каалашынча баа коюшкан. Өздөрүн өздөрү текшерип жатса, "биз эл үчүн жаман иш кылдык" деп отчет бербейт, эч качан айтпайт да, туурабы. Негизи бааны биз негиздеп беришибиз керек. Алардын ишин бизге окшогон агенттик көзөмөлдөбөсө болбойт. Бизде деле кемчилик бар. Мына 20 жыл болду деп жатам. Эски мыйзамдар менен келдик. Жаңы эч нерсе жок. Жаңы жолго түшөлү деп жатабыз. Качан түшөрүбүздү билбейм, бул мезгилдин иши.
- Чынын айтсак, сиздин позицияңыз бизге бүдөмүк. Айтыңызчы, бүгүн сиз кайсы жээктесиз?
- "Мамлекеттик кызматка келгени сен тайсалдап жатасың" деген сөздү угуп жатам. Чындыкты айтыш - милдет. Мен дагы эле эл мененмин. Элдин абалын көрүп кантип унчукпай кое аласың. Айтып, кыйкырып, ыйлап да жатам. Аныңды кабыл албайт да, укпайт да экен.
- Жогорку жактагылар деле адатка айланган "Биз эл мененбиз!" деген сөздү айтышууда. Алар элге жакшы көрүнүш үчүн сизди садага чаап, мекемени жаап салса, эмне кыласыз?
- Эгер мекемени жаптырып салса, анда накта башаламандык, анархия башталат.
"Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" демей болот. Мисалга "Манас" аэропортун эле алайын, 3 миң сомдук жол кирени 5 миң деп салса, аны карапайым эл эмнеге кымбаттаганын териштирбейт да. А биз болсо "2 миң сом кайдан чыкты?" деп сурай алабыз. Андыктан аларды сырттан көзөмөлдөгөнгө сөзсүз бир мекеме керек!

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА




Равшан ЖЭЭНБЕКОВ:
"Россия, Казакстан, Американын кийлигишип жатканы чын"
- Равшан мырза, азыр парламентте абал кандай? Сизди канааттандырабы?
- Жалпысынан алганда жакшы эле. Кээде курчуйт, кээде стабилдүүлүк, кээде кайсы бир партиялар каршылашып калат. Учурда "Ата Мекен" менен "Республика" партиясынын ортосунда саясый кырдаал курч экендигин жашыра албайм. Кээде "Ата Журт" менен КСДП каршылашып калат. Муну мен парламенттеги нормалдуу көрүнүш катары кабыл алам.
- Сиздин оюңузча, партиялардын тирешүүсү туурабы?
- Бардык эле парламенттик мамлекеттерде ушундай болот. Биз дагы ошол жолго түштүк. Мамлекетибизде болуп жаткан саясий кырдаалдардын баарын парламентте чечкенге аракет кылышыбыз керек. Шайлоо жакындаган сайын саясат курчуп, бөлүнүү күч алат экен. Мындай кырдаал мамлекеттин бүтүндүгүнө таасир этет.
- "Парламенттик башкаруудан президенттикке өтөбүз" дегендер да бар. ..
- Парламенттик системаны бузабыз деген чоң саясий күчтөр бар. Алардын баары келечекте кандай кадамдарды жасайт айтыш кыйын. Парламенттик форманы сактап калуу биздин мамлекеттин экономикалык саясатына жараша болот. Эгерде биз туруктуу өнүгүүнү пайда кыла турган болсок, анда парламенттик форма сакталып калат. Андай өнүгүү болбосо, президенттик формага өтүү мүмкүн.
- "Президентти Россия шайлайт экен" деген сөздүн канчалык чындыгы бар?
- Кыргызстанга Россия, Казакстан, Американын кийлигишүүсү күчөп баратканы чын. Булар көрүнүп, көрүнбөгөн саясий иштерге кийлигишип жатат. Парламенттик шайлоодо да кийлигишти. Президенттик шайлоодо да кийлигишээри бышык. Бирок, чечүүчү күч - кыргыздар. Элибиз кандай чечсе, ошондой болот.
- "Бизде болгон көтөрүлүш башка мамлекеттерде боло баштады. 15-20 жыл аралыгында Казакстанда да революция болот" деген сөздөр айтылып жатат. Сиздин пикириңиз?
- Буга жол бергенге 4-5 критерий бар. Биринчиси - мамлекеттин социалдык-экономикалык абалы. Экинчиси - коррупция. Үчүнчүсү - диктатура. Төртүнчүсү - интернеттин күч алышы. Эгерде ушул аталган критерийлер кайсы бир мамлекеттерде боло турган болсо, анда көтөрүлүш боло берет. Эл толкуну токтобой, акыры бийлик алмашууга алып келет.
- "Өмүрбек Текебаев саясатты шахматтай көрөт. Тигил жакка жүрсөм эмне болот? Бул жакка жүрсөм эмне болот?" деген ыкмаларды колдонот" деген сөздөр бар. Буга эмне дээр элеңиз?
- Менин оюмча, Өмүрбек Чиркешович андай ыкмаларды колдонбойт. Көп нерсени башынан өткөргөн тажрыйбалуу саясатчы. Муну билген кыргыздын көп саясатчылары Өмүрбек Текебаевди саясатта флагман катары кабыл алышат.
- Сиздердин партиядан президенттик шайлоого канча киши аттанат?
- Биздин партиядан талапкерлигин кое турган 3-4 адам бар. Кимибиздин мүмкүнчүлүгүбүз ошол убактагы саясатка туура келе турган болсо, биз ошол адамды алдыга жылдырабыз деп чечкенбиз. Келечекте бул маселени толук талкуулап, изилдеп көрүп, туура чечим кабыл алабыз.

Маектешкен Чынайым КУТМАНАЛИЕВА