Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Турусбек Мамашов, "Содружество" партиясынан талапкер:
"Мен үчүн биринчи орунда элдин биримдиги, ынтымагы турат"
- Улам убакыт өткөн сайын саясый кыймылдар менен саясый партиялардын саны өсүп бара жатат. Алакандай Кыргызстандын беш миллион эли үчүн мындай саясый уюмдар көптүк кылбайбы?
- Менимче бул биздин алдыга өсүшүбүздүн далили болсо керек. Бир убактарда тоо этектей төөгө жүгүн артып көчүп жүргөн кыргыз баласына караганда бүгүн дүйнөлүк цивилизациянын казанында кайнап турбайбызбы. Демек, адам баласы улам жаңы баскычтарды багынтуу үчүн аракет кылууда. Саясатта деле өсүштөр, өзгөрүүлөр ар убакта болуп турушу керек. Саясий уюмдардын көптүгү элдин саясий дүйнөтаанымын арттырат эмеспи. Албетте, бардык эле уюмдар элдин терең катмарына сиңип, элдин ишеничин ала алат дегенден алысмын. Алардын арасында аты бар, заты жок партиялар, уюмдар көп. Кыргызстандын тарыхында орчундуу салмакка ээ партияларды колдун манжасы менен гана саноого болот. Бирок, анча аты таанылбаган партиялардан да жүрөккө жакын идеяларды табууга болот. Ошондуктан, бардык учурда өзүнө керек нерсени ошол учурдун эли өзү гана тандап, таразалап алат.
- Турусбек Чукуевич, сизди көп жарандарыбыз Кыргызстандын туризм тармагына зор салым кошкон инсан катары билишет эмеспи. Эми болсо үлкөн партиялардын бири "Содружествонун" мүчөсү болуп, депутаттыкка ат салышып жатасыз. Мындай чечимге барууга эмне түрткү болду?
- Мага бир нече партиядан сунуштар болду. Бирок, башка партиялардын программаларына салыштырмалуу "Содружествонун" алган багыты менин купулума толгондуктан партия лидерлеринин сунушуна макул болдум. Алгач жаштар иштесин деп баш тартканым менен Владимир Иванович Нифадьевдин элдин, улуттардын биримдик, ынтымагы үчүн күйгөндүгү мени ынандырды. Экинчиден, "Содружество" партиясынын программасында сиздер айткан туризм тармагын өнүктүрүү боюнча дагы жакшы демилгелер бар экен. Туризм тармагы менин көкүрөгүмдүн тереңинен орун алган тармак. Ишкер катары бул тармакка дагы деле көп жаңылыктарды киргизсем деген тилектерим бар. Мезгили келип, Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытуу үчүн жардам керек болсо мен ар дайым даярмын. Биз чече турган маселелердин өзөгү түшүнгөн адамга абдан маанилүү. Элдин келечеги үчүн биринчиден ынтымак керек. Ынтымак жок болсо, кандай гана мамлекет болбосун ыдырап жок болот. Муну тарых нечен ирет тастыктаган. Кыргызстан өзү кичинекей мамлекет болгону менен 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Ынтымак болсо башка маселелерди аздап-аздап чечип алуу жеңил. Эгер ар бир улуттун биримдигин, кызыкчылыгын сактай ала турган болсок, анда Кыргызстан алдыга жылат. Ал эми бири-бирибизге үстөмдүк кылабыз десек, анда кечээки кыргыз-өзбек жаңжалы кайталанбайт деп кепилдик берүү кыйын. Биз ушул негизинен биздин партия конструктивдүүлүккө басым жасап, ынтымак-ырашкерлик менен экономикалык ийгиликтерди багындыралы деп турабыз. Саясый реформалар болобу, экономикалык программалар болобу, айтор кандай гана иш-аракеттер болбосун, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөйбүз десек, биринчи орунда өз ара шериктештик болушу керек. Антүүнүн ордуна өзүм билемдик менен өкүмзордук саясат жүргүзө берсек, 7-апрелдегидей кан төгүүлөр боло берет. Ошон үчүн кандай гана адамдар бийликке келбесин, канчалык гана күчтүү бийлик болбосун эл менен дайым эсептешүүсү керек. Биздин партия кандай гана кыйын кырдаал болбосун, кандай гана жарга такалбайлы дайыма пикир алышуу жолу менен гана абалдан чыгууну туура деп эсептейт. Күнүмдүк, ал тургай кыска учурдун гана кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык мааниси бар өнөктөштөрдү сатып кетпегендей бололу. Эгер буга чейин болуп келгендей акча табуунун амалы кылып эле өнөктөштөрдү алдап кете берсек эртең бизге эч ким ишенбей калат. Мунун арты менен мамлекетибиз эл аралык аренада кадыр-баркын жоготуп, акырындык менен изоляцияга алып келет. Сырткы карым-катнаш болбосо, кайдагы туризм жөнүндө кеп кылууга болот? Эл аралык соода жүгүртүү болбосо экономикабыз кан буугандай эле токтойт. Ошондуктан биз эң биринчиден эл менен эсептешип, элдин каалоо-тилегин орундатуу үчүн иш алып барып, ички саясатта экономикалык өнүгүүгө көңүл буруп, тышкы саясатта туруктуу позицияны карманабыз.

- Учурда коопсуздук маселеси баш ооруга айланууда. Президент Р. И. Отунбаева да кокус кырдаал курчуса шайлоону кийинкиге жылдырабыз деди. Саясатчылар жеке кызыкчылыктарын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп жатат дегенге кошуласызбы?
- Шайлоонун жыйынтыктары качан жокко чыгарылып, жаңы шайлоо дайындалат? Качан гана тополоңдор орун алып, шайлоо жыйынтыктарын кайсы бир саясый күчтөр тааныгысы келбесе, аларды колдогон көпчүлүк эл болсо гана ушул жолго барабыз. Өз кезегинде бул өңдүү маселелерди саясый оюнчулар, биринчи кезекте бийлик өзү административдик ресурсту одоно пайдалануу менен пайда кылып коюшу мүмкүн. Бирок андан да коркунучтуусу регионалдык картаны ойнотуу, улутчулдук маселелерди көкүтүү методдору аркылуу упай топтоо. Мунун арты кандай болоорун болжош кыйын. Мына бүгүн көрүп билип жатасыздар, ар кандай ушак сөздөр күч болуп жатат. Бул башталышы гана. Дагы кандай сюрприздер даярдалып жаткандыгын ким билет? Андыктан жалпы эл өз келечегин кайдыгерлик менен тобокелдикке салбашы керек. Мындай кырдаал Кыргызстанда эле эмес, дегеле тарыхта көп кездеше бербеген жагдай. Мындай уникалдуу жагдайды колдон чыгарбай, шайлоочулар акыл калчап партия үчүн эмес, өзү үчүн, өлкөсү үчүн добуш бериши керек. Таза, акыйкат шайлоо болсо эле эч кандай тополоң деле болуп кетпейт. Аны уюштургандар чыкканы менен калың эл колдобой койсо эле иштин бүткөнү да. Мисалы, мен үчүн эркиндик биринчи орунда турат. Жеке адам катары мага эркиндик канчалык керек болсо, элге андан эки эсе көп эркиндик керек. Бирок билген кишиге эркиндик бул жоопкерчилик. Ошону татыктуу ала жүрүшүбүз керек.
Маектешкен
Аида НАДЫРБЕКОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??