Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Акматбек Келдибеков, "Ата Журт" партиясынын тең төрагасы:
"Биздин бир гана Ата-журтубуз, бир гана Кыргызстаныбыз бар"
- Акматбек мырза, шайлоо болот дегенден бери түштүктө кырдаал кыйын, чыңалып турат, дагы ызы-чуу чыгат деген имиштерди угуп, элдин баары эртең эмне болот деген бүшүркөө менен жашап калды. Сиздин баамыңызда түштүктөгү кырдаал кандай?
- Чынын айтыш керек кырдаал кыйын. Түштүктөгү жүрөк үшүн алган июнь окуялары чоң трагедия болду. Ушул күнгө чейин дайынсыз жоголгондордун өзү же сөөгү табыла электери көп. Жакынынан айрылгандар депрессиялык абалда жүрүшөт. Мамлекеттик деңгээлде сөз болгону менен иш жүзүндө мактанаарлык эч нерсе жок.
Кырдаал татаалдашып бара жатат. Ар жак бул жагыбызды караганча кылычын кармап кыш келет. Үйү күйүп, турак-жайы жок калгандардын абалы өтө оор. Ош, Жалал-Абадда баланча айда гүлдөтөбүз деп сөз берген менен тилекке каршы, иш жүзүндө ашкан жок. Түштүк окуясын дагы саясатташтырып жибергендер болду. Маселен, Жантөрө Сатыбалдиев Ошту мынча айда калыбына келтирем, элимден жардамымды аябайм деген менен кызын "Ата Мекен" партиясынын тизмесине киргизип, кааласак да, каалабасак дагы ошол дирекцияны саясатташтырып салды. Эгерде ал киши чындап эле Ош, Жалалал-Абаддагы оор кырдаалга кабылган мекендештерибизге ак ниети, чын жүрөгү менен жардам бергиси келип, эл тагдырын туура, калыс чечем десе, саясатка аралашпашы керек болчу.
Улут аралык көйгөйлөрдү болобу, кандайдыр бир маанилүү маселелер болобу баардык партия күч аракетин ошол миңдеген адамдарды санаркаткан жагдайлардын тегерегинде болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек деп ойлойм. Себеби, баарыбыздын бир эле Ата Журтубуз, Кыргызстаныбыз бар.

- Кубанычбек Сатиндиевич "шайлоого аттанган партиялар толгон токой акчаны элдин добушун алам деп обу жок чачканча баарыбыз мамлекетибизге жардам берип, фонд түзүп, колубуздан келген каражатты түштүктөгү бир туугандарыбыздын үй-жайын куруп берели" деген демилге көтөрдү. Бул демилгени кандай бааладыңыз. Колдоого алса болчудайбы?
- Мен бул сунушту популисттик кадам деп эсептейм. Кубанычбек Сатиндиевич берейли, баштайлы дебей өзү эле курулуш иштерин баштай берсе чыныгы атуулдук кадам болмок. "Ата Журт" партиясы тамак-аш болобу, кийим кечек болобу элден жардамын аяган жок. Бүгүн да карапайым калк жардамга муктаж. Эл жүгүн аркалоого бел байлагандар .партия менен болобу же жеке атынан кол кабыш кылабы шартына жараша колдоо көрсөтүүсүн жандандыра берсе болот. Себеби, партиялык саясый күрөштүн шарты, мыйзамда жазылган эрежеси бар.

- Бүгүнкү күндө "Ата Журт" партиясынын реалдуу атаандашы кайсы партия?
- Каттоодон өтүп, парламенттик шайлоого ат салышчу 29 партия бүгүнкү күндө элдин элегинен өтөбүз деп турабыз. Элге жагыныштын аракетин кылып, бири-бирине көө жапкан саясаттан алыс болушубуз керек. Башканы кемсинтип, өзүңдү мыктысынтканга жол бербешибиз зарыл. Себеби, саясый маданияттуулуктун алкагында иш алып баруубуз бүгүнкү күндүн талабы.
Ошондуктан тигил же бул партия "Ата Журт"партиясынын көмүскө атаандашы деп кай бир партиянын абийирине доо кетиргим келбейт. Кайсы партия мыкты ага эл тараза, эл сынчы .Элден күчтүү бийлик, элден күчтүү сынчы жок.

- Кандай болгон күндө дагы "Ата Журт" партиясы бийликчил партияларды чочулатып турганы жашыруун деле эмес…
- Күлгөндүн билгени бар дегендей, балким, ошол чочулап, бүшүркөөнүн өзүндө бир мандем бар чыгаар.

- Канча айткан менен болобу сиздердин партиянын рейтинги түштүктөгү кандуу окуяда чындап эле көтөрүлдү. Аны эч ким жокко чыгара албайт. А башка региондордо ошондой кадыр-баркыңар барбы?
- Билгендерге түндүк-түштүк деген кыргыз элинин түбүнө жетчү чоң оору. Дагы бир жолу кайталап кетейин "Ата Журт" партиясы саясый упай топтоо үчүн түштүктөгү окуяга катышууну көздөгөн жок. Эсиме бир улуу сөз келип турат "Элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" деген. Мен өзү түштүктүн кулунумун, ошондуктан элим кан жутуп кайгырып турса, кол куушуруп карап олтурууга акым да жок. Кылтыйып кырдан карап турууга менин адамдык касиет деңгээлим жооп бербейт болчу. Элибиздин өткөн тарых барактарына көз чаптырсак нечендеген кылымдар бою биздин ата-бабалар ата-журтубуздун бөтөн калктын колун карап калбашы үчүн "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" күрөшүн улантып келишкен. Элдүүлүктүн маңызы мына ушунда..Дегеним, биздин партияда түндүк-түштүк деген бөлүнүү жокко эсе. Саясый кеңешибиздин 70 пайызы түндүктөн, 30 пайызы түштүктөн.

- "Ата Журт" партиясында тизме кандай критерийлердин негизинде бекиди?
- Жалпы элге маалым болгондой партияны Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана мен болуп уюштурсак дагы мамлекеттүүлүктүн урааны катары сакт элибиздин келечеги үчүн улутубуздун уюткусу болсун деп кыргыз элинде кадыр-баркы бар, акыл көрөңгөсү бай, тажрыйбасы мол, эл үчүн иштеп бере турган, керек болсо өзүбүзгө да кеп-кеңешин тартынбай айта алган инсандарыбызга алдыңкы орундар эч кандай талашуу, тирешүүсү жок эле берилди. Биз шайлоого барчу талапкерлердин тизмесин түзүүдө акчага же дагы башкага нерселерге маани бербестен, инсандардын иш билгиликтерине, принциптерине баа бердик. Биздин партия менен шайлоого аттанам деп турган талапкерлердин ар бири жакшы сөз кылууга арзыган Кыргызстанда чоң орду бар инсандар.

- Сиздердин партияны башка партияларга салыштырмалуу капчыктуулар партиясы деп Бакиевдердин акчасын аянбай чачып жатышат деген да кептер айтылып жүрөт. Ал түгүл партияңардын кассири УККнын кызматкерлери тарабынан кармалып, каражат Бакиевдер тарабынан келип жатат деп айттыргысы келген фактылар дагы болду. Буга ким кызыкдар деп ойлойсуз?
- Бүгүнкү бийлик башынан өткөн окуялардан тыянак чыгарбай өздөрү көргөн кордукту кайрадан эселеп жасап жатканы мени аябай өкүндүрөт. Себеп дегенде булар биздин партиядагы белдүү лидерлерге кылмыш ишин козгоп, шайлоодон четтетип, тоскоолдуктарды жаратып, көзүн тазалоонун аракетин көргөн учурлар арбын эле болууда. Мисалы, ошол эле УККдан "Ата Журттун" мүчөлөрүн сындыруу, шайлоодон четтетүү үчүн болгон аракеттер бар. Эгер биздин партияга шайлоодо түрдүү ыңгайсыздыктарга жол бериле турган болсо, азыркы бийлик чоң катачылык кетирип, кырдаалды өздөрү курчутушат деп айтаар элем. Себеби, канчалык коркутам, жарга такайм десең сен атаандашыңды ошончолук курчутуп, күчтөнтүп аласың. Бирок, мен кандай болгон күндө дагы андай олдоксон ыкмага жол бербейм. Себеби, элдик дипломатиянын негизинде "Жети өлчөп, бир кесип" баардык маселени сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө аракет кылам.

- Сиздин дарегиңизге айтылган сындарды кандай кабыл аласыз? Терикпейсизби?
- Биздин партияга акыркы үч айдан бери эмне деген гана сындар, сөздөр айтылбады. Мен аларга журналисттердин саясый деңгээли, саясый маданияты, көкүрөк уясындагы дараметинин алсыздыгы деген аныктама айтаар элем.Тагдыр сыноосунун тарыхый жолунда турганыбызды, ар бир кыргыз уул-кызы эстен чыгарбоосу керек. Бири-бирибизге жөнү жок доомат койгондон көрө баарыбыз ата-журтубуз өткөөл бурулушта турганда кантип ынтымакты күчөтөбүз, кантип мамлекетибизге жардам беребиз. Кантип элибиздин элдүүлүгүн сактап, улутубуздун уңгусун улантабыз деген улуу түшүнүктөргө баш катырсак, болгон аракетибиз эли-журтубузга көбүрөөк пайда келтирет элек. Биз тескерисинче, бири-бирибизди жамандагандан, акаарат сөз айтуудан пайда чыкпасын такыр унута албай койдук.
Бакиевдерди биздин партияга жармаштырып, өгөйлөгүсү келип жаткандар бийликке Бакиев менен колтукташып гүл көтөрүп, "Биз жеңдик" деп келишкендер. Бийликти бөлүштүрө алышпай мына бири-бирине жоо болуп, ал түгүл реванш алышты. Жыйынтыгында өздөрү ак халат кийип, Бакиев доорунда иштегендерди элдин душманы катары көрсөткүлөрү келип, кара халат кийгизип коюшканы туура эмес. Бакиевдин учурундагыдай олку-солку кырдаал азыркы бийликте олтургандарда жок деп ким айта алат. Ошондой түшүнбөстүк, ич ара тирешүүлөр күч алгандытан эл ичинде дагы митингдер болот деген кептер тарап жатат.

- Баамыңызда шайлоо кандай өтөт? Карапайым эл эле эмес, президент баш болуп, шайлоонун курч өтөөрүнөн кооптонуп, түшүнбөстүктөр болуп кетпесин деп көп нерселерди алдын алуу үчүн жакында эле форум өткөрүштү...
- Эгерде азыркы бийлик таза шайлоо өткөрсө, эч бир партия каршы чыга албайт. БШКнын протоколу менен биздин байкоочуларыбыздын протоколу бир чыкса, эч ким чырдабайт. Эгерде партиялардын протоколу менен БШКнын протоколу эки башка чыкса, чыр чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Өтө чоң кооптонууну туудурат. Ошондуктан мамлекетибизди жоготуп албаш үчүн чоң тарыхый жоопкерчиликтерин сезип, Роза Исаковна парламенттик шайлоону таза өткөрсө, тарыхта аты алтын тамга менен калат. Экинчиден, бир жарым жылдан кийин президенттик шайлоо дагы кооптонуусу жок, чыныгы демократиялык жол менен өтөт.

- Бүгүнкү күндө 29 партия парламенттик шайлоого ат салышканы турушат. Айрым партиянын лидерлери чет мамлекеттерге барып, алардын колдоосуна ээ болуп жатышат. Сиздердин партия дагы кошуна мамлекеттер менен мамиле түзүп жатабы?
- Башка мамлекеттерге барып, сүйлөшүүлөрдү канчалык жүргүзсөң дагы алар эмес, сени эл шайлайт. Шайлангандан кийин жеңишке жетишкен партия баардык мамлекеттер менен официалдуу түрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, катташышса саясый маданиятыбыз өнүкмөк.
- Элдин жүрөгүн ойготуш үчүн эмне кылыш керек?
- Биринчиден,улуттук менталитет, улуттук идеологиябыз түптөлүүсү шарт.Ата каныбыз,эне сүтүбүз менен кошо ширелишкен жашоо программабыз улуттук идеологиябыздын башаты Манас атабыздын 7-осуятында камтылган. Дегеним,кыргыз баласынын баш мыйзамы так ушул 7- мурас осуятыбыз болуга тийиш. Ошондо гана улуу руханий жандануубуз өркүндөп, Кыргыз мамлекети , чексиз өнүп өсүп кетүүсүнө жол ачылат деп ишенем.

- Шайлоодо түрдүү технологиялар жасалат. Добушуңду уурдатпайм деп жатып, кантип уурдатканыңды туйбай каласың. Добушуңарды коргоого күчүңөр жетеби?
- Жана айтпадымбы ар бир участокто байкоочуларыбыз болот. Алардын протоколу менен БШКнын протоколу бирдей чыгышы керек. Эгер добушубузду кимдир бирөөлөр уурдап алууга аракет кылышса, коргоп алууга күчүбүз жетет.
- Шайлоо алдында элиңизге болгон кайрылууңуз…
- Элимде тынчтык болсун. Атажуртумдун чеги кемибесин.Кыргыз канындагы намысыбыз ойгонсун.Эл тагдыры,мамлекет келечеги үчүн аттанган партиялардын баарына ийгилик каалайм. Алдыдагы шайлоодо баардык партиялар саясый маданияттуулугун, адамкерчилигин сакташына тилектешмин. Кыргыз эли ушул шайлоодо акчага, куру убадага, күнүмдүк нерсеге алданбашың, өз тагдырын өзү чечишин каалайм.

Маек курган
Назгүл ЭСЕНБАЙ кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??