Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Республика" партиясы бүткүл республика боюнча колдоого алынууда
Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика" партиясы активдүү иштеп, эл оозуна алынып жаткан партиялардан. Партиянын раелдуу дараметин байкаган коомчулук колдоого алууда. Үгүт иштеринин жүрүшү менен жер-жерлерде элдер менен жолугушуулар жүрүүдө. Алсак "Республика" партиясынын лидерлерин Нарын, Атбашы, Ош, Кызыл-Кыя, Кадамжай жергелеринин жашоочулары кызуу тосуп, ийгилик каалап узатып жатышты.
Алсак, Нарын шаарында болгон партия лидерлери университетте жаштар менен жолугушту. Шайлоо алдында эле партиялар убадаларды берип коюп, кийин жок болуп кетишет деген суроого жооп берип, Өмүрбек Бабанов: "Биздин партиянын катарында жаштар көп. Биз кыска мөөнөткө эмес, ондогон, жүз жылдыкка түзүлгөн партиябыз. Башка партиялардан айырмаланып, биздин төрагабыз шайланат.Эгер үмүттөрдү актабаса, аны калың эл эмес, жакын партиялаштары колдобойт", - деди.
Атбашыда жолугушууга келген элдин атынан сөз алып сүйлөгөн Казыбек айылынын тургуну Сулайман Садыков, Өмүрбек Бабановго анын биринчи вице-премьер-министр болуп турган кезинде чечкиндүү жеке аракеттери аркылуу "Торугарт-Автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктун 60 километрге Кыргызстандын аймагына ичке карай жылдырууга жол бербей койгондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Партиянын лидери бул боюнча: "Өкмөттүн айрым мүчөлөрү ошондо Кытайдын бажысы 1000 километр ичинде турат деп айтышты. Кытайдын бажысы 1 000 эмес, 10 000 километр ичинде турса болот, бирок, биздин бажыбыз жана чек арабыз ордунда турушу керек, бир да метр жылбай. Кыргыздын бир да сантиметр жери кимдир-бирөөгө өтпөшү керек ", - деди.
Кызыл-Кыя шаардык стадионунда 8 миңге жакын адам чогулуп, алардын басымдуу көпчүлүгүн жаштар түздү. Шаар тургундары партиянын социалдык-экономикалык программаларын колдой тургандыктарын айтышты.
Андан соң Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда Өмүрбек Бабанов Чолпон Султанбекова, Актан Арым Кубат жана "Республика" партиясынын башка талапкерлери менен бирге Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту.
"Кадамжай сымап комбинатын кирешелүү ишканага айландырыш үчүн аны модернизациялаш керек. Кыргызстанда ал сыяктуу иштебей турган өндүрүштөр көп. Ошондуктан биз ири ишканаларды туура башкарып, аларды банкроттуулукка жеткирүү тажрыйбасын токтотушубуз керек. Ишканаларды банкроттуулукка жеткирүү өз элинен уурдоо менен барабар!" - деди Ө.Бабанов.
12-сентябрда "Республика" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы иш сапары менен Ош шаарында болду. Таң эртеңден тарта Өмүрбек Бабанов, Актан Арым Кубат, Нурбек Алимбеков, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Чолпон Султанбекова, Аманылло Иминов, Юрий Низовский, Исхак Пирматов жана Бейшен Өскөмбаев ыйык жай -Сулайман-Тоого зыярат жасашты.
Ош шаарынын стадионунда өлкөнүн түштүк аймагынан келген 20 000ден ашык адамдын катышуусунда шайлоочулар менен өткөн жолугушуу Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика" партиясынын лидерлеринин аттарга минип кол чабуулардын коштоосунда кирип келишинен башталды.
Өзүнүн кыйрылуу сөзүн "Республиканын" лидери быйыл Бишкекте жана Ош, Жалал-Абад шаарларындагы трагедиялуу окуяларда курман болгондорду эскерип, таазим этүүдөн баштады.
Жолугушууга келгендердин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Өмүрбек Бабанов партиянын шайлоо алдындагы программасы тууралуу, өлкөнүн азыркы таптагы негизги көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө кеңири айтып берди. Өзгөчө басым 7 пайыздан жогору эмес деңгээлде айыл чарба кредиттерин берүү долбооруна жана ипотекалык программага жасалды.
Өмүрбек Бабановдун айтымында, партиянын алдына коюп жаткан негизги максаттардын бири болуп Түндүк-Түштүк проблемасын түп-тамыры менен жоюу эсептелет. "Биздин партиядагылар Түндүк, Түштүк деп бөлүнбөйбүз, биз, жаш саясатчылар, бул проблема мындан ары биздин өлкөдө таптакыр жоюлушуна жетишебиз, биз ошол үчүн биригип олтурабыз", - деди ал.
Шайлоочулардын атынан чыгып сөз сүйлөгөндөр "Республика" партиясынын программасын жана пландарын толук колдой турганын айтышты. Ноокат районунан келген аксакал А.Сатыбалдиев Өмүрбек Бабановго карапайым дыйкандар менен фермерлердин негизги көйгөйү болуп жаткан айыл чарба кредитинин үстөк пайызын төмөндөтө тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуу концерттик программа менен жыйынтыкталды. Кыргыз эстрадасынын жылдызы Мирбек Атабековдун аткаруусундагы Ош шаары жөнүндөгү ыры дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду.











кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??