Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Зигзаг
Күч структураларындагы кадрдык алмаштыруулар Убактылуу өкмөттүн ичиндеги тымызын тирешүүнү ачыкка чыгарды окшойт. Бул жүрүш Бекназаровдун тобун алсыздандырган менен, Убактылуу өкмөттүн ичиндеги экинчи бир топтун таасирин күчөткөндүгү айгине болуп калды. Башпрокурор К.Байболов "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү. Ал эми ИИМ министри Рысалиевди КСДПнын кадры деген пикирлер бар. Бирок баарынан да вице-премьер Бекназаровдун буга болгон реакциясы кызык болду. Кадрдык баш аламандыктарды токтотпосо чечкиндүү кадамдарга барам деп опузалады. Бирок анысы сөз боюнча гана калат көрүнөт.

А. Бекназаров:
"Угуп алып шок болуп турам"
- Азимбек мырза, Роза Отунбаеванын жарлыгы менен күч структураларындагы кадрдык алмаштыруулар көпчүлүккө күтүүсүз болду деп атсак, системанын координатору болгон сизге да күтүүсүз болуптур? Муну кандай түшүнсөк болот?
- Мен дагы азыр ооруканада жатып уктум. Мени менен кеңешкен жок, мен билген да жокмун, бүгүн эл катары угуп алып өзүм да шок абалында отурам. Анткени кадрдык маселелер боюнча кеңешип иш кылуу боюнча Роза Исаковна экөбүздүн ортобузда келишим бар эле. Айрыкча Мелис Мырзакматовдон кийин экөөбүз катуу сүйлөшкөнбүз.
Эмне үчүн бул мындай болду? Мен ойлойм, шайлоонун шайтан оюну болуп кетти. Кайсы бир партияга Башкы прокурорду дароо алмаштырыш керек болуп калды окшойт. Мен башка шылтоосун табалбай турам. Роза Исаковна ошол партиянын калоосун аткарды деп эсептейм, башка жооп бералбайм. Эч кандай негиз жок. Жападан жалгыз башын сайып коюп, миллиарддаган акчаны кайра кайтарып, миллиарддаган суммадагы уурдалган объектилерди кайтарган прокуратура органдары болгон. Анын башчысы Ибраев абдан чоң кызмат кылган элге. Анан аны тарс этип, унчукпай-этпей эле, чак түштө чагылган болгондой эле алмаштырып койгон, мен ойлом, бул акылга сыйбаган иш.

- Азимбек мырза, бул Убактылуу өкмөттүн ортосундагы ажырымдын элементи эмеспи?
- Ыдырагандын башкы себеби шайлоо, бир айдан кийин бийликке келе турган партиялардын оюну. Ошондуктан биз өткөөл мезгилдин президентинен бир дагы партияда турбай калыс болсун деп сурап келчү элем. Бакиев үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын, ырын ырдап калып, ошолор түбүнө жетти. Эгерде сиз кайсы бир партиянын ырын ырдап, ошону коргосоңуз, ошолор түбүңүзгө жетет деп дайыма эскертчүмүн. Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү мага келип, жакын арада жолугалы, ушул кантип болсун, иштеп аткан адамды тебелеп эле бир адамды алып келе берсек, ал адам 2-3 айдын ичинде тарсылдап генералдыгын деле алса, милициянын башчысын деле алса, эмне деген сүймөнчүлүккө ээ болгон адам деп Байболов жөнүндө айтып атышат. Мен Байболовго эч нерсем жок, бирок кеп ошондой болуп калып атат да.

- Сиз койгон адамдардын кызматтарынан алынышын Бекназаровдун командасын алсыздандыруу деп жатышат?
- Сиз айткандай мага каршы катуу сокку башталды окшойт. Мурдагы эки президент тең мага каршы эле. Эки президент менен иштегендер, колтугунда жүргөндөрдүн баары мага каршы. Бүгүнкү күндө ким билет, алар жөн жаткан жок, акчалуу, көбү партияларга кирип алды. Ошолордун аркасында Бекназаров, командасы алсыздандырылып жатат.

Топчубек Тургуналиев, Презденттин кеңешчиси:
"Мунун зарылдыгы жок болчу"
- А. Бекназаров Өкмөт Башчынын орун басары болгондон кийин Прездент Р. Отунбаева А.Бекназаров менен сөзсүз түрдө кеңешиш керек эле. А. Бекназаров бул иштин артында кайсы бир саясый партия турат дегени туура болушу мүмкүн. Бирок мен кайсы партия турганын биле алган жокмун. Кадр алмаштыруунун азырынча эч кандай зарылчылыгы жок болчу.

Осмонакун Ибраимов, коомдук ишмер:
"Бекназаров соттогонун соттоп, оттогонун оттоп калган"
- Башкы прокурор менен ИИМрин алмаштырганы Роза Отунбаеванын кийинки учурдагы эң эле бирден-бир туура чечими болду. Жалпыга белгилүү бул эки маанилүү мекеменин жүргүзгөн иштери баарыбызга бештен белгилүү. А. Бекназаров мыйзамды сыйлоо дегенди таптакыр унутуп каалагандай калчап, соттогонун соттоп, оттогонун оттоп калган. Менимче К Байболов эч кандай "кураторго" муктаж эмес, ал эл үчүн иштеген мыкты адис. Ошондуктан баардык аң сезимдүү, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон атуулдар Р.Отунбаеваны радикалдардын талоонуна калтырбай, опузасына кириптер кылбай колдоп алышы керек. Эгер андай колдоо болбосо биздин жетекчибизди потенциалдуу командирлер менен узурпаторлор сындырып коюшу мүмкүн. Ушуга сак болуу керек.

Бегиш Ааматов, коомдук ишмер:
- Убактылуу өкмөт бийликке келе электе эле өздөрүнүн ич ара пикир келишпестиктери бар болчу. Ал тургай бийиликти тизгиндеп кете тургудай программалары жок болчу. Мына ошонун аягы ушуга келип такалды. 5 айдын ичинде ИИМде 2 министир алмашты, экөө тең жарытылуу эч нерсе аткара алган жок. Ошондуктан Прездент Р. Отунбааеванын бул кадамдарын туура деп эсептейм. Ал эми К.Байболов Башкы прокуратуранын жөндөп кете алабы, аны убакыт көрсөтөт.

Кубан Абдымен, саясый серепчи:
- Бул сөздөр баары бир айтылышы керек болчу. Анткени Азимбек Бекназаров кандайдыр бир кылмышка тиешеси бар делип шектелип кармалгандардын биринчисин бошотуп, экнинчисин үй камагына чыгарганга тиешеси бар деген кептер айтылып келатат. Анын башка бир күчтөр менен кеңешип иш кылганы байкалып калганы да жашыруун эмес. Менимче, президенттин кадр алмаштыруусу кандайдыр бир саясий топтордун кызыкчылыгы эмес, мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок Бекназаровдун чоң кызматта туруп алып, ушундай катуу сын-пикирди айтып, кайрылуу менен чыкканы этикалык жактан колдоого алынбайт. Анткени президент өзүнүн чечимин чыгаргандан кийин, аны колдобой турган болсо коомчулукка чыгып жарыялабаш керек болчу. Эгерде колдобойм деп ачык каршы чыкса кызматтан кетип, анан сындап чыгышы керек эле.

Даярдаган Мирлан Алымбаев






"БШКга жүктөлгөн жоопкерчиликтен качпайбыз"
Жеңиш аматов, БШКнын мүчөсү:
- Мыйзам боюнча шайлоо фондуна канча каражат коюлушу керек?
- Бир сом койсо да болот. Бир миллион сом койсо да болот. Ал партиялардын өз эрки. Биз анча-мынча деп бир сумманы бекиткен жокпуз. Шайлоо фондуна акча кою ар бир партиянын мүмкүнчүлүгүнө жана пландарына жараша болот.

- Болжолдонгон акчадан 5-6 эсе акча көп коротулат дешет. Ушул жагын да көзөмөлдөйсүздөрбү?
- Негизи мындай көрүнүш болуп келген. Айтылган каражаттан бир канча эсе көп, мыйзамсыз акчалар коротулат. Аларды кармоо укук коргоо органдарынын иши. Тилекке каршы, канча шайлоо өттү акча берген партияларды кармап, жоопкерчиликке тарткан фактылар Кыргызстанда боло элек.

- Ким менен сүйлөшпө, кайда барба шайлоо курч маанайда өтөт деген эле сөздү угасың. Шайлоонун таза өтүшүнө кандай кам көрүп жатасыңар? Кандай прогноз бере аласыз?
- Акыбал абдан чыңалып турат. Бир жерде мыйзам бузуу болсо, чыр чыгып кетиши толук мүмкүн. Муну биздин бийлик дагы билип жатат. Тынчтыкты, коомдук тартипти сактоо, аны көзөмөлдөө аткаруу бийлигинин милдети. Биздин өкмөт дагы бул боюнча натыйжалуу иштерди алып барат деп.
БШК шайлоо системасын өткөрүүгө жооп берет. Жашыруун акча таратып жүргөндөрдү видеого, сүрөткө тартып алгандарды кармоо укук коргоо органдарынын иши. Биз тергөө жүргүзө албайбыз. Ким акча берип жатат деп бирөөнү аңдый албайбыз. Биз өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбыздын негизинде иш алып барабыз. Бирок, БШКга жүктөлгөн жоопкерчиликтен качпайбыз. Биз дагы легендарлуу парламенттей болуп, легендарлуу шайлоо комиссиясы болсок экен, тарыхта калчу иштерди жасасак экен деп жан үрөп жатабыз. Ардактуу чоң жоопкерчилик биздин мойнубузда. Биз ошондон татыктуу чыкканга аракет кылып жатабыз.

- Кайсы бир партияга жогору жактан жан тарткан аракеттер болгон жокпу?
- Жогору жактан бул партияга жан тартасың деген кысым болгон жок. Бирок, областык деңгээлде кысым болуп жатат. Биз андай кысымды тоготпой облустук, шаардык комиссияларга өзүбүз билген адамдарды даярдадык.

- Мурдагы шайлоодогудай бу сапар эч бир партияга бут тосуулар болбойт деп ишенсек болобу?
- Бут тосууга жол бербейбиз. 2007-жылдагыдай "Ак жолго" жол ачкандай бир тамгасы түшүп калыптыр. Эки тамгаң жармашып калыптыр деген болбогон шылтоо менен партияларды шайлоодон четтетпейбиз.
Биз дагы шайлоо таза, адилеттүү болсун деп жан талашып иштеп жатабыз. Дегеним, азыр чоң тарыхый кырдаалды баштан кечирип жатабыз.

Ч. Кутманалиева







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??