Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жети табак
Дамира Ниязалиеванын үйү үч түкүргөндө бүттүбү?
"Лекарства" жыттанган эжекебиз министр болгондо итти чөп жеп, көлдө көк асман тиреген особнякты үч түкүрүп эле салып бүттүрүптүр дейт. Мындай тездик менен олигархтар курат эмеспи. Ушунча убакыттан бери курулбай жаткан үй министр болгондо курулуп калганына биз деле таң бердик.

Иса Өмүркулов түн катып ким менен жоолукту?
Шаар башчы августтун аяк ченинде түн катып, "Супрага" барып авторитеттүү адам менен жолукканын секин көргөндөр болгон. Ал авториттеттин кашына каар жаап, мэрди силкип жарга такаган экен. Рация көтөргөн коштоочу"охрана" жигиттер мэрден беш метр жерде ар балээге даяр турушуптур. Акыры кепке келишип, айтор таш короого мэр кумсара кирип, кылкан эт жеп анысы кекиртегинен өтпөптүр. Бактын далдоосунда Иса мырзаны бүжүрөткөн ким болду экен? Же мэр ким менен табакташ?

Байболов башкы прокурорлук кызматынан да кол жууйбу?
Бул бийликтин тушунда жылдызы жанган үлкөн кызматтардан тез-тез орун алмаштырып турган Кубатбек Байболовду генпрокурорлук кызматынан дагы кол жууйт деген кеп тарады...

Бекназаров 16-сентябрьда митинг кылабы?
Тынч жүрө албаган Бекназаров тынччылыктан тажаганбы же өкмөттөгү иши оңунан чыкпай калганбы, айтор, 16-сентябрда митинг өткөрөм жеп жаткан имиш. Эгер Азыкең чындап эле митинг өткөрсө, азыркы бийлик Барктабасовдой абалга калтырабы же митингинен жыйынтык чыгарабы деген ой баарыбызга кызык болуп турат.

Бабанов спикер
Шайлоо башталгандан бери Кыргызстанды түрдүү ушактар жүрүп, Бабанов спикер болот экен деген да каңшаар кептер шайлоо боло электе айтылганы неси.Ал гл ал ал эми 100 пайыз жеңишке жетишем мен спикер болом дегендерчи. Президент Таластан спикер Таластан болсо калдастап калбайбызбы....

Алмаз Конушбаев
Кең Суусамыр өрөөнүнөн чыккан белсемдүү ысымдардын бири. Ишкерликтин иши менен кыргыз экономикасына салым кошкон эмгеги бар. Кичи өрөөнү Суусамырдын ысык- суугуна тоңуп, жеңилин жерден алганы менен сыйга татыктуу. Кечээ жакында "Ак Шумкар" саясый партиясынан чыккан талапкер катары партиянын лидери Т.Сариев менен Суусамырда эл менен жолугушуу өткөрүп келди. Суусамыр эли түмөн көтөрүлүп, өзгөчө шаң менен өз кулунун күтүп алышты. Элдин мындай колдоосуна татыш чынында кыйын. Саясаты жок күндө да, Алмаз мырзанын бар санаасы Суусамырда.




  Саясый флешка

Элмира Ибраимова
Саясаттын чордонунда жүргөн эжекебиз кечээ жакында өзү түптөп, казанын жакшы билген АРИСке кайра жетекчи болуп барды. Таш санай келгенде АРИСке тоодой эмгек сиңирген. Шайлоо шаңында кайсы бир партиянын кашында көрүнөт деп көз кыр салып турдук эле, айланып ат казыгын таап олтурат. Шайлоо деген чоң өзөктүү процесстерден АРИС алыс болуп, Кыргызстанга жакшы саамалыктарды жасай берет деген позицияда иштемекчи болушту. Азыркы кебибиз ушул.

Жең ичиндеги кол же, жети өлчөнсүн
Кадрдык солгундоолордун биринчи эпкини Токой- чарба агенттиги Топчубек Тургуналиев кеңешчиликке кеткени менен токтогон жок окшойт. Экинчи эпкиндин шапалагы аталган агенттикттин ФЭУнун башчысы К.Бейшеевага тийди. Эми жаңы жетекчи Биймырза Токтаралиев кадрдык жүрүштү финансы жагындагылардан баштады окшойт. Эми бул академический тактикабы же баягы билермандардын билгениби төлгө сала албайсың. Орун басарлар А. Рустамов, Э. Анарбаевдер деле ушул тапта кайсыл бир деңгээлде Тургуналиевдин кадрлары катары өгөйлөнүп жаткансыйт.Эми бул түркөйлүк көз караш. Азыркы кыйын кырдаалда кадрдык түртүшүүнүн кереги жок. Токойчулардын токойдой болгон маселелери азыр бүтпөчүдөй. Шайлоо айлана электе "замдарды" шыйрактан алганды негедир жогору жакка шылтап коюп жатышат. Азыр жогору жактын деле түмөн түйшүгү бардыр. Акаевдин, Бакиевдин тушунда деле мындай тактика бар эле. "Самды" алмаштырып , "замды" тазалоодо бир кишиге тиш кайроо деле болбойт. Балким, суу бүрккөндөр бардыр. Көк үйдөн токойчулардын кадр маселеси да гумандуу каралып жети өлчөнсө деген кеп.





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??