Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Шоу сүртүм

Ырчылар түшүм жыйганда
- Жөжөнү күздө сана дегендей ырчылардын баардыгы күздө күчтөнүп, биринин артынан бири концерт берип айтоор ырчыларды күздө саноого ыңгайлуу мезгил. Дегеле быйыл ырчылардын парады кандай башталды, кайсы ырчы учурда эмне иш менен алектенип жүрөт кайсы партиялар менен иштешип атат деген сууроолордун тегерегинде айрым ырчылардын чөнтөк телефонун шыңгыратып көрдүк.


Борончу Кудайбергенов, ырчы, куудул

- Жайкы тыныгууда бекер жатпай чыгармачылык менен алек болуп, Акаевдан баштап Отунбаевага чейин сындаган саясый тамашаларды жазуу менен алектенүүдөмүн. Анан да кечиккен махабат деген ырыма клип тарттырдым.Учурда "Азия рекорд" аттуу студиямда кээ бир партиялардын жарнамалык роликтерин даярдамыш эттим көрүнөт. Андан тышкары тойлорго тамада болуп иштеп атам. Жакында айрым партиялардын колдоосу аркылуу майып балдарга арналган кайрымдуулук концертимди өткөрүүнүн алдында турам. Ошондой эле айылдаш жакын агаларымдын бири Автандил "Ак шумкар" партиясы менен алдыдагы шайлоого аттангандыктан мен да ал партия менен тыгыз иштешүүмө туура келип турат.


Азамат Болгонбаев, акын

- Шайлоо деп буту-бутума тийбей чуркап жүргөн убагым. "Мекен ынтымагы" партиясын алга сүрөп бир гана партиянын иши менен алек болуудамын. Бирок акындардын чыгармачылыгы токтоп калбайт экен тескерисинче эргүүлөр пайда болуп жаңы ырлар жаралууда.


Гүлзинат Суранчиева, ырчы

- Быйыл кызым Рузана мектеп босогосун аттады келечекте менин жолумду жолдоп чыгармачыл адам болсун деп Искусство академиясына киргиздим. Ошондой эле өзүм иштеген Шубин атындагы музыкалык мектептен да билим алууда. Учурда "Ата-Мекен" партиясы менен түштүк жергесин кыдырып концерт коюп жүрөбүз. Жакында эле эки ыр жаздырдым кыргыз англис тилдеринде буюрса ошол ырларыма клип тарттыруунун аракетиндемин.


Гүлнур Асанова, актриса

- Жакынкы күндөрү Ырыс Окенова продюсерлик кылган жаңы тасмага тартылам. Азырынча тасманын аты кандай болот белгисиз. Клиптериме сценарий түзүп койдум каражат болсо эле клип тарттырам го.Фестивалга катышсамбы дедим эле бирок , ишке ашпай калды ал эми партиялар менен иштешүүнү такыр ойлоно элекмин.


Добр, ырчы

- Алдыдагы шайлоого карата "Бөлүнбөгүн кыргыз эл" деген ырымды жарыкка чыгардым. Башка ырларымды бир топ убакыттын ичинде жазсам эмнегедир ушул ырымды аз убакыттын аралыгында эле жазып койгондой болдум. Көбүнчө түндүн бир оокумунда ойгонуп жалгызта жаздым.Бул ырым менен саясатчы агаларымды азга болсо да сабырдуулукка чакырып ,шайлоо тынч өтсө экен деген тилектемин. .Көп эле партиялардан сунуштар түшүп атат бардыгы эле бирдей кыргыз деп күйгөн партиялар кайсынысын тандап иштешээримди чече албай жатам.

Ильяз Андаш, ырчы

- Жакында эле ойлорум сен деген ырыма клип тарттырдым. "Замандаш" партиясынан сунуш түңшкөндүктөн азыр партия мүчөлөрү менен биргеликте региондорду кыдырып ырдап жатам. Андан тышкары күз келип той-топурлар көбөйүп дегендей, кудайдын кулагы сүйүнсүн иштерим жакшы. Эгер көбүрөөк каражат таап калсам кеч күздө жаңы ырларымдын бет ачаарына концерт берсемби деген оюм бар.


Сапар Сопубеков, ырчы

- Азырынча эч кандай деле жаңылык жок. Түнкүсүн "Кытай" ресторанында ырдап, күндүз уктап күн өткөрүүдөмүн. Азыркы партиялардын жарышы ырчылар үчүн да чоң мүмкүнчүлүк болду. Ал мүмкүнчүлүктү кетирбей мен дагы "Ата-Журт" партиясын тандадым. Жакынкы күндөрдө иштешүү сунушу менен барсамбы деп турам.


Даярдаган
Мирлан Алымбаев




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??