Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
SMS-мүнөздөмө
Урматтуу окурман, саясат күч алып алдыдагы шайлоо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан кез. Анын үстүнө кайсы бир саясатчыга мүнөздөмө берген SMSтер көп келүүдө. Ошондон улам ушул рубриканы ачып олтурабыз. Уюлдук телефондон тышкары биздин электрондук почтага жөнөтсөңүз болот. Эскертүү: орой, сөккөн сөздөр кабыл алынбайт.
Ал эми эмки санда Александр Кастюкту элекке салсаңыз болот.


Амангелди Муралиев

Амангелди Мурсадыкович, сиз абдан тажрыйбалуу, иш билги адамсыз. Бирок, үч айлык бийликке макул болуп барганыңызды түшүнө албай турам. Булганбай кое турсаңыз жакшы болмок.
Улик

Анти-кризистик программаны качан ишке ашырып, элди каарын төккөн кымбатчылыктан качан коргойсуңар. Же дагы деле кебез менен мууздап, элди куру сөздөр менен алдайсыңарбы?
Сардар

Амангелди мырза, сиз өкмөткө келээр замат азык-түлүк каатчылыгы болот деп ачык айттыңыз. Уктум бирок, бир-эки айлык азык-түлүк камдаганга акчам жок баары бир кымбатчылыкка туш болуп калдым. Болоор ишти алдын ала айтканыңыз үчүн рахмат.
Боке

Амангелди Муралиев, сиз кыргызча түш жоруйсуз. Бирок, улутуңуз кыргыз эмес деп жүрүшөт. Ошол чынбы?
Калый

Амангелди мырза, кыйын кезеңде өкмөткө башчы болуп келип, чоң жоопкерчиликтен корккон жоксузбу? Үч айдан кийин сизге эч ким ыраазычылыгын айтпайт. Колунан келсе жемелейт. Ошол саясатка даярсызбы?
Узак
Сизди сараң дешет. Сараңсызбы же мартсызбы?
Мирбек
Амангелди Мурсадыкович, сизди Акаевдин доорунда көп жыл иштеген тажрыйбалуу премьер-министр катары билем. Бирок, эптеп, өөнөп-бутап мамлекеттин акчасын жеп алуу үчүн сизди кызматка алып келди дегендерге жооп таба албай кыйналып жатам. Сиз кандай максатта премьер-министр болууга макулдугуңузду бердиңиз?
Алыкул

Сизге баш ийгиси келбегендерди башкача айтканда, Бакиев менен кылчайнашып жатканда кайда элең, эми мага тың сынба дешсе, кыжаалат болгон жоксузбу? Алардан баарын күтүүгө болот да.
Майрамбек

Сизди көптөр Акаевдин кадры деп жеричү эле. Эми техникалык өкмөттүн башкаруучусу болдуң деп үч айдан кийин теңине албагандар болсо кантесиз?
Айпери

Амангелди мырза, техникалык өкмөттө иштеп жатканыңызга арданбайсызбы. Чет мамлекеттен келген делегаттар менен дүйнөдө жок техникалык өкмөттүн башчысымын деп кантип таанышып жатасыз?
Султан






Жаңы рубрика - жаңы ой

Позитив же негатив SMSтер

Ушундай аталышта SMS-акциясын уюштурууну чечтик. Бүгүн деле коомдогу ачуу чындык Убактылуу өкмөткө жетпей жаткандай. Эл эмнеге нааразы, эл эмнени колдойт, ушул SMS-акциябыз тараза ташы болуп берет деген ойдобуз.
Биз дайым ачык ойго орун беребиз, андыктан аны саясий каармандар сын катары кабыл алып, андан жыйынтык чыгарсын. SMS-акция биздин редакциянын көз карашын такыр билдирбейт. Таарынып чычалагандар болсо, жөн гана SMS аркылуу билдирип койгону оң.
Анда төмөнкү телефондорго SMS жөнөтсөңүздөр болот: 0778 087179,
0770 342710

Ту-фу десе баягы эле май куйруктар го. Тизмеңерден эле билсе болот. Баягы эле 300 дөй лөктөр кайра эле партияларды сатып алышты.
Рахатбек…..

5 партиянын шайлоого чачкан акчасына ордолу Ошту бир айда тургузса болот. Роза айым чиновниктерге мунапыс жарыялагандан көрө баардык партияга 10 дон мандат берем шайлоого кеткен акчаны казынага төгүп койгула десе эле болмок экен.Бекназаровго айтса эле ал шак эле декрет токуй калмак.
Карганбек

"Ак Шумкар", "Ата Мекен", "СДПК" ,"Республика" "Ата Журт" акчанын астында калганбы. Айдагандары "БМВ" кайдан алды тыйынды?
Акчагүл

Он миң кишини ,элүү миң кишини чогулттук деп ооз көптүрбөй эле койгула. Эки миң киши чогултсаңар эле үнүңөр Кудайга жетет.
Шайыр жеңе

Жаңы конуштардагы жалпак тамдардын баркы көтөрүлүп штаб болуп калды……
Келечек.
Атамекенчилер мынча битир болдуңар? Чаптаган кагазыңарга көз тойбой жатат.
Ырыскелди
Көзү ачык, дагы бир жери ачыктын бары талапкер болуп алыптыр го. Чын эле акыр заман келгенби?
Тотугул
Атажуртчулар балта жутарлар го!
Крот

Эдил Байсалов кимдин кадры?


Көл бай

Марат Кайыпов машина менен аялды ушунча жаңыртасызбы?


Кайыр
Өпкөңөрдү баскылачы Бекназаров ууланбай эле баш жазды..
Токо брат

Бекназаров беш колу менен баарын чечем деген го. Эжекебиз туура кылды. Кадрларын алганда ууланбай эле тура калды го ооруканадан, мына анын жүзү.
Токо брат
Биз "Ар намыс" үчүн добуш беребиз!
Төкөлдөштүктөр

Адахан Мадумаров биздин лидер!!!!!!
Расул

Эх, жамгыр, табихатты тазалап, чаңдарды жууп кетиргендей саясатчылардын да жан дүйнөсүн тазалачы. Антпесе баары кирдеп, бири-бирине жоо болуп, алар үчүн кыйылган жаш өмүрлөрдү эстеринен чыгарып коюшту.
Күмүш

Кеминдин акими пара алып кармалса, аны эмнеге жазбайсыңар?
Күйдүмчок

Садыр Жапаров курстарга барып, үнүн тазалатып, уккулуктуу кылып алса болмок экен. Кооз сөздөрдү сүйлөгөнү менен үнү жагымсыз болуп, элди өзүнө тарта албаганы өкүндүрөт. Саясатчылар элди өзүнө тартуу үчүн эң биринчи дикция керек экенин билишпейби?
Ызаат

Айдар жокто Максим бар, Максим жокто Руслан бар болуп калбасак болду. Бекназаровдун баласы да партия ачып, желегин желбиретип, шайлоого аттанып жатыптыр. Айла жок, баракелде дейсиң да.
Жыргал

Парламенттик шайлоодо добушубуз уурдалса, атышам деген партиялардын ырайынан коркуп жатам. Кыргызстанда төшүн каккан кайсы саясатчы бир тамчы канга татыктуу. Эмне элө өздөрүн дүйнөдө теңдеши жок сезип алышат. Элдин каарынан, убал-сообунан коркушпайбы?
Назира

Өмүрбек Текебаев биз грузиянын эч бир партиясынын программасын көчүрүп алган эмеспиз дептир. Анда эмне Текебаев 2001-жылы программаны жазып, Грузия 2002-жылы андан көчүрүп алганбы?
Салыйка

Ош, Жалал-Абадда элдер буулугуп калган экен. Кафе, ресторан дегендин баары таң атканча иштеп жатат.
Улан

Кандай болгон күндө дагы Бекназаровдун куйтулугу жок, ачык айтып, ак сүйлөгөн инсан деп билчүмүн. Баласы жакшы болсо жакшыдыр, бирок, бийликке келсе, атасынын сөзүн эки кылбай, жаманатты болуп калабы деп чоочулап турам.
Нүргүл

Мамлекеттин коопсуздугун бир да партия ойлобой жатат. Баары өзүм дегенде өгүздөй кара күчүм бар деп алдын ала антип салам, минтип салам деп бирин-бири опузалаганга өттү. Кармашсаңар ачык жерге чыгып, башкалар эмес, жалаң лидерлер күчүңөрдү сынагыла. Башканын эмес, силердин мурдуңар канасын.
Жоомарт

Кээ бир партиялар өздөрүн кичи пейил көрсөткүлөрү келип, ченемсиз жакшы сөздөрдү колдонуп ийишиптир. Окуп алып, ушуларга кор болгон кайран сөз дедим. Мисалы, Акматбек Келдибеков бирөө капа болуп жатса, ага кубаныч тартуулап, жыгылса, таяныч боло албайт да, туурабы. Аялдамада бирөө ыйлап олтурса, машинесинен түшүп, акыбалын сурап коерун кудай билет. Анан элге жакшы маан ай тартуулаган сөздөрү тим эле кыйратып ийчүдөй банерлерге уялбай этпей эле колдонушуптур го, чиркин.
Руся

Кыргызстанда эмне көп партия көп. Партиянын атынан башың айланат. Баары эле бийликке келгиси келип, көзүн кызартып турушат. Кыргыздар адамга байлык, бийлик берип сынап көр деп бекер айтпаптыр да. Эл бетине түкүргүсү келгендер деле көп партиянын бирине кирип, эптеп парламентке жетүүнү самап жатышат. Бийликтин кумары ушунчалык таттуубу?
Жоодат

Текебаев актанбай эле койсунчу. Украинанын партиясынын программасын көчүрүп алганы жалганбы? Болбосо эмнеге программасын эл салыштырып ийер замат интернеттен алдырып койду. Бирок, мен ал үчүн сизди күнөөлөбөйм. Жакшы жазылса, эч өзгөртүүсү жок көчүрүп алгандырсыз.
Алик

Заман чындап эле бузулдубу. Мусулмандардын ыйык айы болгон орозодо дагы адам укугун коргогон, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болгусу келген укук коргоочулар тымызын тирешип жатат. Деги ушундай бири-бирине көө шыбаган, ирээнжиткен көрүнүштөн качан арылабыз. Азиза менен Турсунбек Акунга эмне жок дейм да.
Аркарбек

Мен кыйын деген партиялар шайлоо жакындаган сайын далбастап, милдеттүү түрдө түрлүү убадаларды берип, кыргызстанга жыргал турмуш алып келчүдөй съезд өткөрүп жатышат. Кимиң жеңсең аның жең мага баары бир. Стдлердин таламыңарды талашып, башкалар менен кызыл чеке болгум келбейт.
Перизат

Шайлоодо жеңишке жетише албай калган партиялардын күйүтүү күчтүү болот да. Алар элге арак берип, будуң чаң кылып ийбейт болду бекен. Мени ушул маселе түйшөлтүп жатат.
Астра

Азыр чөнтөгүндө шамал ойногон бир дагы партия жок. Булар жеңишке жетишпей калса, бийликтегилердин эмес, элдин шору болот го. Мынча акчамды коротуп, эмне үчүн жеңишке жетпей калам деп элди дүрбөтүп, карапайым элди курал кылып колдонот. Жыйынтыгында чаьышты, ызы-чууну уюштургандардын бирининда бир тал чачы түшпөй байкуш эл эле жабыр тартар.
Айка

Бекназаров Акаевге, Бакиевге үй-бүлөлүк башкарууга жол берди деп сынтагып жүрүп, өзүнүн баласын деле саясатка аралаштырып, бийликке алып келгиси келип жатат. Башка кыйынсынбай баласын жөндөп албайбы.
Ариет

Кадыржан Батыров менен Роза Искаковна менен Алмаз атамбаев жолуккан деп Текебаев официалдуу айтып чыкты. Түштүктөгү ызы-чууну чыгарууга Кадыржан Батыров менен Текебаев сүйлөшүп, Бакиевдин үйүн өзбектерге өрттөттүргөн деген сөз кандай болуп калат. Ушул мамлекет башына келгендер туура саясат жүргүзгүлөчү. Бөөдө элдин каарына калбай.
Опка

Мелис Мырзакматовду кызматынан алабыз дегениңер менен ордунан козгой албай койдуңар го. Ошту заматта көтөрүп жиберди го. Негизи азыркы бийликке ушундай кылган аш болот окшойт. Эмесе жакшы иштеп жаткан адамдан айланасыңарбы?
Тынчтык

Роза айым, 7-апрелде курман болгондор сиздерге бийлик алып бергени үчүн баатыр болуп, ал эми Ош окуясында жакынын, жерин коргогондор баатыр болбой калабы?
0777 37-65-хх

Мен добушумду элибиздин бүтүндүгү үчүн кам көргөн партияга берем. Бүтүндүк өзү кебелбес аскадай, мындай аталыштагы партия кайда болбосун колдоого ээ болуп, келечеги кең, максаты бийик болооруна ишенем.
Ыйман 0778 66-19-хх

Орусияга кетип жаткан Кыргызстандык өзбек улутундагы жараандары. 50 жылдан киийн Орусиянын бир шаарын алабыз, автономиялуу област кылып бергиле деп адатыңарча чыкпагыла. Антсеңер оңбой каласыңар. Ал жакта силерге биздей жакшы мамиле жасашпайт.
0771 41-92-хх

7-апрелдеги, Ош, Жалал-Абаддагы окуялар жаман жан кейитти. Эртерек мамлекетибизде стабилдүүлүк орносунчу. Мен кыргыз дегендин баары бийлик үүчн эмес, тынчтык үчүн, амбициясы чоңдордун амбициясы үчүн күрөшөлүчү.
Гүлүмкан

Урматту калайык-калкым, партиянын жетекчилери. Жаман ойлорду ойлой бербей шарияттын да, мыйзамдын да чегинде өтө абайлап ойлоңуздар. Азыр 21-кылым. Калкыбыздын көзү ачылган. Баягыдай ураа десеңер кете бербейт. Азыр элибизге тынччылыктын, бактылуулуктуе дарысы жетпей турат. Элдин канын төгүп бийликке келгендер элдин убалынан корккула.
0778 66-19-хх

Элдин канын ичесиңерби. Кичине бааны жөнгө салып койбойсуңарбы. Базар күндөн-күнгө кымбаттап жатат. Бир күн менен бир күн тең болбой калды. Эл жарылса жаман жарылат. Оңбой каласыңар го. Силерге боорум ооруп жатат. Эрте күндү кеч кылбай эки баштуу өкмөт кымбатчылыкты жогондун бир айласын тапкыла.
Айка









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??