Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Күч атасын тааныбайт

К.Кошалиев УТРКнын башкы директорунун орун басары:
Адилеттик - турмуш туткасы
- Кыргызстандагы азыркы коомдук-саясый абалга кандай баа бересиз?
- Абал өтө курч. Ошого карабастан өлкөбүз өз жолун табуу үчүн, дүйнөлүк коомчулукта өз жүзүн, өз ордун сактап калуу үчүн тынымсыз аракеттенүүдө. Дымып жатканга караганда жандуу кыймыл аракет жакшы көрүнүш. Түпкү максат туура коюлса, Жараткандын көзү элибизге түз болсо, кандай гана кыйынчылыктар болбосун аракетибиздин аягы жакшы натыйжалар менен коштолушуна ишенсе болот.
Кейиштүү жагы ички-сырткы деструктивдүү күчтөрдүн таасири менен кан төгүлүп кетти. Мындан ары абалды жөндөп, улуттук биримдикке келип, мамлекетти сактап калуу жөнүндө ойлонушубуз керек.

- Бул чиеленишкен кырдаалдан чыгуунун жолун сиз кадайча көрөсүз?
- Биз жыйырма жылдан бери батышты туурай берип, биротоло баткакка тыгылмай болдук. Демократия, дин эркиндиги, сөз эркиндиги, адам укугу, гендердик саясат, жеке менчик деген сыяктуу батыштан таңууланып келген саясат кыргыз кыртышына сиңип кеткен жок. Тескерисинче, элибиздин айкөлдүк сапатын бузуп, ач көздүккө жол ачты. Адамдык абийир, уят-сыйыт жоголуп, кызмат орун, илимий даража, мамлекеттик мүлк, мансап кадимкидей акчага сатылып калды. Элибиз саясый көз караштары боюнча партияларга, диний ишенимдери боюнча секталарга, рыноктун катаал талабына ылайык бай-кедейлерге бөлүндү.
Мамлекттүүлүктү сактап турган саясий, экономикалык, илимий-идеологиялык устундар кыйрап баратат.
- Эмне кылуу керек?-деген суроо алдыбызга коюлууда.
- Кыргыз нечендеген кылымдар бою мыйзам, конституциясы жок эле нарктуулуктун, салттуулуктун жолу менен жашап келген.
Ооба, дүйнө элинен калбай укуктук мамлекетти курабыз дегендерди да түшүнгүм келет. Ошол кабыл алынган мыйзамдар батыш жыттанбай элибиздин жан табиятына төп келген багытта жазылса кагазда калбай иштебейт беле. Акыркы кабыл алынган Баш мыйзамыбыз да батыштын таасиринде кабыл алынып калды. Адам укугу жөнүндө кыркка жакын берене жүрөт. Ал эми кыргыз элинин нарк дөөлөттөрү, укугу жөнүндө ныпым сөз жок.
Менимче, өнүгүүнүн нугун туура багытка бурабыз десек, адилеттикти орнотуудан башташтаганыбыз оң.
Анын жолу Элдик Курултайды бийлик бутактарын көзөмөлдөөчү укугу менен Баш мыйзамга киргизишибиз керек. Анан бара-бара көч түзөлөт, элдик мүлктү талап-тоноо токтойт. Колунан келсе келбесе да бийликке умтулгандар уялат. Ар ким колунан келген өз ишин жасай баштайт.

- Алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы кандай болот деген ойдосуз?
- Партия дегениң жаатташып бийлик үчүн күрөшүү деген сөз.
Кыргызстандын соңку тарыхында легендарлуу парламенттен дурус парламент шайлана элек. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы бул парламент партиялык принцип менен эмес административдик аймактык принцип менен эле шайланган. Ал парламенттин Ж.Акималиев, К.Бобулов, М.Касымбеков, М.Байжиев, К. Акматов, А.Ибраимов, Ж.Сооданбеков сындуу кыргыздын алдыңкы интеллигенциясынан турган депутаттар ар дайым улуттук кызыкчылыкты жогору коюшкандыктан азыр да элдин эсинде. Андан кийинки парламентке акчалуулар ат салыша берип ашмалтайы чыкты. Азыр да баш мыйзамдын талабына ылайык ишкерлерге бөгөт коюлгандыгына карабастан депутат болом дегендердин көпчүлүгү капчыктуулар. Элдин акыл-эс казынасы болгон илимий -чыгармачылык интеллигенция сыртка сүрүлүп калды.
Улам акыркы жылдары парламент- саясатчылар менен ишкерлер соодалашуучу жайма базарга айланып бара жатат. Бул жолу да эл үчүн иштей турган сапаттуу парламент келерине ишенүү кыйын. Анан калса аман эсен биринин башын бири жутпай, кан төгүлбөй өтөр бекен ушул шайлоо, бул да чоң суроо.
- Сиз УТРКга жаңы эле барбадыңызбы, ишти эмнеден баштадыңыз?
- Бүгүнкү күндө жалпы коомчулукка белгилүү болгондой, улуттук радиодо үч канал бар: биринчиси - кабарларды, маалыматты жеткирген саясый мүнөздөгү "Кабарлар" радиосу, экинчиси - руханий багыттагы "Кыргыз радиосу", үчүнчүсү - жаштарга ылайыкташкан жаңы стиль, жаңы формадагы "Миң кыял" радиосу.
Мындан тышкары, алдыда боло турган шайлоодон улам "Кабарлар" каналында "Шайлоочунун жоопкерчилиги" аттуу жаңы долбоор ишке киришти. Жакында угармандарга ар кандай кызмат көрсөтө турган "Радиокүзөт" кызматы жаңыра баштайт. Мисалы, бирөө документтерин жоготуп алат, же кандайдыр бир укук бузууларга күбө болгон учуру болот. Биз ошол угармандардын суроо-талабын радионун деңгээлинде чечип берүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле "Сереп" деген жаңы уктуруу ачтык. Бул - коомдо бир күндүн ичинде болуп өткөн маанилүү окуяларга анализ жүргүзгөн программа. Кыргыз радиосунда "МузОБО" аттуу радиожурнал чыга баштады. Уктуруу түрмөктөрдөн туруп, анда кыргыз жана дүйнөлүк музыка жаатындагы жаңылыктар жаңырат. Манасты даңазалоо, максатында көркөм окулган "Манастөр" аттуу уктуруу обого чыга баштады.
- Көп убакыттан бери эле КТРдин "улуттук" статусун алып салып, "коомдук" кылып кайра түзүү боюнча талаш-тартыштар жүрүп жатат. Бул маселе боюнча жеке пикириңиз кандай?
- Чынында кыргыз элинин менталитети жамааттык кызыкчылыкка негизделип, коомдук түзүлүшү батыштан өзгөчөлөнүп турат. Андан сырткары, Чет өлкөлүк кеңешчилердин айткан сөзүнө ишенип, иштеп аткан колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларыбызды талкаладык. Анан дайыма эле "бирөө айтты эле" деп анын артынан ээрчибей, кыргыз эли өзүнүн табигый, тарыхый тажрыйбасына таянып, өзүнүн жолу менен кетиши керек деп ойлойм. Анткени, улуттук телерадио - руханий багыттагы элдик трибуна. "Жети өлчөп, бир кес" деген жакшы сөз бар кыргызда. Андыктан, мен дагы "улуттук" деген статустун калышын каалайм. Улуттук статусу бар мекемелер менчиктештирүүгө жатпайт. Аталышка жабыша бербей ички мазмуңду оңдоп, ишмердүүлүгүнө таасир этүүчү реформаларды жасаганыбыз оң.
УТРК - кыргыз коомдук түзүлүшүндө өзгөчө орду бар, өтө манилүү мекеме. Мамлекеттин ичиндеги мамлекет сыяктуу. Бекеринен акыркы жылдардагы эки жолку элдик көтөрүлүштүн учурунда алгач ак үй талкаланып, анан элдин агымы УТРКны каптаган жок. Анын себеби УТРК бийликтин гана куралына айланып, элдин реалдуу турмушунун адилет чагылдырбай калган.
Элдик Курултай аркылуу УТРКнын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуунун жолун ойлонуп көрсөк болот. Эгер Байкоочулар Кеңеши эле керек болсо УТРК боюнча киргизсе эмне үчүн болбосун?

- Баш директорлукка сынак жарыяланып, сиздин талапкерлигиңиз да коюлуп жатканын уктук.
- Коомдук иштерди кошпогондо телерадио тармагындагы эмгек стажым он беш жылдан ашыптыр. Баш редактордон башкы директорго чейинки жетекчилик иштерде иштедим. ЭЛТР коомдук теле-радио каналды түптөдүм. (Баса коомдук телерадио канал катары ЭЛТРда өнүктүрүшүбүз керек.) Адистигим боюнча да Ленинград мамлекеттик университетиннин телерадио бөлүгүн бүтүргөм. Демек бул сынакка катышууга моралдык, юридикалык укугум бар.
Өзүмдүн эле каалоом эмес көптөгөн мекендештеримдин кесиптештеримдин демилге колдоосу менен талапкерлигимди коюну чечтим.
- Тилегиңизге жетиңиз, сизге рахмат!
- Силерге дагы ийгилик каалайм.

Маектешкен
Назгүл Эсенбай кызы









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??