Внимание! Розыск!
29.03.2008 года примерно в 05:45 часов в сторожевой будке СМУ №12 расположенной по ул. Каракульская 1, города Бишкек был обнаружен труп охранника СМУ №12 гр. Райымбекова Жангазы Жаманкуловича 1973 года рождения, с признаками насильственной смерти. У погибшего остались жена и двое детей. Данное преступление до сих пор остается не раскрытым. Лиц, владеющих какой-либо информацией о данном преступлении, просим сообщить по телефонам 0772 57-59-42; 0555 773-171; 0555 222-746. Анонимность и вознограждение гарантируется.

29.03.2008- жылы саат болжолу 05:45 чамасында №12 СМУнун Бишкек шаарынын Каракөл көчөсүнүн №1 дарегиндеги кароол жайында №12 СМУнун кароолчусу - 1973-жылы туулган жаран Райымбеков Жангазы Жаманкуловичтин сөөгү табылган. Денесиндеги белгилер күч колдонуп өлтүрүлгөндүгүн айгинелеп турган. Кайтыш болгон жарандын артында жубайы жана эки баласы калды. Бул кылмыш ишинин бети ушул күнгө чейин ачылбай келатат. Бул кылмыш боюнча кандайдыр бир маалымат билген адамдарды 0772 57-59-42; 0555 773-171; 0555 222-746 номерлерине чалып кабарлап коюшуңуздарды суранабыз. Анонимдүүлүктү камсыздоого кепилдик беребиз жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз.





  Ушундайбы же?

Балким...
Чек ара кызматындагы полковник К.Матеновдун айланасында да факты өңдөнгөн бир топ маселелер айтылууда. Каралап айтуудан алыспыз. Ал да өз ишин билген адистир. Бул жерде айтылган нерселер туура эмес болсо, анда ал кишини да толук угууга даярбыз.
2001-жылы 4-сентябрда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген 304-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган өңдүү. Буга Матеновдун катардагы жоокер Шимановдун күчүн өз үй чарбасына колдонуп иштетип жүргөндүгү негиз болгондугун айтып жүрүшөт. 2002-жылы 15-январда бул кылмыш иши 29-берененин 1-бөлүмүнүн 1-пунктуна таянуу менен "жагдайлардын өзгөрүшүнө байланыштуу" деген шылтоо менен токтотулган. Адистер айтылган берене кылмыш ишин токтотуп реабилитация кылууга жол бербестигин, анткени реабилитация үчүн кылмыштын курамы жана далилдер жок болушу керектигин белгилеп жатышат. Бул кылмыш ишинин материалдары учурда аскердик прокуратурада сакталып турат.
Анын Баткен окуясы учурунда Өзбек-ислам боевиктерине туткунга түшүп калганы ММКда айтылып, бир топ талаш-тартыштарды жаратып жүрөт. Эске салсак, 1999-жылы 31-июлда Жума Намангани баштаган 25-30дун тегерегиндеги өзбек-ислам боевиктери Тажикстан тараптан келип, Кыргызстандын чек арасын бузуп Зардалы айылына чейин кирип келишкен. Ал жерде жергиликтүү элди чогултуп митинг уюштуруп, Ислам халифаты орногондугун жарыя кылып жиберишкен. Кыргызстанга алар Жерге-Талда жайгашкан күчтөрүн Өзбекстанга өткөрүү үчүн коридор ачып берүү талабын коюшкан. 3-августта боевиктер Шудман жеринде лагерь негиздеп алууга жетишкен. Биздин генералдар бул учурда борбордон Баткенге учуп, Баткен батальону Зардалыга марш менен бет алган.
4-август күнү Абдулазиз баштаган боевиктер Шудман жергесине райондун акимин сүйлөшүүгө чакырышкан. Сүйлөшүүгө 5-августта район акими, Башкы аскер чалгыны башкармалыгынын начальниги полковник Матенов, Башкы оперативдик башкармалыктын офицери жана КР УККнын бөлүм башчысынан турган топ баргандыгы тууралуу маалыматтар айтылып жүрөт. Айрым маалыматтарда полковник Матеновдун колунда КРнын Коргоо министрлигинин күчтөрү тууралуу маалыматтар, карталар камтылган папке болгондугун жана ал топ барымтага алынганда ал маалыматтардын баары боевик Жума Наманганинин колуна өткөндүгү тууралуу айтылып жүрөт. Барымтага алынгандар 13-августта бошотулуп, ал эми Матеновдун колундагы папкедеги маалыматтар 14-августта кайтарылып берилгендиги айтылууда. Бул боюнча Матенов колго түшкөн эмесмин деп маалымат берди. Эми бул - курамдын ичинде айтылган кеп. Шайлоонун алдында деп жакын арада эле чек арачыларды тазалап, майлуу жерлерге өз кишилерин коюп "Азаттык" партиясына иштетет экен кептер уу-дуу экенин айтып коюш керек. "Азаттык" партиясы кимдин партиясы экени түшүнүктүү. Бийлик тарап деле бир нерсе дейттир...




  Өкмөттүн мээси

Ж.Касаболотов, конфликтолог:
"Институт улуттук кызыкчылыкты көздөш керек"
Көп жылдан бери эле, мурдагы кулатылган президенттер тушунда деле өлкөнү өнүктүрүүдө стратегиялык багыттарда кеп кеңештер иштелип чыгат делген институттар иштечү. Ошондой эле институт азыр да кайрадан түзүлдү. Буга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна саясий серепчи, конфликтолог Жыргалбек Касаболотов жооп берди.


- Убактылуу өкмөттүн токтому менен улуттук стратегиялык иликтөө институту түзүлдү. Ушундай эле функцияны аткарган институттар мурдагы бийликтердин тушунда да бар болчу. Ошол буга чейинкилерге кылчайып көрсөк стратегиялык иликтөө институттары мурда кандай иш алып барчу, алар кандай максаттарда колдонулуп келген?
- Негизи булар идеалында бийлик башындагылардын мээси болуп берүүгө тийиш эле. Тилекке каршы, бийликтин өзүнүн түзүмүн жүргүзгөн туура эмес болгондуктан аны жөн гана идеологиялык илимий жактан негиздеп бере турган органга айланып калган.
Ал тургай менин эсимде, Акаевдин тушунда лирикалык түрдө кошомат жазып, түбүнө социалдык эксперт деп кол койгон адамдар кийин МСИнин директорунун орун басарлыгына келишкен. Негизги функциясы бийлик башындагыларга туура чечимдерди сунуш кыла турган орган болгондугуна карабастан президенттин, бийлик башындагылардын докладдарын даярдап бере турган, чет өлкөлүк долбоорлор менен иштей турган гана түзүмгө айланып калган.

- Сиз айтмакчы мындай институтта эң мыкты, глобалдуу ой жүгүрткөн, бийик деңгээлдеги адистер топтолуш керек. Мындайча айтканда, бул институт акыл борбору болуп атпайбы. Ошол себептүү анын натыйжалуулугун арттыруу үчүн эмнелерди жасоо керек? Сиз айткан мурдагы институттардын тагдырын кайталабаш үчүн.
- Биринчиден, мунун башында турган адамдар өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгы тууралуу абдан терең түшүнүгү бар адамдар болуш керек. Башкача айтканда, эксперттер деле ар кандай позициядан туруп иш кылат да. Бул институттагы эксперттердин жасаган иштердин баары улуттук кызыкчылыкка баш ийиш керек.
Экинчиден, мунун иштелип чыккан сунуштарынын, пландарынын баары бархыттын астында кала бербейт. Бийлик тарабындагы адамдар тарабынан жетекчиликке алынуусу керек. Негизгиси мамлекет жалаң эле өзүнүн гана институтун карап отурбай, башка аналитикалык борборлор менен да өнөктөштүк формасында иш алып барса болот. Бирок ошондо да улуттук кызыкчылыктар биринчи иретте туруш керек.

- Мурдагы президент Бакиевдин тушунда анын уулу Максим Бакиевдин өнүктүрүү агенттигинде өнүктүрүү институту бар болчу. Азыркы институт ошол институттун базасында түзүлүп атат. Мурдагы институтка улуттук стратегиялык тармактарды менчиктештирүү, башка шектүү делген механизмдерди иштеп чыгуу боюнча көптөгөн сындар айтылып келди эле. Ушул институт ушундай багытта колдонулуп кетпейт дегенге кандай тосмолорду же болбосо механизмдерди койсо болот?
- Чындап келсек андай кепилдикти азыр да бере албайбыз. Негизи идеалында биз айткан институт Гуревич, Надел, Каганерлердин схемаларына каршы нерселерди алдын ала эскертип, тескерисинче, аларга каршы иштеш керек эле, мамлекеттик кызыкчылык болгондон кийин.
Бул эми эки нерседен көз каранды. Биринчиден, ошол институтта ким иштейт жана ким жетектейт. Экинчиден, ага тапшырмаларды ким берет. Эгерде чечимдерди өздөрү кабыл алып, "мына буга кандайдыр бир илимий негиздеме жазып бергиле" дей бере турган болсо анда албетте ал институт мурдагы ролунда эле кала берет. Эч качан өзүнүн түздөн түз функциясын аткара албайт. Балким жакшы тапшырма деле берилип, аны аткара турган адамдар менталитети боюнча таптакыр башка көз карашта болсо андан да эч нерсе чыкпайт.

Илим Жанузаков