Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Чындыгын айтканда

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:
"УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ ЭЛ ИШЕНИМИН КАРЫЗГА АЛЫШТЫ"
- Коомчулукта кызуу талаш туудурган референдум да өттү. Эми астыдагы саясый абалыбыз кандай болот? Шайлоолор кандай өтөт? Мамлекетибизге тынчтык орнойбу? Ушул суроолор азыр көпчүлүк окурмандарыбыздын жадында турат. Сиз буга кандай карайсыз?
- Азыр орой айтканда, буту менен басып, мурду менен тынгандардын баары саясат менен дем алып, саясат менен тамактанып, саясат менен жашап калды. Ошондуктан сиз берген суроолорго бүгүнкү күндүн мыйзам ченемдүүлүгү катары караганыбыз туура болоор. Белгилей кетсек, референдум чындыгында элдин чоң колдоосу менен өттү. Буга чейинки бир нече референдумдарга, алтүгүл президенттик шайлоолорго да эл мынчалык деңгээлде өз эрки менен катышпаса керек. Бул эмнени көрсөтүп турат? Эл башаламандыктан, легитимсиз бийликтен тажады. Эртерээк тынчтык, мыйзамдуулук орносо экен деп калышты. Маселен өзүм үй-бүлөм менен барып добуш бердим. Буга чейинки бир дагы референдумга барган эмесмин. Эмнеге добуш бердим - мыйзамдуулук үчүн, тынчтык үчүн. Убактылуу өкмөт референдумдагы ийгиликти өз ийгилиги, жеңиши көрүп кубанышса, катуу жаңылышат. Тескерисинче Убактылуу өкмөттүн мыйзамсыз иш-аракеттери жалпы элди ушунча тажаткан экен, мындай "беспределди" эртерээк токтотуп, булардан кутулалычы деп добуш берди. Ушуну Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү түшүнөөр бекен же бийликке жаңы отургандай эйфорияга алдырып, кеңгиреп жаңылыштыктарды кетиришээр бекен чогуу күбө болорбуз.
Анткени мыйзамдуулуктун орношу дегендин өзү мамлекеттеги тынчтык деген сөз. Демек, шайлоолорду да тынчтыкта өткөзүп алууга шарт түзүлөт. Мени кубандырганы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн мурда элибиз ушуну түшүнгөнү болду.

- Демек, эл жаңы Баш мыйзамды колдогон жок деген турасыз го?
- Колдогон жок деп кесе айтсак, туура эмес болуп калат. Баш мыйзам мамлекеттик башкаруунун нугун аныктаган татаал илимий документ. Бүт шайлоочулар добушка коюлган Баш мыйзамды, аны колдонууга киргизүүчү мыйзамды үтүр-чекитине чейин окуп чыгып, анан оюн айтты деп айта алабыз. Азыр эле көчөгө чыгып биринчи жолуккан эле кишилерден окудуңузбу деп сурасак, баары түшүнүктүү болот. Эл жаңыланууну колдоду. Келечекте бийликке келүүчүлөргө, "мына, силер жаңы багытты сурадыңар эле, биз бердик, эми иштегиле" деп, эл ишенимин карызга берди. Маселе эми ошол ишенимди аткарууда.

- Убактылуу өкмөт эл ишенимин аткара алат деп ойлойсузбу?
- Аны келечекте чогуу көрөбүз. Алдыда өтө татаал процесстер турат. Алар бизди эле эмес, дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырууда. Орусия президенти Д.Медведев: "Кыргызстандын азыркы бийлиги легитимдүү жолго толук түшө элек болгондуктан алсыз. Ушундай кырдаалда жаңы башкаруу структурасын түзө алаар бекен. Түзө албаса, ар кандай күчтөр пайдаланып кетпейби..." деп, тынчсызданган оюн бекер жерден билдирип жатпагандыр. Муну чыныгы дос мамлекеттин ак ниет ою катары кабыл алуу керек.
Мен Убактылуу өкмөттүн эрдигин баалайм: өтө кыйын кырдаалда, эбегейсиз саясый каршылыкта да көгөрүп референдум өткөрдү. Буга чейинкки кемчиликтерин ушул чечкиндүүлүктөрү жууп кетти десек да болот. Референдум жогорку деңгээлде өтөт деп чынында эч ким ишенген эмес.

- Жаңы Баш мыйзамга жеке көз карашыңыз кандай?

- Толук канааттанбайм. Себеби биз, улутчулдар аталган топ, көп жылдардан бери, "улуттук нарк-салтыбызга сугарылган, ичине элдик курултайдын укугу толук кирген, өзөгү кыргыз тилинде жазылган Баш мыйзам кабыл алынмайын кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамы оңолбойт, кыргыз элине толук кандуу сиңбейт" деп келатабыз. Тилекке каршы, бизди түшүнүү болбой жатат. Сырткы, өзгөчө батыш саясый агымына болгон көз карандылык канга катуу синген. Биздин саясатчылырыбыз өздөрүнө өздөрү ишенбейт, кыргыз тилине ишенбейт, батышты акылдуу көрөт. Ушул кезге чейин Баш мыйзамыбыз биринчи орус тилинде жазылып, анан кыргызча которулуп келет. Бул жолу деле ошондой болду. Өзүңөр күбө болдуңар, котормодон канча ката кетип уят болушту. Элдин баасынан мурун Венеция комиссиясы мактады деп кубанып жүрүшөт. Мунун баары утурумдук иштер. Ушул Баш мыйзам менен турмуш токтоп калбайт, астыда дагы көп өзгөрүүлөр бар. Баш мыйзам жаңы мамлекеттик түзүлүшкө алып чыкканы менен баалуу. Муну да көрөлү, жон-терибиз менен сезели. Жакпай калса, өзгөртүү деле кыйын эмес.

- Алдыдагы шайлоо кандай өтөт, кайсыл партиялар озуп чыгат деп ойлойсуз?
- Шайлоо боюнча айтаарым, ал өтө татаал болот. Орусия президенти Д.Медведев айткандай, бийлик чындыгында эле аябай алсыз.Шайлоо жүрүшүн көзөмөлдөө кандай жолдор менен жүрөт, ким билет. Менимче, шайлоого катышкан партиялар жарышка түшөөрдүн алдында Жигиттик келишим түзүшсө жакшы болот. "Шайлоодо мыйзамсыз жолдорго барбайбыз. Элди көтөрүп кагылышууларга алып чыкпайбыз. Кимибиз ушул убаданы бузсак, жалпы элдин жек көрүүсүнө кабылабыз" -дегендей.

- Саясаттан четтеп жеке өзүңүзгө келсек. Кыргыз окурмандардын колунан түшпөй окулган "Бриллиант жылан" романыңыздан кийин чыгармачылык өргүү алгандай токтоп калдыңыз...
- Чыгармачылык каны-жаным менен жаралган дүйнөм, демек, токтогон жок, токтобойт дагы. "Бриллиант жыландан " кийин "Ак чоку. Арча. Ак булут" аталышта новеллалар жыйнагым жарык көргөн. Нускасы аз болуп элге анча билинбей калды көрүнөт. "Ай менен жарышкан автобус" деген жаңы романым кошулган беш томдукту басмага даярдап койгом, каражат жок чыгпай турат. Жарык көргөнгө даяр эмгек, буюрган күнү чыгып калгысы бардыр. Ара-чолодо улуттук нарк-салтка таянган эмгектерди жараттым. Учурда да бир чоң иштин үстүндө түйшөлүп жүрөм, азырынча ал тууралуу айтпай эле турайын.

- Бул суроону бербесем да болбойт. Сиз мурунку президентибиз К.Бакиевдин кеңешчиси болуп иштедиңиз, демек, командасында болдуңуз. Ал кызматка барып туура эмес кылдым деп өкүнбөйсүзбү?
- Бакиевдин командасында болдуңуз дегениңизге түшүндүрмө берүү менен баштайлы. Мен Бакиевдин командасына суранып же киши салып барган жокмун. Тагдырдын буйругу экен, 2005-жылы революция башында жүргөндөр менен чогуу болдум. Анда да кызмат бөлүштүрмөй болуп, мага маданият министрлигин сунуш кылышкан, баш тартып койгом, мамлекеттик иштерде тажрыйбам аз, иштей албайм деп. Андан көрө Президент аппаратындагы коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеп берейин дедим. Бул бөлүмдүн башчысы Президентке кеңешчи да болуп эсептелет экен. Кийин аппаратта пикир келишпестиктер көбөйүп, менден кутулуш үчүн бөлүмдү жоюп, мени Архив агенттигине которушту. Бул Президенттин кеңешчиси, аппараттын бөлүм башчысы үчүн аябай эле кызматтык төмөндөө болуп эсептелет. Бөлүмдөгү балдардын баары жумушсуз калышты.
Айтайын дегеним, мен Бакиевдин менчик фирмасында эмес, мамлекеттик кызматта иштедим. Өзүмө берилген мамлекеттик ишенимди жакшы аткарганга аракет кылдым. Үй-бүлөнүн ичип- жемейине аралашкан жокмун. Бакиев менен иш боюнча гана сүйлөшкөнүм болбосо, аны менен да, балдары же бир туугандарынын бири менен да эч кандай мамилем болгон жок. Эл астында өзүмдү күнөөлүү сезгидей негиз жок.
Мен го ортодон төмөн кызматтарда иштедим. Бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Бакиеви менен да, Акаеви менен да жогорку кызматтарда иштебеди беле. Чоң саясатчымын дегендердин көбү алар менен жеке катнашта болуп, коюн-колтук алышып чогуу ичип-жеп жүрүшчү эмес беле. Уялса ошолор уялсын, мага эмне, жок күнөө үчүн өзүмдү күнөөкөр сезип. Убактылуу өкмөттүн аппаратында иштегендердин дээрлик бардыгы Бакиевдин учурунда иштегендер. Мамлекеттик кызматка өзгөчө аппараттык кагаз иштери, уюштуруу иштеринде практикалык тажрыйба керек. Кайдан табышат эч ким менен иштешпегендерди? Акаев, Бакиев менен иштешкен деп, эгер жеке мамилелери болуп, ичип-жемейине аралашса гана айтуу керек. Таза иштегендерди иштештиң деп күнөөлөй бербеш керек. Болбосо, кесипкөй кызматкерлердин баасын-баркын билбей жоготуп алабыз, өз ишин мыкты билгендер дайыма эле табыла бербейт. Тили сайраган менен уюштуруу ишине же жетекчиликке келгенде колунан эч нерсе келбегендер толтура. Ошондуктан кадр маселесинде аяр, сарамжал болуу зарыл азыр.

- Сөз соңунда сизге эркин микрофон...
- Анда сөзүбүздү аския менен аяктайлы. Болбосо, бүгүн бизге күлкү жетпей турат. Бир шиңгил...
Акаев Бакиевге телефон чалып жатат дейт. "Курманбек, өткөн-кеткенди унутуп ынтымакка келип бир бизнес кылбайлыбы" - деп. Бакиев: "Эмне болгон бизнес?" - десе, Акаев: "Москванын айланасынан биргелешип жүз гектар жер сатып алып койбойлубу. Кыргыз парламенти жүз жыйырма болуп атыптыр. Беш жылдан кийин жок дегенде жүзү качып келсе, баасын беш-он эсе көтөрүп кымбатка сатсак, акчага тунабыз"- дептир. Эми тамаша тамашасы менен, кааларым: мындан ары эл башына келгендердин качмайынан кудай сактасын, ушул эки каарман акыркыларынан болушсун...

Маектешкен:
Т.СЫДЫКОВ




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баарыбыз жаркын кыргызстан үчүн!"
2-бет
Баямандын жубайы Чолпон да чоң таймашка аттанды
3-бет
Жума саясатындагы жаңы партия
4-бет
"Замандаш" саясый партиясынын төрагасы Мухтарбек Өмүракунов:
"Таза партиялар менен өнөктөш болушубуз мүмкүн…"

5-бет
Жумакадыр Акенеев, "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын мүчөсү:
"200 партия 120 орунду талашса кызык эле болот"

6-бет
Бегалы Наргозуев, экс-депутат:
"Бул - аванс"

7-бет
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:
"УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ ЭЛ ИШЕНИМИН КАРЫЗГА АЛЫШТЫ"

8-бет
Кайрак саясат
9-бет
аруу тилек
10-бет
Турдукан Жумабекова, ЖКнын экс-депутаты, юридика илиминин кандидаты, доцент:
"Анда айткылачы ким жакшы?"

11-бет
SMS добуш
12-бет
Эл үнү элде
Ата-Журт!

13-бет
Кандидат
14-бет
SMS-мүнөздөмө
15-бет
"BITЭкс" фирмасынын косметикаларына ээ болуңуз!
16-бет
Миллионго бааланган муфтий

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования