Заман агымы

"Замандаш" саясый партиясынын төрагасы Мухтарбек Өмүракунов:
"Таза партиялар менен өнөктөш болушубуз мүмкүн…"
- Мухтар мырза, референдумдун жыйынтыгына кандай баа бересиз?
- Кыргызстанда биз көрүп-билген далай референдумдар өттү, бирок кечээкидей жасалма эмес, реалдуу саясый активдүүлүктү камтыган референдумга биринчи жолу күбө болдук. Албетте, мындай саясый активдүүлүк - кабыл алынган референдумдун олуттуу маани-маңызынан, жогору жоопкерчиликтен кабар берет. Референдум, албетте, өтмөк, мени тынчсыздандырганы башка болчу. Декрет боюнча 30% деп көрсөтүлгөн, ал эми Шайлоо кодексинде 50% деп турат. Эгер декретке ылайык 30 пайыздан жогору болуп, бирок 50%га жетпей калса, бул көрсөткүч эртеңки күнү дагы бир чыр-чатактын очогу болуп бермек. Себеби, декретке каршы саясый күчтөр баш көтөрүп, референдум легитимдүү эмес деп чыгышса, кайра эле чаржайыттыкка кептелмекпиз. Добуш берүүнүн 60 пайыздан ашык болгону мамлекеттик бийликтин легитимдешүүдөгү чоң кадамы болуп, карапайым элде жакшы жашоо үмүтүн пайда кылды.

- Карапайым элдин саясый активдүүлүгү, коомдогу психологиялык-моралдык чарчоо, эртеңки күнгө болгон кооптонуу менен байланыштуу эмеспи?
- Албетте, түздөн түз байланыш бар. Эл башаламандыктан тажады. Укуктук талаада мыйзам эрежелери менен кооптонуусуз, жай турмушта жашаганды сагындык. Болбосо, андай деле катуу пропаганда, түздөн түз агитация жүргөн жок. Убакыт да чукул болду. Элди референдумга татыктуу жашоого болгон үмүт жетелеп барды. Эми ушул тилек акталышы керек. Конституцияны түшүнгөндөрдөн түшүнбөгөндөр көп болду. Элдин көбү тиричилиги менен алек, ар биринин колуна Конституцияны эч ким карматкан жок да. Референдум менен кошо өткөөл мезгилдин Президенти да бекип атат, демек, Кыргызстандын легитимдүү Президенти бар. Референдумдун жыйынтыгы көптөгөн саясый обу жок оюнчулардын саясый интрига оюндарына чекит койгондой болду. "Булар ким болуп кетиптир, 20-30буз чогулуп альтернативалуу өкмөт түзөлү" деген аракеттер да болбодубу? Референдумдун өтүшүндө өтө одоно мыйзам бузуулар болбогондугу да биздин мыйзамдуулукка канчалык суусагандыгыбыздан кабар берет. Маселен, биздин партиянын активисттери шайлоо участкаларынын 70%ында мүчө болуп иштешти. Бул укуктук талаага эртерээк келүү кадамдарына кошкон салымыбыз болду.


- "Замандаш" партиясы Ош, Жалал-Абаддагы окуяларда биринчилерден болуп кол сунуп, коогалаңдуу күндөрдө Түштүктө жүрдүңүз. Көргөн-билгениңиз, ички жан дүйнөңүз, дегеле бул алааматка болгон атуулдук көз карашыңыз кандай?
- Жеке мен үчүн буга чейин деле Түштүк-Түндүктүн айырмачылыгы жок болчу. Жоро-жолдошторум, кесиптештерим, керек болсо командабыздын көбү түштүктөн. Мурда Ош, Жалал-Абадга барганда гүлдөгөн шаарды, меймандос, илбериңки элди, чыгыш табиятына мүнөздүү спецификалык позитивдүү өзгөчөлүктөрдү көрөөр элем. Бул жолу талкаланып, өрттөлгөн үйлөр, таанылгыс шаар, чоң согуш болуп өткөндөй болгон аймакты көргөндө ыйлагыбыз эле келди. Бейкүнөө көп адам каза тапты. Абал абдан татаал. Тынчыды деп атабыз, бирок, үй бүлөсүн, балдарын, жакындарын жоготкондор көп болду. Бул жадагалса бир жылда айыга койчу дарт эмес. Демек, Түштүк тынчыды деп жатып албай, көп иштерди жасашыбыз керек. Бул алааматты ММК болгонун болгондой чагылдыра алган жок. Ош, Жалал-Абадда тааныш, тууган-уруктары барлар гана билип атты, билбегендер билбей эле калды. Ошол күндөрү Түштүктө болуп аткан окуялар эки башка мамлекетте болуп аткандай таасир калтырды.

- Убактылуу өкмөт бул коогалаңдын алдын алса болот беле? Кандай механизмдерди колдонсо болмок?
- Албетте, алдын алууга болот эле. "Замандаш" партиясы башынан эле портфель бөлүшпөй, реалдуу иштейли деп билдирип келдик. Ал билдирүүлөрүбүздү айрым маалымат каражаттары, керек болсо айрым өкмөт мүчөлөрү "Замандаш" бийликке умтулуп атат, бийликке жетпей калып, ич күйдү болуп атат" деп, каралаганга да үлгүрүштү. Дүйнөдө бийликтен да жогору, бийликтен да күчтүү, бийликтен да улуу МЕКЕН деген түшүнүк бар. Мекени жок канча улут тентип жүрөт. Бизге эч ким жакшы мекенин ме деп кармата койбойт да. Биз ушуну түшүнүшүбүз керек эле. Мына, Түштүктөгү алаамат мекендин баа-баркын, тынчтык кунун, бейпилдик кутун, адамзат баалуулуктарын көзгө сайып көрсөткөндөй болду. Бакиевдер качып кеткенден кийинки эле кечиктирилгис иштер Ош менен Жалал-Абаддын коопсуздугу болушу керек эле. Коопсуздук кызматын, атайын чалгынчыларды тыкыр иштетип, мамлекеттик тартип орнотуп, ар бир мүнөттө даяр турушубуз керек эле. А биз антүүнүн ордуна ызылдап портфель бөлүштүк, миллиондорду талаштык, эртең менен бир аким, түштө бир аким, кечинде бир аким болуп бийлик кумарынын чырмоосунда калдык. Бул трагедия Убактылуу өкмөттүн курамындагылар эле эмес, баарыбыздын бетибизге чиркөө болду.

- Мекен деп калдыңыз, башкалардан айырмаланып байлык менен ийгиликти Мекенден алыс тээ Россиянын тоо-түзөңүндө катардагы челнокчу болуп, чаар баштык көтөрүп таман акы, маңдай териңиз менен таптыңыз эле, мекен кадырын бөтөн өлкөдө жүргөндөр артыгыраак билет дешет экен…
- Мекенди башкалардан артыгыраак сүйөм дегенден алысмын. Бирок, мекенден алыс жүргөнүңдө туулган жерге болгон кусалык менен сүйүү айкалышып келип бир башкача сезимди, мекенди чексиз сүйүүнүн табигый сезимин пайда кылат экен. Мына, "Замандаш" ассоциациясы Россия, Казакстан, АКШ, Корея, Германия өңдүү шаарлардагы жердешчилик уюмдардын башын бириктирип, көп иштерди жасап жүрөт. Сырттан келген замандаштарымдын көздөрүнөн мекенди чексиз сүйүүнүн, кастарлап-барктоонун эч жасалмасыз табигый учкундарын көрөм. Керек болсо Мекен үчүн жанын бергенге даяр. Демек, мекенден тыш оор турмуш ушинтип адамды чыйралтып, мекенчил кылып коет окшобойбу. Кечээки Ош, Жалал-Абад алааматында да сырттагы кыргыз жердешчилик уюмдары жардам берүү жагынан тыным алышкан жок.

- Баса, жардам демекчи, гумжардам таратууда айрым партиялар өздөрүн үгүттөдү деп анын ичинде "Замандашты" да "согуп" кетишти өңдөнөт…
- Мен кыргыз коомчулугуна абдан таң калчу болдум. "Акырын басса аксак, катуу басса таскак" дечү беле. Саясат да, саясатчылар да абдан майдаланып кетип, сиркебиз суу көтөрбөй, жакшы иштен жаманды издегенибиз көп болуп атат. Ошо күндөрү эмне болдук, эстеп көрөлүчү. Кимди ким көрдү болуп баш-аягыбызды таппай калдык. Биз жасаган ишибизди айтып, телевизор бетин бербей мактанган да, милдет кылган да жокпуз, дегеле мекен кайгысынан аброй тапкысы келгендерди Кудай деле колдобосо керек. Бирок, унчукпай көп иш бүтүрдүк. Мен башта белгилебедимби, командабыздын көбү түштүктөн деп. Керек болсо мындан жаман кан төгүлүүлөр болмок, элди ынтымакка келтирип, конкреттүү маселелерди чечүүдө биздин замандашчы кыз-жигиттер чоң иштерди жасашты. Ошо күндөрдү гуманитардык жардамдардын жөнөтүлүшүн, даректүү жеткирилишин керек болсо Убактылуу өкмөт өзү көзөмөлдөй алган жок. Албетте, эгер бир системага салынган эреже болсо, айталык саясый партиялар мобу тартипте жөнөткүлө десе, албетте биз ошол эреже менен жөнөтмөкпүз. Тилекке каршы, бир калыпка салынган тартип болгон жок. Биз ал күндөрү гумжардам аркылуу саясый максатты ойломок турсун, баш-аягыбызды таппай, Оштогу, Жалал-Абаддагы балдар-кыздарыбыз ыйлагандары ыйлап, телефон тыным албай, эптеп эле тамак-аш, медикамент жеткирели деп далдактап жаттык. Баш-аягы бир жарым миллион сомдон ашык жардам көрсөтүлдү. Жакшы иш жасасаң да рахматын айткандын ордуна, колдон-буттан тарткан айрым замандаштарымдын жан-дүйнө туюмунун кедейлигине боор ачыгандан башка сөзүбүз жок. "Замандаш" жардам берди дегендин эмнеси жаман? Биздин партияда казнократтар, коррупционерлер жок, замандашчылар талаа-түздө жүрүп, адал эмгек, маңдай тери менен менен тапкандарын эл менен бөлүшүп жардам берип атса, андан эмнеге уялышыбыз керек?

- Ушу тапта саясый партиялар шерик, өнөктөш издөө, тандем болуу менен алек. "Замандаш" партиясына эч ким кошулган жок, эч кимге кошулган да жок. Өнөктөштөргө муктаж эмессиздерби?
- Бул суроого жооп берээрден мурун, "Замандаш" саясый партиясынын кечээгисине көз салсак. Мына, 7-апрелден бери карай жымыраган көп партиялар пайда болуп, сиз айткандай, шерик издөө менен алек. Анткени, алардын жаралышына саясый шарт түрткү болууда. Көбүнүн мүдөөсү бирөө гана - кыска мөөнөттүн ичинде түзүлө калып, курамына күчтүү, таасирдүү фигураларды камтып, анан бийликке келиш керек. "Замандаш" партиясынын жаралышын саясый шарт эмес, тарыхый шарт түрткү болду. Өзүңүздөр билесиздер, бир кездерде миграция, алыстагы мекендештер, алардын Кыргызстанга болгон салымы жөнүндө эч кимдин, а тургай мамлекеттин да түшүнүгү жок эле. А кезде кыргыздарды өз мекени өгөйлөп, унутуп калгандай сезилчү. Ошондо качанга чейин кор болобуз, качан биздин азаматтар баш көтөрөт, качан тарыхы терең улуу элдин улуттук аң-сезими ойгонот деген суроолор тынчтык берген жок. Ошол дыңды биринчилерден болуп "Замандаш" бузду, адегенде фонд, анан ассоциация түздүк. Андагы өкмөткө, Жогорку Кеңешке коңгуроо кагып, добулбас урдук, мигранттарга көңүл бурулсун, акча которуусу жолго коюлсун, балдары жок дегенде өз эне тилин унутуп калбай, жекшембилик мектептерде окусун дедик. Ошентип кыйкырып жүрүп, социалдык-экономикалык, маданий көп иштерди бүткөрдүк. Биздин демилге менен Өкмөт алдында миграциялык комитет, азыр министрлик ачылды. Анан тарыхый шарт барып-келип эле саясатка жол ачты, кирбесек болбойт экен, баягы жоон топ челнокчулар мууну алдуу-күчтүү, капчыктуу, саясатка таасир көрсөтө турган муунга айланды. Керек болсо араларында ири инвесторлор бар, өлкөгө ири инвестиция жумшайлы дешет, бирок мамлекет акчаларына кепилдик бере албайт. Анткени, мамлекеттин колу-буту коррупцияланышып кеткен. Эмне кылуу керек, партия түзөлү, мекен үчүн иштейли, коррупцияны ооздуктап, казынаны чеңгелдеп тоногондордун генерациясын алмаштыралы дедик. 2007-жылкы шайлоодо коркушту окшойт, болбогон шылтоо менен четтеттип коюшту. Андан бери тымызын иштөөгө мажбур болдук, себеби өткөн замандын репрессиялык аракеттерин билесиңер. Эгер бирдемебиз угулса эле өлкөдөн айдап чыгышмак, а биз качкын болгубуз келген жок. Тымызын күрөш аркасында партиябыз бир топ бутка турду. Анан саясый муктаждыктан улам уюшула калган өнөктөштөрдөн коомайланып турганыбыз чындык, буга чейинки кашыктап жыйганыбызды чөмүчтөп төгүп абайлы деп. Өнөктөш бололу деген сунуштар азыркы Убактылуу өкмөт курамын түзгөн партиялардан да, башка партиялардан да көп түштү, түшүп атат. Бирок, кечээгибизди бир заматта жокко чыгарып салбай, кылдаттык менен иш жасайлы дейбиз. Албетте, таза партиялар болсо, өнөктөш болушубуз, лидерлер курамы өзгөрүшү мүмкүн.

Маектешкен:
М.АЛЫМБАЕВ