Миллионго бааланган муфтий Каарманыбыз өткөн бийликте момун мусулмандардын муфтийи болуп келген. 7-апрелдин эпкини динчилерге да тийип, айтор өз каалоосу менен Муратаалы ажы кызматынан кеткен. Саясаттын чакчагы чагылып турганда чак түштө белгисиз адамдар Муратаалы ажыны уурдап, миллион сурашты. Молдолорду да муунтуп кирдикпи деп ыйман жакасын кармаганбыз анда. Муфтийден бир миллион сом алыша албай, кайра алты санын аман кайтарып беришкен. Экс-муфтийдин жашоосунда кандай сүртүмдөр болгонун бүгүн берип коюуну чечтик. Молдокебиз деле биздей эле пенде го.
Өмүр барагы
1973-жылы 20-майда Ноокаттын Ынтымак айылында туулган. Үй-бүлөдө 11 бир тууган, жетинчиси болот.
Дин жолун кантип тандап калган?
Т.Кулатов атындагы орто мектепти аяктаган соң айылындагы Нурбай молдодон ислам алиппесин үйрөнгөн. Андан соң Кызыл-Кыя шаарындагы азирети Усман атындагы медреседен окуган. 1992-1997-жылдары Кызыл-Кыяда имамдын орун басары, имам болгон.1999-жылы Ош областында казынын орун басары, андан кийин Бишкекке диний башкармалыкка жооптуу катчы болуп которулган. 2001- жылы муфтийдин биринчи орун басары, 2002-жылдан 2010-жылдын 9-апрелине чейин муфтий болгон.
Үйрөнө албаган аспабы
Чыгармачылык иш-чараларга, өзгөчө "Кыз-жигит" деген сынактарга көп катышчу. Комуз черткенге аябай кызыккан, бирок такыр үйрөнө албай койгон. Куранды кырааты менен окугандыктанбы ырдаганга үнү бар.
Самаган кесиби
Мектеп партасында агроном болгусу келген.
Бул каалоосун эжейине:
Ак шляпа кийгим бар,
Ак боз атты мингим бар.
Ай-талааны кыдырып,
Агроном болгум бар- деп жазып берген.
Аябай сүйгөн сабактары физика, химия болгон. Класском болуп, дубал-газеталарды чыгарган. Кичинесинде тентек, шок бала болгон.
Кимдин жолдошу?
Үй-бүлө очогун 21 жашында күткөн. Жубайы өзүнөн 4 жаш кичүү. Үч кыз, бир уулдун атасы. Бир кызы кыргыз, бир кызы орус мектебинде окуйт. Жубайы эч жерде иштебейт. Жубайы бир да жолу иш кеңсесине келген эмес.
Өзү
Машина айдайт. Ичкиликти татып көргөн эмес. Молдо боло электе эле тамеки тарткан эмес. Ноокаттыктардын коомун жетектейт.
Биз сүйгөн диктор Нуржамал Бурханова
Жагымдуу үнү, жүзү бар уникалдуу алып баруучу. Теленин босогосун аттаганына 14 жыл болду. Биз сүйгөн Бурханованын жашоо сүртүмдөрү...
Жери
Жери - Талас, эли - кыргыз.
Жактырган ойлору
Белгилүү киноактриса Софи Лорендин "Эң кыйын профессия - дайыма сулуу бойдон калуу" деп таамай айткан сөзү анын турмуш китепчесинен орун алган. "Не место украшает человека, а человек место" деген сөз да кайсы бир деңгээлде бул айымга ылайыктай.
Эмнеге баш ийет?
Өзүнүн чечимине гана баш ийген адам.
Жакын адамы...
Өмүр тартуулаган энеси Алиман. Жашоонун ысык-суугунда апасынын канатында. Бул да өзүнчө бакыт.
Башкы байлыгы...
Аздектеп жалгыз өстүргөн уулу Калысбек. Баласынын бактысы үчүн болгон аракетин жумшаган мээрман эне.
Музыка
Музыкада бир эле багыт менен чектелбейт. Попса, джаз, классиканы угат. Фортепианодо ойнойт. Бийлегенди жактырат. Романтик.
Достор
Алар сырдаш эмес. Ачыктыгын, жумшактыгын пайдаланып арттан канжар ургандар. Түбөлүк достук жок деген принциптеги адамдардан.
Жакшы сапаты
Кечиримдүү. Сатып кеткен дос-торун да кечирген. "Сен кечирсең, сени да кечиришет" деген ой дайым көкүрөгүндө.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.