![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Андай эмес Турдукан Жумабекова, ЖКнын экс-депутаты, юридика илиминин кандидаты, доцент: "Анда айткылачы ким жакшы?" - Турдукан Абдыкарыевна, маектөргө чакырып жатканыбыздын негизги максаты түшүнүктүү болуп жатса керек. Парламентте активдүү жана патриот депутат айымдардын бири элеңиз. "Кой аксагы менен миң" деген кептей болуп жаткан кез. Ушул тапта саясый активдүүлүктү жүргүзүп жаткандай маалыматтар кеткенсиди. Алгач эмне иш менен алектенип жатканыңызды билсек дейбиз... - 7-апрелден кийинки кризис синдромунан азыркы күнгө чейин чыга элекпиз. Түрмөктөлгөн саясый фармациялардын уюгунда калгандай эле болуп калдык көрүнөт. Элибиз азап-тозокко, орду толгус жоготууларга дуушар болду. Улуттар арасындагы арыздашуу күч алып, анын залакасы мамлекетибизди жоготуу коркунучуна алып келбедиби. Эгеменге ээ болуп, кыргыз улуту бекемделди, дүйнөлүк жамаатка тең укуктуу мүчө болуп дүйнө коомчулугу тааныды. Мына ушул сызылган жол менен экономикабыз дүркүрөп өсүп, заманбап кадрларыбыз менен жаркын Кыргыз мамлекетин куралы деген аруу тилек менен жашагандардын биримин. Карт тарыхыбыз тастыктап көрсөткөндөй, ал улуу күрөшкө жетиш үчүн кыргыз канча кыйырды басты, чачылды, бөксөрдү. Бирок улуттун улуулугун сактап муундан- муунга калтырды. Көрөңгөлүү маданиятыбызды, бай карт тарыхыбызга доо кетиргенибизди келечек муундар кечиришпейт. Улутубуз биздин сыймык экенин унутпайлы деп зар какшап айткым келет. Ушул окуялардан тарыхый жыйынтык чыгарып, кыргыз улуту келечекте ырааттуу өнүгүүнүн стратегиясын жана тактикасын белгилешибиз керек. Башаламандык процесстерде, позитивдүү көз караштардагы ой айтып чыгуу эч мүмкүн болгон жок. А деп ооз ача электе аны тескери бурмалап сөзсүз кыйкым издөө болмок. "Катууну жумшак жеңет" болуп, өзүңдүн жан дүйнөң менен болгон күндө да, кыргызчылыкка салып чукуп, жаманатты кылып жеке пикирин элге таңуулап жерден алып көргө салышат. Кыргыз мына ушул жаман адаттан аксап келе жатпайбы. Ушундай ыпластыкты, жийиркенич менен коомдун пикирин өзгөртүп жаткан ойлорду кагаз кагаздыгы менен көтөрөт экен. Көкүрөгүндө агы жок, чындыкка жакын жолобогон, ушак-айыңды жазгандан коркпогон адамга эмне деп айтмакчымын. Ага болгону ыйман берсин. Көралбастык, ичи тардык, абийирсиздик, наадандык, эки жүздүүлүк, кызганычтыктан арылып, кыргыздын эр-азаматтарына, акылдууларына, билимдүүлөрүнө жол ачып мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Алар өз кызыкчылыктарын эмес, элдин, улуттун кызыкчылыгын ойлогондор. Бул иш ар бирибиздин парызыбыз. Бүгүнкү апаат күндөрдөн биримдик гана чыгара алат. Ынтымагыбыз жок болсо, апааттын тамырын кыя чаба албайбыз. Кыйын кезеңде бирөөнү жаманатты кылуу саясаты мезгилдин талабы эмес го. Фактынын негизинде жазышса, анда башка сөз. Өлгөн адамды тирилтип жиберчү асылуунун өтө төмөн формасына түшкөндө, заманаң чын эле куруйт экен. Азыр гезит барактарын ачсаң, бир жакшы жылуу кабарды таба албайсың. Баары эле жаман. Мына 20 жылдан бери бир лидерди тандай алган жокпуз. Турдукан Усубалиев аксакалыбызды ушул күнгө чейин тепкиге алып келе жатабыз. Апсамат Масалиев аксакалыбызга да жылуу сөз айткан жопуз. Кыргыздын сыймыгы, жанар тоосу Чынгыз Айтматовду барктай алдыкпы? Кыргызда ким жакшы - өлгөн киши гана жакшы болот экен. Дооронбек Садырбаевдин көзү өткөндө гана жакшы киши болчу деп жар салбадыкпы. Ушакты кагаз бетине жаза салып, көрө албас нааданчылыктан канча адамдар жабыркады. Сындаганыбыз кандай жакшы нерсе алып келип жатат? Канга жинигип баратабыз го. Кыргызстан өзгөрүлсүн деп өз өмүрлөрүн да аябай берип жатышат го. Ошончо адамдын өлүмүндө да оозду тарта албай жатабыз го. Жазмакерлер кимдин курмандыгы болуп калды дегим келди. Азыр баарыбызда жан дүйнө жаңырыгы болуп жатат, эми эч качан бейөлүм болбосун деп күрөшкүбүз келип калдык. Кечээки окуялар кыргыз улутунун цивилизациялык коомдо татыктуу деңгээлге көтөрүүдөн башка максатыбыз жок да. Кыргыздардын максаты бири-бирин жаманатты кылуу эмес. "Учур" гезитиндеги менин дарегиме айтылган кеп өтө орой формада жазылган, чындыкка дал келбейт. Менин ошончо акчам болсо, партияларга чуркабайт элем. Бул - биринчиси. Экинчиси - аталган партиялардын босогосун бутум аттаган жок. Депутат кесиптештерим сунуш кылган партияларга баруудан ачык баш тарткам. Алар буга күбө. Кыргызымдын келечегин үйүмдө олтуруп ойлонуп, толгонуп жатам. Курсташ маселесин козгошуптур. Деги эле ал чындыкка жатпайт. Марат Бакиев менден үч курс кийин окуган. Анда эмне Азимбек Бекназаровду жазышпайт. Ал деле менден кийинки курста окуган. Депутат кезимде эмгек маянамды жардам сурап кайрылгандарга берип, өзүмдүн атымдан жаштарга стипендия берип, элдин көйгөйүн козгоп жан үрөп иштегем. "Манастын" бир дагы варианты толук басылган эмес. Өкмөткө тапшырма берип, А.Акматалиев агабыздын күчү менен "Манастын" толук варианты жарыкка чыкты. Мындай эл үчүн кызматтарды айта берсе, четтен чыгат. Эки жарым жылдык мөөнөттө ар бир жыйында маселе көтөрбөгөн күнүм болгон эмес. Канча мыйзамдарды жаздык. Аны жокко чыгарып салганга эч кимдин укугу жок. Ага эл тараза. Бааны көтөрүү саясатында "Аят пресс" гезитине бул боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп маек бергем. Биз да жөн олтурган эмеспиз. Алты дубандан келген ыраазычылыктар болгон. Айтаарым - карандай эмгегим менен келе жатам. Бирөөнүн же мамлекеттин ырыскысына кол салган эмесмин. Жупуну мүнөзүм менен элге жакын болгом. Үй бүлөм менен элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп иштеп келе жатам. Жолдошум Баткен согушуна да катышып, Мекенин коргогон укук коргоо кызматкери. Азыр да Түштүк окуясына кайдыгер карабай, кызматтык антын аткарып ошол жакта кызматта. Менин да коомчулукта өз ордум бар. Ушул тапта илимий иштердин үстүндө иштеп жатам. Укук коргоо кызматында иштеп келгендиктен ушак айтууга менин жан дүйнөм жол бербейт. Болгон нерсени эч ойлонбостон бетке айтам. Менде жасалмалуулук жок. Менин жүзүмдөн бардыгын көрсө болот деп жазган журналисттер азыр деле жүрүшөт. - Ошко барып келгениңизден кабардар элек. Ал жактан кандай ой менен кайттыңыз? - Муун-жүнүңдү зыркыратчу маалыматтарды уктум. Өрттөлгөн ордолуу Ош шаарын көрүп жан дүйнөм муздады. Таанышымдын студент кызы дайынсыз жоголуп кеткен экен. Алардын зар какшап ыйлагандарына чыдап тура албайсың. Кайда бара жатабыз деп жанымды коёрго жер таба алган жокмун. "Жакшы максатбүтүн кылат, жаман максат күкүм кылат" дейт. Эл гана баарын чыдап көтөрөт экен. Элдин кайратына таң бердим. Оң колунун ачуусун сол колу менен басып олтурганына күбө болдум. Кандай бийлик болбосун, ал эл тараптык болсун. Мамлекетибиздин ички жана сырткы коопсуздугун бекемдөө зарыл. Күч структураларынын ишин жөнгө салууда бир топ алгылыктуу реформаларды жүргүзбөсөк болбойт. - Кечиресиз, сизди 5-апрелде "Ак жол" партиясынан кетмекчи болгон дешет? - Бул маалыматты кайдан алдыңыздар? - Өзүбүздүн маалымат булактарыбыздан. - Бул маселени бир-эки гана адам билчү. Себеби Токтогулга барып эл менен жолукканым, гезит беттериндеги маектерим бир партиялашыма жакпай, артыман каза берген. Ооруканада жөн жаткызбай, бул маселени политсоветке алып чыгабыз дешкен. 7-апрель күнү эртең менен чакырышкан ."Кандай чечим кылсаңар да макулмун. Ал кесиптешимдин деңгээлине түшпөйм" деп чыгып кеткем. Ага фракциянын башчысы күбө. Эми муну бүгүн төш кагып айткым келбейт. Бул маалыматты коомчулука алып чыккым келген эмес. Суроо берилгенден кийин жооп берүүгө туура келди. Маектешкен Назгүл ЭСЕНБАЙ кызы КТР жана маданият министрлиги тарабынан 2010-жылы 14-майда бекитилген Муратаалы Күрөңкеевдин 150 жылдыгына Атай Огомбаевдин 110 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык "Тогуз кайрык" телесынагынын ЖОБОСУ Бардык элдик өнөрдүн башаты болгон үч кыл комуз кыргыз менен кошо кылым карыта жашап, анын рухий дүйнөсүнүн, улуттук жүзүн көрсөткүчү катары көркөм дөөлөттөрүнүн уюткусун түзүп келди. Ошо жөпжөнөкөй үч кылына симфонияга тете чыгармаларды сыйдырган керемет комуз кыргыздын кылымдаган тарыхын урпактарга жеткирип олтурат. Береги эле Токтогул, Карамолдо, Ыбрай, Атай, Шекербектей залкар комузчуларды берген элдин, кудай насиптеген ыйык комузун даңазалоо максатында комузчулардын республикалык "Тогуз кайрык" телесынагы кайра жанданды. Аны өркүндөтүү, адистик деңгээлге жеткирүү максатында маданият министрлиги, Бишкек мэриясы менен бирдикте телевидение 2010-жылдын июл- август айларында комузчулардын республикалык "Тогуз кайрык" телесынагын өткөрөт. Сурап билүү телефондору: 0555-00-19-15, 0778 63 22 00, 0772 02-53-53, (УТРК) 0312 66 11 28, 62 34 97 (Мад. мин.) Телесынактын максаты 1. Эл-жерибизди, мекенибизди сүйүүгө, улуттук дөөлөттөрүбүздү урматтоого, жашоонун жакшы көркөм кенчин үйрөнүүгө, ошолордун негизинде жаштарды атуулдук рухта тарбиялоого, чыгармачылык күлазык болуп келген комузчулардын күүчүлөрдүн сапатын жогоруатуу, чыгаан комузчуларды тандоо, тарбиялоо менен алардын талантын радио, телевидение, басма сөз аркылуу кеңири насыяттоо, элге жайылтуу. 2. Республикалык жалпы маданий-массалык иш-чараларды жандандыруу жана элдин эстетикалык табитин калыптандыруу менен маданиятткк эс алуусун уюштуруу. 3. Жаратуучулук өнөрдү өркүндөтүү, аткаруучулук чеберчиликти адистик бийик деңгээлде көтөрүү, алардын көркөм мазмуңун жогорулатуу максатында авторлорго, аткаруучуларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү. 4. Айрыкча соңку кездердеги кеңири кулач жайган жеңил-желпи музыканы ооздуктоо менен жаштардын табитин нукура элдик салттуу музыканын кооз үлгүлөрү менен тарбиялоо. 5. Катышуучунун сырткы келбети гана эмес, жандүйнөсү менен да сулуу экенин, байыртан келеаткан улуттук аспабыбыздын заман талабына жараша өркүндөп жатканын айгинелөө. Телесынактын жүрүү тартиби Тандоо туру ар бир облустун өзүндө өткөрүлөт. Ага чейин райондун комузчулары областка тандалып келинет. Областтарда биринчи тандоо туру төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт. 1. 21-22-июль. Баткен областы, тел:(03622) 2 22 96. 2. 24-25-июль. Ош областы, Ош шаары, тел:(03222) 2 29 96, 2 29 07. 3. 27-28-июль. Жалалабад областы, тел:(03722) 5 65 85. 4. 31-июль. 1-август. Нарын областы, тел:(03522) 2 10 07. 5. 7-8-август. Ысык-Көл областы, тел:(03922) 5 15 71. 6. 14-15-август. Талас областы, тел: (03422) 5 31 80. 7. 18-19-август. Чүй областы, тел: (0312) 21 43 55. 8. Бишкек шары. Тел: (0312) 62 04 82 Республикалык 2-турга ар бир аймактан 9дан катышуучу тандалып алынат. 2-тур 26-августа, 3-тур 27-августта Улуттук телерадиокорпорациясынын концерттик студиясында өтөт. Гала-концерт жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 28-августта Кыргыз улуттук Т. Сатылганов атындагы филармониянын чоң концерттик залында саат 19.00да башталат. Уюштуруу комитети
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||