Эртеңки жол…
Ал - катаалдыр, татаалдыр, тайкыдыр. Ага төлгө салбай эле коёлу. Бүгүн ачык асманыбызда караңгы түн түшүп турат. Кайсы бир саясатчылардын бийликке келиши миңдеген мекендештерибиздин өмүрүнө турду. Ырайымсыз өлүмгө туш болушту. Кандайдыр бир күчтөрдүн бийликке келиши да, кетиши да кан менен болуп калды. Кыргызымдын ырксыздыгы ай. Кемигиңде да, керкиңде да, беркиңде да бар. Коогалаң салып, колтукка суу бүркүп эмне таап жатабыз?! Ойлон, кыргыз. Эртең - референдум, - жүрөгүңдү ук, бир максатты танда. Мамлекетибиздин тагдыры чечиле турган учурда артта калбаңыз, кыргызстандыктар. Кыргызстандын түштүгүндөгү мекендештерибизге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз силер мененбиз….

Жаңы дем, жаңы күч, жаңы идея дейби
Кыргыз саясат айдыңында ушул тапта калыпка салынган кыштай болгон партиялардын көчүн жарып өтчү жаңы жүздүү, жаңы демдүү партияга көз зарыгып турган кез. Саясый дидактикасы жок партиялардын лидерлери колдон колго өткөн эски картадай болуп калышты. Жыдыган терини ашатсаң деле болбойт го. Партиялардын барабаны урулганда эле укмуштуу күч, укмуштуу лидерлер менен жаңы күч пайда болот экен деген кеп тарап кеткен. Эски программасынын чаңын сүртүп, баягы эле партиялар горизонттон көрүнгөндө кичине ыңданыбыз өчө түшкөн.
Бул жаңы күч качан чыгат дегиче болбой "Республика" деген аталыштагы партия ат салышка ачык чыга турган болуптур. Билесиңерби, алардын катарында мурунку да, азыркы бийликте да оңду- солду ишке аралашпаган чыныгы атаандаштыкты жарата турган жарандар турат экен. Алар орточул саясат менен кыргыз саясатын жаңы өзгөрүшкө алып келебиз деген амбициялары бар азаматтар көрүнөт. Албетте, мындай дымак болбосо болбойт. Көзүр карталарды ача турган болсок, аттарын биле алган жокпуз, бирок айрым бир фамилияларга көз түшүп калды. Маселен, Исаев, Султанбекова, Сулайманов, Бабанов. Биз ойлогон фигураларбы, айтпай туралы. Булардын асманында өтө чоң ысымдар бар дегенди да кулак чалды. Бул жерде да түштүктүн мыктылары басымдуу кылат өңдүү.
Эскиси кетти, жаңысы деле жакшылык жасай турган эмес деп, эл кимге ишенээрин билбей турган учурда жаңы дем менен жаңы күчтүн чыгышы электоратка эңсегенин берчүдөй. Саясаттагы чыныгы погоданы "Республика" жасачудай.


Тайыр Сарпашев
Музмайданда көрүнбөй боёк, кагаз бизнесинин битин сыгып жүргөн эле. Апрелден кийин Текебаевдин оң бөйрөгүндө отуруп калды. Түшкү тамакта ал киши менен тиш чукуп калганын көрүп калган жайыбыз да болгон. Кечээ токтогулдук бир эжеке "Тайыр Токтогулда баягы адатын баштады" деп күйүп чалыптыр. Токтогулдун жыт чыга турган жерлерине өзү калчап кадрларды коё баштаптыр. Таянганы ким экени түшүнүктүү…


Роза Отунбаева
Түштүккө броножилет жана ак кофта кийип барганын жергиликтүү эл туура кабыл албаптыр. Жакынын жоготуп, кара кийип аза күткөн элге ак кийинип барганы туура эмес. Бул ал жактын салтын жана маркумдарды сыйлабагандыгы катары кабылданыптыр. Араванда ачуу сөздөр айтылып, айтор өткөөл президент элдин жаалына кабылыптыр.


Исмаил Исаков
Кыргыз армиясы деп төш каккан генералды чет жактын маалымат айдыңы катуу сынга алды. Алардын аналитикалык берүүлөрүндө ачык эле "Кыргыз армиясы кандайдыр бир кырдаалдарга даяр эмес" деп, чаар форма солдаттардын ботсы, туфли кийген буттарын көрсөтүп жатышты. Аны көрүп өлбөгөн төрт шыйрагың эле калат экен. Укук коргоо органдары базар аралап өз чөнтөгүнөн чыгарып чаар футболка, шым сатып алганына күбө болдук. Алардын ал- жайын билген Алмаз Атамбаев да ыйлачудай сүйлөдү го. Исмаил мырза боюнча жакшы пикирлер деле болуп жатат.


Ау-у, Равшан мырза…
Равшан Жээнбеков Америкадан келип саясаттын дыңын бузуп кирди эле, ал демократ саясатчыбыз ийне жоголду болуп көрүнбөй калды. "Бир адамдын дагы өмүрү кымбат" деп, Американын сабактарын кыргызга сиңирем деп ташка урунуп алган го. Же Текебаевден тебетей тескери кылынганбы. Жок дегенде референдумга чакырык салбайбы.


Өмүрбек Суваналиев
"Каттани аттын башын буруптур, анын бир себеби бар" деп серепчилер баш катырып жатышат. "Кооптуу оюнга катышпайм" деп ачык билдириптир. Түштүктөгү кырдаалды көрүп туруп айтып жатат. Азыр от менен ким ойноп жатканын айтыш кыйын.


Темир Сариев
Теледен чарчаган жүзүн көрүп аяп да кеттик. Анын үстүндө сабап кетишиптир деген да маалымат тарап кетти. Көзүнүн асты шишип көгөрүп калганынан улам айтып жатышабы дедик. "Конституция менин тумарым" деген дили барбы деген суроо туулду. Каржы министринин командасы августта шайлоо деп үйлөрүнө түнөшпөй жатыптыр. Кокту-колоттун баары "Ак шумкар" деген жазууга толуп кетиптир.