Кыргыз Республикасынын Өткөөл мезгилдеги президенти Р.Отунбаевага, Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары А.Бекназаровго, Баш прокурордун м.а. Б.Ибраевге, Саламаттыкты сактоо министринин м.а. Д.Ниязалиевага
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну К. Бегматовдон
Арыз
Менин сиздерге арыз жазганымдын себеби, 2009-жылы 2-октябрда 22 жаштагы жалгыз кызым Бегматова Жаркынай Бишкек шаардык №4 төрөт үйүндө операциядан (кесарево сечение) каза болгон. Бул кайгы дарыгерлер Назаралиева, Султанова жана анестезиолог Ступкина айымдардын кызматына кайдыгер мамилесинен улам болду. Анткени кызым бала чагынан ден соолугу чың болгон жана 1,5 ай кош бойлуу кезинен тарта акушер-гинекологдун көзөмөлүндө болгон. Биринчи төрөт жана эгиз балдар деп мөөнөтүнөн эрте №4 төрөт үйүнө 2009-жылы 14-сентябрда жаткан. Дарыгерлер УЗИге тартып, эч кандай коркунуч жок, өзүң төрөй аласың дешкен.
Бирок дарыгерлер Назаралиева, Султанова жана Ступкина тийиштүү адистерге, дежур дарыгерге айтып кеңешпестен, кызымдын жана ата-энеси биздин каршы болгонубузга карабастан, өзүм билемдик кылып 2009-жылы 23-сентябрда операция (кесарево сечение) жасашкан. КРнын "Жарандардын ден соолугун коргоо" жөнүндөгү мыйзамдын 74-беренесиндеги "Согласие на медицинское вмещательство при хирургическом вмещательстве, переливании крови и применении сложных инвазинных методов диагностики необходимо письменное согласие пациента и его родителей" деген жагдай ачык бузулган. Операция жасоодон мурда тийиштүү деңгээлде инструменталдык, лабораториялык текшерүүлөр жана кызымдын группасына тийиштүү кан группасы даярдалган эмес. Натыйжада кызымды "гемморогический шокко" түшүрүшкөн. Ден соолугу чың кызым 10 күндөн кийин 2-октябрда каза тапты.
Кызымды операциядан соң 3 күн бою башка дарыгерлерге көрсөтпөй дарылашкан. Себеби дарыгерлер Султанова, Назаралиева жана Ступкина бул жерде иштегендерине 3-4 күн гана болуптур. Назаралиева буга чейин №6 төрөт үйүндө 6 эненин өлүмүнө себепкер болгондугу үчүн кызматтан алынган экен. Ага карабай 19-сентябрда Бишкек шаарынын вице-мэри Иманалиеванын көрсөтмөсү, шаардык саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Г.Алиевдин буйругу менен кызматка келишкен. Дарыгерлер кызымдын абалы оорлогондо гана жоопкерчиликтен кутулуу максатында улуттук госпиталга которобуз дешти. Ага чейин башка жактан жардам алса болобу десек каршы болуп коюшкан.
Алиев Гүлжигит аял өлсө эле дарыгерлерди жумуштан ала беребизби деген жообун узатты. Бул эмне деген мамиле? Кызымдын артында эгиз баласы калды. Буга чейин дарыгерлердин айынан көптөгөн энелер каза болгондугун билебиз. Мындайды токтотпосо кызматына кайдыгер карагандар дагы канча элдин убалына калат?
Октябрь РИИБи ишти карап, соттук-медэкспертиза болгон. СМЭнын 2009-жылдын 24-ноябрындагы жыйынтыгында кызымдын өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүү деп табылган. Бирок тааныштык байланыштар аркылуу экинчи экспертизада мурун айтылбаган HELP-синдром деп жазып, иш ордунан жылбай турат. Себеби Назаралиеванын күйөөсү Осмонов Камчыбек прокуратура тармагынын мурдагы кызматкери жана Октябрь райондук прокурору Суталинова Назаралиеванын жакын курбусу.
Кылмыш иши 119-берененин 2-бөлүгү менен козголгондугуна байланыштуу дарыгерлер укук коргоо органдары менен алдын ала сүйлөшүп алып убакытты атайын чоюп жатат. Кылмыш иши РИИБден прокуратурага, андан ШИИБге өткөн, бирок жылыш жок. Ушинтип 8 айдан бери чоюп отуруп, эми 4 айдан кийин кылмыш мөөнөтү бүттү деген шылтоо менен ишти жаап коюу аракети ачык көрүнүп турат. Сегиз айдан бери бардык органдарга кайрылдык, бирок эч жыйынтык жок. Кыргызстанда төрөт маалындагы өлүмдөргө олуттуу мамиле кылбаса, кыргыз генофондуна, демек улуттук коопсуздукка терс таасирин тийгизет.
Жогорудагы факты боюнча айыпты туура квалификациялап, КРнын КЖК 304-ст. 4-пункт, 104-ст. 4-пункту менен Назаралиева, Султанова, Ступкинаны жоопко тартууну суранам. Милиция, прокуратура органдарынын кызматкерлери Жунусов Улан, Эшимкан уулу Нурдин, Жоомартов Орозбектин иш жоопкерчиликтерин кылдат текшерүүңүздөрдү суранам. Бири экинчисине каршы чечим чыгарган РБСМЭнин кызматкерлери Матисаков, Мамыркулов, Жаналиев, Кагарлицкий, Бектуров, Шаршенов жана Керимованын кылмыш жообуна тартылышын көзөмөлгө алууңуздарды суранам. Эски бийлик учурунда адилеттик таппай келдик. Эми элдик бийлик мыйзамдуулукту туу тутуп, адилеттүүлүктү орнотот деген үмүтүбүз бар.

Редакциядан: Төрөт маалында дарыгерлердин колунан каза тапкандардын жакындары атайын комитет түзүп иш алып бармакчы болгондуктарын кабарлашты. Муну жабырлануучу жана адвокат Жунусов Ж. колго алып жатат.
Байланыш тел. 0 555 92-60-65; 0 312 36-03-09

"Журналист деген ардактуу кесиптеги жүзү жоктор жөнүндө учкай кеп"

Элибиз эзелтеден эле "калптын казаны кайнабайт" же "кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет" деп жалганга так баасын берген. Бул айтылган накыл кептердин турмуштагы чыныгы ордун мезгил өзү көрсөтүп, чындыкты канчалык каралабасын акыры бир күн суурулуп чыгаарын далилдеп келет. Мына ушул чындык деген чыркырак, баа жеткис куралы катары пайдаланыла турган журналист деген кесип бар. Биз бүгүн дал ушул журналистикадагы айрым адашкан көз караштар тууралуу кеп кылууну туура көрдүк.
Тилекке каршы учурда көрүп көрбөй, угуп укпай эле асмандан алып, эмне десе "Эшмат айтпадыбы" деген шылтоо менен жаза берген чабал көз караштагы жазмакерлер көбөйдү. Анан да эптеп эле бирөөнүн тыйынын ала коюп, башка бирөөнү тааныса, тааныбаса деле жалган менен жамандаган журналист сөрөйлөрдүн атайын мектеби түзүлгөндөй сезилет. Жадагалса алар бүгүнкү күндөгү жалпы кыргыз элинин башына түшүп турган оор кайгыдан кыр издешип, элдин ыйынан саясат жасоодон дагы баш тартышпай турган чагы. Ошондой эле саясат айдыңында төбөсү көрүнүп калган адамдарды бири бирине кайраштырып, Самарканддан саман учуптур десе, Таластан там кулаптыр саясатын күчүнө киргизип алышкан. Буга акыркы күндөрү адам үрөйүн учурган айрым окуялар тууралуу массалык маалымат каражаттарында жазылып, көрсөтүлүп жаткан маалыматтар күбө. Мисалы башында Адахан Мадумаров турган "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустук жана Бишкек шаардык комитеттери тарабынан эң биринчиден адамгерчиликке багытталып чогултулуп, жабыр тарткан жарандарга даректүү берилген жардамын дагы саясатка аралаштырып, шайлоо алдындагы оюн катары көргөзгүлөрү келгендер көбөйүүдө. Ушундай эле сокур сыноолорго башка дагы саясый партиялар кабылып жатышат. Анан дагы окуя болгон жерге барып, өз көзү менен көргөнүн, жергиликтүү жашоочулардын айтышкан аманатын элге жеткирүүнү милдетим деп сезген айрым атуулдар дал ошол чала сабат, жүзү жок жазмакерлер тарабынан эл бузарлар, улуттарды кайраштыруучулар болуп көрсөтүлүүдө. Буга мисал: баарыбызга өзүнүн курч жана так, таза маалыматтары менен белгилүү болуп жүргөн "Вечерний Бишкек" гезитинин кабарчысы Андрей Орешкин аттуу эргул, кайра эле "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын 17-июнь, 2010-жылы 24.kg маалымат агенттигинде, жалпы кыргыз элинин башына түшүп турган оор кырдаал, андагы жергиликтүү тургундардын Убактылуу өкмөткө жеткирип койгула деген аманаттары боюнча берген маалымат жыйынына өзү барбай туруп, маалыматы жок эле, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы улуттук жаңжал чыгарууга чакырды тобо" деп гезитине жаза салат. Анда партиянын мүчөсү, КРнын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин жыйында айткан сөзү толугу менен бурмаланып, партиянын төрагасы Адахан Мадумаров дагы анын жалган сөздөрүн колдоду, булар эмне, жок нерселерди эле айта береби, ким өзүлөрү деген күнөө коюлган. Мына ушундай акылга сыйбаган абийирсиздикти көрүп туруп, айрымдар үчүн бүгүнкү күндө элдин, мамлекеттин тагдырынан дагы Мадумаровдун, Борбиевдин же дагы башка саясатчылардын чын сөздөрүн бурмалап, элдин башын айлантуу кызык болуп жатабы деген ойго келет экенсиң. Мисалы жергиликтүү эл чогулуп, "айланайындар жанагы КТР дегениңер берип жаткандай 100дөн ашык адам эмес, 1000ден ашык киши көз жумду, айрымдар айтып, жазып жатышкандай кыргыздар канкор, мыкаачы эмес" дешип көз жаштарын төгүп жатышса, биздикилер кайра эле, "официалдуу маалымат боюнча 100дөн ашык адам каза болду,кырдаал көзөмөлдө дешип, 20 жылдан берки көнүмүш ырын ырдап олтурушат. Эмне элге болгон чындыкты айтып, эл менен биргелешип кыйынчылыктан чыгуунун жолун издөө өтө эле оорбу? Биз бул жерде бүгүнкү күн менен жашоо бүтпөсүн, эртең эле турмуш деген ачуу чындык баарын өз ордуна коёрун, кудурети күчтүү кудай баарын таразалап көрүп турарын унутуп калып жаткандайбыз. Тилекке каршы, биздин жогорудай сыйкырчы жазмакерлер эмнегедир, "Фергана.ru", "Централ Азия" өңдүү маалымат сайттарында кыргыздарды жерден алып көргө таштап, дүйнөлүк коомчулукка мыкаачы, канкор, көрсөтүп, улуттун жүзүнө шек келтирип жазып жатышкандарына жооп кылышпайт. Анткени бул үчүн алардын демөөрчүлөрү акы төлөбөйт. Андыктан элдин тынчтыгына, мамлекеттин бүтүндүгүнө дал ушундай акчага сатылган, арсыз, жүзү жок жазмакерлер менен айлакерлер көбүрөөк доо кетирип жатабы деген ойго аргасыз кабылат экенсиң.


Айтегин Назар

Барымтада калгандардын баяны
Тополоң күндөрү Ошто эки улут өкүлдөрү бири-бирин барымтага алган учурлар көп болду. Кыргыздар колго түшкөндөрдөн өзбектер кайдан курал алганына кызыкса, өзбектер кыргыздарды зомбулук менен камерага сүйлөтүп, бүт дүйнөгө таратып жатты. Учурда Ош шаарынынын тургундары барымтага алуу аракеттери дагы эле уланып жатканын айтышат.

Биз барымтадан аман чыккандардын дээрлик көпчүлүгүн шаардык ооруканадан таптык. Көпчүлүгүнүн саламаттыгы оор бойдон, бирөөсүнүн башы жарылган, колдору сыйрылган, дагы бирөөсү сүйлөөгө алы келбейт. YouTube видео сайты аркылуу "кыргыздарга курал таратылып, өзбектерди аткыла деген буйрук болгон" деп кайрылуу жасаган 17 жаштагы Адилет үйүнөн чыгып баратып өзбектердин колуна түшүп калганын мындайча эскерет:

- Өзбектер абдан көп жашаган аймакка алып барышты. Оозума граната салышып, жардырабыз дешти. Анан мен алардын камерасына эмнени айтышса ошону кайталап айтып бердим. Союп салгыла дешти эле, бир өзбек бала андан көрө бул жигитти алмашабыз деди. Мен тирүү каларыма деле ишенбей калгам.

Адилетти 14-июнь күнү барымтадагы кыргыздар менен чогуу алып келишип, аскерлердин колуна тапшырып, алардын ордуна өзбектерди алып кетишкен. Күтүлбөгөн окуядан катуу коркуп калган бул жигитти караган дарыгерлер анын баш мээси катуу чайкалганын, денесинен да оор жаракат алганын, учурда абалы оор экенин айтышты. Шаардык ооруканада Адилет сыяктуу барымтадан куткарылгандар ондоп саналат. Арасында кыргызы да, өзбеги да бар.

Оштук тургун Мирлан 11-июнь күнү Черемушка кичи районунда достору менен чогуу барымтага алынган. Анын эки досу каршылык көрсөтөм деп ошол жерде окко учкан.

- Мени байлап алышып, башыма чүпүрөк ороп алып урушту. Мен эч нерсе айтпай койдум. Эч кандай сыр деле билбейт болчумун. Анан кандайдыр бир ачуу суу ичиришти. Башым айланып, эмне болгонун билбей калыпмын. Ошол учурда бир нерселерди камерага айтып коюшум мүмкүн. Эс-акылым соо кезде эч бир нерсе айткан эмесмин. Ошон үчүн катуу таяк жедим. Карачы, кабыргам сынды, ордуман тура албайм.

Мирлан кантип аман калганын, ооруканага кандайча келгенин да билбейт. Анткен менен барымтага түшкөндөр жалаң эле кыргыздар эмес. Маселен, Черемушка кичи районунда эки өзбек жигитти кыргыздар кармап алышып, "куралды кайдан алдыңар? Эмне үчүн жаңжалды баштадыңар?" деп сурака алып жатышканына өзүм күбө болдум. Кыргыздар көп жашаган кичи райондо барымтада калган өзбек улутундагы Ойбек кыргыз аскерлеринин жардамы менен куткарылганын айтууда:

- Эми эмне болот деп отургам. Анан эле кыргыз аскерлери кирип барышты. Кайда барасың дешкенинен, Араван районуна кетем дедим. Алар мени алып чыгып, Аравандагы туугандарыма жибере турган болушту. Абдан кубандым.
17-июнь күнү Ош облустук администрациянын алдына 50дөн ашуун кыргыздар топтолуп, өзбектер ушул күндөрү да барымтага алууну улантып жатканын айтышып, облбийликке аларды куткарууну, болбосо элге курал бергиле деген талап коюшту. 18-июнь күнү өткөөл мезгилдин президентинин Ошко болгон сапарында жакындарын жоготкондор кайрадан топтолушуп, аларды таап берүү талабын коюшту.

Топтолгондордун арасында ошол күнү өзбектердин колуна түшүп калган эки уулунун сүрөтүн көтөргөн эне да жүрдү.
- Жараштык деп айтып жатышканынан уулдарым көчөгө чыккан. Базардагы дүкөнүбүздү тазалап жатышкан эле. Анан эле жок болуп кетишти. Телефон чалсак өзбекче сүйлөгөн бирөөлөр алып, балдарыңыз бизде деп айтышты. Мага уулдарым тирүү керек, айланайындар.

Бийликке арызданып келгендердин катарында жакындарын таппай, жок дегенде алардын сөөгүн таап берүүнү өтүнгөн, талап кылган адамдар да бар. Алардын алдына чыккан шаар комендантынын орун басары Бахтияр Фаттахов, барымтадагы кыргыздарды бошотууга сөз берди.
- Силер айткыла, мен өзүм барып бошотуп келем. Каерде болбосун алып чыгабыз.

Учурда Ош шаарынын тургундары арасында барымтага алынгандар тууралуу ар кандай сөздөр, ушак-айыңдар арбын. 17-июнь түнү облустук балдар ооруканасынын дарыгери Касым Жусупакматовдун уурдалышы да коомчулуктагы айың-кептерди андан бетер күчөттү. Күч органдары болсо, барымтадагылар алдыңкы эки күндүн ичинде толугу менен бошотулаарын, бул окуялар боюнча иликтөө иштери башталганын белгилешүүдө.

Жанарбек Акаев