Жаңы муунга жол ачкыла

Эдил Байсалов, "Айкөл эл" партиясынын негиздөөчүсү:
"Баарыбыз кыйын болсок, күчүбүздү жыйнап, шайлоодо элдин элегинен өтөлү"
"Мен өзгөрүүнү сезген жокмун"
- Сиз КСДПга мүчө болуп киргенде интервью алган элек. Минтип "Айкөл эл" партиясын түзгөндө маектешип олтурабыз. Сиздин партияңыз тууралуу коомчулукта түрдүү пикир айтылып жатат. Бул партия качан түзүлгөн эле?
- 7-апрелдеги баатырлар Бакиевдердин бийлигин кулатып, мага окшогон саясый куугунтукка кабылган адамдардын Кыргызстанга келүүсүнө мүмкүнчүлүк алып берип, кайтпас сапарга кетишти. Шейит кеткен балдардын үй бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз тирүүбүз. Биздин парзыбыз, атуулдук милдетибиз - шейит кеткен балдардын арбагын сыйлап, күндүр-түндүр өмүрүбүздү аябастан, башыбызды сайып иштөө.
Четтен келгенден бери 2 айда ата-энемдин жанында үч гана саат болдум. Калган убактымдын баары өкмөт иштеринде өттү. Элиме кызмат кылып, мамлекетти сактап калуу үчүн тынымсыз иштедик. Оор кырдаалды башыбыздан өткөрдүк. 7-апрелден кийин кыргыз элине Бакиевдер согуш жарыялап, "Бизди айдап чыктыңарбы, канга чөктүрөбүз" дешти. Эки айдын ичинде эмне деген жүрөк титиреткен окуялар болду. Мен бүгүн өкмөттүн ишин тапшырып, Кыргызстаныма кайтып келгендей болуп жатам. Сиздердин редакцияга келип, Бишкектин түшүмө кирген көчөлөрүн аралап, сагынган жүздөрдү көрүп толкунданып жатам.
Эми партияга келсек, "Айкөл эл" партиясы мурунку бир партиянын негизинде түптөлгөн. Жаңы көз карашты камтыган, демократия принциптерин тутунган партия. Эмне үчүн өзүмчө партия түзүп чыгып жатам? 7-апрелден кийин тарыхыбыз, заманыбыз, элдин аң-сезими түп-тамырынан бери өзгөрдү. Революция болду. Аёосуз кан төгүлдү. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек мекендештерибизди келбес сапарына узаттык. 95 мекендешибиздин арбагын ыраазы болгудай өлкө курабызбы же 2005-жылдагы катачылыктарды кайталайбызбы деген ойлор кыжаалат кылып, түн уйкумду бузуп жатат. Ошондуктан өзгөчө жаштар мамлекетибиздин демократиялуу болушуна аракет кылып, парламенттик шайлоого катышышыбыз керек. Артка жол жок. Жакшылап байкасаңар, 2005-жылдагы көрүнүштөр кайталанып жаткандай. Ошондо жанданган күчтөр азыр да далбас уруп жатышат. Ошол жылдагы мамлекеттик кызматта иштеген таасирдүү жүздөр азыр да Убактылуу өкмөттө олтурат. Эски катачылыктар кайталанбайт дегенге кепилдик барбы? Элге кызмат кыла алабызбы? Элдин аң-сезими өзгөргөнүн биздин аткаминерлер туюп-сезип жатабы деген суроолор туулат. Менимче, жок. Анткени, кадр саясатында баягылар эле. Он жыл мурунку, беш жыл кийинки бийликке кызмат кылгандар. Булардан башка кадр жокпу десем, "Мындан артык кадр жок" дешет. Көрсө, алар убактылуу өкмөттөгүлөрдүн муундаштары экен. Келгенден бери Убактылуу өкмөттөн жаңы муун, жаңы дем жүздөрүн көрө албадым.

- Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү менен аралашып жүргөн сиздин ичиңиз чыкпаса, деги алар кандай иштер менен алек болуп жатышат?
- Убактылуу өкмөт Кыргызстанда жарака кетпесин деген аракетте элди чачыратпай турушат. Булардан чоң реформа күтүүнүн өзү туура эмес. Убактылуу өкмөттүн мандаты чектелүү - алардын мандаты - мамлекетти сактап калуу эле болчу. Бүгүнкү күндө эң негизги күч - эл, чечим чыгаруучу, баарын өз ордуна кое турган кожоюнубуз дагы - эл. Саясатты талдаганга элдин деңгээли өсүп калды, көзү ачылды. 21-кылымдын иш күнүн чагылдырган, Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландырчу партия болушу керек.

- Маалымат-жыйынынан кийин сиз жетектеп жаткан "Айкөл эл" партиясы КСДПнын эле көчүрмөсү деген сөз айтылды. Атамбаев шайлоого барбайм деди, анын сөзүнө турары, КСДПнын улантуучусу сиз болооруңуз айтылып, КСДП партиясындагы үлкөн бизнесмендердин баары сиз жетектеген партияга кирип, ошолор премьер-министр, министр болот деген кептер коомчулукка тарап жатат...
- (Күлүп) Оозуңузга май. Эл оозунда элек жок да. Мен деле КСДПдан чыккан адаммын. КСДП канча жыл мурун түзүлгөн эски партия. Анын тарыхын карап көрсөк, мен биринчиси да, акыркысы да эмесмин. 1993-жылдан бери А.Эркебаев, А. Муралиев, И. Кадырбеков, Т. Сариев, М. Эшимканов, Ө. Бабанов жана башкалар болгон. Мен КСДПга жалгыз барган жокмун. Региондордогу канчалаган идеялаштарымды, коллегаларымды да мүчө кылгам. Роза Исаковнаны жана Бакыт Бешимовду ал партияга үндөгөм. Атамбаевдер орун басар, жооптуу катчы экенибизге карабай, тизмеге Роза Исаковнаны он экинчи кылып, мени болсо он жетинчи кылып, анан алдыга жылдырышкан. Көрсө, биздин акчабыз жок экен. Роза Исаковна экөөбүздү анда "авторитетиңер жок" деп айтышкан. Ага карабастан агитация маалында капчыктууларды эмес, бизди тынбай плакат, телеге чыгарышпадыбы. КСДПнын чоң мектебинен өттүм. Ал партияга көз карашым түз. 2007-жылы жоро-жолдошторум, коллегаларым: "Эдил, КСДПга барба. Сенин жолуң башка. Сен жаштарды, демократиялык күчтөрдү чогултуп, жаңы барактан башташың керек. Эски партияга кошулба. Өзүңчө партия түз" дегенине макул болбой, "Карлик партия түзгүм келбейт. Мен жооптуу кишимин. Бир партияны тандап, ал партия менен парламентке барып, ошол партияны өнүктүрөм, жалпы элдик партияга айландырам" деген ниетимди билдиргем. Бир канча планым ишке ашты. Тилекке каршы, бат-бат эле референдум, мөнөөтүнөн мурда шайлоолор болду. Ошол учурда болбогон жерден кылмыш ишин козгошуп, Бакиевдер бюллетендерди жокко чыгарып, мени Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз кылышты.

- Өмүрбек Бабановдун туулган күнүнө барып жалындуу сөздөрдү сүйлөптүрсүз. Демек, бүгүн сиздин партиялашыңыз Бабанов турбайбы?
- Бабановдун туулган күнүндө жалындуу сөздөрдү айтмак түгүл, качан болгонун дагы билбейт экенмин. Билсем, куттуктап коймокмун. Ал кишини сыйлайм. Кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири. Бирок, Бабановдун күнү Байсаловсуз деле өткөн, Байсаловдун күнү Бабановсуз деле өтүп жатат. Өтө берет.

- Сизге ачылган кылмыш иши бүгүнкү күндө жокко чыктыбы? Акталдыңызбы?
- Ал кезде Бакиевдердин тапшырмасы менен менин күнөөмдү тактабай туруп, шайлоонун астында КСДПнын мойнуна миллиондорду илип койгон. Азыркы учурда кылмыш иши жабыла элек. Кудай буюрса, оң жагына чечилет деген ниеттемин. Анткени, мен ошол эле сөзүмдө турам. Фальсификация болот дегем, болду. Бюллетендер туура эмес экенин айтып, башка барактардан айырмаланган артыкчылыктар кошулуп жасалышы керек экенин айткам. Алар бюллетенди жокко чыгарып, кеткен чыгымдын баарын партияга илип коюшту. Ошонун негизинде мени камоого ниеттеништи. Бийликти сындаган ым үчүн, ошол эле учурда "бул бюллетенди ар ким эле жасай берет" деп чырылдап айтканымды өзүмө каршы колдонушту. Мага кыйынсынып Максимдин тапшырмасын аткарган Клара Кабилова эмне болгонун билесиздер. Кыскасы, кара санап, чындыкты төө бастыга калтыргандардын баарын убакыт өз ордуна коюп, кимибиз ак, кимибиз кара экенибизди көрсөтүп койду. Менин жүзүм эл алдында жарык.

- Сизге колдонулган ыкма кайсы бир партияны же кимдир бирөөнү сындырыш үчүн бул жолу да пайдаланылбайбы?
- Келе жаткан референдумга БШК азыркы техникалык жетишкендик жана мыйзамга ылайык, башкалар жасай албай турган бюллетень жасап жатышат. Ар бир бюллетенге голограмма коюп жатышат. Россияда бир канча жылдан бери ушундай ыкма колдонууда. Түстүү кагазга голограмма басылган. Мурдагы мага байланышкан иш болсо, андагы БШК өз ишин билбей турганын чукуп көрсөткөнүм үчүн Максимден түздөн-түз буйрук берилип чыгарттырылып, бийлик мени каматып, зектердин колу менен жок кылдыртышмак.

- Анан, мекенден чыгып кетүүгө аргасыз болдуңуз. Бирок Кыргызстанга келгениңизде баягы санаалаш-идеялаштарыңар кучак жайып тосуп алышкан жок көрүнөт. Себеби, башын калкалап чет мамлекетке качып кетишкен, революцияны биз жасадык деп чыгышты...
- Швецияда жүрсөм дагы бул жактагы саясатка кандай салым кошконумду билчү адамдар билет эле. "Эр жигит жоо бетинде, эл четинде" дейт. Азыр олтуруп алып, тигини-муну мен уюштургам, кылычымды минтип чаптым деп мактанган жарашпайт. Мен жасаган иштин четин билбеген адамдар Швециядан келип эле Отунбаеванын жанына олтуруп калды деп айтышы мүмкүн. Аларга эки жарым жыл жок болуп, бийлик алмашканда жетип келген адамдай туюлушум мүмкүн. Андайларга Роза Исаковна кандай салым кошконумду айтып берсин. Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү "Швециядан эле келип калбадыңбы" деп бетиме эле айтышты. Мен Швецияда иштеп жатканда көптөгөн кишилер тынчып, баш көтөрбөй калбады беле. Көптөгөн кишилер жакында эле Бакиевдин этегинен чыгышпадыбы. Мага деле Бакиевдерден: "Сен бизге каршы чыкпа. Дайындачу жерге дайындап коебуз. Колдоп бер. Багынып бер" деген. Макул болгон эмесмин. Андан көрө оюндан чыгам деп өлкөдөн чыгып кеттим. Басма сөз каражаттары аркылуу сындай турганын сындап жаттым. Физикалык жактан Кыргызстандын четинде болсом, жан дүйнөм Кыргызстанда болду. Менден интервью алгандарга "Жаныңарда эле жүрөм. Ат-Башыда жатат деп элестеткиле деп айтчумун.



- А.Бекназаров пресс-конференция берип, "Биз кызматыбызды таштап кетпейбиз. Шайлоого барабыз. Керек болсо, Отунбаеванын жанына барып олтуруп алабыз" деген сөздү айтты. Бул боюнча сиздин комментарий...
- Менин оюмча, бул туура эмес. Мындай кадам мыйзамга карама-каршы келет. Мыйзамга ылайык жооптуу кызматкерлер шайлоо жакындаганда кызматтарын токтотушу керек. Моралдык, саясый келишимдер дагы бар. Ошол келишимге ылайык Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү шайлоого саясый күч катары катышып, элдин элегинен өтүшү керек. Ошондуктан Роза Отунбаевага "таза, ачык-айкын шайлоо өткөзүп бериңиз, кимибиз жеңсек, добушубузга ылайык бийликти бөлүштүрүп бересиңер" деген саясый милдеттеме жүктөлдү. Эгер өздөрү кызматынан кетпей шайлоого бара турган болсо, анда эмнеге Роза Отунбаеваны чектеп коюшту. Анда Отунбаева деле шайлоого катышсын.

- Балким, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүндө шайлоодо жеңе албай калабыз деген коркунуч бардыр. А балким, кызматтан кетсек, революцияны эмне үчүн жасадык деген ойдон чыга албай жатышкандыр...
- Саясый күчтөр жетектеди, бирок революцияны эл жасады. Орду толгус жоготуулар болду. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү мыйзамды сактап эки ай кызматтарынан кетиши керек. Саясый келишим боюнча дагы, принципиалдуу түрдө дагы шайлоого катышып, өкмөттүн сыртында болушу керек. Эки айда мамлекетибиз чачырап кетпес. Баарыбыз кыйын болсок, күчүбүздү жыйнап, шайлоодо элдин элегинен өтөлү. Программалар идеалдуу, жеткиликтүү болсо, элге чыгышсын. Эл түшүнөт, эл тараза. Бакиевдин режимине деле туруштук берген да. Элдин тынччылыгын коргогон партияларды колдосо керек. Элдик бийлик деген бар да. Мыктыларыбыз элдин добушун алып келебиз.

- Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү бийлик колуна тийгенине жетине албай эки айда жыйынтык беребиз, иштейбиз дешти эле. Тескерисинче, эки айдын ичинде элди иренжитип алгандай болушту...
- Бийлик деген бийлик экен. Азыркы кырдаал туңгуюкка кептелип жатат. Мурунку бийлик, башка күчтөр эл тынчтыгын бузууга куштар болуп жатат. Ошентсе да Убактылуу өкмөт жашообузду түп-тамырынан өзгөртө албаса дагы, саясый эрки бар экенин көрсөтүп, жаңы багытта иш алып барса болмок. Толугу менен жаштарды, жаңы көз караштагы муунду алып келебиз деп эл ишенимине ээ болуп калышса болмок. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Убактылуу өкмөт эл ишеними күндөн-күнгө азайып, абройлору төмөндөп баратканын сезип-билиши керек. Шайлоо учуру келгенде тең укукта карапайым эле саясый партиялардын катарында катышы керек.

- Убактылуу өкмөттө коррупция жок, эч кимиси акча албайт дедиңиз. Эгер коррупция жок болсо, камалсын деп кечээ эле кара тизмеге түшкөндөр бүгүн күнөөсү жок деп акталып жатат. Буга кандай жооп айтасыз?
- Менде да суроолор көп. Көп жерде шашылыш чечимдер кабыл алынган. Көп жерде түшүнбөстүк болуп жатат. Мурдагы бийликтердей болуп мындан мынча аласың, бул кишини мынча күн камайсың деп буйрук берген жок. Роза Отунбаева принципиалдуу демократ. Ошондуктан укук коргоо органдары кандай иштеп, кимдин буйруктарын аткарып, кайсы негизде иш алып барып жатканы Отунбаеванын жанында олтурган мага дагы белгисиз. Кээ бир иштерге ичим жылыбагандыктан өзүмчө партия түзүп, чоң күч болоюн деп жатам.

- Сиздин жообуңуздан кийин коррупция гүлдөп, кадрдык саясатта мүчүлүштүктөргө жол берилип жатат. Кыргызстанды ким башкарып жатат деги?
- Балким, мен радикалдуумун, чечкиндүүмүн, Укук коргоочу катары, жаш муундун өкүлү катары да көңүлүм тойгон жок. Калгандары балким, ыраазыдыр. А мен накта демократиялык революцияны каалайм. Элимди чай, лепешка менен баккым келбейт. Кошуна мамлекеттердин акыр-чикирлерин тазалап, жарыбаган маянасы менен балдарын бакканы мага жакпайт. Элимдин жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрткүм келет. Жергебиз гүлдөп-өскөн, элдин баары иш менен камсыз болгон жашоону түзгүм келет. Адилеттүлүк, калыстык өкүм сүрүшүн каалайм. Милициябыз бизге душман болбосун, коррупцияны жойсок, жаштар билим деңгээлине жараша мамлекеттик кызматтардабы, башка чөйрөдө болобу, өз таланттарын көрсөтө алса деп кыялданам. Балким, менден улуу адамдар "өлбө жаным өлбө" деген жашоого көнүп, эң башкысы алдымда кызматым болуп, аман-эсен жүрсөм болду дегенге каниет кылаттыр. А бирок 7-апрелде чыккан адамдар мындайга макул эмес. "Ушундай илең-салаң жашоо болсун деп чыктык беле? Эмнеге жаштар жанын берди" дегендерди угуп калып жатам. Менимче, сен жакшы, мен жакшы деп иштегенге укугубуз жок. Толугу менен бийлик алмашышы керек. 2005-жылдагыдай көрүнүш кайталанып кетеби деген кооптонуу дагы деле бар.

- Сиз ушундай азап чегип, чет мамлекетке кеткениңиз үчүн кимдир бирөөнү жазалагыңыз келеби?
- Жок. Жашоону жаңы барактан баштоону каалайм. Өч алып, кек кууп, каргагым келбейт. Жазалап, жоопкерчиликке тарткым келбейт. Алар деле кыргыздын балдары деп, баарын кечирем. Мурдагы бийлик катачылыктарын кайталабай, мамлекеттибизди түп-тамырынан өзгөртөлү дейм. Азыр болсо революциянын динамикасы жоголуп, өчүп баратканына тынчсызданып жатам.
- Референдумга коюлуп жаткан Конституцияны идеалдуу деп эсептейсизби?
- Идеалдуу Конституция деп эсептебейм. Бирок кандайдыр бир прогрессивдүү моменттери бар. Бул долбоорду жалгыз Текебаев эмес, Конституциялык кеңешме иштеп чыгып, Убактылуу өкмөт бир канча отурумдан кийин жактырган. Менин оюмча, Конституцияны колдоого алсак болот. Бирок ошону өзүбүзгө сиңиргенге жетише алабызбы же албайбызбы, аны билбейм. Бул чоң эксперимент. Парламенттик республика болсо экен, өнүп-өссөк деп максат коюп жатабыз. Ошондуктан жаңы күчтөр дагы келиши керек. Анткени, байкасаңыздар, көбү 2005-жылдагы саясый партиялар болуп жатат. Мен өзгөрүүнү сезген жокмун. Анткени, мен деле бир шайлоочумун да. Кимге добуш береримди билбейм. Баягы эле партиялар. Ошондуктан бир альтернатива түзүү чечимин кабыл алдым.

- Шахматта деле шах, анан мат болот, анын сыңарындай кайра эле оюнга кирип жатышат. Ушул шайлоо канчалык реалдуу болот?
- Шайлоону фальсификация кылып, жергиликтүү бийликтер элди ойлобой Бакиевдерге жагыштын аракетин көрүшчү. Бакиевдер болсо элди ойлобостон саналуу гана кишилерди карап, Бакыт Калыевге окшогондорго 8 миллион долларга ээлик кылууга мүмкүнчүлүк түзүп берип көз жумуп коюшчу. Ошолор элди кырса дагы бизди коргоп калат деген ойдо болушчу. Азыркы учурда андай келишим жок. Азыр Акаев менен эмес, Бакиев менен эмес, келишимди эл менен түзүш керек. Бийлик алуунун жалгыз булагы - эл. Депутаттарды элге баш ийдирип берсек, кепилдик болот. Азыр бийликке эл кожоюн болушу керек.

- Партиялык тизме менен келгенде жер-жердеги адамдар кимге кайрылаарын билбей калат экен. Бир мандаттуу шайлоо болсо, ар ким өз депутатына барат эле деген кептер бар. Буга кандай карайсыз?
- Менин оюмча, бул шайлоодо эмес, кийинки шайлоодо механизмин региондорго жакыныраак кылып, өзүнчө тизмелерди киргизебиз. Ал жагы талкууланып жатат. Экинчи жагынан саясый партиялар парламенттик шайлоодо эле иштебестен, шаардык, райондук, айылдык кеңештерде дагы улантылат. Ошондо гана партия жакшы иштейт. Көч бара-бара түзөлөт. Ошондо гана эл менен байланыш күчөйт. Мурда "Ак жолдун" тизмесин Максим түзүп жатса, БШКга команда берип жатса, анан кантип эл менен байланыш болсун? Максимге жаксаң ишиң илгерилеп, анан айылдаштарын ойлоп эмне кылат. Булардын кызматы жалгыз гана Бакиевдерге болгон.

- Сиздин бүгүнкү күндөгү идеялаштарыңыз ким? Текебаев, Бекназаров, Атамбаев эмес...
- Менин идеялаштарым - эл. Эл деп айтсам, албетте, катуу угулат. Менин оюмча, азыркы учурда элдин 95%ы кимге ишеним артып, кимге добуш берээрин билбей турат. Мурунку күчтөрдөн мурда жаңыларына ишеним артышыбыз керек. Азыр 2005-жылы кайсы жерден катачылык кетирдик, эмнеден жаңылдык, эмне үчүн элдин таламын коргой албай калдык деп ойлонуп жатам. Талапташтарым - жаңы муун. Жаңы муун дегеним, жаштар эле эмес, арасында орто муун, улгайган адамдар дагы бар. Алар буга чейин саясый активдүүлүгүн көрсөтүшкөн эмес. Бирок, абдан патриот адамдар. Ошондуктан ал адамдардын башын бириктирип, акты ак, караны кара, экиге экини кошкондо үч же беш эмес, төрт деген адамдардын башын кошобуз.

- Равшан Жээнбеков менен болгон маегибизде ал "...жаштайымдан чоң саясатка аралаштырган Акаевге рахмат. Мага кылмыш ишин козгоп, Америкада жашаткан Бакиевге рахмат. Мен Америкадан турмуштук көп тажрыйба алдым. Көп нерсени окуп-билдим, демократияны көрдүм" деген эле. Швецияга жашап келгениңиздин жакшы да жактары болгондур?
- Улуу философтордун сапарга чыккандан адамдын өзгөрүп кайтаары тууралуу айтканы бар эле. Анын сыңарындай, көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет. Мекенден айласыз алыс болуу - эң чоң жаза. Көзү өтүп кеткен жакындарың болсо, аны билбейсиң. Жакшылыгына ортоктош боло албайсың. Жигиттин башына кыйын күн түшкөндө чыйралат экен. Мен да чыйралдым, быштым. Турмуштук чоң сабак алдым. Бөтөн эл, бөтөн жерден ала турган жакшы жактары да бар. Маселен мен Швециядагы университетте окуп, швед тилин үйрөндүм. Кызыма жакшы көңүл бөлдүм. Билинбеген менен бир топ тажрыйба топтодум. Акыркы 6 айда Тайванда болуп, кытай тилин үйрөндүм. Жакында кытай элчиси менен кытайча сүйлөшсөм, орус элчисинин оозу ачылып калды. Бирок ушул жетишкендиктерим үчүн Бакиевге открытка жазып, ыраазычылык билдирмек белем.

- Эл нааразычылыгы деген болбой койбойт да, андайга кабылбаш үчүн жаңы көз караштагы күч болуп чыгайын деп жатасыз. Ойлогон ойду турмуштук кырдаалдар жеңип койгон учурлар көп болот да...
- Кийинки жашообуз биз каалагандай болот. Жашоо нугу сөзсүз башка жакка бурулушу керек. Мени иренжиткени баягылар эле: кабылдамаларда кызмат күтүп, "бизге деле кызмат берип койбойсуңарбы" дешет. "Силерди кызматка алсак, эртең төңкөрүш болот. Сиз кичине уялсаңыз, Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтар сизге эле арналганбы? Сизден башка кишилер жокпу" деп көбүнө айттым.

- 95 адамдын өмүрү кыйылды. Убактылуу өкмөттөгү 14 кишинин башы бирикпей, 7-апрель сабак болбогондой сезилип жатат. Эл өзгөрдү, бирок саясатчылар өзгөргөн жок дегенге кошуласызбы?
- Эми кечээ эле Бакиевдерди айга, күнгө теңеген адамдар сынчы болуп чыгышты. Убактылуу өкмөттө деле бийликтин кумарына азгырылгандар жок эмес. Эң негизги максат - таза шайлоо өткөрүү. Участкалык комиссияларды көзөмөлгө алышыбыз зарыл. Шейит кеткендердин бирөөсүнүн тууганы "Кыргызстанда 2000 орто мектеп бар. Алардын директорлорун бүгүндөн калтырбай жумуштан алгыла" деп, Роза Отунбаевага келиптир. Эмне болуп кетти десек, "Ак жолду" колдоп, Бакиевдерге кызмат кылган" дейт. Мына саясый баа. Эми ошол участкалык комиссиялардын эсине рефендумда 95 адамдын кыйылган өмүрү түшөт болду бекен? 10-октябрь - тарыхый күн. Таза шайлоо аркылуу чоң сынактан өтөбүз. Таза, калыс шайлоо өткөрө албасак, анда ишибиз бүттү. Афганистанга айланабызбы, ким билет? Эртеси күнү полевой командир келет.

- Мурдагы президенттерди сындаган Роза Исаковна деле кортеж менен жүрөт. Өтүп кетсин деп тыгында туруп калып жатабыз...
- Ага түздөн-түз мен күнөөлүүмүн. Кортежге түшпөйм дегенде "Акаевдин да, Бакиевдин да жашоосуна азыркыдай коркунуч келген эмес. Азыр кырдаал кыйын. Бакиевдер эле эмес, чет өлкөлүк террористтер дагы бар. Душманыбыз көп. Кээ бир мамлекеттерге бизде согуш болуп, ызы-чуу болуп турганы кызык. Курал-жарак, баңгизаттардын сатылышына куштар болгондор бар" деп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Роза Исаковнанын коопсуздугун эске алганбыз. Жаман айтпай жакшы жок дегендей, андай болбой эле койсун дечи, кокустук болуп кетсе, мамлекетибизди ким башкарат? Анчалык чоң сөз кылгыдай узун кортеж эмес.

- Ал киши өз квартирасында жашайбы же резиденциядабы?
- Коопсуздук жагын алсак, үч бөлмөлүү квартирасына кайтарыш үчүн көбүрөөк каражат талап кылынат экен. Ошондуктан кечээ жакында эле резиденцияга көчтү. Ал киши: "Коопсуздук үчүн деп жатасыңар, бирок жөнөкөй эле жерге жашайм" деп катуу турду. Өзү айткандай Акаев, Бакиевдердин резиденциясына эмес, жөнөкөй эле жерге көчүрдүк. Ал абдан демократ киши. Кыргыздарда Роза Отунбаевадай депутат, министр да болгон эмес. Министр кезинде эле жөө жүрчү, эл катары эле дүкөн кыдырчу.

- Жаңы көз карашыңыз менен утурумдук бийликке оппозиция болуп калбайсызбы?
- Азыркы бийлик бийлик эмес, алар убактылуу. Утурумдук бийликти аманат кылып кармап турушат. Бийлик азыр элдики. Мен качан болсун өз позициямда бекем турган кишимин. Оппозиция болгондон коркпойм. Президентти мактап, кайра сындап, кысып койсо, кайра мактоого алгандардан эмесмин. Кимдир бирөөлөр менен багытым, көз карашым туура келбей калса да, өз пикиримден кайтпайм. Мен Акаевден да, Бакиевден да корккон эмесмин. Эми Топчубек Тургуналиевден коркоюнбу?

- Таластын кадрларын жакшы кызматтарга коюп жатат дегенге кошуласызбы?
- Кызык суроо экен. Эгер трайбалисттик көз караш менен карасаң, ушундай көрүнөт. Бирок, Роза Исаковна регионалдык балансты сакташ керек деген көз караштагы адам эмес. Таластыкмын деп да айтпайт. Анткени, ал киши Ошто төрөлүп, Нарында чоңойгон. Таластыктардын революцияга салымы зор болду, аны танган болбойт. Балким ошон үчүн азырак артыкчылык берилип жаткандыр. Роза эже атайын таластыктарды кызматка койгон жок. Мен муну Роза эжени жактап же акташ үчүн айтып жаткан жерим жок. Ал киши менин коргогонума муктаж да эмес. Өкмөттүк дайындоолордун көпчүлүгү башында коллективдүү чечилип калган. Кызматка келген таластыктар өздөрү ишеним арткан адамдарды кызматка алганына Роза эженин тиешеси жок. Мен мурун жалалабаддыктар эле кызматка келип алды дегенге кошулган эмесмин. Маселен, АКШ ажосу Барак Обама деле өз программасын ишке ашырыш үчүн Чикагодон өзү ишенген адамдарды алып келип жатпайбы. Демек, ал күнөө же кылмыш эмес да. Менимче, бири-бирибизди жээрип, жерине карап мамиле кылганыбыздын өзү кылмыш. Жердештерим кызматка келбей калды деп кимдир бирөөгө таарыныч кылуунун кажети жок.

Маектешкен
Чынайым Кутманалиева