Камчыбек Ташиев, "Ата Журт" саясый партиясынын теңтөрагасы:
"Баарыбыз элдин чечимине баш ийгенге көнүшүбүз керек"
5-июнда Бишкекте "Ата Журт" саясый партиясынын кезексиз курултайы өтүп, анын жүрүшүндө бир топ уюштуруу маселелери кабыл алынды. Партиянын 50 кишиден турган жаңы саясый кеңеши шайланып, анын ичинен 13 адам теңтөрагалык милдетти алышты. Курултайдын катышуучулары бир добуштан партиянын төрагалыгына Садыр Жапаровду бекитишти. Андан тышкары партиялык жыйында "Ата Журттун" парламенттик шайлоого катышуусу тууралуу чечим кабыл алынды. Партия өзүнүн катарына Өмүрбек Суваналиев, Айгүл Рыскулова, Азамат Кангелдиев, Нарынбек Молдобаев, Бегалы Наргозуев, Азамат Арапбаев өңдүү жаңы адамдарды тартуу менен күндөн-күнгө эл ичиндеги аброю жогорулап бараткан "Ата Журт" партиясы, учурдагы саясый абал, референдум, Конституциянын жаңы долбоору, телефондук сүйлөшүүлөр тегерегинде Камчыбек Ташиевди кепке тартканбыз.

- Кеп башында, Камчыбек Кадыршаевич, курултайдын жыйынтыктары тууралуу айта кетсеңиз?
- Кезексиз курултайдын башкы максаты уюштуруу иштерин жөнгө салуу болчу. Анткени, биздин партия 2006-жылы негизделген болсо, андан бери программа, иш-аракеттерибиз, уставыбыз бир да жолу өзгөрүүгө учураган эмес. Башкача айтканда, моралдык жактан эскирип бүткөн. Чакан курултайда эң алды ошол уставды өзгөрттүк. Эмблема, герб, гимн маселелери талкууланды. Жаңы саясый кеңеш, теңтөрагалар, төрагабыз, аткаруу комитетинин жетекчиси шайланып, структурабызды бекиттик. Текшерүү комиссиясы жаңыланды. Жакын арада жалпы республикалык съезд өткөрүлөт. Ошондо чоң саясий чечимдер кабыл алынат.

- Басма сөздө сиздин дарегиңизге тынымсыз таш ыргытылып келе жатат. Четтен караган адамга бул басылмалардын артында турган адамдардын биринчи душманы сиз экени көзгө урунат. Көбүнесе Бакиев менен байланышыңыз бар экени, алардын бийликти кайтарып алуу аракетинде чечүүчү фигура катары айтылып келе жатасыз. Ошондон улам Убактылуу бийлик да сизге муштум кезеп, ишмердүүлүгүңүздү текшерүүгө алганы жатыптыр. Минтип ашыкча популярдуу фигурага айлантып салган оппоненттериңиздин аракетине кандай көз караштасыз?
- Саясатта жүргөн адам ар дайым элдин элегинен өтүп турушу керек, буга кошулса болот. Бирок сага болгон чабуул атайын бир максатты көздөп, шермендеңди чыгаруу ниети менен жугундулар биринин артынан бири куюла бергени, албетте, эч кандай адептүүлүккө жатпайт. Кармана турган эч кандай далили, таяна турган фактысы жок туруп каралоону көздөп жаткан каршылаштарымды адамгерчилик чегинен чыкпоого, уят-сыйыт нормаларын сактоого чакырам. Мени угушпаса, ал алардын абийириндеги иш. Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги иш-аракетимди текшергиси келгендер мен жетекчи катары иш алып барган 2 жыл 2 ай ичинде чоң ийгиликтер болгонун билиши керек. Колумдан келишинче, күчүмдүн жетишинче кандай кырсык болбосун оперативдүү жардам бергенге аракет жасап келдим жабыр тарткан элге. Кырсыктардын алдын алуу иштери жүрдү. Атайын техникалар жаңыланды. Анын баарын айтып олтуруштун кереги жок, мунун жалпы кыргыз эли жакшы билет. А менин бул ишмердүүлүгүмдү текшерүүгө алгысы келгендердин аракетинен коркпойм. Анткени, Убактылуу бийликтен мурда, мени эски бийлик катуу текшерген. Бул текшерүүлөр өкмөт жыйынында нааразычылыгымды билдирип чыгып кеткенден кийин башталды. Ошол эле күнү арызымды жазып, өз каалоом менен кызматымдан баш тарткам. Андан кийин артымдан сая түшүп, 4 ай бою ар бир аракетимди казып чыгышты. Бирок бир да илинчек таба алышкан жок. Мага козголгон кылмыш ишинин келечеги жок, асылган бойдон калган. Жадакалса тергөөчүлөр да таза экенимди моюнга алышкан. Экинчи жагынан алып караганда, мага ушул керек беле? Башка адамдарга окшоп мен да айтканга макул болуп жүрө берсем болбойт беле?

- Антип кызматына болгон күчү менен жабышкандарды көрүп эле жүрбөйбүзбү.
- Туура, андай адамдар бар. Бирок мен ошол адамдардын чүмбөтүн кийгим келген жок. Бакиевдин бийлиги күчтүү болчу, каршы чыккан адамды бир эле тагдыр - темир тор күтүп турчу. Ошондуктан, жалпы саясатка каршы чыгуунун өзү эрдикке тете иш эмей эмне?! Мен башынан адилетсиздикке чыдай албайм. Башка адамга жөнү жок жерден эч качан жалаа жаппаймын. Ошол эле учурда мага дайынсыз жерден жалаа жабылса, чыдап тура албаган мүнөзүм бар. Анын үстүнө, дал ушундай түрдө кызматтан кеткен адам бир эле мен болсом керекпи дейм. Өз арызы менен кеткендер болгон, бирок, минтип кеткендер болбосо керек. Ошон үчүн да менин мындай кылганым бийликке катуу тийген. Бир жума бою телевидениеси, гезити мени каралоо менен убара болду. Анткени, маалымат каражаттары бүт бойдон алардын колунда болчу. Бирок, Кудай бар экен, булар канча аракет жасашпасын, мени ууру катары көрсөтүүгө нечен ирет далалат урушпасын - мага жаман сөз жабышкан жок. Таза экеним далилин тапты. Негизи, мага тийишкен адам жакшылык көрбөйт. Ошондо мага тийишип, тизелетүүгө жан далбас урган адамдардын баары бүгүн журтунан безип жүрүшөт, алардын тагдыры кандай болору да белгисиз. Азыр да мени болушунча шыбап жаздырып жаткандар терең жаңылышат. Мындай жол менен менин атымды каралайбыз дегендердин аракети баары бир текке кетет. Жеке менин эл алдындагы жүзүм жарык. Элиме кылган эмгегим үчүн сыймыктанам. Элим да менин иш-аракетимди жогору бааларына толук ишенем. Эмне үчүн булар канча жазса да майнап чыкпайт? Анткени, булардын жазганы менен элдин ичиндеги сөз башка. Элдин мен жөнүндөгү пикири башка. Ошондуктан, азыр мени жамандаган адамдардын баары, баары бир учуру келгенде менден кечирим сурашат.

- Максим менен Жаныш Бакиевдердин телефондук сүйлөшүүсү шардана кылынбадыбы. Ошондо сиз тууралуу да бир топ сөздөр сүйлөнүптүр. Негизи, апрелдеги тополоңдон кийин Бакиевдер тарабынан сизге "ызы-чуу уюштуруп бер" таризиндеги кайрылуулар болду беле?
- Курманбек Бакиев Жалал-Абадга качып баргандан кийин өзүнүн тегерегиндегилер, бир туугандары мени президент менен жолугуштуруу аракетин жасашты. Жада калса "телефон аркылуу бир ирет сүйлөшүп кой" деп да суранып келишти. Бирок, мен мындай сунуштарга караманча каршы туруп алдым. Анткени, ондогон адамдардын өлүмүнө кириптер болгон Бакиевдерди коргоп, кайрадан бутуна тургузуп, бийликке алып келүүгө менин моралдык да, башка да укугум жок болчу. Каалоом да болгон эмес. Эл алдындагы жоопкерчилигимди толук сезгендиктен, эли-журтка да Бакиевдерди колдобош керектигин билдирдим. Чындыгында, эгерде биз ошондо алардын сунушуна макул болуп, элди көтөрүп чыкканыбызда, бүгүн абал Максим менен Жаныш сүйлөшкөндөй, башкача болмок. Анда биз Ала-Тоо аянтында курман болгондордун арбагын сыйлабай калмакпыз. Дал ошондуктан буларды колдоодон кескин түрдө баш тарттык. Атүгүл, бүгүнкү күндө Бакиевдерди кайтаргысы келген санаалаштары, колдоочулары катуу жаңылышат. Бул ой эч качан ишке ашпайт. Биз бул маселе боюнча бирдиктүү болуп, Бакиевдердин келишине каршы болушубуз керек. Бул оңчул да, солчул да, бардык күчтөрдүн жоопкерчилигиндеги иш.

- Сиз бүгүн эле эл аралап Жалал-Абаддан келдиңиз. Карапайым адамдар Убактылуу бийликтин иш-аракеттерин кандай кабылдап жатат?
- Ачыгын айтканда, бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн элдин ичинде эч кандай бийлиги жок. Булардын койгон адамдары тескерисинче элди кагыштырып, өзүнүн бийлигин сактап калуу максатында ар кандай оюндарды уюштуруп жатышат. Өз учурунда мындай аракеттер элдин нааразычылыгын күндөн-күнгө курчутуп жаткандыгы ырас. Алардын жоопкерчиликсиз мамилеси, ойлонбостон айтып ийген билдирүүлөрү, сөздөрү ансыз деле ширеңке жаксаң "дүрт" эте түшчү абалды огобетер курчутууда. Жалал-Абадда орун алган окуялар 6 адамдын өмүрүн алды, 200дөй адам жаракат алышты. Буга Убактылуу өкмөт койгон адамдар күнөөлүү, эртедир-кеч жооп бериши керек. Биздеги маалыматтар, миңдеген адамдардан уккан кептерге караганда, мындай кырсыкка дал ошол адамдардын жоопкерчиликсиз мамилеси алып келди. Эл булардан бүгүн болбосо эртең жообун аларына көзүм жетет. Кудай буйруп, элдин колдоосу менен парламентке келе турган болсок, бул маселени Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн, жер-жерлердеги жетекчилердин жоопкерчилигин сөзсүз сурайбыз, элге жеткизебиз.

- Өткөөл мезгилдин президентинин бир ууч адамдар тарабынан дайындалышы, Конституциянын жаңы долбоору тууралуу элдин пикири кандай?
- Референдум, жаңы Баш мыйзам боюнча биздин партия жакында атайын билдирүү жасап, ошого жараша өз аракетибизди жасайбыз. Бирок, алдын ала айта турган болсок, аталган аракеттер боюнча элдин пикири терс. Болгондо да калың эл Убактылуу бийликтин мурдагы режимдердин каталарын өтө тездикте кайталап жатканын айтууда. Жадакалса, айрым аракеттери менен булар мурунку бийлик ээлерин ат чабым алыста калтырышты. Өткөндөн сабак алышкан жок. Башкасын айтпаганда да булар даярдаган баш мыйзамдын долбоорун мисалга алалы. Баш мыйзамда парламентттик башкаруу тууралуу айтылат. Биз анализдеп көрсөк, бул парламенттик башкарууну шарттаган эң начар Баш мыйзам экен. Эми ошол Конституцияны элдин аз бөлүгүнүн колдоосу менен өткөзүп, бийлигин улап кетебиз деп турушат. А анда Конституция долбооруна ичи чыкпаган калктын басымдуу бөлүгүн кайда алып барабыз? Булар өткөзүп кетишкен күндө да көпчүлүк эл колдобогон Баш мыйзам канча жашайт? Элдин бардык катмарына жаккан баш мыйзам кабыл алынмайын, эл ичинде тынчтык болбойт. Булар Баш мыйзамды эптеп бекитип, парламенттик шайлоону өткөзүп алсак тынчтык болот деп терең жаңылышат. Бир жыл болобу, эки жыл өтөбү, бул Конституция баары бир алмашат. Референдумда эл колдобой коюшу да мүмкүн. Мен Баш мыйзамды алмаштырууда алдын-ала туя билүү сезимим бар. Оппозиция (азыркы бийликтегилер) 2007-жылы кысым аркылуу Баш мыйзамды кабыл алдырып жатканда да бул документтин көпкө жашабастыгын айткам, мага чынында эч ким ишенген эмес. Жыйынтыгында мен айткандай болду. Азыр да ишенимдүү түрдө ушул кепти айта алам.

- Убактылуу бийлик азыртадан "Ата Журтту" алсыратуу аракетин жасап жатканы байкалат. Мындай шартта сиздердин партия үчүн шайлоонун жыйынтыгы кандай болот?
- "Ата Журтту" алсыратуу элдин эмес, бүгүнкү бийликтин максаты болуп жатат. Эгер эл бизди колдоп, парламентке келсек, шайлоочу журттун кызыкчылыгын көздөп, алдыга жылабыз. Жок, эл колдобой, жеңилип калсак, утушка ээ болгон партия сунуштаган жашоо образына макул болуп, баш ийишибиз керек. Башаламан болуп, бири-бирибизди укпасак, тартип болбойт. Баарыбыз элдин чечимине баш ийгенге көнүшүбуз керек. Баса белгилеп кете турган болсом, биздин "Ата Журт" партиябыз эч качан башка партияларды жамандап, шыбап, кара пиар колдонбойт. Тескерисинче, биз аларга ийгилик каалайбыз. Керек болсо колдору жетпеген жерлерде уюштуруу иштерине жардам бергенге даярбыз. А эгер өздөрү бизди жамандоо жолу менен утабыз деген жолду тандап алса, бул азыркы бийлик партияларынын болобу, башкасынынбы, чоң катасы болот. Эл тараза буга. Кудай алдында өзүбүз таза болсок болду. Башка партия мүчөлөрү бүгүнкү күндө тигил же бул саясатчынын тегерегинде чогулуп жатса, биз жалпы элди лидер кылып жатабыз. Бизде Ташиев, Суваналиев, Жапаров, Келдибеков деген лидер жок. Биздин партиянын лидери - элибиз. Биз элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коебуз. Ошондуктан элибиз туура тандоо жүргүзөрүнө ишенип турабыз.

Маек курган
Нургазы Анаркулов