Алтын чыры

Дүйшөнбек Камчыбеков, жаратылыш ресурстары боюнча экс-министр
жаратылыш ресурстары экс-министри кимдин курмандыгы болгон?
Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары А.Атамбаев коллегасы А.Бекназаров менен айтышып жүргөн маалда: "Убактылуу өкмөттүн бир министри камакка алынды. Күнөөсү болсо соттолот, жок болсо өзүм кечирим сурайм" деп жар салган. Натыйжада бир катар ММКда жаратылыш ресурстары министринин милдеттерин аткаруучу Дүйшөнбек Камчыбековдин күнөөсү далилденип, кызматынан алынды деген маалыматтарга орун берилген. Буга Дүйшөнбек Камчыбеков каршы пикирин билдирип маек куруп берди.


- Дүйшөнбек мырза, Убактылуу өкмөттөн бир министр камакка алынды деген маалымат коомчулук үчүн жаңылык болду. Ал министр Атамбаевдин эле кадры, эл көзүнө акция жасашты деген пикирлер да болду. Мунун чындыгы канчалык?
- Биринчиден, Атамбаевдин кадры болуп министрлик кызматка келген эмесмин. 2009-жылдын декабрына чейин өкмөттүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин статс-катчысы болуп иштегем. Негизи көп жылдан бери ушул тармакта иштеп келатам. Илим изилдеп, "Кыргызстандын көмүр кендери", "Жаратылыш ресурстарын пайдалануу экономикасы" өңдүү илимий эмгектерди жазып келгем. Доктордук диссертациямды күзүндө Москвадан жактап алсамбы деп илимий изденүү менен алектенип жаткам. 7-апрелден кийин аталган министрликтин коллективи жана ардагерлери ишеним артып, "тармакты жетектеп бер" деп кайрылып калышты. Коллективдин өтүнүчүн Убактылуу өкмөттүн жетекчилери да колдоого алып, 21-апрелде министрдин милдеттерин аткаруучу кылып дайындашкан. Мурунку министр качып кеткен бойдон дайны жок болуп жаткандыгына байланыштуу иш көбөйүп кетиптир. Анын баарын коллектив менен биргеликте чечип жатканбыз. Министрдин милдеттерин 26-майга чейин, бир айдай аткардым.

- Коррупциялык иштерден улам камакка алынып, кызматтан кетти деген маалыматтар орун алды. Маселенин чоо-жайы кандай болду эле?
- Бул иштин баарын саясый кызыкчылыктардан улам бирөөлөр атайын уюштурушуптур. Маселени ирээти менен айтсам. Талды-Булак алтын кенин иштетүү боюнча "Алтын кен" ЖЧКсына 2006-жылы 2026-жылга чейин деп лицензия берилген. Алар кечээ жакында бизге: "Өткөн бийлик учурунда толук кандуу иштей албай койдук, 2010-жылга деп көрсөтүлгөн календардык пландагы иштерибизди 2013-жылга жылдырып бергиле" деп кайрылышкан. Анткени ал жерде "Кумтөрдөгүдөй" ачык иштетилбейт, жабык түрдө - жер астында иштетилиши керек. Алардын суранычын карап чыгып, "макул, бирок бул суранычыңарды негиздеп, далилдер менен кайрылгыла" дегенбиз. Алар бизге эки кат менен кайрылып, иш планын жана 108 млн. доллары бар деген финансылык справкаларын беришкен. Министрликтин алдындагы лицензиялык комиссиянын чечими менен макулдук берилген. Көп өтпөй Убактылуу өкмөттөн чакырып, "бул чечимиңер туура эмес болуп калыптыр, керек болсо лицензияны да жокко чыгаргыла" деген тапшырма беришти. Биринчиден, мен саясый кызыкчылык менен эмес, мыйзам чегинде иштейм деген позициямды билдиргем. Экинчиден, биз деле ал чечимди ойлонуп кабыл алганбыз. Үчүнчүдөн, ал мекеме ушул күнгө чейин 37 млн. доллар акчасын салган, 2007-жылы совет доорунда сарпталган каражаттарды кайтарып бергиле деген талаптан улам 20 млн. долларды бюджетке которушкан. Анан бүгүн биз лицензиясын алабыз десек, алар эртең сотко беребиз десе, кандай болот? Макул, биз соттон утуп алган күндө дагы, жаңы келген компания бул иштерди кайра баштаганча дагы 4-5 жылга созулуп кетчүдөй. Ушунун баары эске алынып чечим кабыл алынган. Анан жетекчиликтин жанагы тапшырмасы болуп жаткан соң, комиссия кайра карай турган болгон. 24-майда кечинде өкмөттөн телефон чалышып, "биздин жардамчы балдар барат" деп мени жумушка чакырып калышты. УКМКнын кызматкерлери да бар экен. Эч кандай претензия кое алышпай саат 12ге чейин кармап турушту. Камайлы дешти окшойт, бирок эч кандай негиз болбогондуктан камай алышкан жок. Эртеси УКМКга суракка чакырышты. Ал жерден эки нерсени билдим: биринчиси - мен пара алган имишмин, экинчиси андан да кызык, - тергөөчү арыз жазып кызматыңыздан кетиңиз деп маселе койду. Бул иштин баары ошол министрлик кызмат орду үчүн уюштурулуп, кызмат бирөөлөргө керек болуп аткан турбайбы деп ошондо түшүндүм. Мынча убара болбой эле акырын айтышса, арызымды жазып берет элем да. Мен бул орунга жанталашкан деле эмесмин, коллектив чакыргандыгы үчүн гана келгем. Пара алды дешет, "ушул маселе боюнча чечип бериңиз" деп пара сунуштап келген кишилердин баары мени кызматтан кетирүү кампаниясында аралашып, чогуу жүрүштү. Эгер күнөөлүү болсом, мени камакка алышмак да, эл алдында мени каралап: "мына биз таза иштейбиз, коррупция менен күрөшөбүз, кандай чиновник болсо да камайбыз" деп пиар жасашмак. Пара сунуштаган адамды да атайын жиберишкен болсо керек, эгер алып койгон болсом, алардын көктөн издегени жерден табылмак окшойт. Текшеришти, күнөөм жок болгон соң, камай алышкан жок. Бирок ушуну шылтоолоп жатып кызматтан алышты. Бир сөз менен айтканда, бул иштин баары министрлик кызмат орду үчүн уюштурулуп, бирөөлөргө ушул орун аябай керек болгон.

- Пара сунуштап киришкен дедиңиз, кандай сунуш болду эле?
- Эми ал киши мурун бизде иштеп кеткен, "тигилер маселени эртерээк чечип берсеңиз деп суранып жатышат, колдоп коюңуз" деп, мындайча айтканда, "акысын төлөп беребиз, ыраазы кылабыз" деп айтты. Мен "Сизди көптөн бери билем, беш маал намаз окуган адамсыз. Минтип мени кылмышка түртпөңүз. Бул маселе менен мага экинчи кайрылбаңыз, келбеңиз, баарын мыйзам чегинде гана карап, чечип беребиз" дегем.

- Бул иштерге кимдер, кайсы күчтөр кызыкдар болуп жатышат?
- Бул жерде иштеген адам мыйзам бузуп, таза эмес иштесе, бир жыл ичинде миллионнер болуп кете алат. Анткени абдан маанилүү тармак - жаратылыш ресурстарын тейлеп жатпайбы. Буга чейинки иштер боюнча азыр прокуратура органдары иликтеп жатса керек. Азыркы күндө бул тармакка көз артып жаткандардын максаты да ушул болсо керек деп ойлойм. Анткени эртең шайлоо болот, бул жерде отурган адам кен иштетчү компанияларга лицензия беребиз деп, пара жолу менен иш жүргүзүп, андан түшкөн акча каражаттарын тигил же бул партиянын шайлоо иштерине жумшайт болсо керек. Иштейт элек деген компаниялар абдан көп, алар келишет, анан беркилер "баланча партиянын эсебине мынча акча которуп кой, маселеңди чечип беребиз" деши толук мүмкүн.

- Сары-Жаз кенине Атамбаевдин тиешеси бар деген маалыматтар айтылып жүрчү эле, сизде бул боюнча маалыматтар барбы?
- Сары-Жаз боюнча, менимче, мындай болушу мүмкүн эмес. Анткени ал жердин союз маалында ачылган Трудовое деген жеринде калай менен вольфрамдын чоң кени бар. Ошол Трудовойду убагында россиялык компаниялар иштетишкен. Кийин бийликтин катышуусу менен кытайлык ишкерлерге берилген. Бул жерде Атамбаевдин эч кандай катыштыгы деле жок. Прокуратуранын суранычы менен Трудовойдогу кытай компаниясынын лицензиясын жокко чыгардык. Сары-Жаздын борбордук бөлүгү мамлекеттик маанидеги чоң кен, буга эл аралык чоң сынак жарыялайлы деп өкмөткө кайрылганбыз. Мынча иштеп жаткан соң, андай болсо, чет-чебери билинип калмак да. Негизи азыркы маселе Сары-Жаз эмес, Талды-Булак кени боюнча чыгып жатат.

- Талды-Булак кенинин артында кимдер турат?
- Талды-Булактын артында мурунку бийлик менен да, кийинки бийлик менен да иштешип келген казак туугандардын башында турган чоң адамдар бар. Алар керек болсо азыркы бийлик менен да сүйлөшүшө алышат.

- Кайсы жерден болосуз, кайсы партиянын мүчөсүсүз?
- Өзүм Жумгалдан, Миңкуштан болом. Эч кандай партияга мүчө эмесмин.

- Сиздин азыркы кадамдарыңыз коргонуубу, кызматтан алынып калдым деген нааразылыкпы же акыйкаттык үчүн күрөшпү?
- Менде нааразычылык деле жок. Кызматтан алынып калдым, тарттырып ийдим деп нааразы болгудай бул кызмат атамдан калган мурас эмес да. Адам баласы атасынан калган такка отуруп кала бербейт. Падышалар, хандар, президенттер деле кетип атат. Мени кызматтан алгандарына каршы эмесмин, бирок туура эмес маалыматтарды таратышпаганда унчукпайт деле болчумун. Туура эмес маалыматтар гана менин жакындарымдын, артымда турган коллективдин нааразычылыгын жаратып жатат. Койгула десем болбой, алар өкмөт башчыларына "Кыргыз туусу" аркылуу кайрылуу жасашты. Агенттикте 40 кызматкер болсо, 35и мага колдоо көрсөтүп, "таза адамды каралап жаткандарына биз макул эмеспиз" дешти. Анча-мынча кадырым бар экен, айылдаштарым да телефон чалып, кайрылабыз деп жатышат. Эми муну мен уюштурган жокмун. Алар ишенбей, "сен ушинттиңби" деп жатышкан. Болгон окуяны билишкен соң нааразы болуп жатышат. Мага мисалы кызматтын кереги жок, жана айткандай, коллективдин чакыруусунан улам гана иштеп берүүгө макул болгом. Азыр да кызматка барайын деген оюм жок. Мага өз атымды таза сактап калганым кымбат. Кызмат орундары саясый жана жогорку административдик деп бөлүнөт эмеспи. Мен министрдин милдеттерин аткарып жаткан соң, ал саясый кызмат болуп калат. Бул өңдүү саясый маселени өлкө башчысы менин макулдугумсуз эле чечип койсо деле болот, мен ага каршы деле чыкпайт болчумун. Бирок ММКга, интернетке "күнөөм бар деп отставкага өзү суранды" деген маалыматтар чыгып кеткен. Бул чындыкка жатпайт. Эч кандай мыйзамды бузган эмесмин, күнөөлүүмүн, кызматтан алгыла деп суранган да эмесмин. Эгерде өкмөт жетекчилери кызмат керек болуп жатат деп суранышса, кызмат үчүн тырмышпайт деле болчумун, арыз жазып бермекмин. Бирок, тилекке каршы, маселе башка багытка бурулуп кетти. Мен кызмат үчүн эмес, атымды булгап туура эмес маалымат таратып жаткандыктарына нааразы болуп жатам.

Т.СЫДЫКОВ