Анвар Артыков - Роза Отунбаева
"Анвар Артыков менен Роза Отунбаева жашайт экен" деген маалымат коомчулукка тарап кетти. Бул маалымат бүгүнкү кырдаалда саясат болуп кетпесин деген ниетте тастыктап коюуну чечтик. Анвар мырзага кайрылганыбызда, ал киши "чогуу жашабайбыз" деп билдирди. Анвар мырза да интимдик сөз менен жооп берип точка койгонсуду.


Төлөйкан-Азиза
Убактылуу өкмөттүн саясатын колдогон гезиттер апрелден бери бу эки укук коргоочу айымды болушунча тепкиге алып келе жатышат. Ошол тепкиге алган айымдар кан жыттанган Түштүктө чырылдап жүрүшөт. Алардын эрдиги ушунда.


Марат Султанов
Алайлыктардын байрагын көтөргөн "Ата-Журт" партиясына кошулабы же Исмаил Исаков жетектеген "Азаттык" партиясына киреби деп маалымат аңчылыгын кылып жаттык эле, күтүүсүздөн эле Феликс Куловду коштоп калды. "Акча жок" деп жүргөн ар-намысчылар Жапаров, Султановго окшогон капчыктуулардын акчасына ирденип калчудай. Орус аудиториясына гана иштеген ар-намысчылар эми кыргыз аудиториясын унутушпаса. Ал катмардагы "согуштан" артта калышты. Бул жагынан "Ата-Журт" басып баратат. Орусиячыл саясатка ыкташса, анда электоратты алышы кыйын. Кечээки окуяда Орусиянын кол сунбаганы кыргыздардын көкүрөгүндө калды. Үч алайлыктын үч башка партияда болушу алайлыктарды үч бөлгөндөй болуп жатат деген пикирлер болууда.


Алмаз Атамбаев
"Биз эле биз" деп билек түргөн мырзалар Түштүктөгү кырдаалда кырдан көрүнбөй калышы элдин кыжырдануусун жаратканын айтып коюшубуз керек. Сариев, Бекназаров менен акыйнек айтышканда дем алыш күнү пресс-конференция берип айгай салды эле, элинин башына кыйын күн түшкөндө ийинге кирип кеткендей элес калтырды. Түштүктөгү кырдаал басаңдаганда чыга калды, - Бишкектин коргоочусу болуп дегендер четтен чыгууда. Утурумчуларды сүйлөтүп, бирөөнү шыбатып, күнөөлөтүп эле койсо болду. Бул жагынан уста. Конфликттүү зона дегенде тил кыска, жүрөк бөтөгө. Жүрөгү жолборс Катанилерге жол бошотуп калышат да. Тынчып баратканда кайра эле аларды шыбаганга өтүшөт. Өт жарылып этке сиңип кеткендей, заар тил менен шилтеп киришет. "Элимди коргойм" деп Форумдан желектерди көтөрүп, коштоочуларыңыз менен ал жакка аттансаңыз, бали демекпиз. Же, Үсөн Сыдыковго окшогон аксакалга эле ал жетеби.


Токтайым Үмөталиева
Токтайым Үмөталиеванын өмүрүнө коркунуч туулуп, ал убактылуу коомдук-саясый процесстерге катышпайт экен деген маалымат таркап кеткенсиген. Тактайлы деп чалсаң - уюлдук байланышы өчүк. Кызык.


Адахан Мадумаров
Буга чейин улуттук каналыбыз Мадумаров деген фамилия чыкканда бура басып, утурумчулардын этегине намаз окушчу эле. Пай-пай, Түштүктөгү абал курчуганда Адахан мырзанын сөзү элге керек болуп чыкпадыбы. Ошол эле Ниязовду акча таратты деп бир жума сайрап келбеди беле. Азаттыктын байрагын көтөрүп барган Кубат Оторбаев казаттык болуп калдыбы дейт экенсиң. Адахан мырза элине биринчи кол сунду. Бул лидердин бир эле сөзү элине кандай дем болгонун жазгычтар бүгүн сезип коюшу керек.


Муктар Өмүракунов
Муктар мырзага ушу менен эки сөз жабышты окшойт. Биринчисинен баштасак , 7-апрелде каза болгон эр-азаматтарды Ата-Бейитке коюу учурунда "сүйлөмөкчүмүн" деп микрофон талашкан эле. Экинчиси - кечээ түштүктө кырдаал күч алып жатса, бир топ коомдук ишмерлер менен чакырылса, "... "Замандаш" партиясынын төрагасы деп жазылбаса же айтылбаса, мен сүйлөбөйм" деп, алып баруучуну бушайман кылыптыр. "Бардык аттуу- баштууларды коомдук ишмер деп тааныштырып жатам" десе да болбоптур. Өмүракунов десе, "Замандашты" түшүнүшөрүнө али ишене элек окшойт. "Ак Шумкар" жыттанган алып баруучуну тердетпей эле, элиңизге эки сөзүңүздү айтып кете бербейсизби деп айтып коёлу деп чечтик. Мындай кырдаалда саясый пиардын деле кереги жок, Муктар мырза.