Азалуу күн

Экөө кантип окко учушту?
Мамлекеттүүлүгүбүзгө бүлүк салынып, Мекенибиз кан жутуп олтурат. Кайран элибиздин каңырыгы түтөп, Мекенибизге чындап коркунуч келди. Мекен чакырыгын алышкан укук коргоо органынын кызматкерлери, биринчилерден болуп элин сактап калууга аттанышты. Кечээ эле форма кийген кызматкерлердин куралын тартып алып, таш менен уруп, погонун айрып кордодук эле. Мына ошол кызматкерлерибиз, - бүгүн Мекенге коркунуч туулганда тизменин башына жазылышты. Эч буйдалбастан колуна курал алып, ата-энесин, сүйгөн жарын, балдарын, тууганын ойлобостон, Түштүккө бет алышты. Ушул кырдаалда Түштүк жергесиндеги туугандарыбыздын көздөрүнөн формачандар учуп, бизди сактап калат деп Кудайындай эле күтүшпөдүбү. Бийлик да муну алсыз болуп баратканда сезди. Бийлик талашканда таяк көтөрүп чыккан кайсы бир партиянын 500 жактоочусу кана дейт экенсиң. Канча деген бейкүнөө адамдар каза тапты. Канча миңдеген үйлөрдө азыр ушу тапта жакынын жоготуп аза кайгысына чумкалып олтурушат. Алардын кайгысын ким бөлүшөт?
…14-июнь күнү Түштүк жергесинен самолёт менен эки милиция кызматкеринин сөөгү алынып келинди. Кечээ эле амандыгын тилеп узаткан туугандары бүгүн алардын муздак денесин кучактап калышты. Аттиң дүйнө... Кичи мекени Токмокко экөөнүн сөөгү алынып келгендеги ый-муңду айтпагыла. Зулумдардын колунан Чүйдүн Прогресс айылында туулган милициянын старшинасы 31 жаштагы Нурбек Жумабаев каза тапты.
12-июнь күнү ички курамдын кызматкерлери менен Жалал-Абадга аттанышат. 50 кызматкер Жалал-Абадга түшүрүлгөндөн кийин дароо эле кайгуулдук күзөткө чыгарылат. Жергиликтүү аймакты жакшы билгендер коштоп чыкпай, алар зулумдар жай алган жерге, мөндүрдөй жааган окко туш болушат. Ок тийип сулап жыгылган Нурбекти кеминдик кесиптеши сүйрөйм деп, ошол жерден моюнга ок жеп каза болот. Канкорлордун аткылаганына калгандары да чыгышат. Нурбектин агасы Айбек да аскер адамы. Иниси бой тиреп форма кийип жүргөнүнө сыймыктанчу. Анын ар бир жакшылыгына сүйүнөөр эле. "Бир боорумдан айрылдым" деп аза күйүтүнө чыдабай турган кези. Ооба, Нурбек өз милдетин аткарган кыргыздын азамат уулу болду. Анын эрдиги Мекен алдында унутулбашы керек. Ал өз өмүрүн кыргыз эли үчүн берди. "Кош, Нурбек!" дегенден башка айтаар сөз жок.
Муну айтпай койбосо болбойт. Маркумду жерге узатуу аземине катыштык. ИИМ ардагерлери, Чүй районунун акими келип катышты. Акимибиз көрүстөндүн башында туруп, "Нурбек "Ата Мекен" партиясынын активдүү мүчөсү болчу" деп, көрүстөнгө "Ата Мекен" партиясынын желегин жапты. Акимдин мындай саясаты милиция кызматкерлерине жаккан жок. Өтө нааразы болушуп, аким кечирим сурашы керек деген маселени көтөрүштү. Биринчиден, милиция кызматкери эч бир партияга мүчө болуп кирбейт. Маркум Нурбек аталган партияга мүчө болгон эмес. Аткаруу бийлигинин өкүлү камераны көрүп, "Ата Мекен" партиясына кызматын көрсөтүп, элди ирээнжитип алды. Чынында бул туура эмес. Ошончо эле жагалданса, желекти "Ата Мекен" париясынын атынан деп жаап коюшу керек эле. Каза болгондордун аркасынан упай топтобой эле коюшса деп айткыбыз келди. Бул партияга аброй алып келбейт. Мындай көрүнүштөрдү аткаруу бийлиги эмитен баштаса, жыйынтыгы жакшы нерсеге алып келбейт. Аталган партия бул окуяга өз баасын берет деген ишенимдебиз.

Э.Аким
Турат Мадылбеков, "Ата Мекен" партиясынын Чүй облусу боюнча координатору
- Турат мырза, кечээ жакында Жалал-Абадда кызматтык милдетин аткарып каза болгон милициянын кызматкери Нурбек Жумабаевди кичи мекени Чүйдүн Прогресс айылында жерге беришти. Маркумду жерге узатуу жөрөлгөсүндө Чүйдүн акими "Нурбек Жумабаев "Ата Мекен" партиясынын активдүү мүчөсү болгон" деп партиянын желегин жапканы милиция кызматкерлеринин кыжырдануусун жаратты. Эми өзүңүз жакшы билгендей, орган кызматкери эч бир партияга мүчө болбойт. Акимдин мындай олдоксон аракети бүгүнкү саясатка туура келбейт. Сиз буга эмне демекчисиз?

- Мен бул маалыматты кечээ уктум. Чынында орган кызматкерлери эч бир партияга мүчө болбойт. Кесиптештеримдин жогорудагыдай кыжырдануусу да жөндүү. Жактоочу деген сөздү аким мүчөсү деп айтып алышы мүмкүн. Мен муну териштирем. Кесиптешин жоготуп аза күткөн милиция кызматкерлеринен жана жакындарынан кечирим сурайбыз. Партиябыздын душмандары көп. Бул жерде да ыплас оюндар болушу мүмкүн.