Доступ жок

"Мой мир"

@Роза Отунбаева сайтта

Азыр эмне кылып жатат?

Президенттик доорун сүрүп жатат

Каяктан: Азия, Кыргызстан, Бишкек
Туулган датасы: 23-август, 1950-ж.
Туулган жери - Фрунзе (айрым булактарда Талас, чет элдик булактарда Ош)


Кыскача маалымат

Философия илимдеринин кандидаты, доцент. 1975-ж. "Марксисттик-лениндик диалектиканын Франкфурт мектебинин философтору тарабынан фальсификацияланышын сындоо (А.Шмидт, О.Негг)" ("Критика фальсификации марксистско-ленинской диалектики философами Франкфуртской школы (А.Шмидт, О.Негг)" ") деген темада илимий диссертациясын жактаган.
Кыргыз, орус тилдеринен сырткары англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт
Интервьюларынын биринде өмүрүндө 3 нерсени негизги жетишкендиги катары сыймыктанаарын айткан. Алар: бала төрөп эне болгондугу, СССРдин Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында алгачкы айым мүчөсү жана КРнын АКШдагы алгачкы элчиси болгондугу.
АКШда элчи болуп турган кезинде Ж.Буш-улуусу менен жолукканда кыргыз улуттук кийимин кийип барган.
Атасы Исак Отунбаев убагында Кыргызстандын Жогорку Сотунун мүчөсү, апасы Салийка Даниярова - мугалим болгон; үй-бүлөдөгү 8 бир туугандын экинчиси.
2005-жылы Р.Отунбаеваны БШК депутаттыкка талапкер катары каттап, бирок Б.Акаева менен бир округдан ат салыша турган болгондо, 7-январда кайра каттоодон алынган. Өмүрүнө кол салуу болуп, үйүнө граната ыргытылган.
Йога менен машыгат, министр кезинде кызматтык унаасы "Мерседеси" турса да ишке жөө барып келчү дешет.
Күйөөсү Б.К.Садыбасов (1950-жылы туулган) менен ажырашып кеткен, кызы - Карачач, уулу - Атай.


Билими:

Жогорку. 1972-ж. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган.
1975-ж. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасын аяктаган.

Карьерасы:

1975-1981-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы.
1881-1983-жж. Фрунзе шаарынын Ленин райкомунда экинчи катчы.
1983-1986-жж. Компартиянын Фрунзе шаардык комитетинде катчы.
1986-1989-жж. Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри.
1989-1991-жж. СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы, төрайымы, СССРдин Малайзия жана Брунея-Даруссалам өлкөлөрүндө Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси.
1992-ж. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри.
1992-1994-жж. Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси.
1994-1997-жж. КРнын тышкы иштер министри.
1997-2002-жж. КРнын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси.
2002-2004-жж. БУУнун Баш катчысынын грузин-абхаз чатагын жөнгө салуу боюнча атайын өкүлүнүн орун басары.
2004-ж. "Ата Журт" кыймылынын теңтөрайымы.
2005-ж. КРнын Тышкы иштер министри.
2006-2007-жж. "Асаба" партиясынын теңтөрайымы.
2007-жылдан 2010-жылдын апрелине чейин IV чакырылыштагы ЖК депутаты. 2009-жылдын октябрынан тарта Социал-демократтар фракциясынын башчысы.
2010-жылдын 7-апрелинен бери Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн башчысы, 19-майдан баштап Кыргыз Республикасынын Өткөөл мезгилдеги президенти.