Эскерүү

Кыргыз деп күйүп, кыргыз деп өткөн өмүр
23-майда кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү кыргыздын чыгаан уулу, "Азаттык" үналгысынын негиздөөчүсү, маркум Азамат Алтайды эскеришти. Анын дүйнө салганына бул күнү толук төрт жыл толду.

Кудайберген Кожомбердиев аты-жөнүн Азамат Алтай деп АКШга барганда которгон.
Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) 1920-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кызыл-Чек айылында туулган. 15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда окуп келгенден кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1940-жылы аскерге кеткен. Улуу Ата Мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган.
Бирок Ысык-Көлдүн жээгинен 1940-жылы узаган тоңдук боз улан мекенинен аргасыз түбөлүк бөлүнүп каларын сезбесе керек. Мындан беш жыл илгери "Азаттыкка" берген интервьюсунда маркум Азамат Алтай бакытка ошончо жылдан бери бир ирет гана жолукканын айтканы бар: "Жок, бактылуумун деп эсептебейм. Бактылуулук мага келбеди. Бактылуулукту бир көрдүм, ушу элүү беш жылдан кийин Кыргызстанга барып, Ысык-Көлдү көргөнүм, Караколдо, Жалал-Абадда болгондорум бактылуу күндөрүм болду. Учуп гана жүрдүм. Акылымда эч нерсе жок. Кимди көрдүм? Эмне сүйлөштүм?".
Азамат Алтайдын тагдыры ал өзү акыркы интервьюларынын биринде эскерген "Толкундар жээкте жок болот" фильминдегиден да алда канча катаал болгон.
Кудайберген Кожомбердиев кеңеш доорунда чыккынчы аталып, анын арты менен айылдаштарынын, жакындарынын, санаалаштарынын далайы куугунтук жеп, ишмердүүлүгүнө, өмүрүнө зак кеткен. Азамат Алтай өзү болсо эгемен өлкөлөрдө жашап жүрүп, Германияга, АКШга каттаган кыргызстандык маданият ишмерлери менен жолугууну эңсеп турса да, атайын кызматтар ага мүмкүндүк бербей, колго түшүрүү үчүн аңдып жүрүшкөн.
Согуш туткундарына советтик ырайымсыз мамилени угуп, аргасыз Батыш Европада калган Азамат Алтай Батыштын чыгыш таануучу илимпоздору менен кызматташып, Борбор Азия элдеринин тилдериндеги басма сөз маалыматтарын илимий чөйрөгө киргизүүгө чоң салым кошуп, 6 миңден ашуун китеп жыйнаган.
1953-жылдын 18-мартында "Азаттык" үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч уктуруусун обого чыгарган. Өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин миңдеген китеп окуган, илимий эмгектерди жыйган. Анын бир- эки бөлүгүн Жалал-Абад, Каракол университеттерине, бир бөлүгүн Колумбия университетине берген.
Азамат Алтай көзү өткөнгө чейин караколдук, жалалабаддык 300дөн ашык студентке стипендия берип, аларды мыкты окуп, мекенге кызмат кылууга үндөгөн.
Көзү тирүүсүндө маркум Азамат Алтай "Азаттыкка" берген маегинде Аскар Акаев мыкты илимпоз болгону менен, өлкө башчысы катары жакшы иштей албай, кыргыз элине чыккынчылык кылып, Кытайга Үзөңгү-Куушту берип салганын учурунда сынга алган. Ошондой эле Курманбек Бакиев да Кыргызстанды кыйынчылыктарга кептеп салганын, бир туугандары, уулдары менен бийликти ээлеп, элди ойлобой калышканын сындаган.
Азамат Алтайдын Нью-Йорктогу үйүндө болуп, анын өздүк архиви менен таанышып, китепканасынын айрым бөлүгүн Кыргызстанга алып келген Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Бексултан Жакиев мындай дейт:
- Биз билебиз, ал кишини гезиттерде көп жолу аябай жамандады, ЦРУнун агенти, чыккынчы деп. 1991-жылы Азамат Алтайдын үйүндө бир айча жүрүп калдым. Архивинин баарын аңтардым. Бир топ китептерин, архивин ала келдим. "Азаттыктын" макалаларын карап олтуруп, эмне үчүн бул кишини жамандаганын, эл душманы деп жарыялаганын ошондо түшүндүм. Себеби, биринчиден, биздин чоңдордун ката иштерин, кемчиликтерин көп айтышкан экен. Экинчиден, бизде жашырган чындыкты алар айтып турган. Архиви менен таанышып, көзүм бир нерсеге жетти. Кыргыздар, Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу көп маалыматтарды башка авторлорго, китепканалар үчүн даярдап берген. Муну Азамат Алтайдын архивдеринен көрдүм. Азамат Алтай бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.
Азамат Алтай 1995-жылы 24-августтан 1-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, "Манас" дастанынын мааракесине катышкан. Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолуккан.
Азамат Алтай 1995-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин Жалал-Абад менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын стипендия берип келген.
Тактап кетүү зарыл болгон жагдай - Кудайберген Кожомбердиев эч качан "Түркстан легионунда" кызмат кылган эмес. Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган борборазиялык бозгундардын "Түрк эли" уюмунун ишмердигине активдүү катышкан. "Түрк эли" уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.
Ал 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбордук Азиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.
Азамат Алтай 1953-жылы баш кеңсеси Мюнхенде жайгашкан "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматына жумушка кирип, ошол жылдын 18-мартында "Азаттык" радиосунун тунгуч кыргызча берүүсүн обого алып чыккан.
Ошондон тартып ал өмүрүнүн 40 жылын "Азаттык" үналгысына арнаган.
Кыргызча булактарды англисчеге которуп, АКШ, Франция жана Германия окумуштууларына кыргыз маданиятын, тарыхын иликтешине өз салымын кошуп келген. Колумбия университетинде иштеп жүрүп, окуу жайдын китепканасына жүздөгөн кыргызча китептерди топтогон.
Бир аз убакыттан соң ал Нью-Йоркко кетип, Колумбия университетинин китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат. Ошондо да ал "Азаттык" менен тыгыз кызматташкан. Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ошондон өмүрүнүн акырына чейин Нью-Йоркто жашап келди.
"Азаттык" үналгысынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Азамат Алтай рак оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, маркум жубайы Сания апанын Нью-Йорктогу кабырынын жанына коюлган. "Азаттык" үналгысынын кыргыз редакциясын уюштурган Азамат Алтайдын эмгеги көзү тирүүсүндө татыктуу баасын албай калганы өкүндүрөт.

Кабыл Макеш