Ак халаттагы жаңылык

Сабырбек Жумабеков, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси
Кыргыздын илимий ыкмасы Американы багындырды
- Сабырбек мырза, Америкадагы иш сапарыңыз кандай болду?
- Албетте байсалдуу болду. Ал жакта жыйырма күндөй болдум. Америка илимий ортопедиясынын чакыруусу менен жылда өтүүчү Гаваидеги эларалык конгресске чакыруу алгам. 7-апрелде жараат алган адамдарга экинчи этап менен операция жасала турган болуп, бара албай калам го деп ойлогом. Бара албасымды телефондон билдирсем болушпады. Океандын ары жагындагы кесиптештерим бардык чыгымды төлөшөрүн, болгону конгресске катышуумду катуу сураныч кылышкандыктан, экинчи этаптагы операцияларды толук бүткөрүп, саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты менен жөнөп кеттим. Жеткенимде биринчи эле сурагандары 7-апрелдеги жараат алгандардын абалы болду.
Мен кетмен сөөктүн тубаса кыйшайышы жана кыйшайган омурткаларды түзөө боюнча баяндама жасадым. 12 өлкөдөн келген миңден ашык делегаттардын ичинде КМШдан мен эле болдум. Конгресстен кийин Лас-Вегас деген шаарга жеке клиникалары бар Девид Стюарт деген кесиптешим чакырды. Ал жерде 2 млн калк жашайт экен. Төрт чоң клиникада болдук. Мени келет деп ар бир ооруканага жарнама илишиптир. Алтымыштай ортопед чогулган клиникада лекция окудум. Кыргызстандагы тубаса оорулууларды жана 7-апрелде ок жаңылган адамдарды дарылоо ыкма-жолдорун айтып берип, жогору баа алдык. Лас-Вегаста бир жумадай болдум. Эки күн кесиптештерим менен иштедим. Кыйшык омурткаларды түздөдүк. Мен өзүмдүн технологиямды, америкалыктар өздөрүнүкүн көрсөтүштү. Лас-Вегаста кыргыздын атын чыгарып, Америкада кыргыз желегин желбиретип жүргөн Алмазбек Раимкулов менен жолуктум. Жаңы эле үй алган экен, мени чакырып, келинчеги өзгөндүк экен, очокко Өзгөн палоосун басып коноктошту. Алмаз Кыргызстандагы окуяларга абдан тынчсызданып жатканын, эртерээк стабилдүүлүк орношун тилээрин айтты.
Сент-Льюис деген биз 10 жылдан бери кызматташып келаткан университетке барып, апрелдеги окуялар боюнча толук маалымат бердим. Алардан дагы жакшы пикир угуп келдим. Кыскасы, Америкадан жемиштүү келдим. Кыргыз ортопедиясындагы жаңылыктар-жетишкендиктерден бөлүшүп, алардан көп нерсени өзүмө сиңирип кайттым. Негизи ортопедиядагы мыкты ыкмалар Америкадан алынат, алардан Европага, ал жерден башка мамлекеттерге тарайт. Биз Америка менен эч кандай ортомчуларсыз эле байланышып, 10 жылдан бери иштешип келебиз. Ортопедия тармагында Россия бизге мисал боло албайт, муну 15 жылдан бери айтып келатам. Аларга карап түздөнсөк, ортопедиялык жактан артта калып калабыз.
- Сөзүңүзгө аралжы, окто уулуу заттар бар, аны алган менен, калган заттар ден соолукка эртеби-кечпи терс таасирин берет дешет…
- 7-апрелден 100дөн ашык адамдын сөөгүнө ок тийген. Азыр алардын акыбалы жакшы. Колубуздан келген аракеттин баарын жасадык. Сиз берип жаткан суроонун дагы жөнү бар. Себеби, жөн сынган сөөк алты айда, ок тийген сөөк 2-3 жылда бүтөт. Анткени, ок үстүндөгү кийимди тепчип, инфекциясын кошо ала кирет. Алгач эт, тамыр, нерв талчалары жанчылып, анан ок сөөккө өтөт. Мына ошол жанчылган жерлер чирип, айыкканча эки-үч жыл убакыт кетет. 7-апрелдеги кандуу окуяда мекендештерибиздин өмүрүн сактоодо жаңы ыкма, жаңы аппараттарды пайдаланууга туура келди. Кызыл жарым ай эл аралык уюмунун жардамы менен алынып келинген швейцариялык апараттарды ишке салдык. Аларды сатып келип берген аталган уюмга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Елизаровдун борборунун генералдык директору, Россия илимдер академиясынын академиги В.И Щевцов да беш күн Кыргызстанда болуп, биздин жабыр тарткандар менен жакындан таанышып, "Баарына жогорку деңгээлде операция жасап коюпсуңар. Мен эч кандай кошумча киргизе албайм. Силер бүт баарын билесиңер. Аппаратта да иштей аласыңар. Ошонун негизинде дүйнөлүк стандартта жасап жатасыңар" деген жогору баасын берди.
- Эмне үчүн баяндаманы кетмен сөөктүн тубаса кыйшайышы жөнүндө жасадыңыз?
- Кетмен сөөктүн тубаса кыйшайышын кыргыздын илимий ыкмасынын негизинде операция жолу менен сакайтып алабыз. Ошонун негизинде кетмен сөөктөр түзөлүп, адам түз басууга мүмкүнчүлүк алат. Америкалыктар ушул темага да абдан кызыгышат. Ошондой эле кыйшайган омуртканы түздөө боюнча да баяндама жасадым. Себеби Америка да, Европада да 16 жашка чыкмайын омуртканы түздөшпөйт. Биз 10 жаштан баштап эле омуртканы түздөй беребиз. Ошол ыкмамды аларга көрсөттүм. Кесиптештеримден эң жогору бааны алып кайттым.

Чынайым Кутманалиева




Өлкөдө мамлекеттик башкаруунун калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын билдирүүсү

6-7-апрелдеги окуяларга байланыштуу республикада өтө татаал кырдаал түзүлдү. Бүткүл жоопкерчиликти өзүнө алган жана тез аранын ичинде кырдаалды оңдоого убада кылган Убактылуу өкмөттүн бул милдетти аткарууга чамасы келбей жатат. Элдик массанын капилет чыгуусунан пайда болгон ар кандай бийлик сыяктуу эле азыркы бийликте "революциядан" кийинки мезгилде мамлекетти натыйжалуу башкарууга, революциялык маанайдагы элдин күч-кубатын түзүүчүлүк нукка бурууга, өлкөдө укук тартибин жана туруктуулукту орнотууга түздөн-түз багытталган такталган аракеттенүү программасы жок.
Эң башынан эле биздин партия өлкөнү мындан дагы оор туруксуздукка алып баруучу ар кандай туура эмес аракеттерге катышууну каалабай, "утурумдуктардан" алыс болуп келген. Биз өлкөнү башкаруунун "революциячыл" ыкмаларын жактырбайбыз, ал өзүм билемдикке жана убактылуу бийлик тарабынан жарандардын укуктары менен эркиндиктерин тикелей бузууга алып келет.
Убактылуу Өкмөттүн конвульсивдик кыймылы, анын мүчөлөрүнүн болуп жаткан окуяларга, убактылуу бийликтин айрым өкүлдөрү аралашкан коррупциялык чатактарга кечигүү менен жана аңкоолук мамилеси калк тарабынан ага болгон ишенимдин ансыз да быкшыган отун жалп өчүрүүдө. Убактылуу өкмөт чындыгында коомдогу абалды оорлотуунун булагына айланууда, кыргыз элинин өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп жашап кетишине күмөн санатууда. Мамлекеттик башкаруунун чабалдыгы өлкөнүн ичиндеги белгилүү саясый күчтөрдө, ошондой эле кээ бир өлкөлөрдө кыргыз элинин таламдарына эч коошпогон өз билген тартибин орнотууга болгон кызыгуусун арттырууда.
Ошондуктан "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Убактылуу өкмөттү республикадагы кырдаалды турукташтырууга жана коомду конструктивдүү өнүгүү жолуна чыгарууга жөндөмсүз экендигин моюнга алууга чакырат. Узакка создуктурбастан элдик ишенимдеги коалициялык өкмөттү түзүү зарыл, ал эл тарабынан мыйзамдуу бийлик органдарын шайланганга чейин иштейт эле. Убактылуу өкмөттүн курамынан коррупцияга чалдыккан жана кадр саясатын бузган адамдар чыгарылууга тийиш. Биз коалициялык күчтөр партиябызга ишенип бере турган тийиштүү багыттарда коалициялык өкмөт менен иштөөгө даярбыз жана муну биз кыргыз мамлекетинин эгемендигин сактап калуу максатында гана жасайбыз.
Эгерде Убактылуу өкмөт "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын сунушун четке какса, анда ал болуп жаткан баш-аламандыктар жана зордук-зомбулук үчүн тикелей жоопкерчиликти тартат.

"Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын
төрагасы А. Мадумаров




КАРКЫРАГА ДОБУШ БЕРГЕНДЕР
Ч.Г. Абдуллаева макул
Р.А. Абдраимова макул
Б.Т. Абдырасаков макул
Н.А. Айдаров макул
Э.Х. Акрамов макул
Б. Акунов добуш берген эмес
А.А. Арабаев макул
Э.С. Арсалиев макул
О.М. Артыкбаев каршы
Н.С. Атамбаев макул
О.А. Аттокуров макул
Ч.Т. Баекова макул
А.Б. Байбураева макул
Н.И. Байло каршы
А.Б. Байтиков макул
З. Бекенова макул
Б.Д. Бешимов жыйында жок болгон
А.О. Бурканов макул
Ю.А. Данилов макул
Г.Т. Дербишева макул
К.Н. Жолдошев макул
И.К. Жунусов жыйында жок болгон
М.К. Жураев каршы
Ж.А. Жээнбеков каршы
З.И. Жамалдинов макул
Т.А. Жумабекова макул
А.Ш. Жээнбеков каршы
С.М. Ибрагимов макул
Э.С. Ибраимова макул
Б.Т. Иманалиев макул
А.К. Иманалива макул
Р.М. Ирсалиев каршы
К.С. Исабеков жыйында жок болгон
Д.Ш. Исаева макул
М.Н. Исанова макул
А.С. Кабаев макул
С.К. Кадыралиев макул
А.А. Калмаматов макул
Ж. Каниметов калыс
К.Д. Карабеков макул
И.Ю. Карамушкина каршы
А.Т. Каримов макул
А.А. Кенжебаева макул
Н.К. Койчубаков макул
Х.З. Каркмазов добуш берген эмес
Д.К. Кудайбергенов макул
А.С. Кулбаев макул
Г.А. Куликова макул
М.К. Кунакунов макул
З.К. Курманов макул
Д.Ш. Кыдыров калыс
И.В. Летова макул
А.К. Мадумаров макул
М.Т.Мамасаидов макул
А.Т. Мамасалиев макул
Б.У. Мамасеитова добуш берген эмес
И.А. Масалиев каршы
Н. Молдобаев макул
Д.А. Молдошева калыс
М.Ж. Мырзакматов макул
О.П. Назаров макул
Б.М. Наргозуев макул
Д.А. Ниязалиева каршы
И.Ш. Өмүркулов каршы
У.З. Ормонов макул
Т. Орозалиев макул
Р.И. Отунбаева каршы
С.В. Попов макул
Ж.Т. Рахимидинова макул
А.А.Сабиров добуш берген эмес
Ш. Садыбакасова макул
С.А. Сакебаев макул
Ж.С. Салахудинов макул
А.М. Салымбеков добуш берген эмес
Б.А.Сан макул
А.Т.Сейтказиев каршы
Р.В. Сидоренко макул
А.Т. Сулайманов макул
Г.Т. Султаналиева каршы
Л.Ч. Сыдыкова макул
А.С. Тагаев макул
Р.Б. Тагаев макул
А. Төлөнов макул
Б.Э. Төрөбаев макул
П.Р. Тулендыбаев макул
А.А. Турсунбаев макул
Р.А. Шабатоев калыс
А.А Шадиев макул
Р. Шин макул
А.Л. Юсуров макул