"Мой мир"

@Өмүрбек Текебаев сайтта

Азыр эмне кылып жатат?

Шайлоого даярдык көрүп жатат

Каяктан: Азия, Кыргызстан, Бишкек
Туулган датасы: 1958-жыл, 22-декабрь
Туулган жери: Жалал-Абад облусу,
Базар-Коргон
Кыскача маалымат

Үй-бүлөлүү: жубайы Айгүл, бир кыз, эки уулу бар.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Кыргызстандын эң мыкты мыйзамчысы, бир катар Конституциялык кеңешмелердин мүчөсү, азыр да Убактылуу өкмөттүн конституциялык реформалар боюнча жооптуу өкүлү.
Бала кезинен эле "бычакка сап", Союз маалында эле окуучулар пахта тербейт деп саясый акция уюштура алган.
Бакиевдердин №1 душманы.
К.Бакиев бийликке келгенде эле оппозицияга өтүп, Бакиевге "жигит болсоң муунуп өл" деген, Бакиев бийлигине "кыргызча айтканда, мал болбой калды" деп саясый диагноз койгон.
2006-ж. "Матрешка-гейттин" каарманы - Варшавага учуп баратканда чемоданынан 600 гр. героин табылган. Бул дискредитация экендиги аныкталып, Польша соту тарабынан акталган. Буга тиешеси бар Жаныш Бакиев УКК жетекчилик кызматынан алынган.
Кыргыз оппозициясынын атасы мындан ары Кыргыз Конституциясынын атасы болчудай.


Билими:

Жогорку. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы КУУнун юридикалык факультетин аяктаган.

Карьерасы:

1981-1991-ж.ж. - Акман айылдык мектебинде мугалим.
1986-1991-ж.ж. - университетте физикалык лабораторияда лаборант.
1991-ж. февраль - "Эркин Кыргызстан" партиясын негиздөөчүлөрдүн бири.
Апрель - Жалал-Абад областтык Антимонополдук башкармалыктын төрагасы.
1991-ж. - СССР Жогорку Советинин депутаты.
1992-ж. - "Ата Мекен" социалисттик партиясынын негиздөөчүсү.
Легендарлуу парламенттин депутаты.
1992-1994-ж.ж. - Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары.
1995-ж. - Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер.
1995-2000-ж.ж. - ЖК депутаты, Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин башчысы.
2000-ж. - Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер, 13,89% добуш менен Акаевден кийинки экинчи орунга чыккан.
2000-2005-ж.ж. -ЖК депутаты.
2000-2001-ж.ж. - вице-спикер.
2005-2007-ж.ж. - ЖК депутаты.
2005-2006-ж. - ЖК спикери.
2006-2009-ж.ж. - "Реформалар үчүн", "Бирдиктүү фронт", БЭК оппозициялык кыймылдарынын мүчөсү.
2010-ж.ж. - апрелден тарта Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары.