Жалал-абадда абал курч
Апрель кандуу окуя менен башталса, майдын акыркы жумалары да бейкүнөө адамдардын каны менен жуулуп олтурат. 13-14-майдагы Жалал-Абад окуясы да түшүнбөстүк жагдайларда уланып, анын жыйынтыгы 19-майда жагымсыз жагдайды алып келди. Туура эмес жагдайда чечилгени да улуттар аралык жаңжалга алып келди. 19-майда Жалал-Абадда "Телтору" ат майданында чогулган 8 миңден ашуун эл Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановго нааразы болуп, Үсөн Сыдыков менен сүйлөшүүдө "500 автоматчигим бар" деген сөзгө жооп беришин, Тейит айылындагы 7 үйдү өрттөгөнгө ким уруксат бергенин таап беришин, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышты. "Ал жерде чогулгандар куралсыз" деп укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди. Обладминистарация алдына 2 миңдей адам чогулуп турат. "Облжетекчилерден бирөө да алардын алдына чыккан жок" деп билдирди акыйкатчы. Митингчилердин бир бөлүгү Жалал-Абаддагы Өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду улуттар арасына от жагууга аракет кылып, чагымчылык иштерди кылып жатат деп айыпташып, Жалал-Абаддагы Алим Батыров атындагы Элдердин достугу университетине келип, Кадыржан Батыровду кармап берүүнү талап кылышкан. Эки тараптан таштар ыргытылып, ок чыккан. Расмий билдирүүгө караганда 3 адам каза тапкан. 70тен ашуун адам жаракат алган. 5 жаштагы кыздын ичине ок тийип ооруканага жеткирилген. Магазиндер, базарлар толук жабылды. Убактылуу өкмөт абалды жөнгө салуу аракеттерин кылып жатат. Түштүккө Исмаил Исаков жөнөп кетти. ИИМдин орун басары Мелис Тургунбаевдин билдиргенине караганда, милиция митингчилерге эмес, асманга ок чыгарган. Баткенден да күч органдарына кошумча күч келди. Исмаил Исаков шаарга аскерлерди, БТРди киргизип, Сузакта, Жалал-Абадда 1-июнга чейин коменданттык саат киргизди. Такталбаган маалыматтарга караганда, каза болгон жарандардын саны көп.




Өткөөл мезгилдин президенти жөнүндө Декрет кабыл алынган жатат
Убактылуу өкмөт "Өткөөл мезгилдин президенти жөнүндөгү" Декретти кабыл алуунун алдында турат. Аталган документ азыр талкууланып жатат, андагы өткөөл мезгилдеги президенттин бийлик жүргүзүү мөөнөтү жөнүндө жоболор так чечиле элек, талаш-тартыш бар. Бул жөнүндө "Азаттыкка" Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров билдирди.

"Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн 19 декрети менен 2011-жылдын 31-декабрына чейин президент болуп шайланды" деп Азимбек Бекназаров билдирди" деген кабарды маалымат агенттиктери таратты.


?Орусиядан келген Рушайло Маевкада ал жердеги улуттардын өкүлдөрү менен жабык эшик артында сүйлөштү.

?Бектур Асанов Жалал-Абад, Сузакка чукул кырдаал киргизүү зарыл эмес болчу деп билдирди.

?Абдыгул Чотбаевдин офисине
УККнын балдары келип тинтүү жүргүзүп кетиптир. Эмне үчүн экенин генерал тактап жаткан кези.

?Аликбек Жекшенкуловдун соту кандайдыр бир себептерден улам 20-майга жылдырылды.

?Кыргызстан Казакстанга берилчү сугат сууну Таластан бууп салды.

?Автандил Арабаев, Динара Молдошева, Алишер Мамасалиев "Ак жол" партиясынан чыкты.

?Гуреевич Казакстанда деген маалымат ачыкка чыга баштады. Казакстандын территориясында Данияр Үсөнов, Нариман Түлеев жана Бакиевдин туугандары жок деген маалыматты Казакстан ырастады.


?Максим Бакиев Латвиядан чыгып кеткенин Латвиянын укук коргоо органдары билдиришти.





Убактылуу өкмөт Конституциянын долбоорун жактырды
18-майда кечке жуук Убактылуу өкмөттүн жыйыны жабык эшик артында өтүп, анда Конституциялык кеңешмеде даярдалган Конституциянын долбоору талкууга алынды. Бизге жеткен маалыматка караганда, талкуунун жүрүшүндө долбоорду 27-июнда жалпы элдик референдумга алып чыгуу чечими жактырылды.
Долбоор менен кошо элдин кароосуна Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин бирине мамлекет башчысынын милдетин аткарууга ишеним да суралмакчы. Ал Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева болоору күтүлүүдө. Референдумда элдин ишенимин алган өкүл мамлекет башчысынын милдетин 2011-жылдын октябрына чейин аткарат. Мына ошол мезгилде президенттик шайлоо өткөрүлөт. Ал эми парламенттик шайлоо быйыл октябрь айында өтөт.
Убактылуу өкмөттүн жыйынында Исмаил Исаков өзү тарабынан даярдалган Конституциянын долбоорун альтернативалык долбоор катары референдумга алып чыгууну сунуштады. Бирок добуш берүүдө Конституциялык кеңешме тарабынан даярдалган долбоор көпчүлүк добушка ээ болду. Ал эми Азимбек Бекназаров 1993-жылкы Конституцияга Убактылуу өкмөттүн декрети менен кайтып келүүнү сунуштады. Бирок ал сунуш да өткөн эмес.
Талкуунун жүрүшүндө долбоорго бир топ өзгөртүүлөр киргизилген. Маселен, Конституциялык Сот болбойт. Анын милдетин Жогорку Соттун Конституциялык палатасы аткарат. Жергиликтүү бийлик башчыларын дайындоо жолу да өзгөртүлдү. Район акимдерине талапкерлерди райондук кеңеш көрсөтөт. Борбордук бийлик аны бекитет.