Ичтен сызган маек

Абдылдажан Акматалиев:
"Манасты" чет элдиктер гана изилдеп калабы деп корком"
- Конституциянын талкууга коюлган долбоорундагы артыкчылык-кемчиликти байкай алдыңызбы?
- Конституциябызды окуп жатабыз. Эң башкысы - системаны өзгөртүп, бийлик элге кызмат кылуусу керек. Бул жагынан алганда Конституциянын 2-беренесинде "мамлекет... бүткүл коомго кызмат кылат" деп эң туура белгиленген. Ошону менен бирге "бир да жеке адам бийликти ээлеп алууга укуксуз" - деп баса көрсөтүлгөн.
28-беренеде айтылгандай, ар ким ой жүгүртүү, сөз жана басма сөз эркиндигине ээ болушу демократиянын кайра калыбына келишинен кабар берет. Теле-радио, басма сөздөр коомдук болгону жакшы, бирок анын механизмин толук иштеп чыгуу талап кылынат. Антпесе, бир ууч топ, өз кызыкчылыгы үчүн уюшуп алып, коомдук пикир жаратып коюшу мүмкүн.
Ошону менен бирге 47-48-беренелерде илимге, кыргыз тилине, адабиятына, маданиятына, көркөм өнөрүнө атайы абдан көңүл бөлүнүп, алардын өнүгүшү үчүн мамлекеттик камкордук көрүшүнүн жана зарыл шарттарды түзүшүнүн орун алышы кубандырат.
Конституциянын жаңылыгы - бир эле адамдын эки жолку мөөнөткө Президент болуп шайлануусуна тыюу салынышы, беш жылга гана шайлоо жана президенттен кол тийбестикти алып салышы. Ошентсе да, президенттин укуктары кеңейтилген күчү кадимкидей. Өзгөчө кырдаалды "айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет" дегени өтө кооптуу. Ал эми жоопкерчиликтери, милдеттери так көрсөтүлүп жазылбай калган. Президент кыргыз мамлекетинин символу катары калып, тышкы саясат менен алектенүүсү керек, ички кадр маселесине кийлигишүүсүнө дагы чек коюу зарыл.
Конституциядагы эң башкы маселенин бири - бул кыргыз тили. Мамлекеттик тилди жөн эле Конституцияга жазып койгондон пайда чыкпайт, анын иштөө механизми ачык көрсөтүлүшү керек. Президент да, премьер-министр да, спикер да өзүнүн негизги милдеттеринин бири - мамлекеттик тилдин өсүп-өнүгүшүнө, жайылышына камкордук кылып, зарыл шарттарды түзүп, үлгүлүү болушу керек. Конституциянын айрым беренелери кыргыз тилинде чоркок, түшүнүксүз жазылган. Алсак, 8-беренеде "Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк таанылат" деп жазылса, 14-беренеде "Ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ" деген мааниси түшүнүксүз сүйлөм жүрөт.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы бүт аймагы кол тийгис жана бүлүнгүс" дегенде 3-беренеде "азыркы" деген сөз ашыкча. Анда биз Каркыра сыяктуу жерлерибизди кайра кайрып ала албай калабызбы?!
- Абдылдажан агай, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын иликтеп жүргөн адамсыз. Эмне үчүн Чыңгыз аганын ашы мамлекеттик деңгээлде өткөн жок? Буга ким күнөөлүү?
- Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышына мына жакында эки жыл болот. Мурдагы өкмөт Айтматовдун арбагына да кайдыгер карап, эч нерсе жасабаганын эл жакшы билет. Мен өз убагында бир топ маектерди бердим, ошондой эле макала да жаздым: Эмне үчүн Чыңгыз агай Татарстанда, андан кийин Германияда ооруп жатканда бийлик атайы кабар алган жок? Эмне үчүн акыркы сапарга узатканда аза күтүүнүн төрагасы Президент болгон жок? Эмне үчүн КМШнын президенттерине официалдуу кабар берилип чакырылган жок? Эмне үчүн жок дегенде келүү ниетин билдирген түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары келе алган жок? Эмне үчүн ашы кеңири өтүлгөн жок? Эмне үчүн 80 жылдык мааракеси жакшы уюштурулган жок? Эмне үчүн президенттин, өкмөттүн, спикердин катышуусу менен өткөн жок?
Меймандар да суроо
салат кадала,
Неге кетти
Президент да шашыла.
Кана премьер, кана
спикер, шаар мэри, -
Үйлөрүндө жаткан
беле жашына?!
Эмне үчүн эмдигиче эстелик коюлган жок? Эмне үчүн китептери мамлекеттик каражат менен чыккан жок? Эмне үчүн?! Эмне үчүн?! Ыр саптарды да жаздым. Бул эмне үчүндөргө жооп издеп "Аш өтүлөт арбак ыраазы болгондой", "Рух дүйнөнүн асманында алп жатат", "Суук тийбесин тосуп тураар Ала-Тоом", "Бушайманмын жамгыр жааса, кар басса" деген көлөмдүү ырларымда кийинки мезгилдерде Айтматов тирүү кезинде да, дүйнөдөн кайткандан кийин арбагы да барк билбес бийликтин, түшүнбөөчүлүктүн чоң кысымында болгонун чагылдырып келдим. Ата-Бейит болсо томсоруп турат. Убактылуу өкмөт элдин рухун, аң-сезимин, ар-намысын көтөрөбүз дешсе, "Манас" эпосу менен Чыңгыз Айтматовдон баштап, улуттук руханий символдорубузду кайра жандандырып, дүйнөнүн суктанышына жетишибиз керек. Ошондуктан Убактылуу өкмөткө бул маселелерге кайдыгер карабай, тез аранын ичинде иш-чараларды иштеп чыгууну сунуш кылам жана алар колдойт деген ойдомун. "Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматов боюнча маданий декреттерди кабыл алса - улуттук сыймыктарыбызга жогорку деңгээлде көңүл бурулгандай болуп, улуттук идеологиябызды түптөөдө жакшы негиздердин бири болуп берет беле деп ойлойм. Саясый-экономикалык чечимдерди абайласа, этияттаса, шартка жараша караса болот, ал эми маданий-адабий, руханий-нравалык, этикалык чечимдерди күтүп туруунун зарылдыгы жок, тескерисинче, күн өткөн сайын жан дүйнөбүз жакырланып, бөксөрүп жатат. Маданият, адабият, илим убакытты, саясатты карап отурбайт.

-Биздин теңдеши жок "Манас" эпосубуз бар. Ага көз арткан мамлекеттер да жок эмес. Убактылуу өкмөт " Манас" эпосун коргоо, сактоо жана өнүктүрүү" деген аталышта декрет кабыл алса туура болчудай. Буга сиздин пикириңиз кандай?
- "Манас" эпосу боюнча мыйзам кабыл алынбай калганы чын. Жогорку Кеңештин комитетинде каралып токтоп калды. Азыркы Убактылуу өкмөт ошол мыйзамды "Манас" эпосун коргоо, сактоо жана өнүктүрүү" деген аталышта декрет аркылуу кабыл алса жакшы болмок. Бул мыйзамды ишке ашырууга түздөн-түз тиешеси бар мекеме - биздин Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. Эпосту жазып, сактап, жарыялап, изилдеп, анын түбөлүк жашоосун камсыз кылып келе жатат. Кол жазмалар бөлүмүндө "Манас" үчилтигинин 80ге жакын варианты бар. Менин жеке пикиримде, "Манас" эпосуна тиешелүү иш алып барышкан илимий кызматкерлердин айлыгын жок дегенде 50%га жогорулатуу керек. Антпесе, бүгүнкү күндө жаштарды "Манасты" изилдөө иштерине кызыктыруу, тартуу кыйын. Башкаларга караганда эпостун материалдары менен таанышып чыгуунун өзү эле бир топ убакытты талап кылат. Жаш илимпоздорду бир чети материалдык жактан кызыктырып тартсак, экинчиден, тиричилик көйгөйлөрү жеңилдесе, алардын илимий иштеринин сапаты жакшырып, манас таануучулардын саны өсүп, улуттук символубуздун изилдөө келечеги боло түшөт. Антпесек, "Манасты" кыргыздар эмес, жалаң чет элдиктер изилдеп калабы деп корком, бушайман болом. Илимий жактан алганда да "Манас" эпосунун руханий борбору Кыргызстан болуп турушу керек.
Бүгүн Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттарынын академиялык басылмасы даяр болгону менен каражат жогунан он жылдан бери коомчулукка жетпей отурат. Бул маселе, албетте, мамлекеттик деңгээлде жакынкы күндөрдө чечилиши зарыл. Ал эми С.Орозбаковдун негизги текстин "Хан-Теңири" басмасы окурмандарга жеткирсе, С.Каралаевдин текстин "Турар" басмасы май айында жарыкка чыгарат.

- Чыңгыз Айтматов өз ажалы менен эле каза болдубу?
- Агайдын жашап жүргөнүн көрө албагандар болду. Чыңгыз агайдын өз ажалынан өлгөнүнө ишенбей кетем. Ошондон уламбы, "Сиздин өлүм табышмактуу, жашыруун", "Сиздин өлүм керек беле бирөөгө", "Бир күн ичи кеткениңиз жок болуп, Шектендирет көп нерсени сүйлөөгө" деген сыяктуу саптар Жан дүйнөмдө бекеринен жазылбаса керек.

- Айтматов Айтматовдой баркталбай калгандай?
- Ооба, ырларымда саясый лириканын боёктору да бар. Айтматов Айтматовдой баркталбай калбадыбы?! Тирүүсүндө колунан келбей, көлөкөсүндөй ээрчип алышкандар арбагынан өч алгысы келишти. Ошондо тартынбай эле "Ата-Бейит" ичиркенип үн катпайт, Кекерсинген бийликтүүлөр жүз бакпайт, Кыянаттык Айтматовго кылгандар, Көрөсүңөр, эртели-кеч жер таптайт", "Бюрократ, курсак менен ойлогон, Жамандар бар маңкурт өңдүү кеңкелес" деген сыяктуу саптардан турган ырларымды өз убагында 2008-2009-жылдары эле басма сөз беттерине жарыялаган болчумун.
Мен Чыңгыз агайдын жаркын элеси ар бир кыргыз баласынын көкүрөгүндө болсо, түштөрүнө кирсе деп ойлойм. Ошондо абийирибиз тазара түшөт, акыйкатка, адилетке умтулабыз. "Күн нурундай чачыратып мээримди, Ар адамдын түштөрүнө кирсеңиз" деп да жазгам. Айтматовдун жанында жүрүү - урмат-сыймык менен бирге бул - чоң жоопкерчилик. Турмушуң да, ишиң да, айлана-чөйрөң да, жан дүйнөңдө да тазалык, ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк, адамкерчилик, акыйкаттык сыяктуу сапаттарга негизделип турушу керек. Ошондо гана Улуу, алп Айтматов менен бир сапарга жол тартсаң болот. Күн - айга, ай - жылга айланып жүрүп, арадан жыйырма сегиз жыл өтүп, "мен өзүмө ишенгендей өзүңө ишенемин" деген сөзгө татыктуу болгом. Ал гана эмес, өз колу менен чет элден жазган каты сакталып турат.
"Айтматовду жактайсың" деп, бир топ эле көрүнө да, жашыруун да тоскоол, жолтоо кылгандар да, кысымдар да болду. Айтматовду жаштар сыйлыгы менен чектеп коюуга болбойт, эл аралык сыйлык уюштуруу керек, борбор шаарыбызга, Ата-Бейитке эстелик коюу, Чүй проспектисин Айтматовдун проспектиси же Эркиндик бульварын Айтматов бульвары деп атоо керек, шаарыбыздын Биринчи май районун Айтматов району деп атоо керек, Айтматов энциклопедиясын даярдоо, чыгаруу керек, Айтматовдун айкелин дүйнөнүн ар кай мамлекеттеринде турушуна камкордук көрүү керек, ашын мамлекеттик деңгээлде өткөрүү керек деген конкреттүү көп сунуштарым суу кечпей калды. Жогорудагыдай сунуштарды үстөккө-босток айтып турсам мени кантип жакшы көрүшсүн.

П. Рысманбетова