Шуулдаба теректерим, шуулдаба.. же жамгырдан кийинки таза маек

Адахан Мадумаров, экс-депутат, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Бакиев арабаны алдыга коюп чуркаса, булар ээр-токумду тескери токуп чаптырып баратышат"
- Адахан мырза, мындан көп жыл мурун сиздин кабинетте жан дүйнө жаңырыгындагы көкүрөк өйүгөн ойлордун тегерегинде маек курдум эле. Азыр болсо, күтүүсүз өзгөрүүлөрдүн эки эпкинин баштан кечирип, дале жарыкты чырак менен издеп жатабыз. Бушаймандыктын буулуккан ойлору баарыбызды муунтуп жаткандай. Эмне үчүн, эмне болду деген суроолорго жооп издегенден тажап бараткандайбыз. Бир конституциялык долбоорду талкуулап бүтө электе, Исмаил Исаковдун долбоору жакын арада жарыяланганы жатыптыр. Мындай көрүнүш убактылуу өкмөтчүлөрдүн ар кимиси Конституция жазып кирди дегенден кабар бергенсийт...
- Мен буга чейинки маектеримде жамааттык жоопкерсиздик болуп калаарын айттым эле. Парламенттик башкаруу дегенде өзүбүздүн улуттук кулк-мүнөзүбүздү сөзсүз түрдө эске алышыбыз керек. Европадан, Америкадан, Япониядан көчүрүп алып жашайбыз деген туура эмес. Биздин дүйнө таанымыбыз, аң-сезимибиз да башкача. Ошондон улам, эгер парламенттик башкаруу болсо, 105 дейби, 120 дейби, ошончо президент болот. Ошончо кишинин жеке амбициясы болот. Улакты мен чабам дейт, марага мен алып барып таштайм дейт. Ушундай уланып олтуруп мамлекеттик башкаруунун накта быкы-чыкысы чыгат. Исаков өзүнчө Конституция долбоорун даярдап жатат деп сиздерден угуп жатам. Убактылуу өкмөттөгү беш-алты кишинин ортосунда биримдик болбогондон кийин, анан 120 кишиде болмок беле? Бул Конституция, биринчиден, мыйзамга туура келеби? Конституцияны кандайдыр бир шектүү делген документ менен жокко чыгарып койсо болобу? Жогорку Кеңештин жумушун токтотуп, жоюп салса болобу? Президент да, Жогорку Кеңеш да жое албаган Конституциялык сотту беш кишинин Декрети менен алып салса болобу? Февралда Бакиев арабаны аттын алдына коюп чуркап баратат деп айттым эле. А булар болсо, ээр-токумду тескери токуп чаап баратпайбы. Кудайга тобо кылдым. Ат токумунда тердик деген болот, ошол тердикти ээрдин үстүнө коюп, аны атка тескери токуп, басмайыл, чылбыры, үзөңгүсүнүн бар-жогун текшербестен чаап кетип жатышат. Ээр-токумда, аты жаман болгону менен, жакшы кызмат аткарган куюшкан деген болот. Төмөн карай кетип баратсаң, сени кармап калчу бирдеме барбы же жокпу дегендей. Эми ошолордун баарын тескери токуп алып чапкан атты элестетип көрүңүз. Азыркы убактылуулардын реформасын дал ошондой сүрөттөөр элем.

- Адахан Кимсанбаевич, бүгүнкү күндө Конституцияны анда ким жазышы керек?
- Кеп Конституцияда эмес, ошол Конституциянын алкагынан чыкпай, ыйман, ынсап менен кайсы азамат келип, мамлекетти башкарат дегенде. Бизде дайым эле бир маселе - кимди ким даярдайт да, акимди ким кызматтан алат деген, кыргыздын оорусу ушул. Анан министрди бекитип, бошото алабы?! Карап көрсөңүз, президенттин, Жогорку Кеңештин, анан өкмөттүн ыйгарым укуктары эч кимди кызыктырбайт деле. Анан 100гө жакын статьяны ооба же жок деп кантип кабыл аласың?! Балким, 90 статьянын ичинен 88и жагып, экөөсү жакпаса, мен кантип өз эркимди билдирем? Кантип жок деп, же болбосо ооба деп кантип айтам? Азырынча Конституцияга шашпаш керек эле. Биринчи кезекте Кыргызстанда бекем тартип орнотуп, мамлекеттик структураларды түгөл ордуна коюп, андан кийин акыл калчап Конституцияга киришсек болмок. Бирок, Конституцияны саясатчы эмес, адистер жазышы керек. Саясатчы, кандай түзүмдү, кандай жол менен кеткенди каалайсың, ошолор боюнча кеңешин гана берип, 100 пайыз нукура, 100 пайыз саясаттан алыс адис жазышы керек эле. Саясаттан алыс дейин десең, кыргыздын чабаны, тамекичиси, кызылчачысы, пахтачысы, банкириби же базарда соода-сатык кылганыбы, баары тең саясат деген ооруга чалдыккан. Ошол себептен дагы бир жолу баса белгилейм, Баш мыйзамды теориялык да, практикалык дагы тажрыйбасы бар мыкты адистер жазышы керек. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын көбөйтөлү деп жатышат. Көбөйтө албайт. Чыгаан, көкүрөгү таза адамдар келгенде эң чоң укук Жогорку Кеңеште болот. Жогорку Кеңешке аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлдөө укугу берилген. Кайсы бир мыйзам туура эмес болсо, ал мыйзамды өзгөртүү кимдин колунда? Жогорку Кеңештин. Мыйзамдар бузулуп жатса, эмне үчүн бузуп жатасың деп адилеттүүлүк менен жарга такоо да Жогорку Кеңештин колунда. Ага жаман көрүнбөйүн, буга жаман көрүнбөйүн - башка маселе. Себеби, көпчүлүк депутаттар чарба иши менен алек. Аларга башка ишмердик менен алектенге тыюу салынганы менен, аялына, балдызына, инисине, күйөө баласына жаздырып коюп жатышпайбы. Ушуну билип-көрүп туруп кандай көрбөдүк дейбиз. Элестетип көрсөңүз, чөнтөгүндө бир тыйыны жок азаматтын Жогорку Кеңешке келгенин. Анан саясый партиялар келсе дейбиз. Саясый партиялар алды жакка 4-5 азаматты коет да, артына бүт капчыктууларга орун берет. Жылкысын ошолор союп, чайын ошолор берип, артисттерин ошолор ырдатат. Гезиттерге олчойгон макалаларды жаздырышат. Биздин кесиптештер бүт баарын иштейт да, анан эркин журналистмин деп көкүрөк кагат. Балакетине эркин журналистпи?! Кимдин казанынан тамак жесең, ошонун ырын ырдайсың. Реалдуу турмуш ушундай болуп жатса, кайда барасың?! Анан бир эле үй-бүлө үч-төрт гезит ачып алып, өзүнөн башка баатырды таппай жатам деп жар сала бергени менен кыргыз эли деген абдан кыраакы эл. Тээтиги талдын башы кыймылдап жатса, эмне үчүн деп сезип турган заман келди. Аны бешиктеги бала да билет. Кайсы гезитке чыгыптыр десе, балан гезит дешсе, "а түшүнүктүү, өткөндө урушуп кеттик эле, өч алып жатса керек" деп коет. Мына ушинтип сөздүн баркын да кетирдик. Журналисттин кадыр-баркын, кесиптик баа-ченемин төмөн түшүрдүк. Андай десек, менин кесиптештерим "турмуш начар, тамак жок үчүн ушул ишке барып атпайбызбы" дейт. Акыл токтотуп, эки жакты байкап иш кылышыбыз керек. Өткөндө ОБСЕ мүчөлөрү, Казакстандын тышкы иштер министри Канат Садабаев келгенде жанына олтуруп алып кыйынсынып жатышты. Мен ошол жерде бул маселени кыргыз өзү чечмейинче, ОБСЕ да, Бириккен улуттар уюмуң да, эчкимиси чече албайт дегем. Биринчи кезекте кыргыз өзү чечиши керек. Мыкты чыкмалары кокту-колоттун ырын ырдабай, кыргыздын ырын ырдап, кыргыздын туусун көтөрүп чыккан болсо, чет өлкөдөн келген баягы эл аралык уюмдар да эсептешет. А биз болсо, кимиси эртерээк жетсе, экинчисинин кемчилигин айтып, абийирибизди төгүп жатпайбызбы. Анда башка жактан тууган, мамлекет таап ал. Ондогон жылдар бою колубузду сунуп сурагандан башка эч нерсени билбейбиз. Жок дегенде келген жардамды тийиштүү жакка жумшай албайбыз. Же балабыздын, же аялыбыздын чөнтөгүнө түшүп кетет. Ошондуктан кеп конституциялык реформада эмес. 3 миллиондон ашык кыргыздан кантип 40 азамат чыкпасын? Кыргызга 40 эле азамат жетиштүү. Бул ким? Президент. Бул ким? Өкмөт башчысы. Бул ким? Өкмөттүн 14-15 мүчөсү. Анан жети облустун жана эки шаардын - Ош менен Бишкектин башчылары. Алар өзүнө теңдүүдөн коркпой, "акылы бар, мага караганда дурусураак көрүнөт экен, өңү -түсү жакшы экен" дебей, ичи тардыкты четке таштап, мыкты азаматтарды ишке тартса, мына ошолордун колунан келе турган иш. Конституцияны уулдап-чуулдап миңдеген киши жазбайт. Ишенсеңиз, өкмөт мүчөсү болуп олтургандардын арасында Конституцияны окубагандары бар. Жогорку Кеңешке 90 депутат келбеди беле, айрыкча анын ичинде акжолчулар, Конституция эмес, арасында гезит окуганы бар экенине күмөнүм бар. Ишенип коюңуз, мага "балан мамлекетке иш сапары менен барганга уруксат бериңиз" деген үч сүйлөмдөн турган арыз жазганда, ичинен 8-9 ката таап жатпадымбы. Анан ошол азаматтар кыргыздын, мамлекеттин тагдырын чечеби? Аман-эсен болуп эле, чөнтөгүң калың экен, майлуу-сүттүү жерде олтурат экенсиң, бала-чакаң, эли-журтуңдун батасын алып, эч кайда аралашпастан ошол эле жерде олтура бербейсиңби. Эмне кыласың бул жерге келип, элдин тагдырын бийлейм деп. Эми ар кимиси колунан келген ишти иштесе жакшы болмок.

- Адахан мырза, 7-апрелден кийин кайсы иллюзияңызды жоготтуңуз?
- Мен иллюзиямды эчак эле жоготконмун. Бирок, дагы бир нерсеге ишенип калдым. Биз жаш мамлекетпиз, алсызбыз деп көп айтышат го. Мен эчен жылдан бери биз байбыз, күчтүүбүз, бирок, ошол күчүбүздү сезбей келебиз деп айтып келем. Күчүбүздүн баары курулушка, бир нерсени жаратууга эмес, тескери жакка, бузуп-кыйратууга жумшалып келет. Эртең 4-5 гезит бул маегимден кайсы бир ойлорумду илип алып, сындап, согуп жазат, "айланайын, акыл айтыптыр, мындай дептир, тигиндей дептир" деп. Эми азыр заманыбыз, маданиятыбыз, элибиз ушундай деп айткан да туура эмес. Эл эмес, эл ичиндеги иритмелер ушундай болуп калган.

- Бүгүн кыргызды ким сактап калат? Манаспы?
- "Манас, Манас" деп кереги бар да, кереги жок да жерде манас айттыра берип, "Манастын" ашмалтайын чыгардык. "Манасты" билгени да, өмүрү "Манас" китебин колуна кармабаганы да "Манаска" таянып олтуруп, сөздүн баркын кетирип алдык. Анан Айтматовдун чыгармалары дейбиз. Мен көп жетекчилердин Айтматовдун чыгармаларынын бирин да окушпагандыгын билем. Окубасаң эмне үчүн ал жерде ой жоруп жатасың?! Кыргызды кыйынчылыктан ким чыгарат? Биринчи кезекте - кыргыздын акыл-эси, сабырдуулугу, токтоолугу. Анан чучукка жеткен уруучулук, жердешчилик деген оорудан айыксак, тез эле чыгабыз. Ким болсо да өзүбүздөн болсун деген сокур сезимди, жалган түшүнүк, куру намысты ташташ керек. Жаман жагыбызды жаман деп моюнга алып, жакшы жагыбызды жакшы деп көкөлөткөндү билишибиз керек. Өткөндө Польшанын президенти каза болгондо, караңызчы, улут биримдигин. Кечээ саясат майданында бири-бири менен чабышып жаткан атаандаштардын тизесин жерге тийгизип, көзүнөн жаш кылгыртып жатканын. Бул жасалмалуулук эмес. Бизде көзү өткөн адамды жерге берип жатканга чейин жасалма да. Кээ биринин кайрат айткан сөздөрү да жасалма. Ошол жайдан бата кылып, 4-5тен машинага олтураар замат "ай ушуну көрмөк" деп айтканда, кайда бараарыңды билбей каласың. Эл алдына чыкканда таптакыр башкача сүйлөп, момоюп калышат. Нукура момун мусулмандын кейпин кийип калышат. Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев, Муратбек Рыскуловго окшогон мыкты актерлордун көзү өтүп кетти, ушулар жаралабы деп кээде ой толгойм. Саясатчынын бүт баары Советбекти деле, Сүймөнкулду деле, Муратбекти деле, Болотту деле басып өттү. Тимеле кой оозунан чөп албагандай момоет. Көпчүлүк учурда мен эмне үчүн аш-тойлорго барбайм. Аш аштай болбойт да. Жалган сезимдерге сугарылып олтуруп алышып, уят деген куру намыска берилип, чындыгында көкүрөктөрүндө эч нерсе жок. Ошондуктан кыргызды сактоочу күч биринчи жараткандын колунда. Экинчиси - кыргыздын пейилинде, өзүнүн аң-сезиминде. Акыл-эсинде, кылымдарды карытып келаткан касиетинде. Бирок, касиетибиз десек, аны деле жоготуп жатпайбызбы. Кээде бир-эки ооз сөз айтып койгондон да коркосуң. Кудай сакта, артыңдан эки ай ажылдап ээрчип алышат. Ошон үчүн жанагы шайлоолордо "мен сизге жардам берейин, сиздин партияга кирейин, сиздин жаныңызда болоюн" дегендерден ушунчалык корком. Бирөө мага ассалом алейкум деп койгондо, валейкум ассалом деп алик алып туруп ойлоносуң, эртең "эсиңиздеби, мен сиз менен учураштым эле" деп кайсы жерден алдыман чыга калат деп. Азыр айыл-айыл, жер-жерлерде үч саясый партия, үчилтик деп коеюнчу, орун бөлүштүрүп жатышат убактылуулар. Түшкө чейин "Ата Мекен", түштөн киийн "Акшумкар" бийлейт, түнү менен КСДП бийлейт. Губернаторлор дагы ошондой алмашып жатат. Айылдык клубдарга чейин түшүштү. Анда эмне үчүн Акаев менен Бакиевди тууганчыл болуп кетти деп ушунчалык сындадык?! Инилерин, балдарын, күйөө балдарын бир жерге кызматка коюп жатканын укпай жатабызбы. Же алар дагы "Акүйгө киргендин баары ажыдаар болуп калат" деп Атамбаев айткандай, өзөк кемчиликти унутуштубу?! Сегиз класстык эле билими барларды район, шаар жетекчилигине коюп жатышпайбы. Бул менин партиямдан экен, бул тууганым, бул менин уруумдан экен деп. Анда, баракелде, жыргаган экенбиз.

- Адахан Кимсанбаевич, бүгүнкү кыргыз чиновниктери Кудайга ишенеби?
- Ишенет деп кесе айталбайм. Себеби, тилимдин запкысын дайыма тартып келем. Кудайга миң мертебе тобо келтирип айтайын. Мен деле чоң молдонун небересимин. Бирок, мечитке кириңиз дегенде мен тартынам. Биринчиден, мечитке киргенге укугум барбы? Кийген батинкемден чачымдын учуна чейин тазабы деген сезим болот. Кириңиз десе, ресторандан чыгып келе жатып деле кирип жатышпайбы. Ошол жерде олтуруп, көздөрү алайып, баштары айланып, кимге бата кылганын билбей жатышпайбы. Анан кантип чиновниктер Кудайга ишенет? Жакшы ниет көкүрөктө болушу керек. Кудайга ишенип, сооп издеп Кудайдын үйүнө, жума намазга барышат. Бирок, барганын барып, батинкелерин эмне үчүн колтуктарына кысып алышат? Уурдап кетет деп. Мечитке кирген адамда бирөөнүн бут кийимин кийип кетем деген ой болушу мүмкүнбү? Ой-сезимде тазалык жоктугунан бир нерселерге орор-бүктөп бекитип, эңкейгенде артындагысы алып койбосун деп астына басып олтуруп жатышпайбы. "Акыр заман болоордо элдин баары молдо болот. Бирок, четинен ыймансыздар менен сабатсыздар болуп калганы белги болот" деп чоң атам айтчу эле. Азыр карап көрсөм, намазга жыгылуу, мечитке барыштын өзү да мода болуп калды. Ал жерге ыйман, тазалык, Кудайдан кечирим, сабырдуулук тилеп эмес, "кошунам барып жатат, мени барбайт деп жаман көзү менен карап койбосун" деген сезимдерге жетеленип барып жатпайбы. 364 күндө эртели-кеч арактан оозу бошобогондор орозо айт, курман айт болгондо катарга тизилип туруп калганын теледен көрүп, ал жерди дагы булгап жатат дейсиң. Жок дегенде ошол жайды таза коюшса болмок.

- Бүгүн кыргыз интеллигенциясынын трагедиясы эмнеде деп ойлойсуз?
- Кыргыз интеллигенциясынын трагедиясы - алсыздыгында. Мен 70-80-жылдардагы "Кыргызстан маданияты", "Ала-Тоо" деген гезит-журналдарды көп барактайм. Себеби, ошол жерден бүгүнкү күнгө караганда тазалыкты көбүрөөк табасың. Ошол жерден карасаңыз, убагында күчүндө турган Борбордук комитет азыр тепкиленип жатат. Ошол комитет эч нерсени көз жаздымда калтырбаган учурда биздин жазуучулар, акындар эмне деген ойлорду, тазалыктарды айткан. Бүгүн ошондой айта турган азаматтарыбыз барбы? Жок. Эмне үчүн? Баарын партиялаштар, банктар менчиктештирип алган. Ош базарынын ээси бир жазуучуну, Орто-Сай базары бирди, Дордой беш-алтоону. Анан ошонун көз карашына туура эмес келип калса, айдын аягында акча бербей коебу деген сезимдер менен көкүрөгүндөгү оюн айта албайт. Ошон үчүн интеллигенциянын эң чоң кайгысы - илим-билим жаатындагы ачкачылыкты сезбей, кара курсактын кулу болуп калгандыгында. Музыкантыбы, акыны же ырчысы болобу, акча берип койсоңуз, бийигирээк ырдайт. Анча-мынча жерге тойго чакырып калсаңыз, мунун колу жукараак, жакшы деле тыйын чыкпайт деп барбай коет. Кайгыбыз ушунда.

- Сиздей болуп көкүрөгүн ойготкон кыргыздар көппү же жалгызсызбы?
- Жалгызмын деп айта албайм. Жалгыздыктан Кудай сактасын. Кудайга шүгүр азаматтарыбыз бар. Алар кээ бир сезимдерден чыга албайт да. Мен бул сөздү ата-энеме да айтам. Телефон чалып калсам, "Айланайын келиним олтурабы? Балдар жакшыбы? Ишиң кандай?" дейт. Баарын угуп турам да, акырында баары жакшы деп коем. Кээде телефон чалып калган тууган-уругуң, жоро-жолдошторуң жообуңду деле укпайт. Жөн эле дежур суроолорду берип коюш керек. Жакындыгыңды билдирип коюш керек дегендей. Андай жалгызмын деп айта албайм, менин пикиримди бөлүшкөндөр бар. Бирок, МСН гезитине берген маегимде айтылгандай, алардын колдору жука, чөнтөктөрү, мүмкүн, жыртык. Бирок, алардын жандүйнөсү өтө бай. Бүгүнкү күндө ошол эки сезимдин согушу жүрүп жатат: байлык-дүнүйөгө болгон ачкачылык жана кара курсак кайгысынын күрөшү. Сиздер көңүлүңүздөргө албаңыздар, тыйын берип коюп, эгер анча-мынча жерлерин туура эмес айтып алып, оңдоп кой десе, сиздер мыктылап оңдойсуздар. Сиздерде ойлор абдан курч, таза, түз. Саясатка, бизнеске аралашып калган кишилерде ал мокоп калат.

- Өзүңүздү 17 жылдан бери акылмандуулуктун азабын тарткан адам катары эсептейсизби?
- Андай деп айтсаңыз, эртең сиздин дагы бир коллегаңыз "карабайсыңбы, өзүн кандай деңгээлге чыгарып жатат" деп айтат. Акылдын азабын тарткан, менимче, дурус го. Себеби, акылсыздыктын азабын тартканча, акылдын азабын тарткан жеңил. Денең, башың кыйналышы мүмкүн. Бирок, көкүрөгүң таза болуп, жашара берет. Акылсыздыктын азабынан көкүрөгүң чирип, денең ырахат алат. Менимче, качып кеткен эки жетекчибиз дене азабын тартып жатышат. Ханыбыз, ажобуз деп көкөлөтүп олтуруп эле, бир заматта талп этип бир жерге олтуруп калсаң, эртең менен чай ич деген кишиң жок болуп калса, көп азап тартат да. Кыргыз "Барга көппө, жокко чөкпө" деп абдан туура айтып койгон. Бирдей жүрүш керек деп. "Төрдөн орун тийген болсо нааданга, улагада калганыңа арданба" деп биздин Жусуп Баласагын бабабыз миң жылдар мурун эле не деген ойду айтып кеткен. Кандай таамай айтылган сөз. Ушул төр нааданга тийип калды деп арданба, сен кайсыл жерде олтурсаң, ошол жерди төр деп бил. Акча, бийлик, мансапка карабай, өз баркыңды өзүң бил деп жатпайбы. Экинчи жагы - бийлик тууралуу айтканын караңыз. "Эгер иттерге падыша болсо арстан, иттерден падыша чыгат андан ашкан. Эгерде арстанга ит болсо падыша, арстан да итке окшоп үрүп калат" деп. Караңызчы, көзү ачыктык кылып бүгүнкү заманды жазганын. Ошон үчүн азыр Конституциядан түшүнүгү бары дагы, жогу дагы сүйлөп жатат. Экономикадан бирөө айтат, биздин капчыгыбыз жарды экен, уурдап кетиптир деп. Андан эки сааттан кийин дагы бир партиянын төрагасы, башка убактылуу чыгып, "акча толтура, капчыгыбызга батпай жатат" дейт. Кимисине ишенээриңди билбейсиң. Башта жетекчи бир сөз айтканда, ошол аткарылчу. Азыр капчыгыбыздагы ажырым бир жарым миллиардга жетти дешет. Ишенип коюңуздар мен деле саясатка бүгүн аралашкан жокмун. Ал ажырым миллиард эле. Ал күндөн күнгө күчөйт. Себеби, Бишкекти караңыздарчы, кыбырап оокатын жүргүзүп кайсы ишкана иштей баштады? Ресторандарды караңыздарчы, кечинде барсаң, орун таппай калган мезгилге жетип калдык эле. Азыр кайсыл ресторан иштеп жатат? Ресторан, ишкана иштебей жаткандан кийин, демек, салык түшпөйт. Салык түшпөсө, кантип капчык толот? Ачык эле айтыш керек, куру сөз менен тил эмизе берген болбойт. Эртең, бүрсүгүнү билинет, сезилет.

- Бакиев Акаевден сабак албагандай, Бакиевден азыркы Убактылуу өкмөт деле сабак албагандай. Бийликке баргандын эле көзүн май басып калабы?
- Элнура, сегиз жыл мурун Аксыдан келе жатып, жолду карата тазалык бар үчүн Асанкалыйдын, Түгөлбайдын, Рыспайдын ырларын жакшы көрөм деп силерге ырдап бергем. Дал ушул учурда убактылуулар тунук сезим эмес, кек куугандай өч алуу сезими менен баратышат. Ушундан туугандарың жыргадыбы, мына менин заманым келди деп. Менин туугандарым жыргай турган заман келди деп сокур сезимдин жетегинде кетип бара жатышат. Акыл-эси жетсе керек. Эртең, бүрсүгүнү мындай болбосун көрсөттү кыргыз. Бирок, баягы сезим мүмкүн аларды да кыйнап жатат. Бир телефон чалып койбойсуңбу, бир ооз айтып койбойсуңбу, ушинтип эле туруп калам дейсиңби деген сезимдер күйдүрүп өлтүрөт да. Кыргызда жетекчи болуш үчүн айланаңда өзүң сындуу азаматтар болушу керек, туугандарың ошону түшүнүшү керек. Жападан-жалгыз Мустафа Кемал Ататүрккө "Сиз эмне үчүн үйлөнбөйсүз?" дегенде, "мен Түркияга үйлөнгөм" деп жооп кайтарыптыр. Алар деле мусулман да. Аларда деле ушундай сезим бар. Тандап алыш керек.

- Бүгүнкү күндө сиздин аттуу-баштуу идеялаштарыңыз кимдер?
- Эмне үчүн аттуу-баштуу болушу керек. Мен жанагы эмгеги сиңген деген мыйзамды алып салалы деп сынга калбадымбы. Бир дарыгердин эмгеги сиңип кетет да, экинчиники сиңбей калат. Эмне үчүн? Жанагы эмгеги сиңген дарыгерди Кудай ошого туштап, чоң атка минердин тууганын же операция кылган же дарылаган болот. Ошол мезгилде маңдайдан тамчылаган тер заматта "жерге түшүп, гүлдөп" чыга калат. Таанышы, байланышы жок азаматтар эчен-эчен тер төксө да, момундай асфальттын үстүнө түшүп бууланып, көзгө көрүнбөй жок болуп кетип жатпайбы. Көкүрөгүндө Кыргызстан деген сезим жашаган адамдардын баары тең менин пикирлеш, санаалаштарым. Аттуу-баштуу дегенге мен көп деле маани бербейм. Атыбыз бар дейт. Башыбыз бар дейт. Ушинтип олтуруп, бир күнү кайда алып баратканын туйбай каласың. Ошондуктан менин санаалашым дагы, пикирлешим дагы - эл. Азаматтар бар. Сиз айткан башы көрүнгөндөр да, арты көрүнгөндөр да, оозу көрүнгөнү, чөнтөгү көрүнгөнү да бар.

(Уландысы кийинки санда)