Күн деми

Турсунбек Акун, акыйкатчы:
"Бизди сындашты, колдошту"
Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин жыйынында Кыргызстандын делегациясынын өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө баяндамасы угулду. Турсунбек Акун менен Женевада жүргөн жеринен телефон аркылуу байланыштык.

- Турсунбек мырза, Женевадагы жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, кечээги окуяларга кандай баа берилди?
- БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин алдында кыргыз делегациясы атайын маалыматын берди. Бул жерде эң негизгиси, көп өлкөнүн өкүлдөрү биз тууралуу сөз сүйлөп, бизди сындабай же колдобой, такыр эле сүйлөбөй коет деп коркконбуз. Жети ири өлкөнүн өкүлдөрү бизге суроо беришти, сындашты, жалпысынан көбү колдоду. Эң негизгиси алар азыркы Убактылуу өкмөттү көп маселе боюнча сындаса дагы, колдосо дагы, тааныгандыгын билдиришти.
Каза болгон жарандарыбызга аябай кайгырып атканын билдиришти. Бирок адам өлтүрүү менен коштолгон революция экинчи кайталанбаса экен деген ниеттерин билдиришти. Эң негизгиси жаңы өкмөттүн конституциялык реформа жүргүзүү, акыйкат шайлоо өткөрүү аракетин колдошту.
Бийлик кан төгүүгө жол бербеши керек эле, соттук териштирүү болуп, аягына чыгып, тиешелүү жазасын алышы керек деген пикирди айтышты.
- Кыргызстандагы адам укуктары боюнча отчеттон кийин сиздер кандай милдеттенме алдыңыздар?
- Бул милдеттенмени азыр жаңы алып атабыз. Анткени Кыргызстан эл аралык деңгээлде БУУнун алдында биринчи жолу отчет берип атат. Биз милдеттенмени эртеңден баштап ала баштайбыз. Эмки отчетту төрт жылдан кийин беребиз. Ошондо бизге өтө кыйын болот.
Ошондой болсо дагы Кыргызстандагы жакырчылыктын чоң экендиги, коррупциянын өсүп кеткендиги, өлкөдө кан төгүлгөңдүгү, айрыкча балдардын окууга барбай кара жумуш менен алектенип аткандыгы, эң негизгиси - укук коргоочулардын камалгандыгы, журналисттердин сабалып, өлтүрүлгөндүгү айтылды.

Мирлан АЛЫМБАЕВ


  Татыктуу кандидатты тандап алалы

"Кандидат" аттуу гезит реалти-проектиси башталды же 1000 доллар уткуң келеби?
Бул проекти февраль айында Кыргызстандагы белгилүү эл аралык уюм Сорос фондусунун өкүлдөрүнө сунушталган. Окурмандардын эсине салчу жагдай, аталган фонддун Кыргызстандагы жетекчилиги февраль айында "Асман кg" гезитинин редакциясында жаштар блогунун өкүлдөрү менен жолугушкан. Дал ошол жолугушуудан кийин коомдо жаштардын активдүүлүгүн арттыруу максатында, "Кандидат" проектиси фонддун жаштар бөлүмүнө сунушталып, колдоого ээ болгон. Биздин гезит демилгечи болгон аталган проекти Кыргызстандын ММК айдыңындагы биринчи иш-чара. Идея боюнча калтырбайлы деп, анын негизги максаттары жана концепциялары биргеликте иштелип, коомчулукка сунуштоо этабында турганда апрель окуясы болуп кетти. Ал кандуу окуянын башында жаштар туруп, өз өмүрлөрүн өлкө келечегине берген факторлор проектини ого бетер чыйралтты. Демек, жаштарды колдоо идеясы өз учурунда жетилип бышты. Бул проекти жаштарга чоң стимул болуп берсе деген фонддун тилеги да жөн жерден эмес. "Кандидат" проектиси коомго жакшы позитивди алып келсе дейбиз.

"Кандидат" реалти-проектисинин шарттарына кыскача түшүндүрмө

Аталган проектиге 16дан 30 жашка чейинки жаштар катыша алат. Проектинин жүрүшү бир айга созулат.
Проектиге катышам деген адам катышуу ниетин билдирген резюме, 5х6 форматтагы сүрөтүн электрондук почтага же редакцияга жөнөтүшү керек. Андан соң кастинг өткөрүлөт. Кастингден тандалып алынгандар эки командага бөлүнүшөт. Ар бир командада 10дон кандидат болот. Эки топко бөлүнгөндөн кийин конвертке салынган төрт ( 4 тур) тапшырма болот. Ар бир турда бирден тапшырма. Ал тапшырмаларды Кыргызстандын саясатындагы, чыгармачыл чөйрөсүндөгү, илим-билимдеги, бизнес чөйрөдөгү өтө белгилүү инсандардан тандалган бир гана өкүл байкоо жүргүзүп талдайт. Ар бир тапшырмада ар бир кандидатка упай берилет. Ал упайлар финалда чечүүчү ролго ээ. Проектинин жүрүшү ар жума сайын гезит бетине чагылдырылат. Тапшырмаларды атайын эксперттик топ дайындады, кандай тапшырма экени уюштуруучуларга да маалым эмес. Эң кызыгы - финал. Жеңишке жеткен команданы акчалай сыйлыктан башка дагы күтүлбөгөн окуялар күтөт. Алардын тагдыры да жакшы жакка өзгөрүп кетиши мүмкүн. Азырынча муну сыр катары кармап туралы деп чечтик. Жаштар саясатын колдогон кыймылдарга, партияларга эшик ачык! Проектинин жүрүшүндө алар өз үндөрүн чагылдырып турса болот.
Урматтуу кандидат! Эгер сен өз мүмкүнчүлүгүңдү билсең, ошол мүмкүнчүлүгүңдү ача турган учур келди. Ал сенин шансың. "Кандидат" проектиси сага ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берип жатат. Кечээки кандуу окуяда сенин замандашың, катарлашың өз өмүрүн өлкөсүнө берди. Адилет бийлик үчүн күрөштү. Кыргызстандын жаштары ойгонду. Бул сенин учуруң! Сен бүгүнкү күндүн каарманысың! Мекениңе сен керек атуулсуң! Өз киндигиңди өзүң кес! "Кандидат" проектисинен өзүңдүн жолуңду тап жана 1000 доллар сыйлыктын ээси бол! Анда чамдагын! "Круто ты попал на шоу "Кандидат". Ты звезда!" дегендей болот. Татыктуу кандидатты тандап алалы, ал эртеңки лидер...

Проектинин автору
"Асман kg" гезитинин
башкы редактору
Элнура Кулуева


ushabynov@soros.kg
teshieva@ soros.kg
asmankg@mail.ru
15-майга чейин жөнөткүлө.