Биз билген да, билбеген да Равшан
Саясый инсанаттын саясый бейнесин ачканда
- Равшан мырза, саясаттагы көз карашыңыз коомчулукка маалым. Бирок, бир топ жагдайларда саясый фигура катары алдыга чыккан жоксуз. Саясый жүрүштүн экинчи фронтуна даярдангандай сүртүм калтыруудасыз. Бүгүн саясый багытта эки гана суроо бергибиз келип турат. Баш мыйзамыбыз коомдук талкууга алынды. Коомчулук арасында бул Баш мыйзам "Ата Мекен " партиясынын Баш мыйзамы болуп калат деген сөздөр болууда. А балким мындай сөздөр партжетекчинин негизги мыйзамга киришкенинен болуп жүрбөсүн?
- Менин оюмча, бул "Ата Мекен" партиясынын Баш мыйзамы болбойт. Бул Баш мыйзам биздин элибиздики, мекенибиздики болот. Себеби, "Ата Мекен" партиясынын лидери 17-18 жылдан бери оппозиция болуп жүргөн адам. Ушул себептен партиянын жетекчисин мыйзам жаатында мыкты тажрыйбасы бар адис катары билем. Бул ишти бүтүргөнгө бекем тырышып жатат. Баш мыйзамда эч кандай "Ата Мекен" партиясынын кызыкчылыгы жок. Себеби, жалпы негизги мыйзам мамлекетибиздин баалуулуктарын, жарандардын укуктарын, милдеттерин, жолун көргөзө турган, элибиздин кызыкчылыгына жооп берген мыйзам болот.

- Үч партия бийлик башында. Демек, үч кызыкчылык, а өлкө тагдырындагы жоопкерчиликти ким алат?
- Бийликти алган үч партия биздин мамлекетибизде болуп жаткан бардык процесстерге жооп бериши керек. Социалдык-экономикалык кыйынчылыктар, коомубуздагы жарандардын коопсуздугу, мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгүн сактоо жана да кандуу окуяда курман болгондордун өлүмүнө ким жооп бериши керек жана ал кантип жазаланышы керек деген маанилүү маселелердин жүгү ушул үч партиянын мойнунда. Жакын арада аталган маселелерди жаңы өкмөт чечиши керек. Эгер, ушул маселелерди чече албаса, алты айдан кийин үч партия тең бийликке кандай келсе, ошондой кетип калышы мүмкүн.

- "Ата Мекен" партиясы сизди мүчө катары эмес, атуул катары канааттандырабы?
- Атуул катары канааттандырат. Бул партияда үч-төрт жылдан бери иштеп жүрдүм. "Ата Мекен" партиясына Ө.Текебаевдин позициясы үчүн киргем. Себеби, мен социалист эмесмин, өзүмдү либералмын деп эсептейм. Бирок, ушул авторитардык режим менен күрөшкөндө бул партия эл мүдөөсүн аткарып, элдин позициясында болот деген ишенимде болгом.

Адамдык жана саясий ариетте лидер

- Саясатта таза болуп калыш кыйынбы?
- Саясатта эң маанилүү жол - өз жолуңду туура тандап алуу. Анткени, турмушта ар кандай кырдаалдар болот.
Кээде адам жаңылышат. Ошол убакта жолуңду, максатыңды так билсең, өзүң саясатта таза болсоң, анда албетте, өзүңдүн позицияңды кармоого болот. Көп саясатчыларыбыз элдин алдында кооз сөздөрдү сүйлөйт. Бирок, чындыгында акыркы беш жылдык ушундай адамдардын көбүнүн чыныгы жүзүн ачты. Элдин аларга болгон ишеними жоголду. Эми алардын аттарын атабай эле коеюн, алар өз позициясында туралбагандыгы менен өздөрүн бир топ уят кылып, саясий аренадан кетишке туура келип жатат. Ошентсе да, айрым саясатчылар өз позициясын бекем кармады. Мен ойлойм саясатта эң негизгиси ушул. Өз позицияңда туруп, балуулуктарыңды жоготпой алдыга карай жылуу деп эсептесек болот.

- А сиз саясатта, турмушта канча жолу жаңылыштым деп ойлойсуз?
- Турмушумда көп деле жаңылыш-тым деп айта албайм. Эгерде жаңыла турган болсом, мүмкүн ички мүнөзүм, кандайдыр бир моралдык кыйынчылыктарга туш болгон учурлар болгондур. Саясатчылардын көпчүлүгү моралдык тоскоолдуктардан улам өз жолунан сынып, саясаттан кетип жатышат . Бирок, албетте мен деле адам катары каталарды кетирген чыгармын. Өз позициямды дайыма так кармап , мындан ары да ал позицияны кармайм деген ойдомун.

- Ички дүйнөңүздө диктаторсузбу?
- Диктатор катары өзүмдү көрө албайм. Мурдатан эле өзүмдү либерал катарында көрсөтүп келгем. Себеби, чыныгы кыргыз болуп төрөлүп, айыл жеринде чоңоюп, турмуш жолумду Кыргызстандан баштасам дагы, өмүрүмдүн экинчи бөлүгү Россияда, акыркы беш жылым АКШда өттү.

Мен үчүн дүйнөлүк баалуулуктан адамдын жалпы баалуулуктары маанилүү. Улуттук баалуулуктар менен бирге, биз адам болгондон кийин глобалдык, жалпы адамзаттык баалуулуктар да маанилүү болушу керек да. Ошон үчүн диктатордук мүнөз кайсы адамды болбосун жакшы жакка алып келбейт. Бир эле мамлекеттик деңгээлде эле эмес, керек болсо үй-бүлөдө дагы. Биз дайыма кеңешип, айлана-чөйрөнүн ой-пикирин угуп, андан кийин гана жыйынтыктуу чечим кабыл алышыбыз керек.

- Он жыл мурунку Равшан Жээнбеков менен азыркы Равшан Жээнбековдун айырмасы барбы?
- Он жыл мурда, 2000-жылы болгону Ак үйдө иштеген жөнөкөй кызматкер болчумун. Ал убакта саясатка кирем деген оюм дагы жок эле. 2004-жылы президентибиз менен тил табышпай, карама-каршы болуп, жолумду саясаттан тандап алдым. Бул жылдар аралыгы акылдуулукту, башкача ой жүгүртүүнү, жаңыча көз караштарды алып келди. Убагында бакиевдик куугунтук күчөп, үйүмдөн бери тартып алуу талабы, гезиттердин чатагы болгондо "саясаттан кетем деп гезит бетине чыгар" деген бийликтин сунушу болгон. Бирок, мен "саясаттан кетпейм, саясат менен болом" деп ачык айткам. Материал-дык баалуулук менен кысканда да, мени сындыра алышкан жок.

- Мүнөзү жумшак адам саясатта кыйналбайбы?
- Компромистүү адаммын. Мени менен дайыма тил табышса болот. Бирок, кээде күч менен басынтып оюн ишке ашырам десе, андан эч кандай майнап чыкпайт. Бул мүнөзүм атамдан калса керек. Дегеле бизде моралдык жактан басынтса, көгөрүп турмай адат бар.

- "Саясатта достук жок" дейт, ушул ойго кандай карайсыз?
- Мындай ойго чындап эле ишенип баратам. "Саясатта достук жок", саясатта бир гана кызыкчылык болот.

- Кызматта, кызматта эмес учурларда сизге берилген достор калдыбы?

- Башында канча болсо, ошончо досторум калды. Ушуга сыймыктанам. Жалпылап айтканда, чыныгы жолдош ким экенин анык эле билчүмүн жана ошолордун бардыгы жанымда.

Ата-бала саясаты
- Атаңыз сизди коргойм деп чоң саясатка кирип кеттиби? Ата- баланын саясатта бир болушунун жакшы-жаман жагы?
- Атам айласыздан саясатка кирди. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин орду бар. Адам катарында дагы жана юрист, укук коргоочу катарында дагы. Үй-бүлөдө атама эч каршы чыга албайм. Бул атамдын өз тандоосу, өз турмушу, өз көз карашы. Эгерде саясатка аралашкысы келсе, албетте, укугу бар. Мен эч качан тыюу сала албайм. Мисалы, Кеннедилерди деле эске ала турган болсок, атасынан баласы, неберелерине чейин бардыгы саясатчылар. Биз, атам экөөбүз, бир принципти кармайбыз жана бир багытта жылабыз деп ойлоймун.

- Өзүңүздү атанын жакшы уулу болдум деп эсептейсизби?
- Атамды эч качан уят кылган эмесмин. Келечекте дагы уят кылбайт болушум керек. Атам негизинен саясатка кеч аралашты. Кантсе да менин иш-аракеттеримди сыйлайт. Экөөбүздүн мамилебиз аябай жакшы. Ата-энем жаш кездеринде ажырашып кетишкен. Бирок, ага карабастан, бизди саясат жакындаштырды деп ойлойм. Чогуу отурганда мен атам менен сыймыктанаарымды айтсам, атам мени менен сыймыктанаарын айтып калат.

- Кантип эле аталык таяк жеген жоксуз?
- Ортобузда кыйын учурлар чыгып, бир убакта сүйлөшпөй калган жагдайлар болгон. Бирок атамдан таяк жеген жокмун.

- Чоң ата, чоң энеңиздин колунда чоңойдуңуз беле?
- Ооба, мени 4-5 жашымда чоң ата, чоң энем багып алган. 9-класста окуганымда чоң атам, төрт жыл мурун чоң энем кайтыш болду.

- Атасынан таяк жебей чоңойгон ата өз балдарын кандай тарбиялады деген суроо узаткыбыз келип турат...
- Бишкекте жүргөндө балдарымды аябай катуу кармайт элем. Бирок, эмнегедир адамдын көз караштары өзгөрөт экен. Чет жактын таасириненби, алар менен көп сүйлөшүп, түшүнүүгө аракет жасайм. Анан бала да тарбиялоодо кандайдыр бир чекти билиши керек. Эгер чектен чыга турган болсо, анда сөзсүз түрдө жазалоо болорун билиши керек. Үч баланын атасымын. Балдарым чет жактан билим алышты.

- Атаңыз сизден жаш көрүнөт десе, сиздин реакцияңыз?
- (Күлүп). Америкага барганда атам деп тааныштырсам аябай таң калышкан. Бизди көргөндөр ага-ини деп ойлошуптур. Реакция позитивдүү гана.


Окен артындагы жашоо
- Америка сабактары Кыргызстанга эмне бериши керек?
- Америка бул дүйнөдөгү эң демократиялуу мамлекеттердин бири. Бизде демократия десе эле башаламандыкты, анархияны түшүнүшөт. Тескерисинче авторитардык негиздеги системада тартип болбойт. Мында тартип сырткы көрүнүш катары өкүм сүрөт. Мен ойлойм, демократия адамдардын эркиндиги жана маданияттуулук менен ширешкен эркиндик. Себеби, тартип демократиялык процесстер менен гана келе турган нерсе. Мисалы сөз эркиндиги аркылуу, гезит макалалары аркылуу биз бир топ бийлик адамдарды тарбиялайбыз. Аларды тартипке келтире алабыз. Сөз эркиндиги аркылуу биз мыйзамдардын так иштешине жол ачабыз. Сөз эркиндиги аркылуу биз коррупция менен күрөшөбүз. Мына, демократияныны пайдасы ушул. Кыргызстандын келечегин чыныгы демократиялуу мамлекет катары көрөм. Демократия менен мамлекетти сактап калууга болот.

- Ата журтту сагынуудан тышкары сиз күткөн нерселер...

- Биринчиден, Бишкектен келе жаткандардан улуттук сувенирлерди, маданияттык байлыгыбызды чагылдырган буюмдарды ала келүүнү суранат элем. Анткени, акыркы учурда, ар кандай дизайндеги буюмдарды чыгарышып, ушул кол өнөрчүлүк маданиятыбыз абдан өнүгүп жатат. Экинчиден, Кыргыздын чучугун, улуттук суусундугубуз кымызды ала келсеңер дээр элем. Бул алып барганга мүмкүн нерселер.

- Кыргыздын беш бармагы, Таластын күлчөтайы...
- Эми кызыктуу нерсени айтып берейин. Америкада кыш мезгил. Кышында кыргыз жылкынын этин жеши керек да. Ал жакта жашаган 4-5 үй бүлө чогулуп, бир фермерди таап, андан бир жылкы сатып алып, кышы менен ошол жылкынын этин жеп чыктык. Эми ал жылкыны үч ай жедик. Эми эсептесек, бир жумада эки жолудан беш бармак жасап жеп аттык.

- Американын эти менен кыргыздын этинде айырма бар бекен?
- Албетте, бар. Мен чет элдиктерге да айтам, кыргыздын этиндей дүйнөдө бир дагы эт жок. Анткени, эң даамдуу, экологиялык эң таза эт бул Кыргызстанда.

- Америкадан алган билим сизге кызмат кыла турган учур келди окшойт?
- Кыргызстанга кызмат кыла турган билим деп айтыш керек. Бакиевди режимдин азабын чегип, бир топ билим да топтоп алдым, тил үйрөндүм, бул үчүн Бакиевге чоң ырахмат айткым келет.

- Аскар Акаевге ырахмат айтпайтсызбы?
- Акаевге да өзүнчө чоң ырахмат айтам. Анткени, эч тааныштыгым жок кезде мени жумушка жардамчы катары чакырган. Эгерде мени ал киши чакырбаганда, мүмкүн саясатка аралашпай калат элем, мүмкүн мен өз ордумду таба албай калат белем. Ал кишинин бүгүнкү күндө ушундай деңгээлдеги инсан болушума сөзсүз түрдө салымы бар. Бул жакшылыгын эч качан унуталбайм.

- Сиздин жашоодо материал-дык байлык кандай ролду ойнойт?
- Албетте, материалдык байлык кандайдык бир өлчөмдө керек. Материалдык байлыкка жетиш үчүн билим керек. Биз билимге умтулушубуз керек. Ал эми материалдык байлыкка умтула берген адам кул болуп калат. Эмне үчүн бай адамдар Бакиевдин бутуна келип жыгылып калды. Анткени, алар акчанын кулу болуп калышкан. Материалдык байлык адамдын жашоосунда негизги доминант күч болбошу керек.