Маска анкета

"Асман kg" гезитинен 200 бирдик
Маска анкетанын жообун биринчилерден болуп туура тапкан окурман
200 бирдикке ээ болот. Андыктан, балансыңызды толтурууга шашылыңыз. Жооптор бейшемби күнү гана саат 10дон 12ге чейин 0312 21 85 06, 0778 08 71 76 телефону аркылуу кабыл алынат.

Кайсы
экс-депутат?

Өзүн жөнөкөй алып жүрөт.
Учурунда активдүү депутаттардан болгон.
Басма сөз каражаттарынын бетин бербеген.
Ырчылык өнөрү бар.
Мурда прокуратура тармагында иштеген.
Жолдошу да орган кызматкери.


Кайсы
элчи?

Учурунда депутат болгон. Андан кийин президенттик шайлоого аттанган. Намаз окуйт. Мыкты дипломат. Турсунбек Акун менен такыр мамилеси келишпейт.
Төрт аялы бар. Балдарынын баары бири-бири менен катышат.
Бул кишиге турмушка чыккан аялдардын баары экинчи турмушка чыкпайт.


Кайсы
прокурор?

Жубайы орус улутунан. "Абдан сарамжалдуу 17 миң сомду бир айлык жашообузга жеткирет" дечү.
Ырды катырат. "Кыргызстанда саясий куугунтук жок" дейт.
Акыркы жылдары кыргыздын мыкты ырчысы менен жашайт дешет жакындары.


Кайсы
ырчы?

Учурунда Бек менен чыккан.
Экөө үйлөнөт имиш деп жүрүп, үйлөнбөй калышкан.
Былтыр турмушка чыкты.
Жолдошу "Мерседес" белек кылды.
Азыр бала жыттап олтурган чагы.