Жаңы рубрика - жаңы ой

Позитив же негатив SMSтер
Ушундай аталышта SMS акцичсын уюштурууну чечтик. Бүгүн деле коомдогу ачуу чындык Убактылуу өкмөткө жетпей жаткандай. Эл эмнеге нааразы, эл эмнени колдойт, ушул SMS акциябыз тараза ташы болуп берет деген ойдобуз.
Биз дайым ачык ойго орун беребиз, андыктан аны саясый каармандар сын катары кабыл алып, андан жыйынтык чыгарсын. SMS акция биздин редакциянын көз карашын такыр билдирбейт. Таарынып чычалагандар болсо, жөн гана SMS аркылуу билдирип койгон оң.

Анда төмөнкү телефондорго SMS жөнөтсөңүздөр болот:
0778 087179, 0770 342410

Ө.Текебаев
Өмүрбек мырза! Калмактардын каргышын турмуш чындыгына ашырып, түндүгүбүздү аялга көтөрттүрмөй болдуңуз окшойт.


А.Атамбаев
"Мегакомду" талашканыңыз чынбы же бул "уткабы"?


Э.Ибраимова
Элдик кыз болушуңузга дагы көп бар. Кай жакка барбаңыз, "Акжолдон" алган ак жоолугуңуз аксатат.


Б.Шерниязов
Он милиция митинге чыкса эле кызматыңызды таштап кете бересизби?


Т.Сариев
Акаевдин, Максимдин кепичине суу куйган Улан Сарбанов деген финансист эргул менен табакташ болуп бараткандайсыз. Сизге Кудайындай эле кирип жатыптыр го.


Э.байсалов
Этек чаптырбай качып, этек чаптырбай келип Эдикем эч деле өзгөрбөптүр. Капырай, калп да болсо кызарып койбойсузбу?


К.дүйшөбаев
Эми сол канатка, оң канатка бөлүнөсүзбү? Же боз үйдө комуз үнүн укпай калдыңызбы?