Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Чаңкаганда...

Таабалды Эгембердиев,
"Кыргызстанда 10 миң арстан, жүз миңдей чөө бар экен"
- Таабалды мырза, убактылуу өкмөттүн жасап жаткан иштеринин кайсынысы көңүлүңүзгө толду? Аларга кандай сунуштарыңыз бар?
- Мен конституциялык сотту жоюп салганын туура көрүп жатам. Анын эч кимге кереги деле жок болчу. Кыргызстанга бир да пайда алып келген эмес, тескерисинче Баекова башында туруп, толтура зыян алып келген. Кыргызстанга диктатураны мына ошолор орнотуп берген. Ишин баштап жаткан убактылуу өкмөткө төмөнкүдөй сунуштарым бар: Биринчиси, Исмаил Исаковду ак жеринен 8 жылга эркинен ажыраткан сотту да сегиз жылга кесиш керек. Ал да 8 ай олтуруп, тигил жак кандай экенин билсин. Экинчи сунушум, сөз эркиндигин берип, Кыргызстандагы баардык басма сөз каражаттарын мамлекеттен ажыратып, эркин кылып, телевидениени коомдук кылып, бүт партияны чагылдырууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Эл президенттин, депутаттын, баардык жогорку кызматтагылардын дем алганынан, кайсы мончого барганынан бери билиши абзел. Журналисттер жүгүрүп иштеп, алардын ким менен сүйлөшкөнүнө чейин элди кабардар кылышы керек. Президенттик, парламенттик шайлоодо талапкерлер эл кыдырып, акча коротпой эле, эртеден кечке теледен өз программасын айтышса, сүйлөгөнүнө карата эл мыктысын тандап алат. Үчүнчү сунушум, чиновниктердин декларациясын кагазга эле жазып калтырып койбой үйүн, машинесин сүрөткө тартып, гезит, журналдарга ар бир эки жылда басып чыгарып туруу керек. Ошондо гана кызматта олтурганда ким канча байлык топтогону билинип калат. Төртүнчү сунушум, Кыргызстанда Максимден 10 эсе башы кыйын иштеген энергиясы ашып-ташкан жаш балдар бар. Ошолорду кызматка тартуу учурдун талабы болуп жатат. Бешинчи сунушум бизнесмендерге жакшы шарт түзүп берсе, Кыргызстанды кризистен бизнесмендер чыгарат.
Азыркы жаңы бийлик электр энергиясын, коммуналдык төлөмдөрдү арзандатты. Бирок, жакында баасын көтөрүүгө аргасыз болот. Ошондуктан кымбаттатаардын алдында мен жеген жокмун. Кымбататууга аргасыз болуп жатабыз деп элге себебин түшүндүрүп, Россиядан келген каражаттарды кайда жумшалганына чейин отчет беришисе, эл ошондо гана ишеним артып, келечек үчүн дагы бир жолу курун бекем тартып, баардык кыйынчылыкка чыдап берет.
- Жаңы өкмөттөн дагы кимдерди көргүңүз келет?
- Мен убактылуу түзүлгөн өкмөткө боорум ооруп жатат. Көпчүлүк булар жыргап жатат деп ойлоп жатышат. Тескерисинче, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жыргаган жок. Укташа да элек. Күндөп-түндөп иштеп жатышат Кыйын кырдаалда чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, жандалбастап иштеп, Кыргызстанды оор кырдаалдан чыгарып кетүү үчүн аракет кылып жатышат. Мамлекетти эмес, 10 кишини да башкарыш кыйын. Убактылуу өкмөттү түзүп жаткандарга тан берем. Булардын тартпаган азабы калган жок. Дагы бактысы бар экен революция болуп кетти. Болбосо баары 20 жылга кесилмек. Булар кандай кырдаал болбосун баштарын канжыгага байлап коюп жүрүштү. Ошон үчүн Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, Р. Отунбаева, А. Бекназаров, И. Исаков, Т. Сариевдерге башымды ийип таазим кылам. Булардын ошол эмгегин эске албай кээ бирөөлөр бийликти ээлеп алды деген амбицияга алдырып, бийлик үчүн күрөшкөн күчтөр деп жүрүшөт. Келгиле туугандар, сын айткандан көрө жардам берип, элибиздин, жерибиздин тынчтыгын көздөп, мамлекетибизге доо кетирбей, Кыргызстандын эртеңи үчүн кызмат кылалы.
Мен убактылуу өкмөттүн курамынан Кубатбек Байболовду көргүм келет. Ал баардык жагынан дасыккан инсан. Оппозициянын ичинен да эң күчтүүсү. Байлыгымды тартып алат дебей Акаевдин убагынан бери акты ак, караны кара деп бетке айтып, калыстыктан тайбай келе жатканына баа берем. Ошол инсан алапайыбызды таппай жаткан учурда элине кызмат кылышын каалар элем.
- Азыр түндүгү түшүп, кыйын күндү башынан кечирип жаткан элге кай жагынан кол кабыш кылып жатасыз?
- Революциянын мындай болуп кетээрин ким билиптир. Кечинде теледен көрдүм. Түтүндүн жытына астмам кармап калат деп барган жокмун. Түнкү саат 11лерде бир машине суу жөнөттүм. Менде иштеген 5-6 бала да барган. Алар "Сиз берген суу ичилгенден кийин акүй алынды" дешти. Ошол кандуу окуядан 3 күн өткөндөн кийин бизнесмендерди чыкырыптыр. Жардамымды суратпай эле акүйдү, Жогорку Кеңешти оңдоп-түзөп жаткан балдарга, ооруканаларда жаткандарга ушул күнгө чейин суу бердиртип жатканымды айттым. Биздин компания деле башка бизнесмендердей эле 3 миллиондой чыгым тарттык. 30 дан ашык ар бири миң доллардан турган муздаткыч жоголду. Супер маркеттеги сатыкта турган сууларыбызды талап кетишти. 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин кыргыз кыйын, кыргыз баатыр деп мактанып жатабыз. Мен баатырыбыз 10 миң эле бала экен деп капа болуп жатам. 10 миң бала жанын берип, окко төшүн тосуп, ак үйдү алды. 100 миң киши Бишкекти таладык. 10 миң арстанга 100 миң чөө бар экен. Ошонун баары биригип, кыргыз элин түзөт. Бийликке 10 миң баатыр барбайт. Жанагы 100 миң бекер олжого ээ болгусу келген чөө барат. Ошолор жер басып алып жатышат.
Мен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жатып, кара жер жазданып жатып калган балдарга абдан ичим ачышты. Арасында Жолдош Кудайбергенов деген кылычтай, төрт тарабы төп келген президент болчу жигит бар экен. Ошол баланын иниси агасынын эң акыркы "кыргыздар кайтпагыла, качпагыла" деген сөзүн айтканда баарыбыз ыйлабадыкпы. Телевидениеден канча кайталап көрсөткөн сайын ошончо ыйлап жатпайбызбы. Бакиев ошол кандуу окуяда каза болгон балдардын тырмагынын учуна да татыбайт. Дагы уялбай "мас экен, акылдан адаштырган дары ичип алышкан окшойт, октон да качып койбойт" деп сүйлөп коет. Менин бир арманым Бакиевди ошко митингге келгенде сүйлөтпөй кууп жибербей сүйлөтүп калсак болмок. Макоолугунан эл сага ишенет десе, ошко барып, митинг өткөрүп, митинг өткөргөн кандай экенин өзү да көрбөдүбү. Эмне дейт эле, эмнени айтат эле мага ошол кызык болуп жатат. Дагы жакшы кыргыз элинин бактысы тоодой экен. Бакиев мамлекеттен чыгып кетти. Элди иренжиткен сасык тумоодон, сырткы душмандан да жаман ички душмандан кутулдук. Биз биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында өз эркиндигибизди согушуп жеңип алдык.
Бизнесмендер Медет Садыркуловду өлтүртүп койгондон кийин артыбызда бала-бакыра бар, биздин ишибизге иштеп, миң киши оокат кылып жатат деп коркуп калбадыкпы. Анткени, бизнесмендерге кээде жардам берсе, кээде салык салып койчу. Мен өзүмдүн эле фирмамды мисал кылайын. Суусундуктарды сатып жаткан жерибизди 2-3 эсе баасын көтөрүп таштаган. Мурда суу алып жаткан жерибизге 50 миң сом аренда төлөсөк, аны 700 миң сомго чыгарып салган. Ал аз келгенсип, Нариман Түлеев өзүнчө көтөрүп ташатаган. Түлеевди шаарды оңдоду, кыйын иштеди деп жатабыз. Ал баш көтөргөн бизнесмендерге салык салып, ошолордун жардамы менен шаарды оңдогон.
- Бакиев уюштурган ынтымак курултайында сөзүңүздүн аягына чыкпай калдыңыз эле. Эмнени айтайын деген элеңиз?
- Мен курултайда "Керегем сага айтам, келиним сен ук" деген маанайда кыйытып сүйлөгөм. Укук коргоо органдарындагы мыйзамсыздыкты айтып, Исаковду каматканыңызды бир да киши туура көргөн жок. Сиз сизди шайлагандардын эле эмес, шайлабагандардын президентисиз. Оппозиция да биздин туугандарыбыз өтө эле куугунтуктай бербей, митинг жасаганга уруксат берип туруңуз. Митинг деген жакшы нерсе жел чыгарып тургудай деп айтып, Кытайды мисал кылып, Акаевди Кыргызстанга алып келели деген сунушту айтайын дегем. Ага болбой эле кыскартырып салды. Мен Бакиевди өлтүрөбүз дегендерге каршымын. Жаман болсо да, жаңылса дагы президенттерди өлтүрбөш керек. Бул президенттер кааласак да, каалабасак да Кыргызстандын тарыхы. Анткени, чоң кишилер чоң жаңылат экен. Элди көчкү көчкөн абалга жеткирип коюуп, өздөрү ошол көчкүнүн алдында калганын туйбай калышты. Андан көрө Акаевди да, Бакиевди да Кыргызстанга алып келиш керек. Гүлдөгөн Кыргызстанды, элдин жакшы жашоосун көрүп, мен эмнеге мындай гүлдөгөн мамлекет кыла албадым деп кыйналсын. Абийир жазасын тартсын. Азабын жеп кыйналып жашасын. Атып өлтүргөн оңой жаза. Ошондуктан мен аларга өлүм эмес, өмүр тилейм.
Биздин каныбызда кекчилдик бар. Өлтүрөбүз дей беребиз. Конгантиевди сабадык, сабагандарга мүйүз деле чыккан жок. Бакиевдин бийлигине иштедиң деп Жапаровду да сабадык. Ал байкушта эмне күнөө. Сен ал киши менен иштештиң деп баарын өгөйлөй берсек болбойт да. Бакиев президент болду деп кыргыздын бычакка сап, чыгаан, иш билги жаштары чээнге кириши керек беле. Ошонун жакшысын чыгарып, жаманын жашырып жүрдү да. Азыркы бийлик да Бакиевдин учурунда иштеген мыкты, иштин көзүн таба билген жөндөмдүү кадрларды жээрибей кызматка алышы керек. Бакиев кызматтан кетип калды деп мыкты кадрлар кетмен чаап, суу сугарып калышы керек беле?
Акүйдү заматта алдык деп мактанып жатабыз. Каалаган күнү акүйдү басып алганды адатка айлантып албасак экен деп кооптонуп жатам.Эгер бийлик элдин ырыскысын чачпаса, катачылык кетирбесе, диктатура орнотпосо акүйдү милиция, солдаттар эмес, замбирек менен кайтарыш керек болуп калат го. Дегеним, биз демократиялуу мамлекет болдук. Демек, митинг, пикет бат-бат болуп турат. Бул бийлик митинг жасагандарды сабабайт, жасоочулар алдын ала уруксат сурабайт. Каалаган киши митинг кылып, жел чыгарып турат. Бийликтегилер элдин пикирин митинг, пикеттерден билип турат.
-Бүгүнкү күнү каңырыгыңызды эмне түтөтүп, жан дүйнөңүздү эмне жанчып жатат?
- Бүгүнкү күндө өлгөн балдардын ата-энеси баласыз калганына, балдар атасыз калганына ушунчалык каңырыгым түтөп, күйүтүнө күйүп турам. Катышпаганыма уялып турам. Колдон келишинче куран окутуп жатабыз. Ошол балдардын жаш өлүмү жан дүйнөмдү жанчып турат. Бирок, ичибиз ачышып, көзүбүзгө жаш алган менен алар баатырларча курман болушту. Бир топ жаштарга мисал болду. Патриот кандай экенин түшүндүрүштү. Экинчи күйүнгөнүм, талап, тоногонго көнө түшкөн элге сынып олтурам. 24-марттагы окуяда "Дордой плазаны" кайтаргам. "Жаныбарлар дүйнөсү" деген көрсөтүүдө арстан бир буканы жыгып берет. Анын аркасында чөөлөр тегеренип, кайтарып жүрөт эмеспи. Мага колтукташып алып, ач көз, жексур көз, менен карашкан жаш балдар, кыздар ошол көрсөтүүдөгү чөөлөрдөй эле көрүндү. Алардын түрүн көрүп түңүлгөм. Азыр да ошондой кырдаал кайталанганына аябай капа болуп жатам. Кыргызстанда байларга тескери көз караштагы коркунучтуу нерсе калыптанып калыптыр. Мародерлуктан канча бизнесмен күйдү. Экономикабыз 5-6 жыл артка кетти. Элдер талап, тоноп кеткен супермаркеттерди кыргыздар эле арендага алып иштетип жатышкан да. Аны бири да ойлоп койгон жок. Бирок, башпрокуратураны революциянер, талап-тоноочулар өрттөгөн жок. Менимче, мурунку бийликтин тушунда жасаган иштерин жабыш үчүн өздөрү өрттөдү. Талоончулар эмне кагаз жемек беле.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, "Эгембердиев бийлик үмтөтүп акүйдө жүрөт. Байлыгын эл менен бөлүшүп койбойбу" деп жазып чыккан гезитке жооп берип коеюнчу. Эгембердиев бийлик үмтөтмөк түгүл, Акаев кыйнаганда да депутат болгон эмес. Сунуштаган мамлекеттик кызматтарынын баарынан баш тарткам. "Ак Жолго" да кирбей койгом. Партияга да өткөн эмесмин. Мен чыгармачыл адаммын. Саясатка аралашкым келбейт. Кыргызга кызмат кылыш үчүн сөзсүз эле депутат же министр болуш керек эмес. Ар ким өз жөндөмүн билип, ошого жараша элге кызмат кылышы керек. Азыр кыйкырып, элге чыгып жүргөн кишилерден, ошондой эле мага көө жапкандан башканы билбей, ичиме кирип чыккансып жазган журналисттен кыргыз үчүн эмне кылдың деп сурагым келет. Мен жасаган ишти президент да, 30 депутат да биригип жасай албайт. Мен төрөлбөсөм кыргыздын накта суусундуктары жоголуп кетмек. "Супара" этнографиялык комплекси эле эмнеге татыйт. Бул жерде башкасын айтпаганда да кыргыздын ордо оюнун ойной турган жабык бозүй формасындагы стадион куруп жатам. Чиновниктер паркты бузуп там салса, мен үй салам деген жерге этнографиялык кыргыздын тарыхын чагылдырган комплекс курдум. Буга чейин бир да чиновниктин оюна Кыргыздын улуттук оюнунун ордосун куруу келген эмес.

Маектешкен
Чынайым Кутманалиева







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
22-апрель, 2010-ж.:
1-бет
АЛИКБЕК КАЙСЫЛ ЖОЛ МЕНЕН КЕТМЕКЧИ
2-бет
Садыркуловдун өлүмүнө себепчи болгон "Аудинин" айдоочусу өлтүрүлдүбү?
3-бет
А.Жекшенкулов:
"Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору:
"Убактылуу өкмөттүн портфель бөлүштүргөнү туура эмес"

4-бет
Жети кишиге бир табак
5-бет
"Ата Мекен" менен КСДП: конкуренциябы же коалициябы?
6-бет
Таабалды Эгембердиев,
"Кыргызстанда 10 миң арстан, жүз миңдей чөө бар экен"

7-бет
Сабырбек Жумабаеков, ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун директору:
"Мага доомат койгонго, кызматтан алганга эч кимдин акысы жок"

8-бет
Бөдөш Мамырова, коомдук ишмер;
"Саясий активдүүлүгүмдүн залакасы тийбесин деп дос деле күтө алган жокмун"

9-бет
Жазмайдан
10-бет
Чынара Табалдиева, Нурсултандын апасы
"Нурсултандын эң акыркы сөзү "апа, мени кечирип коюңузчу дегени болду"

11-бет
Мударис, социолог Кусеин Исаев
Коом жана ыңкылап

12-бет
Жаштар үнү
13-бет
Аталардын арбактары сүйлөйт
14-бет
Жардарларга бизнесмендер эле эмес, жаштар да жардам берүүдө

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования