Кадр кадыры

"Ата Мекен" менен КСДП: конкуренциябы же коалициябы?
Кыргызстандагы кырдаалдын жөнгө салынышынын, ал гана эмес шайлоолордон кийинки абалдын да стабилдүү болушунун кепили - "Ата Мекен" жана КСДП партияларынын бекем коалициясы, Текебаев менен Атамбаевдин тандеми. Анте албай эки лидер амбицияларына алдырып кое турган болсо Кыргызстандагы кырдаал курч бойдон кала берет.

Кыргызстанда 7-апрелге чейин орун алып келген ашынган авторитардык бийлик кулады. Бирок анын ордуна диктатуралык бийлик орноттук десек жарашчудай. Бир үй-бүлөнүн диктатурасын Убактылуу өкмөттүн коллегиялык диктатурасы менен алмаштырдык. Муну "Ата мекен" партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев "Ооба, биз узурпаторлорбуз. Азыр Кыргызстанды коллегиялык диктатура башкарып жатат. Бирок бул убактылуу гана нерсе" деп ачык айтып мойнуна алды. Ачыгын айтыш керек, ошол ары эбегейсиз, ары чексиз бийликке эгедер болуп турган диктаторлор да абалды жөнгө салып, көзөмөлдөй албай жатышат. Кыргызстан кылычтын мизинде тургандыгын ушундан улам эле биле бериңиз.
Абалды жөнгө салуу үчүн, андан ары жөндөп башкарып кетүү үчүн эң ириде элдин колдоосуна ээ болгон ишенимдүү кадрлар керек. "Кадрлар баарын чечет" деп Сталин бекеринен айткан эмес да. Ал эми азыркы абал кандай? Дал ошол кадр маселеси баш ооруга айланып жатат. Анткени Убактылуу өкмөттүн декреттерге негизделген бийлиги бүтөөрүн, демек, анын артында кайрадан бийлик талаш маселеси чыгаарын баардык күчтөр жакшы түшүнүп турушат. Ошол аралыктын ичинде келаткан портфель талашта жеңишти камсыздап бере турган механизмдерди даярдап алуунун жан далбасы жүрүп жатат.
Кимиси кимге баш ийээрин билбей, кимдин бийлигин таанып, канчалык жоопкерчилик алаарын билбей баштары маң болуп турган сааттар өтүп кетти. Аким-губернаторлорду айтпай эле коелу, айрым айылдарда айыл башчыларды да революциянын агымы менен алмаштырууга чейин бардык. Кайсы партиянын тарапкерлери көп болсо, ошолордун адамы аким болуп, эки сааттан кийин экинчи бир партиянын кишилери келип өзүнүн кишисин аким кылып дайындаган анархияны да баштан кечирдик.
Убактылуу өкмөттүн убадаларына ылайык Кыргызстан парламенттик республика боло турган өңдөнүп калды. Парламенттик башкарууга бара турган болсок, анда негизги маселе партияларга барып такалат. Азырынча Кыргызстанда нагыз партиялык система калыптана элек. Мунун объективдүү да себептери бар. Андыктан парламенттик башкарууга барабыз дегенибиз - бул форс-мажордук негизде чукул бурулуш жасап жатканыбыз. Анткен менен 2005-жылдын март, 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин парламенттик башкаруу системасына өтөбүз дегенибиз мыйзам ченемдүү. Андыктан "партиялар парламенттик системага бышып жетиле элек" деп алакан жайып отура бербестен аларды "бышыруу" керек.
Ошондо Кыргызстан эки жолу мезгилинен озуп чыккан болот экен. Биринчиси, 90-жылдардын башында "Акаев ашыкча либерал экен, бизге Казакстан менен Өзбекстанга окшош эле катал партократ керек болчу" деген маанайдагы пикирлер көп болгон. Ал кездин трибунасы болгон "Асабанын" "Сизди мезгилинен эрте келип алды, кыйналып калат го деп жатышат" деген суроосуна А.Акаев "Калың эл кыйналганча мен кыйналайын" деп жооп бергени бар. Чынында эле Акаевдин либералдык саясатынан улам Кыргызстан "демарал" атка конду. Акыры Акаев да кыйналды, (2010-жылдын 7-апрелине чейин кыйналып жүрдү) бирок эл да жыргап кеткен жок. Экинчиси эми болгону турат. Бул ирет да Кыргызстан убакытты утурлап чыга турган болуп калды. Анткени Кыргызстан Борбор Азия эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп парламенттик башкаруу системасына өткөнү турат. Сырттан караган кишиге Кыргызстан мамлекеттик курулуш ишинде бир жээктен экинчи жээкке уруна берген туруксуз өлкөдөй кабылданышы мүмкүн. Бирок, кыргыз элинин эркиндикти сүйгөн табияты да ушуга шайкеш келип жаткандыгын айрым бир гана эксперттер айтып жатышат. Кыргызстандын коңшулары - компартиянын диктатурасы менен жашап келаткан Кытай, өзбектердин өзөгүн сууруп башкарып келаткан И.Каримовдун режими, түбөлүк президент Н.Назарбаевдин авторитардык башкаруусунун фонунда кыргыздардын демократиялык табияты өзүнчө чоң тема. Андыктан Кыргызстан парламенттик республика катары ийгиликке жетиши береги өлкөлөрдүн жашынып жаткан саясый күчтөрү үчүн чоң шыбага болмокчу.
Бирок азыркы учурдун негизги маселеси - коңшуларга шык берүү эмес, дүйнөлүк коомчулукка кыргыздардын демократиясын жар салуу да эмес. Негизги маселе - кыргыз мамлекеттүүлүгүнө шек келтирбей, абалдан жөн гана эмес, абийир менен чыгып кетүү. Бул маселе Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн саясый жоопкерчилигинен түздөн түз көз каранды. Ал жоопкерчиликти азыр Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү, ал гана эмес коомдук-саясый ишмерлерибиздин баары тең сезип, билип турушат. Бирок саясый жоопкерчиликтен да саясый кызыкчылык жогору туруп калуусу да толук мүмкүн. Мунун эпкиндери катары шайлоо күнү белгиленбей жатып, саясый институттар толук кандуу калыптанбай жатып, өз ара конкуренциянын орун алып жатышын айтсак болот. Саясый конкуренциянын болуп турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш дечи, бирок момундай кыйчалыш мезгилде анын арты өтө опуртал болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Алсак, учурда партиялардын ичинен негизги конкуренттер Өмүрбек Текебаевдин "Ата Мекен" партиясы жана Алмаз Атамбаевдин КСДПсы. Негизи бул эки партия табияты бир партиялар, бир аз мурда эле экөөнүн биригип кетүүсү тууралу кептер олуттуу түрдө козголуп жаткан. Бирок шартка ылайык экөө конкурент болуп чыга келишти. Келерки шайлоодо экөө бир блок болуп эле чыгып калышпаса, шайлоо кампаниясынын фавориттери да ушул экөө болмокчу. Өлкөнүн эң жогорку бийлик башынан тартып, төмөнкү бутактарга чейин негизинен ушул эки партиянын өкүлдөрү ээлешти. Алсак КСДПдан: Роза Отунбаева - Убактылуу өкмөттүн башчысы, Алмаз Атамбаев - өкмөт башчынын биринчи орун басары, Эдил Байсалов - өкмөттүн аппарат башчысы, Иса Өмүркулов - Бишкек шаарынын мэри, Кубанычбек Кадыров - Ички иштер министринин орун басары, Дамира Ниязалиева - саламаттыкты сактоо министри, Мирбек Асанакунов - Ысык-Көл областынын губернатору, Ирина Карамушкина - Билим берүү министрлиги, Бакыт Бешимов - Кыргызстандын АКШдагы элчиси, Карамат Орозова - Баткен облусунун губернатору. Ал эми "Ата Мекенден": Өмүрбек Текебаев - Өкмөт башчынын орун басары, Дүйшөн Чотонов - Өзгөчө кырдаалдар министри, Болот Шерниязов - Ички иштер министри, Алмамбет Шыкмаматов - мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Койсун Курманалиева - Талас облусунун губернатору, Бектур Асанов - Жалал-Абад облусунун губернатору.
Бул жерде борбордук бийликтегилерди эле айттык. Негизги конкуренция ачык айтылбаса да жер-жерлерде, райондордун, айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде жүрүп жатканы байкалууда. Бул да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени бул эки партия 90-жылдардан бери активдүү иштеп келаткан партиялар, экөөнүн тең коомчулукта таяныч базасы жана структурасы калыптанган, ишенимдүү электораты да бар. Белгиленген бул жагдайлар аты аталган эки партиянын конкуренциясынын объективдүү жагдайлары.
Ал эми субъективдүү жагдай катары - эки лидердин, тагыраагы Өмүрбек Текебаев менен Алмаз Атамбаевдин амбицияларын айтсак болот. Экөөнү эки партиянын аталары десек да жарашат. Финансылык мүмкүнчүлүктөрү жагынан алганда Алмаз Атамбаев алдыга чыгат. Ал эми саясый ресурс же электораттын көптүгү боюнча алсак Өмүрбек Текебаевдин упайы көбүрөөк. Өмүрбек Текебаевдин КСДПнын өкүлү Роза Отунбаеваны президент катары сунуштап жиберүүсүн саясый кыраакылык катары кабылдап койсок болот. Бул жүрүшү менен ал электораттын психологиясына эң сонун жем таштап койду. Анткени бийлик бир адамдын же бир топтун колуна топтолуп калбашы керек деген лозунгдун контекстинде президент КСДПдан болсо, премьер-министр анын атаандашынан болушу шарт деген логиканын негизинде "Ата Мекен" партиясына кеңири жол ачылмакчы. Эгер парламенттик башкаруу системасына өтө турган болсок, ким президент болбосун, колу-буту байлангандай болоору, ал эми бийликтин негизги рычагдары парламенттик көпчүлүккө же премьер-министрге өтөөрү турган иш. Эгерде Өмүрбек Текебаевдин идеясы ишке ашып Роза Отунбаева президент боло турган болсо, анда символикалык жеңиш КСДПга, ал эми реалдуу саясый жеңиш "Ата Мекенге" өтмөкчү. Мындай сценарийден КСДПчы Роза Отунбаева да пенде катары чоң жемишке жетмекчи, кыйчылыш кырдаалда Кыргызстанды башкарган өкмөт башчылык эмгегин эсепке албаганда да, КМШ эле эмес, Азия аймагындагы бир катар өлкөлөрдүн тарыхында болуп көрбөгөн феномен катары аял президент болуп тарыхта калмакчы. Убактылуу өкмөттүн башчылыгына да компромисстик фигура катары келгендей таасир калтырууда.
Бакиевдер бийлигине оппозиция болуп акырына чейин кармашып келген, учурда өкмөт мүчөлөрү болуп жүргөн Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эркин Бөлөкбаевдер дээрлик ар бири өз алдынча бирден партияны жетектешет. Революциялык эмгектерин тана албайбыз, бирок, баарын тең эле орусчасынан "волк одиночка" деп койсок таарынышпастыр. Исмаил Исаковго "Жаңы Кыргызстанчылар" аке-жакелеп эле чуркап келишпесе, генерал өзү партиялаштарымды желкемдин чуңкуру көрсүн деп коюшу ажеп эмес. "Асаба", "Улуу биримдик", "Туран" өңдүү партиялар идеологиялык жактан жакындыгын далилдеп улуттук, консерватордук маанайдагы бир блок болуп биригип эле кетишпесе, күчтүрөөк партияларга ыктоо учурдун талабы экендигин сезип турушат.
Булардын арасынан Темир Сариевдин "Акшумкар" партиясынын орду обочолонуп турат. Эгерде учурдун кызыкчылыктарын эле көздөбөй, партиялык программаларына баш ийе турган болсо, убакыттын өтүшү менен "Ата Мекен" жана КСДП өңдүү солчул күчтөргө эң мыкты оппозиция болуп чыга алат. 2007-жылы парламенттик шайлоодо оңчул "Акшумкар" менен солчул "Ата Мекен" айла кеткендиктен гана күч менен биригишкен. Табияты туура келбеген ал союз тез арада эле ажырашып кетпеди беле. Андан бери "Акшумкар" таптоодон жакшы эле өткөндөй болду: Темир Сариевдин президенттик шайлоого өз алдынча чыгуусу - партиянын төмөнкү структураларын бекемдеген эң сонун даярдык болуп берди, Бакиев режими менен кармашкан активдүү оппозициялык ишмердүүлүгү - электорат алдында жүзүнүн жарык болушуна өбөлгө түзүп бермекчи. Экс-спикер Абдыганы Эркебаевдин "Акшумкарга" өтүүсү да партиянын мини-жеңиши болду десек жарашат. Ал ортодо океандын ары жагынан Кубатбек Байболов келип кошулса, "Акшумкардын" мүмкүнчүлүктөрү дагы арта түшмөкчү.
2007-жылкы парламенттик шайлоолордун алдында эле Кыргызстанда 100 ашуун саясый партиялар катталгандыгы айтылган. Бирок алардын ичинен коомчулукта өз ордун таап, реалдуу аракеттенип келаткандары аз. "Ата Мекен" жана КСДП партияларынын бекем коалициясы, Текебаев менен Атамбаевдин тандеми Кыргызстандагы кырдаалдын жөнгө салынышынын, ал гана эмес шайлоолордон кийинки абалдын да стабилдүү болушунун кепили боло алат. Табияты бир солчул эки партиянын биригүүсү тарыхый талап болуп турат. Эки күч бириге турган болсо, парламенттик шайлоону жеңип чыгаары турган иш. Анте албай, эки лидер амбицияларына алдырып кое турган болсо Кыргызстандагы кырдаал курч бойдон кала берет. Бул нерсе өз кезегинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнө да кескин түрдө терс таасирин тийгизе турган факторго айланып кетиши мүмкүн.

Урмат ИМАНАЛИЕВ