![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Жардарларга бизнесмендер эле эмес, жаштар да жардам берүүдө Жумгал районунун Куйручук айыл өкмөтүнөн "Атуулдук ариет" жаштар уюмунун уюштуруучулары Айтбек уулу Чыңгыз, Талант Таштанбеков, Айбек Рысбековдор жолдун алыстыгына карабай келип, 7-апрелде жарат алып, Ахунбаев атындагы микрохирургияга жана Фучиктеги №1 ооруканада жаткан жарадарларга 15 миң сом акчалай жардам берип кетишти. Жарадарларга бизнесмендер эле эмес, жаштар да жардам берүүдө. Ошто милиция иш таштады Ошто миңден ашуун милиция кызматкери иш таштады. Алар шаардагы борбордук аянтка чогулуп, жаңы Өкмөттөн маяналарды көтөрүүнү, социалдык жактан колдоону күчөтүүнү талап кылышты. Ошондой эле мурдагы министри Молдомуса Конгантиевди сабагандарды жазалоону, анын түштүк боюнча орун басары Расул Раимбердиевди куугунтуктоону токтотууну жана мурдагы ордуна кайтарууну суранышты. Өзгөн районунан келген милиция кызматкери Абдыганы Ашыров кесиптештеринин көйгөйүн төмөнкүчө туюндурду: - Акыры биз дагы адамбыз го. Акаев убагында тыңдабаса, Бакиев кулагын төшөбөсө, деги биздин муңубузду ким угат? Мисалы, мен 1796 сом алам. Бул деген жесир катындын пенсиясы да. Ошону үчүн милициянын маянасын такыр куругунда он беш миң сомго көтөрүш керек. Абдыганы Ашыров ички иштер органдарынын өкүлдөрүнө мындан ары жетиштүү шарт түзүлбөсө, көпчүлүгү ишин таштап кетүүгө даяр экендигин кошумчалады. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү Коминтерн Букенов мурдагы министр Молдомуса Конгантиевди сабагандарды токтоосуз кармоону, анын түштүк боюнча орун басары Расул Раимбердиевди апрель окуясы боюнча куугунтуктоону токтотууну жана аны эски ордуна кайтарууну суранды: - Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде дагы генерал колго түшкөндө мынчалык сабашкан эмес. Ошон үчүн аны (Конгантиевди - ред.) аеосуз токмоктогон кишилерди кармап, жоопкерчиликке тартуу абзел. Ошондой эле апрель окуясы убагында түштүк боюнча орун басарлык милдетти аркалаган Расул Раимбердиевди эмне үчүн сурак кылып атышат. Анын кандуу кагылышка кымындай тиешеси жок. Коминтерн Букеновдун айтымында, бул өтүнүчтөр бүгүн-эртең орундалбаса, шериктери акцияны улантышмакчы. Түштүк борборунун милиция кызматкерлери Ош облусунун райондорунан топтолгон кесиптештерине тилектештигин ырастады. Мындай ниетти мекеменин башчысы Курсант Асанов жарыя кылды: - Милиция кызматкерлерин социалдык жактан коргоо маселесин чукул арада чечүү зарыл. Антишпесе, ички иштер органдары козголсо, акыры чатагына айланат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Курсант Асанов утурумдук Өкмөт тарабынан чукул арада милицияларга карата коммуналдык жеңилдиктер каралбаса, турак жай жана жер маселеси чечилбесе, иш таштоо массалык мүнөзгө айланаарын эскертти. Митингичилер менен облустук жана шаардык деңгээлдеги жетекчилер жолугушту. Губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков буларга токтолду: - Сиздердин арыз-муңуңуздарды Отунбаевага, Атамбаевге, Текебаевге жеткирдик. Албетте, облустук бийлик дагы жөн жатпай, айтылган талаптардын артынан катуу түшөбүз. Зарылчылык туулса, Бишкекке учуп барып, убактылуу Өкмөттүн алдына маселени кабыргасынан коебуз. Кыскасы, милициянын айлыгы сөзсүз жогорулатылат. Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө караганда, акция учурунда көтөрүлгөн башка маселелерге да жакынкы арада чекит коюлаары күтүлүүдө. Кечке дейре борбордук аянтта турушкан акциячылар талаптарын аткаруу үчүн утурумдук Өкмөткө 2-майга чейин убакыт берип тарашты. Ушул эле күнү, Өзгөн районунун тургундары "Азаттыкка" кабарлашынча, райондун эки миңге чукул жашоочусу өлкөдөгү кадр маселелерин талкуулап, жердештери - Ички иштер министрлигинин өкүлү, генерал Осмоналы Гүрөңов жана Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова кызматтарынан саясий мотив менен бошотулуп, орундары жоюлгандыгына нааразы экендиктерин билдиришти. Жыйынга катышкан Ош облус губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Кушбак Тезекбаев айтылган дооматтар жүйөөсүз экендигин белгиледи. "Азаттыктан" алынды Кайрылуу "Асман kg" гезитинин Башкы редактору Э.Кулуевага "Асман kg" газетасынын 2010-жылдын 9-апрелинде "Өз короомдон кочкор соем дегендей болуп жатат" атту макала боюнча ИИМдин маалымат жана коомдук байланыштар Башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет. Учурда ички иштер министрлигинде болуп жаткан кадрдык иштер Кыргыз Республикасынын "Ички иштер органдары" жөнүндө жана "Ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлүүдө. Демокаратиялык көз карандысыз мамлекетте мыйзам чегинде ар бир иш аракеттер өткөрүлүүгө тийиш. Андыктан аталган гезиттеги берилген маалымат үстүртөдөн болгондуктан, айрым окурмандар туура эмес түшүнүп, министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер колдоого алынбай калышы мүмкүн. Ал эми милициянын подполковниги Кубатбеков Шамбет Мүзүрөтбекович болсо 6-7 апрелдеги окуялар болгонго чейин Талас РИИБнүн начальниги болуп иштеп келген. Элибиздин бийликке карата толкунунан кийин Кубатбеков Шамбет Мүзүрөтбекович, мени эл колдоп жатат деген сөзү менен өз алдынча Талас облусунун ички иштер министри , Шерниязовдун буйругу менен дайындалган милициянын полковниги Момбеков Урмат Байызбековичтен талаша баштап, өздүк курам арасында эки бөлөк ойлорду туудура баштаган. Кошумча белгилей кетүүчү жагдай Шамбет Кубатбековдун иш аракети жогоруда келтирген мыйзамдарга да шайкеш келбейт. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Б. Шерниязовдун буйругу менен Кубатбеков Шамбет Мүзүрөтбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, кадрлар башкармалыгынын карамагына алынган. Начальниктин милдетин аткаруучу милициянын полковниги Р. Ахмедов Кыймылдар кыймылдап жатат 7- апрелдеги элдик ревалюцияда курман болгон кыргыз элинин чыгаан азаматтарын "Ата-Бейитке" коюп келе жатканда "Таш-Дөбө" айылынын жаштары эл үчүн курман болгон баатырлардын арбагын сыйлап, алардын жетпей кеткен максатын ишке ашырыш үчүн Замирбек Дүйшөнов баштаган жаштар "Жаш-Тегин" жаштар кыймылын түздү. Бул кыймылдын максаты жаштарды ынтымакка чакыруу, келечекте өзүбүзгө-өзүбүз жооп бере турган мамлекетти түзүү, кыргыз элинин бийлиги жана экономикасы таза болуш үчүн кам көрүү. Жалпы кыргыз элин жана жаштарды ынтымакка чакыруу. Өлкөбүздө тынчтыкты сактоого өзүбүздүн салымыбызды кошуп, тартипти сактоо. "Жаш-Тегин" жаштар коомунун талаптары 1. 7-апрелде каза болгон жаш баатырларга моралдык жана материалдык жардам берүү. 2. Бакиевди жана бир туугандарын жазага тартуу. Ошондой эле алар менен түз байланышта болгон (Гуревич, Елисеев, Белоконь Ширшовдорду жоопко тартуу. 3. Мурунку бийликтин талап-тоногон мамлекеттик мүлктү мамлекетке кайтаруу. Жеке менчик мүлктөрдү өз ээлерине кайтаруу. 4. Азыркы бийликти жоопкерчиликке алган убактылуу өкмөт Акаев жана Бакиевдин жолуна түшпөй таза шайлоо өткөрсүн. 5. Жаштарды бийликке аралаштыруу жана алардын келечеги үчүн шарт түзүп берүү. Анаш Сейитказиев "Кыргызстан чечкиндүү реформалар" кыймылын уюштурууда Ушул тапта жаштар кыймылы, эл кыймылы айтор, 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин жаштар ойгонуп, көп кыймылдар пайда болду. Бирок, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кайсы бир учурда майда кыймылдардын баары биригип, чоң кыймылга айланып, чоң саясий күч болуп чыгат деген ойдобуз. Жаңы пайда болуп жаткан кыймылдарга "Кыргызстан чечкиндүү реформалар" кыймылы кошулду. Аталган кыймылды экс-депутат Анаш Сейитказиев, Манас Саматов, Кутман Эшенбаевдер түздү. Бул кыймылдын апрель тезисине кийинки санда орун беребиз.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||