![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Биздин үн Мударис, социолог Кусеин Исаев Коом жана ыңкылап - Кусеин мырза, эмне үчүн беш жыл өтпөй жатып дагы ыңкылап болуп, кан төгүлүп кетти? Кыргыз эли өзүнүн тагдырын XXI-кылымдын башында экинчи жолу дагы тарыхтын сотуна коюп жатат. Мунун дагы өзүнүн себептери бар. Эң башкысы 2005-жылы бийликке келгендер ыңкылап эрежесин бузуп, өткөндөн сабак алган жок. Алар кыргыз коомундагы түзүлгөн терс абалды оңдой албай, тетирисинче баардык жагынан тереңдетип салды. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн маселени кеңирирээк айтып берели. 2010-жылдын апрель ыңкылабы 2005-жылдын март ыңкылабынын түздөн-түз уландысы жана ал коомдо жыйылган терс маселелерди чечип, кыргыз мамлекетинин тарыхый жолуна салып, келечек стратегиясын тактап берүүгө чакырылган. Демек, элдик ыңкылаптардын тарыхый, экономикалык, социалдык жана рухий себептери болгон. Советтер Союзунун таруудай тарап кетиши менен кыргыздар да башка кошуна элдер сыяктуу эле азаттыкка аттанып, өз алдынча эркин мамлекеттүүлүккө ээ болгондо Европа мамлекеттери базарлык мамилеге 150-170-жылда жеткен болсо, Кыргызстан ал жолду 10-15 жылда басып, эмгек, акча, жер жана анын табыйгый байлыктары, адамдын денеси товар катары сатылып, жапайычылыктын, адамкерчиликсиздиктин, рухсуздуктун, адепсиздиктин экспансиясы толук өкүм сүрө баштады. Кыраакы кыргыз "өңгөнү ээрчиген өзүн унутат"-дейт. Кыргыздын окумуштуу А.Акаев баш болгон жетекчилери батыштын кеңешчилеринин, эксперттеринин "акылы" менен саясат жүргүзүшүп, элди унутушуп, үй-бүлөнүн, ага-туугандарынын, жердештеринин гана камын көрүп калышты. Калк эбегейсиз азап-тозокторго туш болуп, кери кете баштап, өзүн унутуу абалына жетип калган. Мына ушундай шартта 2005-жылы март ыңкылабы болуп, Президент, өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен уурдаган элдик байлыкты көтөрүп алып, мамлекетти, элди таштап, батышка коркок коенчо качып кетигкен эмес беле... 2005-жылдын 24-мартында элдик ыңкылаптын натыйжасында бийликке келген бакиевчилер эски бийликтин кемчиликтерин тереңдетти, тууганчылыкты, уруучулукту, аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөттү. Калайык калктын кызыкчылыгына жана мүдөөсүнө жооп бере турган мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатын жүргүзбөдү. Бир үй-бүлөнүн байышы үчүн менчикти кайра бөлүштүрүү, табыйгый байлыктарды, жерди басып алуу жана сатуу менен алектенди. Найтыйжада, акыйкатсыздык, теңсиздик, басма сөздү ооздуктоо, адепсиздик өкүм сүрдү. Ошондой эле ыңкылаптын кайталанышына сациалдык, рухий себептер да болду. Кыргыздын мыкты деген элитасы жагалдануучулукка, кошоматчылыкка айланды. Көпчүлүктү кайдыгерлик каптады. Жакырчылыкта жашагандар көбөйдү. Эмгек мигранттары жана четте тентигендер мамлекеттин жумушка жарактуулардын үчтөн бирин түзүп калды. Жогорку кесипкөй инженерлер, мугалимдер, доктурлар б.а. акылдуулар сыртка, башка мамлекеттердин жараны болуп кетишти (орусча "утечка мозгов") дейт. Сойкулар, денесин саткандар көбөйдү. Бийликке чындыкты айткандарды камоо, өлтүрүү, менчигин тартып алуу күндөлүк көндүмүшкө айланды. Ушундай элге каршы саясаттын натыйжасында эки жүздүүлүк, калпычылык, адамгерчиликсиздик терең сиңип, паракорчулук Кыргызстанда саламдашканга тете болуп калды. Мисалы, министр пара албаса, ишкананын директору же жогорку окуу жайдын ректору пара албайт. Жогорку жак пара алган үчүн анын кол алдындагылар да пара алышат. Ушунун баарына элибиз айкөл, сабырдуулугунан, кеменгерлигинен чыдап келишти. Акыйкатчылыктын, теңдиктин, эркиндиктин эрежелери катуу бузулуп, калың каатчылык бүт баарын кучактап, эл эскиче жашай албай, бийлик өз билгениндей башкара албай, коомдо ыңкылаптык жагдай 2010-жылдын март айында эле бышып жетилип калган. Аны түшүнгөн контрэлита (оппозиция) аймактарды кыдырып, элдин социалдык тамырын кармап, 7-апрелге ар бир аймакта элдик жыйындарды өткөрүүнү жалпы журтка жарыялап, ыңкылапка иштиктүү даярдыктарды көрө башташкан. 6 апрел түнүндө оппозиция жетекчилерин бийлик камакка алганы араң турган элдин кыжырын кайнатты. 2010-жылдын 6 апрел күнү Таласта ыңкылап башталып, бийлик элдин колуна өттү анан Ысык-көлдө, Нарында Токмокто, Алайда Кара-Кулжада, Кетмен-Төбөдө, Петровкада Ошто ж.б. аймактарда бийликке каршы жапырт көтөрүлүштү. 7-апрел күнү эртеден баштап эле, оппозиция жетекчилеринин түрмөдө жатканына карабастан, чириген коомдон тажаган эл бийликке каршы демократияга чыгышты. Бийлик куралсыз болгон демократия катышуучуларына каршы ок атты. Кан төгүлдү, 84 жаш жигиттер баатырлык менен тик турушуп, өмүрлөрү кыйылды, 1500 дөй адам жарадар болушту. Калың элдин селине, сүрүнө бийлик туруштук бере алган жок. Президенттин, өкмөттүн мекемесин таштап, бийлик качып кетти. Ыңкылап жеңишке жетишти. Оппозиция жетекчилери-бийликке келип, убактылуу элдик өкмөт түзүп, мамлекетти башкаруу боюнча Мыйзамдарды-Декрет түрүндө кабыл алып, өлкөнү башкаруунун бүт жоопкерчилигин мойнуна алышты. Апрель ыңкылабы калктын чыгармачылык демилгеси, каалоосу жана жигердүүлүгү менен жеңишке жетишти. Кантебиз бул ыңкылап "кандуу шаршемби" деп тарыхта кала турган болду. - Эми бул убактылуу элдик өкмөт ыңкылаптын эрежелери менен иш аткара алабы? - Мен ачыгын айтышым керек: Убактылуу элдик Өкмөттүн биринчи аракеттери социалдык ыңкылаптын теорияларына жана эл аралык тажрыйбалардын үлгүсүнө жооп берүүдө. Ыңкылап бир күндүк же бийликти алуу менен бүтпөйт.Убактылуу бийлик 6 айлык мөөнөт алды жана кайсыл иштерди бүткөрүп ачык жарыялады. Алар жаңы Конституцияны референдум аркылуу кабыл алып, Жогорку Кеңешке таза, мыйзамдын негизинде шайлоо өткөрүп, туруктуу өкмөткө бүт бийликти берүүгө убада берди. Демек, ушул мөөнөттө бардык жумуштарга ыңкылаптык чечкиндүүлүк, ыңкылаптык түшүнүү, ыңкылаптык мамиле, ишаракет жана ыңкылаптык катуу тартип керек. Өзүн коргой жана кайтара албаган ыңкылап болбойт. Айрым, батыштын окуу китептерин окуган инсандар убактылуу өкмөттүн мыйзамдуулугу жөнүндө (легитимдүүлүгү дешет, ал сөз латындыкы-мыйзамдуулук дегенди түшүндүрөт), анан "Конституциялык талаага кайтып келиш керек деген сыяктуу негизсиз пикирлерди байма-бай айтышууда. Мындай аракеттер, "бөйрөктөн шыйрак" чыгарганга тете. Убактылуу өкмөт-элдик бийлик, эл жеңди, эл алып келди. Элдик убактылуу өкмөттүн-Декреттери мыйзам күчүнө жана талаптарына жооп берет . Туруктуу Конституция кабыл алынгыча убактылуу элдик өкмөттүн Декреттери мыйзамдуулуктун жана укуктуулуктун мейкини толук боло алат. Бул да ыңкылаптын эрежелеринен. Бүгүн коомчулукта кадр маселелери боюнча өйдө-төмөн пикирлер айтылып, айрым каршы сунуштар менен катар убактылуу өкмөттүн ичинде ынтымактын жоктугун белгилешүүдө. Убактылуу өкмөттү ар бир мүчөсү өтө чоң жоопкерчиликти моюндарына алышты. Калк баарын көрүп, угуп турат. Азаттыктын 20-жыл ичинде арам байлыкка көппөгөн, бийликтен мас болбогон, жанын, жүрөгүн кыргыз малекетинин, улуттун келечеги үчүн аябаган билимдүү, кесипкөй, акыйкатчы, таза, даанышман инсандарды, өзгөчө жаштарды кызматка тартышса өтө максаттуу жана келечектүү болоор эле. - Өткөн өттү, кеткен кетти. Кыргызстан жаңы жашоосун таза барактан башташыбыз керек. Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сакташ үчүн эмне кылышыбыз керек? Реформаны эмнеден башташыбыз керек? Адилеттүү, демократиялуу, гумандуу, социалдык, улуттук мамлекетте жалпы журттун кызыкчылыгы жана баалуулуктары үстөмдүк эткен коомго жол алуу үчүн убактылуу өкмөттүн 6 айлык мөөнөтүндө алгач үч маселени ийгиликтүү чечүү зарыл. Биринчиден, европалашуудан баш тартышыбыз керек. Кыргыз сабырдуу, айкөл, ишээнчек эл болуп, европалашып кетти. Бүгүнкү мектепте жана жогорку окуу жайларда окуп жаткандардын баары европа маданиятына, баалуулуктарына, жосундарына сугарылууда. Кыргыздар кыргызча төрөлүп, орусча жашап, арапча көмүлүп жатышат. Кыргыздын мамлекетинде улут катары ар тараптан өз эркин өнүгүшү үчүн-Манастын духу, улуттун рух дөөлөттөрү, салтка айланган үрп-адаттары дүйнөнүн алдыңкы илими, техникасы жана технологиясы менен чырмалыша биригип,айкалышы керек. Демек, ушулар мамлекеттин урааны, саясаты жана таалим-тарбиянын негизи болгондо гана жер жүзүндө жападан жалгыз улуттук кыргыз коомун, мамлекетин түптөөгө багыт алабыз. Экинчиден, азаттык жылдарында ар кандай арамдык, мыйзамсыз жолдор менен алган элдик байлыктарды жана четке катылган акчаларды мамлекетке кайтаруу зарыл, жасалма олигархтардын, уурулардын, арам байлардын каткан мүлктөрүн сот аркылуу кустуруу адилеттик болоор эле. Кыргызстанда бүгүнкү күндө бай менен кедейдин айырмасы 30 эсе болуп калды. Мындай көрүнүш Африканын, Түштүк Американын айрым өлкөлөрүндө болбосо, башка жерде жок. Бизде болсо калктын 3 пайызы байлар. Алар коомду 65-70 пайыз байлыгын ээлейт. Ушуларды кайтарып алуу убактылуу өкмөттүн экинчи милдети болуш керек. Кыргыздар эч качан жерин саткан эмес. Жер менчикке айланганы уруулар ортосунда, үй-бүлөлөр ичинде чатакташуу башталды, жарандык согушка шарт ачылууда. 2007-жылдын 21-октябрында референдум аркылуу кабыл алынган Конституциянын 4-беренесиндеги жер жана башка ресурстары жөнүндөгү жобону жокко чыгарып, 1993-жылы 5-майдагы Конституциянын 4-беренесиндеги жаратылыштын бардык байлыктары-жер ж.б. "мамлекеттин менчиги" деген жобону калыбына келтирүү керек. Ошондой эле сатылып, белекке берилип кеткен мамлекеттик жерлерди кайтарып алуу үчүн күрөшүү зарыл. Үчүнчүдөн, монетарлык саясаттан баш тартып, республикадагы жер жайнаган акча алмаштырууну кескин кыскартып, зарыл алмаштырууларды мамлекеттик банктан жүргүзүүгө өтүү керек. Бул маселе европалашкан, бүткүл дүйнөлүк банкка жана эл аралык кароого көз каранды Кыргызстан үчүн эң оор маселе экенин түшүнөм. Бирок, кыймыл башталган 15-16 апрелде (2010 ж). Бразилиа шаарында дүйнөнүн эң бай жана кубаттуу 4 өлкөлөрүнүн (Бразилия, Россия, Индия, Кытай) Президенттери экинчи жолу бирдиктүү саясат өткөрүү жана биргелешкен зор долбоорлорду улуттук акчалар менен каржылоо жөнүндө макулдашты. Мунун өзү эл аралык болуп калган американын доллары начарлай баштаганын кабарлайт. Монетарлык саясаттан баш тартсак БРИК өлкөлөрү колдойт.Улуттук өндүрүштү ар тараптан кеңири жайылтып, чийкизат өлкөсү болбой, улуттук буюмдарды, товарларды чет элдик базарларга чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз, тентип жүргөн мекендештерибиз келет, жаңы жумушчу орундар түзүлөт, аймактар да өнүгө баштайт. - Убактылуу элдик өкмөткө дагы кандай сунуштарыңыз бар? Ар кандай себептер менен убактылуу элдик өкмөткө өтө кыйын болуп турат. Мамлекеттин, улуттун тагдырына, келечегине кайдыгер эмес жарандар, өзгөчө жаштар, саясый күчтөр элдик бийликти колдоп, интелектуалдык, кесиптик жардамдарды беришибиз өтө маңыздуу жана келечектүү. Акыл-эс чогултуп, улуттун кайра жаралуу идеясы күч болуп, элди бирдикке чакырууну кырдаал талап кылууда. Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан, мансапкор, байлыккөр эмес ак сөөк, даанышман, акылкөй, мекенчил, улутчул улуу Адамдардан Карылар Кеңешин Өкмөттүн алдында түзүү пайдалуу. "Карынын кебин капкасал", "Карысы бардын ырысы бар"-дейт. Республиканын 7 аймагынан бирден тандап алып, коомдук башталышта түзүп, мамлекеттик татаал жана кадр маселелерин чечүүдө алар менен кеңешип туруу зыян болбойт. Карылар кеңеши жашыруун болушу толук мүмкүн. Конституциянын улуттук болушу үчүн өтө дыкаттык менен иштөөсү абзел. Адатка айланган каада-салт накта мыйзам эмеспи. Элдик шайлоо бардык деңгээлде: айылда-өкмөттү, айылдык милицияны, ирилешкен райондо-акимди, сотту, милиция башчысын жана депутаттарды милдеттүү шайлоо керек, анткени эл шайласа-кызматкер элди карайт; уруучулук түзүлүш мамлекетти башкарууга жана коомду түзүүгө, бөлүнүүгө багытталган маселелер керексиз экендиги Конституцияда ачык жана түшүнүктүү чагылдырылышы максатка ылайыктуу. Конституциянын долбоорун талкуу учурунда пикирлер дагы айтылат. Туулган жердин топурагы алтын-дейт кыраакы кыргыз. Асыл жер, ансыз деле өтө өлчөмдүү. Өткөн жылы жүз миң сугат жер айдалбай калган.Эмгек-миграциясында жүргөн жарандарды чакырып, жерди толук иштетүүгө шарт түзүү керек. Тоолу райондорго, климаттык шарты катаал аймактарга атайын экономикалык, социалдык жардамдарды берип, турмуш-шарттагы айырмачылыктарды азайтууга же такыр жоюу саясатын жүргүзүү мамлекеттин , борбордук бийликтин милдети болушу абзел. Ар бир чөлкөмдө иштетилбеген бир да сотых жер калбасын! Акыйкаттыкка, теңдикке, эркиндикке жол-ак эмгек, мээнет аркылуу гана болоорун ар бир Инсан моюндашы учурдун талабы! Чынайым Кутманалиева
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||