Эстутум вазипасы:

Чынара Табалдиева, Нурсултандын апасы
"Нурсултандын эң акыркы сөзү "апа, мени кечирип коюңузчу дегени болду"
7-апрелде шейит кеткен баатырлардын арасында бир үйдүн жалгыз баласы 17 жаштагы Нурсултан Табалдиев да бар эле. Ал эли-жери үчүн эл үчүн окко төшүн тоскон. Албетте, бул баатырларыбыздын эрдиги тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калаары айкын. Биз ошол кандуу окуяда шейит кеткен эл баатыры Нурсултанга куран окутуп, пенделик парзыбызды аткарып, ата-энесине көңүл айттык. Ата-энеси жалгыз кулунун жоготуп алганына зар какшап, зээнди кейитип сыздап отурду.


- Жалгыз таянаар тообуз Нурсултан 1992-жылы 28-июнда туулган 4-класска чейин Оштон окуп, калган билимин шаардан улантып 8- мектептен окуган. Зээндүү, бир нерсени тез өздөштүрчү. Ошондуктан 9-классты бүтүп, институтка тапшырып ал жакты бүткөндөн кийин Юрдикалык Академияга тапшган. Азыр 1-курста окучу. 5 маал намазга жыгылчу. Кичинекейинен спорт менен машыгып, сергек өскөн бала болчу. Адамдар менен мамилени жакшы түзчү.

- Нурсулатан кимиңерге көөбүрөөк жакын эле?
- Башка балдар атасына көп эркелей албайт. А мен атамдын эркесимин деп калчу. Атасынан да мага абдан жакын болчу. Мага болгон сырын айтып келечекте сизди орус келиндүү кылам деп калчу.

- Орус кыз менен сүйлөшчү беле?
- Даша деген орус кыз менен сүйлөшчү. Нурсултандан айрылган бизге эле эмес, ал кызга да кыйын болду. Күндө үйгө келип, ыйлап-сыктап акыбалымды сурап атат.

- Ошол каргашалуу күнү сиздер кайда элеңиздер?
- Ош базарда азык-түлүк сатып иштейбиз. 7-апрель күнү күндөгүдөй эле эртең менен туруп, балам университетке кеткен . Атасы экөөбүз 5 жаштагы кызыбызды бала бакчага алып барып, андан ары жумушка кеткенбиз. Түшкө жетпей эле жолдошум "сен барып кызды бакчадан ал" деп товарды чала-була жыйнап контейнерди жаап эле мени кетирип ийди. Мен эле эмес ошол жердеги аялдардын баары кеттик эркектер базардын четине чогулуп калышты. Кызымды бала бакчадан алып жолдо келатып, балама телефон чалсам телефонун албай койду. Эмнегедир жүрөгүм бир нерсени сезип, тызылдап,уйгу-туйгуболуп турду. Үйгө келсем алдыраар күнү жаздыраар болуп, демейде таштабаган телефонун уулум ошол күнү үйгө унутуп кетиптир. Чыдамым кетип телевизорду сайсам, аянттагы акыбалды көрсөтүп аткан экен. Алаксып кетиптирмин. Бир маалда эле телефонум чырылдап калганынан алсам, "балаңар ооруканада жатат" деп телефонду өчүрүп койду. Кайсы ооруканада экенин да айткан жок. Эмне кылаарымды билбей жалдырап туруп калдым. Аңгыча жолдошум келип калды. Экөөбүз жанталашып эле төртүнчү ооруканага барып издедик. Тапкан жокпуз. Андан кийин улуттук хирургияга, барсак "моркту карагыла" деди. "Шок" болуп кантип моркко барганыбызды деле билбей калыптырмын. Моркко кирсем 7-8 сөөк жатыптыр алардын ар бирин бетин ачып карасам балам жок. Андан Республикалык ооруканага барсак ошол жерде невралогия бөлүмүндө ок башына тийип кансырап жатыптыр. Башына памперс жаздап коюшуптур.

- Ак халатчандар жакшы эле карадыбы?
- Эгер доктурлар жакшы караганда балам аман калмак беле деп ойлойм. Ошол жерде дарысы жок куйганга капелницасы жок өзүбүз түндүн бир маалында дарыканаларды кыдырып, дары издеп жүрдүк.. Ошентип саат 9 да араң операцияга киргиздик. Операцияга киргизээрде "ачка болдук" дегенинен ачка немелер операцияны көңүл кош жасап койбосун деп жолдошумду үйгө жиберип пельмен жазатып келип бердим. Байкуш балам операцияга кирип баратып "апа кечирип кой, сиздин тилиңизди уккан жокмун" дегени акыркы сөзү болду. Баатырлардын арбагы канкорлоду уктатпасын деп мукактанып (көзүнүн жашын аарчыды Чынара эже). Ошол ооруканага алты жарадар түшүптүр ошону дарылай алышкан жок. Эртеси күнү ичинен жарадар болгон баланы алып келди. Врачтар "биз чарчадык. Башка ооруканага алып баргыла" деп албай койду. Азыр врачтарды эмнесине акча берип сыйлап атышат билбейм

- Аянтка Нурсултан элге кошулуп барыптырбы?
- Калык Акиев көчөсүндө туугандарыбыз жашайт. Сабактан чыгып ошол туугандардын үйүнө барыптыр. Аңгыча эле бир дос баласы келип "жүрү аянтка барып, көрүп келебиз" деп ээрчитип кетиптир.

Токтомат Табалдиев, Нурсултандын атасы:

- Түзүлгөн комиссия тарабынан 100 миң сом берсе баламдын өмүрү акчага бааланбайт деп албай койгонуңуздан кошунаңызга берип кой деп тапшырып кетишиптир ошол чынбы?
- Ал акчаны эч кандай албай койбой эле жубайым өз колу менен кагазга колун коюп алган. Кошунасына бердик, батирде жашаган колунда жок үй-бүлө экен тиккенге боз үйү жок отурушуптур деген жалган сөз. Боз үй тигели десек тикпей эле койгула, аянтка тигилет деп коюшкан. Кудайга шүгүр, Россияда 7 жыл иштеп азыркы жашап аткан барак тибиндеги үйдү сатып алганбыз, алдыбызда машинебиз бар. Өз жашообузга тың элебиз.

- Калган акчаны колуңузга алдыңызбы?
- 2 күндөн кийин калган акчаңды алып кет деп чакырганынан барсам силер 100 миң алдыңар мынакей деп 900 миң сом санап берди. Өкмөткө рахмат эми түбөлүктүүсү түз болуп курман болгон баатырлардын арбагын сыйлаган журт башына чыныгы эл үчүн иштеген бийлик болсун. Балдарыбыздын каны бөөдө кетпесин. Берген убадаларын аткарсын.

Мирлан Алымбаев