Каарман

Анаш Кадырова, коомдук ишмер,
УТРКнын экс-орун басары:
"24-Март - чыныгы элдик революция катары тарыхта калат"
Анаш Кадырованы кимдер билбейт? Кезегинде Ош телесинин "Чолпон жылдызы" аталып, керемет келбети, жагымдуу үнү менен жалпы журтка таанылды. Андагы "Ыр кесе" көрсөтүүсү менен элдин сүйүүсүнө татып, сулуулуктун символуна айланды. 2005-жылы Элдик революцияга активдүү катышып Кыз Сайкалдай, Жаңыл Мырзадай кайратуулугун, адилеттигин көрсөттү. Митинг-пикеттер күчөп турган жылдары УТРКнын башкы директорунун орунбасары кызматында туруп маалымат майданында элдик бийликтин кызыкчылыгын коргоп жан сабап иштеди. Жетекчи катары уюштуруучулугун, бийик адамдык сапаттарга ээ экендигин айгинеледи. Бирок, эмнегедир элдик бийликтин бели ката элегинде аны коргоп, колдоп маалымат согушуна жигердүү катышкан айым саясый стабилдүүлүк орногондон кийин УТРК дагы ээлеген кызматынан бошотулду. Анда эмесе Элдик революциянын жигердүү каармандарынын бири Анаш Кадырова менен болгон маек сиздердин назарыңыздарда.

- Анаш Кадыровна, 24- март сизге эмнеси менен эстелет?
- Бул күн карт тарыхтын катмарында биринчи кыргыз революциясы катары каларына толук ишенем. Ал кезде бүтүндөй кыргыз эли көтөрүлүп, аянтка келе албаганы телевизордон эски бийликтин кулашын ураалап тосуп алганына барыбыз күбө болгонбуз. Менимче 24-марттын маани-маңызы жыл өткөн сайын тереңдей берет. Бул күндү ар жылы татыктуу майрамдап, ал учурда эмнеге бийликти алмаштырганыбызды эстеп турушубуз керек.
Өзүм 2005-жылы 24-мартта элдик революцияга активдүү катышкандыгым менен сыймыктанам. Албетте, алгачкы жылдары элдик бийликтин тай-тай басып кетиши оңой болгон жок. Ар жерде митинг-пикет уюшуп дегендей... Бирок акыйкат үчүн айта кетиш керек, жаңы бийлик 2005-жылы экономикалык өнүгүү механизми жок, бюджетти толтурган рычагы ишенимсиз, донор мамлекеттердин "кол кесери" менен гана жан баккан жарды өлкөнү колго алган.
- Сиздин кыргыз радиосунан кетишиңизге эмне себеп?
- Мен бул кызматка мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен өлкөнүн саясый абалы бир калыпта болбой турган учурда келип, Улуттук радионун журналисттерин элди биримдикке, мамлекеттин кызыкчылыгын сактоого багыттап, натыйжада өлкөнүн бүгүнкү күндөгү стабилдүүлүгүн жаратууга өз үлүшүмдү коштум. Баш аягы бул кызматта үч жылга жакын иштедим. Бул учур эртең менен саат 8. 30 да жумушка кетип, түнкү 10-11де үйгө келген жыш график менен өлчөндү. Себеби эфирдин жумушу ошондой оор. Аны жалпы эле телерадио тармагында иштегендер жакшы билет. Анын үстүнө 2005-жылы Элдик революцянын негизинде "эки тизгин бир чылбырды колуна алган" жаңы бийликти иштетпей коюуга көптөгөн аракеттер көрүлүп турган. Мен келген жылдардагы митингдер ар биринин эле эсинде болсо керек. Бул кездерде Улуттук радионун эфиринен элдин биримдигине, мамлекеттин кызыкчылыгына тескери таасир этүүнү каалаган топтор да болду. Азыр анын баары артта калды. Албетте, ар бир нерсенин өз учуру болот эмеспи. Кыскасы мен өзүмө жүктөлгөн жоопкерчиликти татыктуу аткардым.
- Бирок, негедир кеткениңиз элге күтүүсүздөй болду.....
Кыргызда "кызмат менен байлык колдун кири"- деп коет. Анын үстүнө мен бүгүнкү күндө моралдык жактан да, материалдык жактан кызмат орунга зар эмесмин. Албетте, ишеним көрсөтүлгөн иштин майын чыгарууга кудуретим жетет. Бирок креслого жабышып жатып алгандан кудай сактасын. Кубанган жерим УТРКанын чыгармачыл жамааты же кимдир бирөөлөр менин жумуштан кетишимди талап кылып,ар кандай акцияларды уюштуруп, ачкачылык жарыялаган жок. Президенттин жарлыгы менен келип, президенттин жарлыгы менен кеттим.
- Сизге башка кызмат орун сунуш кылган дешет го...
- Ошол кезде Мамлекеттик катчы мага Президент тарабынан Маданият министринин орун басарлык кызматы сунушталып жатканын айткан. Бирок, өзүм ага каршы болуп койдум.
- Сиз бүгүн таарынгандардын катарындасызбы?
- Алсыз адамдар гана таарынчак болот. Биринчиден, кызматка таарынуу менин адамдык абийириме туура келбейт. Кыргыз калкыма мамлекеттик кызматта иштебей туруп деле керегимди тийгизе алам. Экинчиден, мен УТРКга орун басар болгонго чейин эле өз элиме дикторлук талантым менен таанылып, тээ 18-20 жашымда эле Анаш Кадырова болуп алгам. Дагы деле Анаш Кадырова боюнча калып калам.
- Кызматтан кеткенден кийин жашооңуз кандай нукка бурулду?
- Мамлекттик кызматта жүргөн ар бир эле адам өзүнүн жеке турмушун, ал тургай ден соолугуна кам көрүүнү да унутат деп ойлойм. Айрыкча ММК тармагы сыртынан билинбегени менен күркүрөгөн чоң завод же фабрика эмеспи. Ал эми бул тармакта жетекчи болуп туруу эбегейсиз кайратты, темирдей эркти, адилеттик менен калыстыкты талап кылат. Антпесе чыгармачыл инсандардын тилин таап иштешип кетүү оңой эмес. Айтор, ушундай нерселерден улам УТРКнын орунбасарлык кызматында жүргөнүмдө мен өзүмдүн жеке иштеримди таптакыр унутуп калдым эле. Анын үстүнө тырмактайымда диктор болуп улуулар тарабынан берилген жумушту бүт дитим менен аткарганга көнгөм. Кызматтан бошогондон кийин жашоо образым башка нукка бурулуп, жайлоого чыккандай боло түштүм. Коомдук ишмердүүлүк менен алектенгенге убакыт болуп калды. Учурда кайрымдууулук боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатам. Өзүмдүн бизнесиме көңүл буруп, бал чарбачылыгымды ж.б. өнүктүрдүм. Жазуучу, акындардын белек кылган китептерин карап коюуга чолом тийбей жүрөт эле, аларды чекесинен окуй баштадым. Өзүм кичинекейимде эле спортту жакшы көрчү элем. Азыр өзүмдүн ден соолугума кам көрүп, чет мамлекеттерге саякатка чыгып, спорт менен алектенип жатам. Йоганын сырларын үйрөнүп, бодифлекске барып турам. (Күлүп)...
Мына азыр өзүң көрүп тургандай кызматтан кетеримде 52-размердеги кийим кийип калсам азыр УТРКга жаңы барган кезимдей кийген киймим 48-размерге түштү.
- Анаш Кадырованын школасындагы биринчи сабак кандай?
- Тактык, анан адамдык абийир. Так жүрүп, арамдыкка барбаган адам гана мыкты адис боло алат. Эзели калп айтканды жактырбайм. Кетирген катачылыгын сезип, ал айыбын актоого аракет кылган адамга чын дилимден жардам берем.
- Жеке көз карашыңызда сиздин душмандарыңыз көппү?
- Эми турмушта карманган позициябыз, идеялык жактан көз карашыбыз бирикпеген, көрөалбастык кылгандар бар. Бирок, мен буларды душманым деп ойлобойм. Мага душман болом дегендер боло берсин.
- Сизди өзүңүз жөнүндө китеп жазып жатат деп уктук эле ушул чынбы?
- Ооба. Бирок бул тууралуу өз учурунда кеп кылсам туура болот го.
- Кыргыз радиосунда сиз жетекчи болуп иштеп турганда чечилбей калган проблемалар болду беле?
- Кыргыз радиосун түптөгөн мыкты журналисттер көп. Тилекке каршы техникалык себептерден улам алардын жасап жаткан эмгеги угармандарга толук жетпей жатат. Бишкектеги каналды элге жеткирүүчү РПО РМТР мекемеси техникалык жабдыктардын эскилиги жеткенин, акча жоктугун шылтоолоп жасабай жүрүшөт. Чындыгында аларды кыргыз радиосунун бар, жогу кызыктырбайт деле. Бул кыргыз радиосунун көп жылдардан бери чечилбей келаткан чоң көйгөйү.
- Сизди айланаңыздагылар эмне үчүн жакшы көрүп, эмне үчүн жаман көрүшөт?
- Тегерегимдегилер мени эмне үчүн жакшы көрөрүн айта албайм. Ал эми эмне үчүн жаман көрөрүн билем. Себеби мен адилеттикти сүйөм. Мейли кызматта болсун, мейли үйдө болсун адамдардын кетирген кемчилигин бетине түз айтып салам. Тааныштарым да "сенин ушул жериң жаман" дешет. Адам баласы болгондон кийин элдин барына жагышың таптакыр мүмкүн эмес. Керек болсо адамдар жакшылыкты тараткан Мухамед пайгамбар менен согушуп, ага чейин Иса пайгамбардын колу-бутуна мык кагып кошоктолгон жыгачка таңып коюшпады беле.
- Чыгармачылыктын табияты, дикторлук тууралуу эмне дейсиз?
- Менимче чыгамачылыкта эч качан эс алуу болбойт. Акыл, аң- сезим чексиз болгондой эле рухий дүйнө андан да чексиз. Алла таала рух дүйнөсүнүн казынасын ушунчалык кең кылган, ошол казынадан буга чейин эчендеген инсандар азык алып келет. Каалашыңча алсаң да кемибейт. Бирок чиркин, көр пенделер жанындагы бирөө чыгармачылыктын бийик чектерине чыгып баратса ошол адамдай изденбегенине, аракет кылбаганына өзүн-өзү күнөөлөбөй, алдыга умтулган адамды күнөөлөшөт эмеспи. Эми ар ким өз кудурет-күч кубатына жараша ченелет деңизчи. Бирок жеке мен чыгармачылыктын казынасын ушунчалык сөз менен түшүндүрүп бере алгыс, кенен, берекелүү кылган Кудайга ыраазымын.
Дикторлуктун мектебинен өтүү оңой эмес. Ар бир тамга менен, ар бир сөз менен, ар бир сүйлөм менен иштөө өзүнчө чоң түйшүктү талап кыларын көпчүлүк жакшы биле бербесе керек. Чыныгы диктор тек гана тексти кубулжута окуп коюу менен чектелбейт. Ошол окулуп жаткан сүйлөмдөгү логика , ой- жорум менен кошо жашап, кошо жүрүү чоң чыгармачылыкты талап кылат. Ар бир сөз жүрөктөн, жан дүйнөнүн түпкүрүнөн чыкса гана жүрөккө жетет. Менимче бул нукура диктордун ар бир мүнөтүн , а тургай бүтүндөй бир өмүрүн чыгармачылыкка баш оту менен кирүүгө мажбурлайт.
- Адамдык кандай сапатты баалайсыз?
- Эч качан бирөөнү сатпаган жана сатылбаган абийридүү адамдарды баалайм.
- Маек куруп бергениңизге ырахмат

Маектешкен:
Жаркынай Кадыркулова