Күнгөй-тескей

Ибрагим Жунусов,
эми тасмаларды тартипке келтирет
3-4-жылдан бери кыргыз киносу жанданып, алга жыла баштады. Жанданганы го жакшы деңизчи. Бирок, цензуранын жоктугунан "мен режиссермун" деп төш кагып чыккан жаш режиссерлордун эмгегинин арты менен тартылган саны көп, сапаты жок тасмалар жамгырдан кийин пайда болгон козукарындай эле жайнап чыкты. Кинотеатрларда биринин артынан бири коюлуп жаткан фильмдер, коомго кандай таасирин тийгизип жатканына эч ким деле көңүл бурчу эмес. Эми жаңы тартылган тасмалар Маданият агенттиги тарабынан түзүлгөн эксперттердин кароосунан өтүп, уруксат кагазын алгандан кийин гана кинотеатрларда коюлат. Мындай жөрөлгөнү Маданият агенттигин жетекчилиги колго алыптыр. Бул туурасында кененирээк билүү максатында Маданят агенттигинин жетекчиси Ибрагим Жунусов менен байланыштык.


Ибрагим Жунусов,
Маданият агенттигин жетекчиси:
- Маданият агенттиги тарабынан жакында жаңы тартылган фильмдерге цензура коюлат деп айттыңыз эле. Бул чечим качан иштей баштайт?
- Мурдагы кино департаментин азыр биз кайрадан кинокомпания кылып түзүп жатабыз. Ушул кино компания түзүлүп, бир тартипке келгенден кийин жогорудагы чечимди күчүнө киргизебиз. Буйруса, жарым айдын ичинде маданият агенттиги тарабынан иштелип чыккан чечим иштей баштайт.
- Кандай фильмдерди сапатсыз деп таап, коомчулукка тартуулоого тыюу саласыздар?
- Маданият агенттиги тарабынан атайын фильмдердин сапатына баа берүүчү эксперттик комиссия түзүлөт. Кандай фильм тартылбасын, алгач тартылган тасманы эксперттер көрүп чыгат. Биздин койгон талаптарга жооп берсе, тасма кионтеатрларга коюлуга уруксат алат. Эгер, тасма эксперттердин сынагынан өтпөй калса, анда фильмдин режиссеру тарткан киносун кайрадан иштеп чыгат. Тактап айтканда, эксперттердин кароосунан өтпөй калган фильмдер жараксыз деп табылат.
- Эксперттердин курамын кимдер түзөөрүн билсек болобу?
- Азырынча эксперттердин аттары тактала элек. Учуру келгенде өзүбүз ачыкка чыгарабыз.
- Сиздер чыгарган чечимге баш ийбеген режиссерлорго кандай чара колдоносуздар?
- Алар жеке режиссерлор. Ошондуктан, аларга эч кандай чара колдоно албайбыз. Биз Маданият агенттигине баш ийиген кинотеатрлардын жетекчилерине чара колдонобуз. Эгер, уруксат кагазы жок тасманы кинотеатрга койдурса, анда ал жетекчини биз жумуштан алганга чейин барабыз. Башкача айтканда сапатсыз тасмаларды тарткан режиссерлор эмес, сапатсыз фильмдерди коюуга уруксат берген кинотеатрдын жетекчилери жооп берүүгө тийиш.
- Цензура коюу менен кино тармагынын деңгээлин көтөрүп, сапатсыз фильмдердин тартылышына бөгөт койдура аласыздарбы?
- Албетте, сапатсыз фильмдердин тартылыша бөгөт койдура алабыз. Биздин эксперттердин кароосунан өтпөй калган тасмалар жараксыз деп табылат деп айтып кетпедимби. Жараксыз деп табылган фильмдерди кинотеатрларга койдурбай койсок, режиссерлор сапатсыз тарткан фильмин элди үйүнө чакырып барып коймок беле. Менимче, бир жолу чыгаша болгон режиссер, экинчи жолу ал катачылыгын кайталабаса керек. Дагы бир айта кетчү нерсе, эгер сапатсыз фильм мамлекеттин каражатына тартылса да, биз аны жараксыз деп табууга акыбыз бар. Биз, болгону тасмалардын сапатына гана карайбыз. Мамлекеттик, жеке деп бөлбөйбүз.
- Жогорудагы чечимиңиздер коррупциянын өсүшүнө өбөлгө болбойбу?
- Жок. Биздин эксперттер режиссерлордун акчасына карап чечим чыгарышпайт. Ар бир тартылган тасманын деңгээлине жараша баа берилет. Жакшы тартылган фильм болсо, ал тасмагага бут тосо албайбыз.
- Фильмдерди го жакшы жолго коюп жатыпсыздар. Көпчүлүк кинолор "Манас" кинотеатрында коюларын билсеңиз керек. Манастын атын алып жүргөн кинотеатрды оңдоо иштери туурасында пландар барбы?
- "Манас" кинотеатрын оңдоо иштери жүрөбү деп көп адамдар мага кайрылып жатышат. Аталган театрды оңдоо пландары бар. Бирок, эртең эле оңдотуп жиберем деп айта албайм. Азыр жаңы баштаган иштердин аягына чыгып, андан кийин, кинотеатрдын абалын жакшыртуу иштерин баштайбыз.

Маданият агенттигинин жакында кабыл ала турган чечимне режиссерлорубуз эмне дейт?..
Эрнест Абдыжапаров, режиссер:

- Маданият агенттигинин кабыл алып жаткан чечимине кескин түрдө каршымын. Бизде азыр кайсы тасма элге керек, кайсы фильмдер элге керек эместигин талдай алган адамдар жокко эсе. Бул чечим чыгармачылыкка терс таасирин тийгизет. Таланттууларды биз эл арасынан сууруп чыгышыбыз керек. Мунун арты менен Маданият агенттигинде коррупция күч алат.

Замир Эралиев,
Кино үйүнүн жетекчиси:
- Туура чечим кабыл алынып жатат. Чындыгында, азыр жакшы тартылган фильмдер да, жаман тартылган тасмалар да кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат. "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" деген жакшы сөз бар го кыргызда, анынсыңары ар ким колунан келген ишти жасаса. Кино - идеологиянын бир тармагы да, кинотеатрлардан көрсөтүлүп жаткан кинолор коомго кандайдыр бир тарбияны бериши керек. Кайсы тасма коомго кандай тарбия берип жатканын караган эч ким жок. Учурдагы драматургдар дагы эптеп эле бир окуяны жазып калышты. Алардын жазганын азыркы режиссерлор маанисине карабай эле фильм деп тартышууда. Мисалы, Э.Абдыжапаров, Т.Бирназаров аты билинбеген фестивалдарга барып, биринчи орунду алдым деп мактанып жатышат. Эл аралык фестивалдардан орунга жетишип келсе бир жөн. Маданият агенттиги жакшы жөрөлгө баштап жатат. Бирок, түзүлгөн комиссиянын катарын кимдер толуктайт, системасы кандай иштейт? Кеп мына ушул жагында.

Рустам Аташов, режиссер:
- Медалдын деле эки бети болот эмеспи. Анынсыңары Маданият агенттигинин чыгарып жаткан чечимин бир жактан алып караганда туура. Мамлекетке терс таасирин тийгизген тасмаларга цензура болуш керек. Ал эми бир жагынан алып караганда бул чечим жаш режиссерлорго чыгармачылык жактан кысым болуп калат. Адам эркин болсо, жакшы нерселерди жарата алат. Эгер бирөө чектөө коюп турса, мыкты чыгарма жаралбайт да. Анан дагы түзүлгөн эксперттер кимдерден болот? Кеп ушул жакта. Баягы эле совет доорундагы драматург, режиссерлордон болсо, анда заманбап фильмдер жаралбайт. Биз бүгүн Голливуддун багытындагы фильмдерди тартышыбыз керек. Мындан сырткары комиссиянын мүчөсүнө коомдогу көрөрмандардан да кошулушу шарт. Көз карандысыз, эркин эксперттер болсо ишеним артсаң болот. Эми бул жерде тааныштык, коррупция күч алышы да мүмкүн. Акча берген режиссердун киносу кинотеатрлардан коомчулукка тартууланат, акча бербесең мыкты тартылган фильм да коомчулукка тартууланбай калышы ыктымал.

Найзабек Сыдыков, режиссер:
- -Жеке көз карашымда Маданият агенттигинин кабыл ала турган чечимин туура деп эле эсептейм. Мындай чечим кино жаатына керек болчу. Эгер кандайдыр бир чектөөлөр болуп турса, сапаттуу тасмалар жаралат да. Учурдагы тартылып жаткан кинолордун сапаттуу, сапатсызын иргөө үчүн кабыл алынган чечимди толугу менен колдойм. Тартип баардык жерде керек.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА