Ишенсең койсоң өзүң бил

Кыргызды жети бий башкарып калат
Баткен окуясын бир жарым жыл мурда айткан, көлдөгү верталетту тапкан, 2004-жылкы революцияны 2001-жылы эле айткан төлгөчү Бурулсун Төлөмүш кызы менен быйылкы жаздагы саясат туурасында маектештик. Анын үстүнө Бурулсун эженин 2008-жылдын 5-майында салган саясий төлгөсүнүн бир тобу төп келиптир. Мисалы, "Данияр мырза Игорь Чудиновдун ордуна барып, премьер-министр болот" деген. Анысы так болду. Маркум Медет Садыркуловду "өз көңүлү менен кызмат ордун бошотуп берет" деп айткан экен, Бурулсун эже айткандай эле Медет Садыркулов өз көңүлү менен кызмат ордунан баш тартты. Ал эми Акылбек Жапаровду "илинип-чалынып жүрүп дагы бир олжолуу жогорку кызматтардын бирине барат" деди эле, мында да төлгө төп келди. Министрлик кызматтан жогорулап, биринчи-вице-премьер-министр болду. Ошондой эле Мелис Эшимканов кызматынан түшүп, колдоочуларынын негизинде дагы бир кызматка барат деген төлгөсү төп келип, Мелис Эшимканов дагы бүгүнкү күнү куру кол калган жок. Максим Бакиевдге кеңешчи болуп олтурат. Айтмакчы, Максим Бакиевди "Атасынан баласы кыйын чыгаар" деп, Максим мырзанын олжолуу кызматка келээрин эки жыл мурун эле айткан.
Ал эми 2008-жылдын аягы 2009-жылдын башында бийлик алмашат дегенин Бурулсун эже президенттик шайлоонун 2009-жылы болгондугу менен түшүндүрүп, "Кыргыз эли ырысыбызды көтөрө албай, жерибизди, кен байлыктарыбыздын баарын башка өлкөлөргө сатып жатканыбыз үчүн жараткан чоң сыноолорду берип жатат. Жараткандын көзү түз болсо экен. Элимдин билип, билбей кетирген кемчилигин кечире көр, жайдын күнү кыш болуп, акыр заман да жакындап калган шекилдүү, жараткан элиме ыйман берсе экен" деген Бурулсун эже бүгүн эмне айтканына күбө болуңуз окурман. "Канча нерсени алдын ала айтам. Бирок, эч ким көңүл бурбайт. Мындан бир канча жыл мурун бир кылым мурдагы жашоого туш болобуз дегем. Мына азыр ошол жашоого келип калдык. Бир кылым мурун кул базар, байтал базар, кыз базар болгон экен. Азыр кыргыздар башка элдерге кул болуп баратабыз. Базарда башка мамлекеттин эмес, кыргыздын балдары араба сүйрөп, жүк жүктөп, курсагы тойгонго ыраазы болуп калышты. Канча жаап-жашырганыбыз менен сойку базар деле болуп жатпайбы" дейт.

- Бурулсун эже, жаз келип, оппозиция, бийлик жанданып, удаа-удаа курултайларды өткөрүп жатышат. Жазгы саясий кырдаал кандай болот? Көп

көзү ачыктар "бийлик алмашат" деген божомолдорду айтып, коңгуроо кагып жатышат…
- Оппозициянын жалындуу сөздөрүнө ынануу менен, кымбатчылык жанына баткан эл толкуйт. Бийлик алмашып да кетиши мүмкүн. Бирок, оппозициянын ичинде деле мамлекетти башкарууга татыктуу, эл деп кызмат кылган эрендерди көрө албай турам. Оппозициянын катарында деле мамлекетти талаган, тоногон, жерди, кенди сатканга кызыкдар адамдар бар. Кыргыз элин кыйын күндөн суу эле сактап калат. Мамлекетибиз ошол сууну сатып жан сактайт, ошондон байыйт. Акыры кыргыздарды жети бий башкарып калат.
- Бурулсун эже, бир жолку маектешүүбүздө "Манас, Чубак, Бакай, Кошой, Алманбеттердин баары кайра туулган. Ошолор чачылганды жыйнашып, үзүлгөндү улайт. Кыргыз элин сактап калат" дегенсиз. Алар туурасында эмне айтасыз?
- Маңдайга жазгандан кайда кача алабыз. Акыркы бир жылдын ичинде көрөгөч, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, Манас, Бакайдай болгон инсандарыбыз бул дүйнө менен коштошуп кетишти. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр Чубак, Сыргак, Алманбеттерибиз бар. Бирок, аларга тийиштүү кызматтар сунуштала элек.
- Алар кимдер? Мүмкүн болсо ачык эле айтып койбойсузбу?
- Жок, кызым. Аттарын айтсам эртеңки күнү аларга да чоң кыйынчылык жаратып коем. Ошондуктан аттарын азырынча атабай эле коелучу. Азыркы бийлик дагы деле элге иштеп бере турган кадрларды тандай албай, кудайдын убарасын тартып жатат. Кадр алмашуу дагы бир топко чейин созулат. Азыр бизге калыстык, сабырдуулук, кайраттуулук, көрөгөчтүк, чечкнндүүлүк абдан керек. Ынтымагыбыз артып, ыйманыбыз менен бололу. Пенделердин кара көкүрөгүн жарык кылып, ичтерине ыйман сала көр деп тилеп олтурам.
- Акүйгө кандай төлгө түшүп жатат?
- Колумдагы карта президенттин өзү жакшы киши экендигин, бирок, аны чөйрөсү элге жаман көрсөтүп жатканын айтып жатат.
- Максим Бакиевдин саясий карьерасы кандай болот?
- Эмнегедир Максим Бакиев тууралуу анча жетишерлик маалымат ала албай турам. Сыягы алыскы бир мамлекеттерге аттанчудай.

П. Рысманбетова




  Парапсихологдун бурчу

Парапсихолог, психолог, гипнолог Айна Мурзалиева:
"Түш сиздин тагды- рыңыз"
Түш бул-төлгө, белги, аян, сыр. Жер бетиндегиги адамзатты аалам, арбактар, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен байланыштырып турган негизги иш-багыттар. Түш адамдын басар жолун, абалын, милдетин, ордун көрсөтүп турат. Ар бир инсан үчүн периштелердин насааттары, тарбия сабагы деп түшүнүшүбүз керек. Ал эми эзотерика илиминин изилдөөлөрүнө таянсак, физикалык денебиз уктап атканда астралдык денебиз асман мейкиндигине саякатка чыгып кете берет. Астралдык денебиз - көкүрөктүн эң түпкүрүндөгү сезимдер (подсознание) менен байланышкан акыл-эс борбору деп эсептелинет. Космос дүйнөсүндө ар бир өткөн ишиңизди, ал гана эмес алдыда боло турган иштериңизди да эсепке алып турган борбор бар. Адамдагы "интуиция" деген күчтүү "локатор" аркылуу ошол борбордон маалымат алынып турат. Боло турган иштерди алдын-ала билдирип, сездирип турчу керемет аян түштөр, уктап жатканда астралдык денебиздин ортомчулугу менен түш аркылуу чагылдырылат.

Айжан, Бишкектен:
- Саламатсызбы? Мен түшүмдө күлгүн ич көйнөк жана ак үлпөт көйнөгүн кийип алыптырмын. Бирок, бут кийимимдин такасы сынып калыптыр. Кийип турганда сынганы билинген жок. Анан дагы такасы ылайга батып калыптыр. Чечип салсам эмне болот деп, аябай кыжаалат болуп жатып ойгонуп кеттим. Бул түштү кандай жоруса болот? Келечегим кандай болот деп коркуп жатам.
- Айжан, сен көргөн түш өтө кенен түшүнүктү камтып турат. Жалпы жонунан айтсак, бул эскертүү иретинде берилген түш. Кыялыңда турмушка чыксам деп ойлоп жүргөнүңүз (күлгүн ич көйнөк) билинип турат. Эгерде азыркы убакта сиздин жигитиңиз болсо, баардык тарабынан ойлонуп туруп, макулдугуңузду бериңиз. Өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Такасы ылай бут кийим туура эмес жолдо баратасың же сен тандаган адам сага туура келбейт дегенди билдирип турат. Чечип салсам эмне болот деп ойлонгонуңа караганда катачылык кетирбегенге убакыт бар дегени.
Айжаркын, Бишкектен:
- Түшүмдө бир карыя жигитим экөөбүзгө ачкыч берип жатыптыр. Биз албай койдук эле, ал бизди урушуп, ачкычтарды жерге ыргытып салды. Бирок, жердеги ачкычтардын үчөөсүн жигитим алып алыптыр. Ушул түшүмдү жоруп берип коёсузбу?
- Ачкычтарды албай койгонуңардан эле жигитиң экөөңөрдүн бир бириңдин жүрөгүңөрдүн ачкычын табалбай, мамилеңер бузулуп жүргөнүн кабарлайт. Карыянын капа болгону, силердин бири-бириңерди сүйөөрүңөрдү билет. Мамилеңерди оңдошуңар керек, антпесеңер үчүнчү (үч ачкыч), "третий лишний" адам пайда болушу мүмкүн.
Мээрим, Бишкектен:
- Мен түшүмдө дайыма эле жолдошум менен уруша берем. Өңүмдө да урушуп калбаймынбы?
- Жашоодогу жолдошуң экөөңөрдүн түшүнбөстүк мамилеңерден улам кечке чейин таарынычтуу ойлорду ойлой бергениңизден улам беймаза түштөр кире бериши мүмкүн. Түшүндө урушса өңүндө өбүшөт дегендей өңүңдө жолдошуң сени сүйүндүрөт.
Бакыт, Бишкектен:
- Мен түшүмдө өзүмдү жылаңач көп көрөм. Бүгүн да жарым жылаңач болуп, бийик тоого чуркап бара жатыптырмын. Жумушумдан кол жууп калбаймынбы?
- Өз абийириңизге шек келтиргендей жүрүш-туруштардан алыс болушуң керек. Туура эмес сүйлөп, бирөөгө уят болуп калгандан абайлаңыз. Бийик тоого чуркап бара жатканыңыз бийик илимдерге жетишиңиз керек, бийик жол-жоболорду үйрөнүшүңүз керек деген насаат түш. Жумуштан кол жуубайсың, анткени чуркаган адам токтоп калбай, кууганына (ойлогонуна) жетет деп жорусак болот.
Асан, Бишкектен:
- Түшүмдө жерде агып жаткан канды көрдүм. Кан көргөн жаман деп коёт го. Коркуп жатам. Кан төгүлүп кетпейби?
- Негизинен кан агуу, ириң агуу, кусуу, жаш агуу бул - тазалануу, калыптануу, кайра жаралуу. Дагы бир мааниси өз бир туугандарыңа (кандаш) зыян келтирип алба, көңүлүн оорутпа деген жоромол. Сиз кандай кырдаалдар же адамдар болгонун айтпагандыктан кыскача ушул түшүнүктөр бар.
Эрмек, Бишкектен:
- Дайыма эле түшүмдө сууда сүзүп жүргөн болом. Бирок, суу ылай болот. Ылай суу сыркоо деп коет. Ден соолугума тынчсызданып жатам…
- Туура эмес жолдорду же иштерди жасап, кыйынчылыктарга туш келип жүргөн убактарда ушу сыяктуу түштөр кирет. Ошол кир сууну сүзүп өткөнүңүз жаңы жолдорду таап, кыйынчылыктардан чыгып кетесиз. Сиздин жашооңуздагы сыноо мезгилдердин белгиси.
Мукай, Бишкектен:
- Түшүмдө тишим түшүп калыптыр. Тиш түшсө жакындарынан ажырайт деген чынбы?
- Сөзсүз эле жакындар эмес, жөн эле тааныш кишиңиз каза болду деген кабар угаарда дагы мындай түш кириши мүмкүн. Эгер бир ишти бүтүрө албай, алың жетпей ( тишин отпой ) капаланып жүргөндө да ушундай түш кирет. Мындай убакта 7 токоч баабедин ырымын жасаганды унутпоо керек.
Жылдыз, Бишкектен:
- Түшүмдө кой кайтарып, жайлоодо жүрүп-мүн. Бир убакта эле иттер келип мени талап, денемдин баары кан болду. Чочуп ойгонуп кеттим. Бирөөлөргө айтсам, кырсыкка учурайсың, абайла деп жүрөгүмдү түшүрүп коюшту. Ойлоно берип жинди болуп кете жаздадым.
- Бизнес тарапта чогуу, аралашып иштеп жүргөн досторуңуздан, жөлөк болуп жүргөн жакындарыңыздан абайлаңыз. Алардын арасында амалкөйлөнүп, сизди сатып кете тургандары бар болушу мүмкүн. Түшкө ит кирсе ак ниет достук, бирок талаганы уруштун белгиси. Жалган достор.
Алмаз, Бишкектен:
- Түшүндө эшек минсе эмне болот?
- Эшеке минүү, атка минүү бул-ооматка жетишүү, туура багыт, жаңы иштин башталышы, жетишкендик. Иш баштасаң туура жолду тандап, ийгиликке жетишесиң.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА
Айнура, Ысык-Көлдөн:
- Түшүмдө терезенин бурчу кичине сынып, тешилип калыптыр. Анан ал тешик аркылуу таажы кийген ак жылан үйгө сойлоп кирди. Мен аны менен алыша кеттим. Айтор, бир учурда ал жыланды өлтүрүп, башындагы таажысын мен кийип алдым. Бул эмненин белгиси?
- Айнура, сенин түшүң аян түшкө да окшоп кетет экен. Таажы кийген жылан касиеттүү жөлөмө күчтөргө кирип, дабагерчилик жолду тандай тургандарга көрүнөт. Бирок андай дейин десем, терезе тешилип, сынып калып, жылан сойлоп киргенине карасак, сенин айланаңда душмандарыңдын бар экенин билгизип турат. Алардын уу тилине, ушак сөздөрүнө татыктуу сокку уруп, татаал кырдаалдардан чыгасың. Ишиң оңолуп, элге кызмат кылган белгилүү адам болооруңдун белгиси.
Аида, Бишкек:
- Түшүмдө кайдадыр кетип баратам. Айланамдын баары аппак кар. Бир учурда бийик дөңсөөдө ылдыйды карай жол сыяктуу төшөлүп жаткан жалтырак музга туш келдим. Ылдыйды көздөй муз тээп түшсөм дарыя үстүнө тоңгон музга кептелдим. Үстүнөн бассам жаракалар кете баштады. Ушул жерден ойгонуп кеттим.
- Тандаган жолдоруңузда тоскоолдуктар көп болсо дагы, кайра эле бийиктиктерге умтуласыз. Ак кар, жамгыр бул- кудайдын мээрими, жан дүйнөнүн өсүшү. Келечекте алыс жактагы өлкөлөргө сапарга чыгасыз (дарыя). Жан дүйнөңүз жашылданып, жашооңуз жакшы жагына өзгөрөт. Муздардын сынганы, эригени жакшы белги. Тагдырыңыздагы бактылуу күндөр астыда. Өзүңүз тандаган жолдордон тайбаңыз.
Максат, Таластан:
- Түшүмдө бут кийими жок көчөдө кетип баратыптырмын. Элдин баары мени карап шылдыңдап күлүп жатышат...
- Бут кийим "өз жолуңду тап" деген белги. Бирок, бут кийимиң жок кетип баратканың сен азырынча өзүңдүн каалаган жолуңду таба электигиңдин белгиси. Жасай турган иштериңди жакшылап ойлонуп туруп анан башта. Башкалардын пикирин угуп, эл менен кеңешип баштап жүр. Болбосо элге уят болуп калышың мүмкүн.
Мелис, Нарындан:
- Мен дайыма эле түшүмдө караңгы жерде жүрө берем. Жарыкты издеп эле таба албай убара болуп жатып, ойгонуп кетем...
- Жан дүйнөңдөгү изденү. Алдыга койгон чоң максаттарга эртерээк жеткиң келип, жакшы жашоого умтулганыңдын белгиси.
Бермет, Кара-Балтадан:
- Түшкө ишениш керекпи же маани деле бербей коюш керекпи? Мен көргөн түштөрүмдү мани бербей унутуп калам.
- Түштөр жашооңдо боло турган маанилүү окуялардан алдын-ала кабар берип турат. Эгерде түш көргөндөн кийин кишинин эсинде калбаса, демек жакынкы күндөрү жашооңдо маанилүү окуялар же өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Элес-булас үзүндүлөр калып, эртең менен эстей албасаң ал жөн гана күнүмдүк беймаза ойлордон арыла албагандык.
Маани бере турган түштөр мээңде жазылып калат. Кандай түш болсо да жакшылыкка жоруу керек. Түш сиздин тагдырыңыз.