Архивди аңтарганда

Кечээ эмне дешти, а бүгүн...
Эдил Байсалов:
- Көрсө, чоң саясий жолго аттанганда идеяң бир, принциптериң бир ишенимдүү адамдар менен чыгыш керек экен. А чынын айтсам, ошондо партияда көп нерселер менин көз карашыма туура эмес жүргүзүлдү. Көпчүлүктө ошондой боло берет экен да. Бирок мен үчүн ал чоң сабак болду. Алмаз Шаршенович кээ бир учурларда бат эле эмоцияга алдырып ийгени бар. Аны өзү деле билип, өзү жөнүндө тамашалап калат. Анан кээ бир керектүү учурда болсо, көп ойлонуп, чечкиндүүлүгү жетишпей калат.
2008-жыл, 18-декабрь

Турсунбай Бакир уулу:
- Мен канча жылдан бери саясатта жүрсөм да мени Кудайдан башка эч ким колдогон эмес. Нурлан Мотуев экөөбүз тең Кудай деген адамдардан экенбиз. Башка тандемдерге караганда экөөбүздүн тандем түбөлүк болот. Себеби, биз тозоктон коркобуз. Эгер экөөбүз бири-бирибизди сатып кетсек тозокко түшөбүз деп макулдашып кол алыштык.
2008-жыл, 27-ноябрь

Топчубек Тургуналиев:

- Бир учурда "Реформа үчүн" кыймылы түзүлүп, бийликтин жүрөгүн болк эттирген. Оппозициянын айрым лидерлерине бийлик устукан тартып, кызматка чакырган. Курманбек Бакиев Германиядан келсе, дагы ошондой кадамдарга барышы мүмкүнбү?
- Оппозициянын арасынан бийликке акыркы бир-эки-үч жылдын ичиндегидей болуп сатылып кете тургандар болсо, Ф. Кулов, А. Атамбаев, Ж. Сатыбалдиев, М. Эшимканов, Ө. Суваналиевге окшогондор дагы болсо, алар элдин каарына калат. Алар менен биз эки дүйнөдө чогуу болбойбуз. Бирок, андайлар болушу мүмкүн. Анткени, азыр эле Алмаз Атамбаев меморандумга кол койсо да, аны сүрөп, премьер-министрлик кызматка олтургузалы деген күчтөр бар экен. Демек, алардын бардыгы тең бийлик үчүн жан талашып, Бакиевди сактап калабыз деп жандалбастагандар.
- Меморандумга кол койгондордун ичинен бир гана Өмүрбек Чиркешович алдыга койгон максаттарга жетебиз деп жатыптыр. Көпчүлүгү бийлик менен соодалашып жатат деген күбүр-шыбыр кептер да айтылууда. Ошондон кабарыңыз барбы?
- Чынын айтсам менин кабарым жок. Тилекке каршы, былтыркы парламенттик шайлоо учурунда дагы "Ата Мекен" партиясынын лидерлери бийлик менен сүйлөшүп, соодалашып жүргөнүн билем. Силер болсо Өмүрбек Чиркешовичти мактап жатасыңар. Жалгыз эле ушул күрөшүп жатыптыр деп. Кээ бир маалыматтарды ошол кишилер өздөрү таркатат.
- Оппозицияга түркүн адамдардын баарын кошо берип, баркын кетирбей татыктуусун иргеп алуу жөнүндө критерий жокпу? Кызматка таарынгандын баары эле оппозицияда деп жатышат...
- Критерий мурдатадан эле бар да. Оппозицияга сатып кетпей турган чечкиндүү адамдар керек. Былтыр Ф, Кулов 11-19-апрелде бийликти алам деп жарыялап, бирок жаш балдарды каматып, жашынып алды. Текебаевдердин баары жоопкерчиликти моюнга албайбыз деп качышты. Чыныгы лидерлер элдин алдында болуп, жоопкерчиликти моюнга алып, бийликтин куугунтугунан качпашы керек.
- Эмне үчүн сиз революцияга катышсаңыз дагы тийиштүү кызматка келген жоксуз?
- Мага бир эмес, эки жолу кызмат сунушташкан. Бирок, макул болгон эмесмин. А Бакиев болсо мага ылайыктуу кызматты ойлонуп көрөйүн деген.
2008-жыл №33, 11- ноябрь

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ
- Бир учурда канатташыңыз Кубатбек Байболов "Азаттык" радиосуна берген маегинде "саясаттан бийлик бизнесимди кыскан үчүн эмес, оппозициянын биримдигинин жоктугунан кеттим" деген эле…
- Оппозицияда эч качан аналиттүү биримдик болбойт. Кыска убакытта, кырдаал талап кылганда гана конкреттүү маселелерди чечүү үчүн биригип, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарышы мүмкүн. Бул Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө ошондой. Анткени, оппозиция ар түрдүү көз караштагы адамдардан, ар кандай идеологиядагы, багыттагы партиялардан турат. Ошондуктан оппозиция аналиттүү бир болушу мүмкүн эмес. Оппозиция дагы кыргыздардан турат. Ал жерде деле кыргызчылыктын мыйзамдары өкүм сүрөт. Оппозициянын иши жүрүп, ити чөп жегенде "Ой, мен да бармын. Көрүнүп коеюн" дегендер толгон-токой болуп, көбөйүп кетишет. Ишиң кыйшайып калганда баары салам да айтпай, телефонуңду албай, качкан учурлар да болот.
28.08.2008-жыл




Келген экен бир кат
"Белгисиз маршрутта" адашкан Бирназаров
Кыргыз киносунда өзүн гений сезген киночу Бирназаров акыркы күндөрү гезит беттеринен түшпөй кызаңдап, сөз талашып телевизор бетин бербей, кино деген "Өлүм алдында" турат деп өзүнүн көлөкөсүндө чарк айланып, чыкпаган көзүнөн жашын сүртүмүш болуп турган чагы. Анын айткандарын угуп, жазгандарын окуп отурсаң кыргыз киносунун куткаруучусу катары Темир өзүн гана көрсөтүп келет. Союз кезинде жүгөрүнү, торопойду кучактап сүрөткө түшкөн Хрущевго окшоп, гезитке туурасынан, кыйырынан, көз айнекчен түшүп, окурманды коркутуп, иши кылып тыз-пызын чыгарып, илгери биринчи машинени көргөн кыргызга окшоп тонду ай карасынан кийип, машинени коркуткандай элес калтырат. Анан аргасыз ойго түшөсүң, кинонун "аралында" сакалчан жалгыз эле Робинзон Круздай болуп, эми Бирназаров калган турбайбы деп ойлоп калат экенсиң.
Мындайынан карасаң кино үчүн "танк" алдында бир гана калбастан Бирназаров калып, калганы жөн эле текей терип жүргөн сыяктуу. Дагы аргасыз ойго келесиң, "Ата Журтту" Алыкул эмес, Бирназаров жазганбы деп.
Сүйлөсө таш тоголотуп сүйлөйт… Бүт дүйнө караңгы. "Мына ушундан улам, "Белгисиз маршруттун" кассетасын жолдошуман алып үйдө, шашпай отуруп көрдүм.
…Баарыбыз автобустабыз… Улуусу да, кызыл кулагы да, шуркуясы да, коммунистти да, милийсасы да, алкашы да, талпак чачы да, суудай таза адамы ошол жерде… Бирок, бул "автобус" жөнүндө икая башка, Болгариянын драматургунун аты уйкаш чыгармасына окшошуп турат. Мениче, "Белгисиз автобус" беле, кеп анда деле эмес. Кеп кино баалуулугунда.
А биз бала кезибиздеги Төлөмүш Океевдин, Болот Шамшиевдин, Мелис Убукеевдин, Генадий Базаровдун, Ибрагимовдун фильмдерин көрүп чоңойгонбуз. Алардын чыгармалары аркылуу кыргыздын тагдырын, элибиздин бийиктигин көрсөткөнүнө ынанчубуз.
"Тайгак кечүү", "Балалыктын асманы", Бакайдын жайыты", "Саманчынын жолу", "Кара кийикке кетчү жол", ушул кинолор кыргыз киносунун шедеврлери десек жарашат. Алардын фильмдери көрөрмандарды талаш-тартышка салат. Бирине макул болсоң, экинчи бир маселесине макул болбой, айтор, таза талаштын ортосунда болосуң.
Ал эми өзүн Фелини сезген өтө "атактуу" режиссёрубуз Т.Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" деген "шедеври" эмне айтайын деген ою да белгисиз бойдон калууда.
Бул маршрутубуз баштаганда кызыл кулак аял, тилин бөйрөктөй кылып чыгарган шуркуя кыз, анан улууларды сакалдан алып сүйлөгөн кер аяк жигит. Иши кылып, баары эле ызырынышат…
Эч ким эч кимге жакпайт… Бирназаровдун "маршуруткасында" соо адам жок… Түз эле Чым-Коргон жактан келе жаткан автобуска окшойт. Диний конфессияларда бири-бирине "ыкыс" берет, кекетишет. Автобустун ичи өзүнчө эле "бардак" болгон үйдү элестетет. Баш аягы жок … Автобустун шопуру "куйругу" жок. Элди алдайт… Бензин кымбаттадыбы же доллар көтөрүлдүбү, айтор шопур "бечара" жүргүнчүлөрдүн мазасын кетирип, акчасын алмай… Ушундай тополоңго карабай "Кызыл кулак" өзүнүн "күүсүн" чертип, соодасын кызуу жүргүзөт… Коммунист "өткөн чакты" эстеп каңыры түтөйт… Заман огунан чыгып бараткандай өкүнөт. Кер аяк жигит:
- Силер мына ушул заманга алып келдиңер- деп коммунисти "сакалдан" алат… Алкашка баары бир сыяктуу. Агарып таңдын атканы, кызарып күндүн батканы… Өзүнүн оюна эмне келсе ошону жалпайта айтат… Анан " ещё короче" деген дежур сөзүн кандай сөз айтылса да ошого кыстарат… Талпак чач кызыл костюм жигит жаш келиндин башын оорутуп, "жүрөгүн" жулуп колуна карматууга даяр экенин айтат… Кыз ишенет… Ара-чолодо дагы бир жигит ага көз артат… Кыргыз киносунун мыкты деген актерлору ойногон… Актерлордо кеп жок… Алар өзүнүн асыл кесибин "ак дили" менен аткарганына көрөрман катары ыраазы болом…
Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев ж.б. кыргыздын залкар кино режиссёрлору курган "Кыргыз керемети" деп дүйнө эли суктанган кино храмынын алдында Т.Бирназаровдун өзүнө гана жаккан "үлкөн чыгармасы" Аламүдүн базарынын алдындагы көк краска менен сырдалган камокко окшоп калат. "Белгисиз маршрутту" кантип кино деп айтасың? Кинодогу пазик автобусту Кыргызстан катары, ал эми он беш жыл айдаган шопурду Акаевге салыштырып берген. Автобустун ичинде бунт чыгып, шопурду кубалап жиберишет. Акаевди да ак үй алдына келген бир нече миңдеген эл кубалап жиберишет эмеспи. Шопур автобусту таштап, отурган ээрин кошо алып качат. Акаев болсо өз элинен уурдаган байлыгын алып кетет дегенди айткысы келген го. Элдик революция болуп, өлкөнү ким башкарат деген учурду Темир Бирназаров шопуру жок калган автобусту "ким айдайт?"-деген маселени коёт. Мектепте мугалим болуп иштеген (Ө.Текебаев) бирөө чыгып, "Мен айдайм. Керек болсо мен мурун мотоцикл айдагам..." - деп чыгат. Ошентип мугалимге бербей коюшат. Андан кийинки жүргүнчү автобусту айдамак болгондо "Сен уурусуң!" - деп кыйкырып чыгышат. Ал азыркы президентти айтып жатат. Акаев качып кеткенден кийинки президентти "ууру" деп жатат. Өкмөттүн акчасына кино тартып, анан өлкө башчысын "ууру" дегенине жол болсун. Автобус ичинде жүрөгүн кармаган бойдон карт коммунист каза болуп калат. Аны А.Масалиев деп түшүнсө болот. Ал эми ат сатып, ээр токум көтөргөн бул А.Бекназаров. Автобус тумандан адашып учак майданына кирип кеткен жери бул "Манас" аба майданындагы Ганси менен Канттагы чет өлкөнүн куралдуу күчтөрү. Кыскасы баарын тапсаң болот. Т.Бирназаров өзүнүн акылы менен жалпы элибизди алдагысы келет. Ушундай сапаты төмөн кинону тартып жатканда карабаган ак үйдүн чоңдору кай жакты карап отурат? Союз кезинде көркөм кеңеш деген болчу. Алардын уруксаты жок кино тартылчу эмес. Эртең эле Бирназаровго окшогон дагы бирөө жарым акча таап алып, "Белгисиз мамлекет" - деп кино тартып кирсе эмне болот?
Т.Бирназаровдун фильми боюнча мындай ойго келесиң…
…Элибиз бүт алкаш, аялдарыбыз бүт кызыл кулак, кыздарыбыз жанын багыш үчүн бүт шуркуя, балдарыбыз кер аяк…Ушулардан улам, баягы "Бакайдын жайытындагы" бүркүткө окшоп канат кагып, Бакайды ээрчибей, "Автобусттун" артынан "Эсил кайран элим" - деп артынан өкүрүп чуркагың келет. "Автобусту" көргөндөн кийин, урдум ушул дүнүйөңдү!"- деп этек кагып басып кеткиң келет. Мына бизге берген фильмдин пайдасы…

К. Темиркулов
Бишкек шары