sos!

Табият бизге дагы кандай сыноолорун жиберет?
Жолборс жылы тарыхта ар кандай орчундуу окуяларды адамзатка тартуулап келаткан учурлар тарыхта көп экен. Дүйнөлүк аты чыккан астрологдордун айткандарына таянсак, 2010-жолборс жылында да дүйнөлүк экономикалык кризис, кылмыштуулуктун өсүшү, финансылык алдоолордун толкуну жетер жерине чейин бышып жетилип, жарыла турган абалга келиши мүмкүн дешет. Жыл бою ар кандай деңгээлдеги нааразычылык акциялары, митингдердин көп болушун да айтышат. Чындыгында эле учурда өз өкүмүн жүргүзүп жаткан 2010-жолборс (металлический) жылы 1998-жолборс (желтого земляного) жылына үндөш болуп, аесуз, күтүүсүз окуяларды алып келерлиги туурасында астрологдор көбүрөөк эскертишет. Дүйнөдөгү көп элдердин толкундоолору көзөмөлдөн чыгып, көп кырсыктарга алып келиши да күтүлөт имиш. 2010-жылда чечкиндүү саясий ишмерлер, финансисттер эл алдына күтүүсүз чыгып келип, мурдагы аты чыгып келген дүйнөдөгү белгилүү саясий-экономикалык ишмерлердин ордун идеалисттер ээлеп калат деген божомол дагы жок эмес. КМШ өлкөлөрү үчүн да 2010-жыл күтүүсүз өзгөрүүлөрдү алып келет экен. Дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдө акылсыз, аесуз согуштардын болушу ыктымал.
Ошентсе да Жолборс жылы чынчыл, түз жүргөн, акыйкаттыкты сүйгөн адамдар үчүн жемиштүү жылдардан болот. Жашоону жакшы жагына өзгөртүүнү каалаган күчтүү идеалист менен экстремалдар чечкиндүү түрдө дүйнөлүк суу ташкыны, экологиялык катастрофа, СПИДди дарылоо, таза суу жетишсиздиги өңдүү дүйнөлүк маанилүү көйгөйлөрдүн тегерегинде баш оорутушса көбүрөөк натыйжага ээ болушат.
Дегеле бул жылы жаратылышка аяр мамиле өзгөчө талап кылынат. Жаратылыш өзүнө кандай маанайдагы мамилени алса ошого жараша өзүнүн жообун узатат дешет адистер. Эгер экологияга белгиленгендей мамиле болбосо, мисалы, Борбордук Американы бул жылы гуманитардык катастрофа күтүп тураарын эскертишет. "Дүйнөнүн түндүк жарым шарында жайгашкан көп өлкөлөрдү калың кар каптайт" деп жыл башында белгилегендей эле өтүп жаткан кыш чынында эле көп өлкөлөргө өзүнүн муздак бийлигин жүргүзүп келди. Айрым өлкөлөргө 1 метрден бийигирээк кар түшсө, айрым өлкөлөрдү 50 градус төмөнкү суук күтүп алды. Айрыкча Европада кардын көп жаашы бир катар көйгөйлөрдү жаратты. Польшада рекорддук төмөнкү температура катталды. Эстонияда болсо мындан 40 жыл илгери болгон калың кар кайрадан жаады. Улуу Британияда болсо алигиче чейин кардын жаап жаткандыгы айтылууда. Термометрдин көрсөткүчү 15 градустан төмөн түшүп, өлкөдө мектептер жабылып, аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурап калууда. Шотландияда да жетишээрлик төмөнкү температура кармалып, 18 градусту түзгөндүгү белгилүү. Францияда дагы адаттан тыш көп кар жаап, 50см дан ашкан кардын калыңдыгы жергиликтүү жашоочуларга болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарды жаратты. Дегеле Европадагы тынымсыз жааган кар жана сууктан улам бир топ адамдар көз жумду. Мисалы Польшада кыштын суугуна туруштук бере албай 122 адам каза болду.
Кардын көп жаашынан Кытай дагы жапа чегүүдө. Кытайдын түндүк жана түндүк-чыгыш тарабында учурда акыркы 30 жылда болбогон суук өкүм сүрүүдө.
АКШдагы, 36 жылдан бери боло элек Забайкельедеги 50 градус суук менен катар эле Италия жана Албаниядагы суу каптоону дагы айтпай кетсек болбос. Түштүк жарым шардын көп районундарында (Австралия, Кения, Бразилия) азыр жаан тынбай жаап жаткан учур.

100-200 км/саат ылдамдыктагы шамалдар
Фуджи аралынын түндүк бөлүгүн 4-категориядагы циклон каптап, миңдеген адамдар аралдын тынчыраак жерлерине көчүрүлдү. Деген менен "Томас" деп аталган бороондун ылдамдыгы саатына 175 киллометрге жетип, бир аялдын өмүрүн океандын кучагына алып кетип, миңдеген адамдарды үй-жайсыз калтырды.

АКШда түндүк-чыгышты карай сокккон жаандуу, катуу шамалдын кесепетинен 450 миңден ашык адам электр жарыгы жок олтуруп калса, Франциянын батыш жээги "Ксинтия" ураганынан катуу жапа чекти. Бузулууга учураган аймакты кайра калыбына келтирүү үчүн 1 миллиард евронун тегерегиндеги каражат сарпталаарын Франция бийлиги билдирди. Саатына 130-200 киллометрге жеткен мындай шамал февраль айынын этегинен тартып Испания, Франция, Бельгия, Германияны бийлеп, жалпысынан Европанын 53 адамынын өмүрүн кыйды. Табигаттын "Ксинтия" деп аталган мындай бейжай шамалы бул аймактарда былтыркы жылы дагы бир катар жоготууларды алып келген.

Жер титрөө дагы оңой жоо эмес
Жаз башталаары менен эле дүйнөнүн ар кайсыл бөлүктөрүндө жер титирөөлөр дагы байма-бай катталды. Индонезиянын жээктеринде 7 баллга жеткен жер титирөө болсо,14-мартта Япониянын Хонсю аралынын батыш жээгинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болду.
Март айынын 10-11 күнү катталган Чилидеги жер титирөө менен катар эле цунами коркунучу дагы элдин жүрөгүн бир шуу эттирди. Анткени, буга чейин эле жылдын башында, тагыраагы январь айында болгон Кариб деңизинде жайгашкан Гаити аралындагы катуу жер титирөөдөн жапа чегип, үй-жайсыз калышкан миңдеген адамдардын тагдыры дүйнө элин тикеден тик тургузган эле...
Март айынын башында Турциядагы жер титирөөдөн болжол менен 10 дой адам жапа чексе, Тайвандагы 6,4 баллга жеткен жер титирөөдө да бир топ адамдар болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурашты. Жер титирөөнүн кесепетинен 545 миңден ашуун адам жарыксыз калып, мектептер жабылып, өрт чыккан учурлар да бар. Тайвандагы жер титирөө 64 адамдын өмүрүн алган.
Угандада болсо жер көчүп 400дөй адам дайынсыз болду. 80 адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылган.

20-кылымдагы экологиялык кыйроолор
* 1986-жылы (жолборс жылы) 26-апрелде адам тагдырына эң оор запкыларды алып келген Чернобыль АЭСинде 4-энергоблокто жарылуу болгон. Дароо эле 31 адам каза болгон. Жардыруунун натыйжасында кийин 2000 адам көз жумган. Жалпысынан 1 700 000 адам ууланган.

* 1962-жылы Индияда Койна плотинасы курулган. Плотинага толгон эбегейсиз суунун басымына туруштук бере албай, 5 жылдан соң 1967-жылы 10-декабрда 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анда 177 адам өлүп, 200ү майып болгон.

* 1974-жылы 1-июнда Улуу Британияда Фликсборо деп аталган химиялык заводдо жарылуу болуп, 55 адамдын өмүрүн алып, 75 киши майып болгон.

* 1970-1990-жылдары Арал деңизинин жоголуп баратышы туурасындагы көйгөй абдан курч абалда болгон.
* 1997-1998-жылдары Индонезияда эбегейсиз көп токой тилкелери күйүп кеткен.

* 1974-жылы Американын Миссисипи жана Аризона штаттарына "Камилла" деп аталган ураган коркунуч келтирген. Коркунучту алдын алуу үчүн көрүлгөн чара тескери натыйжасын берип, жаалданган табият сыры миңдеген адамдарды үйсүз калтырып, 234 адамдын өмүрүн алган.

Акыркы суткаларда болгон кырсыктар
* Дүйнө өлкөлөрүндө бир нече катуу жер титирөөлөр катталды. Индиянын түндүк-чыгышындагы Мегхалая штатында 14-март күнү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду.

* Ошондой эле Индонезиянын чыгыш жагында, Папуа провинциясында 6 баллдык жер титирөө болду. Ага удаалаш эле Мьянмы районун борборунда 5,4 балдык жер титирөө катталган. Ал эми 12-мартта Аргентинанын батышындагы Мендоса провинциясында 4,7 баллдык жер титирөө болду.
Чилидеги улам-улам кайталанган жер титирөө дагы деле уланууда.