Азыр гороскоптун түрү көп. Бири ишенет, бири ишенбейт дегендей. Бирок, кимди болбосун эро-гороскоп кызыктырат деген ойдобуз. Бу сапар жылдыз төлгөнү ай, күн, жума деп бөлбөй эле жолборс жылында кайсы жылдыз сүйүү кумарына батып, кайталангыс ырахат алууга жолдуу экенин билгибиз келди.

Э
р
о
т
ө
л
г
ө
Кой жылдызы
Айымдар
Кой жылдызындагы айымдар төшөккө келгенде башкалар каалаганды берүүгө эмес, тескерисинче өздөрү каалаган лаззатты алууга аракеттенген өзүмчүл, айтканынан кайтпаган көк бет келишет. Жолборс жылы бул топтогу айымдар үчүн беттегенине жеткен, махабаттын туу чокусуна чыгара алган адамдарга бай эстен кеткис жылдардан болот.

Эркектер
Бул топтогу эркектер төшөктө тажрыйбалуу болгону менен өздөрүн башкара алышпай, сүйүү кумарына да орой мамиле кылышат. Ошондой болсо да, айымдар тарабынан макталып, көңүл борборунда болууну самашат. Булар менен бир жолу махабаттын туу чокусуна чыккан айымдар орой болсо да, аны издеп, башкага алмаштыра албай кыйналышат.

Букачар жылдызы

Айымдар
Бул жылдыздын алдында төрөлгөндөр айланасын сексуалдуу эркектер жана мыкты буюмдарды курчап туруусуна умтулушат. Булар табиятынан сезимтал, наздуу келишет. Бул топтогу айымдар менен бир жолу төшөк ырахатына баткан эркек андан кете албай калат. Бирок, букачар жылдызынын алдында төрөлгөн айымдар сексуалдуу болгондуктан эмнегедир үй-бүлөлүк турмушу туруктуу болбой, турмуштун запкысын көп тартып калышат.

Эркектер
Бул топтогу эркектер өзүнө өнөк издегенде эмнегедир сексуалдык тажрыйбасына таянат жана кызганчак болушат. Мындай эркектерди айымдар оңой-олтоң арбап, өзүнө имерип алалышпайт. Себеби булар акылдуу жана сезимтал келишип, чындык менен жалганды айырмалай алышат. Букачар жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн жолборс жылы ийгиликтүү сүйүү отуна жылынган, кайталангыс күндөргө бай жыл болот.

Эгиздер жылдызы

Айымдар
Бул топтогу айымдар абдан акылдуу, сексуалдуу ким менен болбосун тил табыша алган адамдар болушат. Бирок, күйүмдүү ДОС, мээримдүү жан болсо дагы түгөй табууда абдан кыйналышат. Буларга татыктуу эркек чанда гана кездешет. Ошондуктан сүйүү оту көбүнчө тутанбай калат. Капыстан болгон жолугушууда дене кумарларын кандырганы гана болбосо, сезимдеринде эч нерсе ойгонбойт. Жолборс жылында түгөйүн таап алса, башкаларга үлгүлүү үй-бүлө болушат.

Эркектер
Эгиздер жылдызынын алдында төрөлгөн эркектердин көбүнүн чымыны бар, ар нерсеге таланттуу, кыз жандуу болушат. Төшөк ырахаты менен кошо айымдардын сулуулугуна да көңүл буруп, аны баалай алышат. Өздөрүнүн сезимдерин башкара алышпагандыктан төшөктөгү өнөгүн тез-тез алмаштырып турушат. Айымдар бул топтогу эркектер менен үй-бүлө куруу мүмкүн эмес экенин түшүнүшөт.

Бөйөн жылдызы

Айымдар
Бөйөн жылдызынын алдында төрөлгөн айымдар күчтүү болгону менен делебеси тез козголот. Жакын адамы менен болгон махабат кумарынан кийин эмнегедир ага жолукпоого аракет кылышат. Төшөктө дагы кайталангыс ырахат тартуулай алышса дагы көп эркектер мындай айымдарга чыдай алышпайт.

Эркектер
Бул топтогу эркектердин көпчүлүгү жаш кыздардын башын айлантып алганга жөндөмдүү келишет. Жаш кыздардын кызыгы таркаган соң таштап коюп, башкасына кете беришет. Канчалык темпераменттүү болушса дагы төшөк учурунда өздөрүн гана ойлойт. Анткен менен сексти улуу сезим катары баалашат.

Арстан жылдызы

Айымдар
Бул топтогу айымдар төшөк кумарына анча маани бербегени менен көпчүлүк эркектер жубайлыкка талапкер катары карашат. Бул жылдыз алдында төрөлгөн айымдар мыкты жар, мээримдүү эне, күйүмдүү келин болгону менен төшөктө абдан муздак келишет. Ошондуктан жубайлар ортосунда түшүнбөстүк маал-маалы менен болуп турат.

Эркектер
Арстан жылыдызынын алдында төрөлгөн эркектер сырткы келбетине ишенген менен төшөктө өздөрүнө анча ишене алышпайт. Анын жөндөмдүүлүгүн башкалардан жогору экенин түшүндүрүп бере алган айым гана анын жубайы болуп калат. Бул жылы үйлөнгөн эркектер төгөрөгү төп келген айымдарга жолуга алышат.

Бийкеч жылдызы

Айымдар
Бул топтогу айымдарга жумшак мүнөз, сулуулук, назиктик таандык. Төшөктө анча деле сексуалдуу болушпайт. Бирок, өнөктөшү тажрыйбалуу болсо, абдан кубанышат. Бул топтогу айымдар бир аз уялчаак келип, идеалдуу эне болуп бере алышат.

Эркектер
Бийкеч жылдызынын алдында төрөлгөн эркектер оройлугу, өзүм билемдик сапаттары менен башкалардан дээрлик айырмаланат. Оройлук сапаттары сексуалдык мамиле түзүүгө тоскоодук кылат. Канчалык орой болушса дагы, төшөктө кайталангыс ырахат тартуулай алышат. Кокус сүйгөнү башка бирөө менен алмаштырса, андан өч алуудан тартынышпайт. Бул жыл алар үчүн төшөк жаатында кайталангыс жылдардан болот.

Тараза жылдызы

Айымдар
Тараза жылдызынын алдында төрөлгөн айымдар кээ бир учурда өнөктөшүн кантип алмаштырганын туйбай калышат. Төшөктө абдан тажрыйбалуу
келишет. Бул топтогулар күчтүү эркекке гана баш ийишпесе, алсыз эркектерди каалагандай калчап алышат.

Эркектер
Тактыкты сүйгөн эркектер өнөктөшүнүн сексуалдуу болушун каалашат. Ошондой эле секске көп убактыларын бөлгөндү жактырышат. Сексти улуу сезим катары кабылдашат. Эгер өнөктөшүнө канааттанбай калса, башка айымга кетип калуудан баш тартышпайт.

Чаян жылдызы

Айымдар
Бул топтогу айымдардын көпчүлүгү өзүнүн табышмактуулугун, сексуалдуулугун төшөк рахатына жетүү үчүн жумшап, акылдуулугу, сулуулугу менен мырзалардын көңүлүн бурдурта алышат. Булар менен бир эле жолу төшөк ырахатын татып калган эркектер акыл-эсин жоготуп, анын айтканынан чыга албай калышат. Бул топтогу айымдар баардык жагынан төп келген идеалдуу жубай болуп бере алышат.

Эркектер
Бөйөн жылдызынын алдында төрөлгөн эркектер темпераменттүүлүгү менен күтүлбөгөн кадамдарды жасай билгенге уста. Сексте абдан тажрыйбалуу, түрдүү позаларды өздөштүргөнгө жөндөмдүү келишет. Секс-булар үчүн чоң спорт. Көп учурда бул топтогу эркектер бойдок жүрүп, кеч үйлөнүүнү кааалашат. Бул топтогулар үчүн жолборс жылы сексте ийгиликтүү курчаган жылдардан болот.

Жаачы жылдызы

Айымдар
Жаачы айымдар төшөктө муздак, сүйгөнүн канааттандырууну анча элес ала беришпейт. Түгөйүн да анча кызганышпайт. Менден татпаганды башкадан тата берсин дешет. Баарына түшүнүү менен мамиле кылышат. Булардын жашоосунда секс биринчи планга чыкпайт.

Эркектер
Аңчылыктын символунда дүйнөгө келген эркектер романтик жана сексуалдуу келишет. Эмнегедир түгөйлөрүн бат-бат алмаштырып турууну, сексуалдуу кыздар менен ар башка позада махабаттын туу чокусуна чыгууну каалашат. Аялдардын кагып-силккенине анча деле маани беришпейт. Жолборс жылы бул топтогулар үчүн сүйүү кумарына батканга ыңгайлуу жыл.

Текечер жылдызы

Айымдар
Бул топтогу айымдар өздөрү эмне каалап жатканын да билишпейт. Төшөктө абдан жансыз болушат. Эркектерди анча канааттандыра алышпайт. Майда нерсеге маани берген тартынчаактыгынан көп эркектерди өзүнөн алыстатып алышат.

Эркектер
Бул топтогу эркектер абдан сексуалдуу болгондуктан аялдардын жүрөгүнөн тез эле орун таба алышат. Керек болсо өбүшүүдөн да кайталангыс ырахат тартуулай алышат. Ошондуктан бул топтогу эркектер өнөктөшүн табууда абдан жолдуу болушат. Турмушта да тактыктуу ата, камкор күйөө болуп бере алышат. Жолборс жылы махабаттын туу чокусуна чыкканга, сексуалдуу айымдар менен мамиле түзгөнгө жолдуу жыл болот.

Суу пери жылдызы

Айымдар
Сүйкүмдүү айымдардын сырткы келбети өзгөчө-лөнгөнү менен төшөктө анча деле ысык болушпайт. Суу пери жылдызынын алдында төрөлгөн айымдар жашоонун ырахатын төшөктөн эмес, адамдар менен сүйлөшүүдөн, шаңдуу компаниялардан, конок тосуудан, кир жуугандан алышат. Бул топтогулар үчүн секс анчалык деле мааниге ээ эмес.

Эркектер
Суу пери жылдызынын алдында төрөлгөн эркектер анчалык деле темпераменттүү болушпайт. Булардын сексуалдык кыялы ички дүйнөсүндө, аң-сезиминде катылып сыртка чыга албайт. Төшөктө өнөкөтөшүнүн айтканын аткаруудан баш тартпайт. Турмушта идеалдуу жар, сатпас дос болуп бере алышат.

Балык жылдызы

Айымдар
Балык жылдызынын алдында төрөлгөн айымдар абдан кыялкеч, бала кыял болгондуктан көпчүлүк жаштар махабаттын даамын ушулардан тата алышат. Төшөктө да, романтик болушат. Өнөктөшүнүн айтканын айткандай аткарган да сапаттарга ээ. Сексте өнөктөшүнө кайталангыс ырахат тартууласам дешет.

Эркектер
Суучул мырзалардын ички дүйнөсү эротикалык кыялдар менен коштолуп жүрөт. Булар айымдарды тез эле жибитип, баардык жагынан канааттандыра алат. Абдан сексуалдуу келишет. Көзү түшкөн айым менен бир кумарга батмайын жандары тынбайт.


Даярдаган Перизат
рысмамбетова